1 Бул Ыйса Машаяктын аяны. Муну Ага Кудай берген. Машаяк жакында боло турган окуяларды Өз кулдарына ачып көрсөтүү үчүн периштесин жөнөтүп, кулу Жаканга аян көрсөттү.
2 Жакан көргөнүнүн баары үчүн күбөлүккө өтүп, муну баяндады. Анын баяны болсо Кудайдын сөзү жана Ыйса Машаяктын күбөлүк сөзү тууралуу.
3 Бул китептеги пайгамбарчылык сөздөрдү окугандар, уккандар жана андагы жазылгандарды аткаргандар бактылуу. Себеби булардын аткарылышына аз калды.
5
4 Асия аймагындагы жети жыйынга Жакандан салам кат. Азыр да бар, мурда да болгон жана келечекте да боло турган Кудайдын, анын тактысынын алдындагы жети Рухтун жана Ыйса Машаяктын ырайымы менен тынчтыгы араңарда болсун. Ал ишенимдүү Күбө — өлүктөн тирилгендердин туңгучу жана жер жүзүндөгү падышалардын башкаруучусу."Ал бизди абдан жакшы көрөт. Андыктан канын төгүп, күнөөлөрүбүздөн арылтты.
6 Кудай Атасына диний кызмат кылышыбыз үчүн бизден жаңы падышачылык кураган Ыйса Машаяктын кудурет-күчү менен салтанаттуу улуулугу түбөлүктөн түбөлүккө улана берсин! Оомийин.
7 Карагыла, Ал булуттардын арасында келатат. Аны баары, алтурсун айкаш жыгачка кадагандар да көрүшөт. Жер жүзүндөгү бардык элдер Аны көрүп боздоп ыйлашат. Ооба, ушундай болсун! Оомийин.
8 «Мен Альфа жана Омегамын, — дейт Кудай Эгебиз, — азыр да бар, мурда да болгон жана келечекте да боло турган кудуреттүү Кудаймын».
9 Силердин боордошуңар жана Ыйсага ишенүүнүн азап-муңун, шаң-салтанатын, кыйынчылыктарын чыдамдуулук менен көтөрүүдө шеригиңер болгон мен, Жакан, Кудайдын сөзүн сүйлөп, Ыйсанын күбөсү болгондугум үчүн Патмос аралында жүргөн болчумун.
10 Эгебиздин күнүндө мен Ыйык Рухтун таасири астында элем, аңгыча, арт жагымдан сурнайдыкындай катуу үндү уктум.
11 Ошол үн мага: — Көргөнүңдү түрмөккө жаз да жети жыйынга: Эфеске, Смирнага, Пергамга, Тиатирага, Сардиске, Филаделфияга жана Лаодикияга жибер, — деди.
12 Мага угулган үн кимдики экенин көрөйүн деп артыма бурулдум. Бурулуп, жети алтын шамдалды көрдүм.
13 Шамдалдардын ортосунда Адам Уулуна окшогон, узун чапан кийген, бооруна алтын тасма тагынган Бирөө туруптур.
14 Башы менен чачы кардай аппак жүн сымал, көздөрү алоолонгон оттой,
15 буттары жалтыраган, көөрүккө салынып тазаланган жездей, үнү деңиздин күүлдөгөнүндөй эле.
16 Оң колуна жети жылдызды кармап, оозунан эки миздүү курч кылыч чыгып, жүзү болсо күчүнүн барынча жаркыраган күндөй нурданып турду.
17 Аны көргөнүмдө, өлгөн кишидей аягына сулк жыгылдым. Ал менин үстүмө оң колун койду да, мындай деди:"— Коркпо! Мен Биринчимин, Акыркымын жана
18 Тирүүмүн. Мен өлгөн элем, бирок мына, эми түбөлүккө өмүр сүрөм. Өлүм менен о дүйнөнүн ачкычтары менин колумда.
19 Ошондуктан эмнелерди көрдүң, эмнелер болуп жатат, мындан кийин эмнелер болот, баарын жазгын.
20 Жети алтын шамдалдын жана оң колумдагы сен көргөн жети жылдыздын жашырын сыры мындай: жети жылдыз жети жыйындын периштелерин, ал эми жети шамдал болсо жети жыйынды билдирет.
1 Эфестеги жыйындын периштесине жаз:"«Оң колуна жети жылдызды кармап, жети алтын шамдалдын ортосунда басып жүргөн мындай дейт:
2 Мен иштериңди билем: сен мээнет кылдың, көтөрүмдүү болдуң, жаман адамдар менен келише албадың, элчи болбой туруп, өздөрүн элчи аташкандарды сынап көрүп, калпын чыгардың.
3 Мен үчүн көп кыйынчылыктарды башыңан кечирип, чыдадың, чаалыкпадың.
4 Бирок сага бир жерден каршымын: сен алгачкы сүйүүңдү таштадың.
5 Ошондуктан каерден жыгылганыңды эсте! Ниетиңди өзгөрткүн да, баштагы иштериңди жаса. Эгер ниетиңди өзгөртпөсөң, анда келем да шамдалыңды ордунан жылдырып таштайм.
6 Канткен менен сенин дагы бир жакшы жагың бар — ал николаиттердин иштерин жек көргөнүң. Алардын иштерин мен да жек көрөм.
7 Кимдин кулагы болсо, Рухтун жыйындарга айткан сөзүн угуп алсын! Жеңип чыкканга Кудайдын бейишиндеги дарактын түбөлүк өмүр берүүчү жемишинен жегенге уруксат берем».
8 Смирнадагы жыйындын периштесине жаз:"«Биринчи жана Акыркы, Өлгөн жана кайра Тирилген мындай дейт:
9 Мен сенин тарткан азап-кайгыңды, жакырлыгыңды (анткен менен сен чыныгы байлыкка ээсиң) жана өздөрүн ""биз Кудай тандап алган элбиз"" деп атагандардын жаман сөздөрүн угуп кордук тартканыңды билем. Бирок алар андай эмей эле, шайтанга караштуу топтун мүчөлөрү.
10 Жакында башыңа келе турган азаптан эч коркпо. Айтып коёюн: силерди сынап көрүү үчүн араңардан бир нечеңерди ибилис түрмөгө отургузуп, он күндөй кайгы тарттырат. Өлүм алдында турсаң да ишенимиңди бекем тут, ошондо мен сага түбөлүктүү өмүрдү сыйлык кылып берем.
11 Кимдин уга турган кулагы болсо, Рухтун жыйындарга айткан сөзүн угуп алсын! Жеңип чыккан экинчи өлүмдөн залал тартпайт».
12 Пергамдагы жыйындын периштесине жаз:"«Эки миздүү курч кылычы бар мындай дейт:
13 Мен сенин каерде жашап жатканыңды билем. Сен жашап жаткан жайда шайтандын тактысы бар. Ошондой болсо да, сен мага бекем ишенесиң. Мага деген ишенимиңден баш тартпадың, атүгүл силердин араңарда, шайтан жүргөн жерде, менин ишенимдүү кабарчым Антипа өлтүрүлгөн күндөрдө да ишенимдүү бойдон кала бердиң.
14 Бирок ошентсе да мен сага бир аз каршымын, анткени сенде Балаамдынокуусун карманган адамдар бар. Балаам Балакты Ысрайыл элин күнөөгө азгырууга: аларды буркандарга чалынган курмандыкты жеп, бузукулук кылууга үйрөткөн.
15 Ошондой эле сенде николаиттердин окуусун кармангандар да бар.
16 Андыктан ниетиңерди өзгөрткүлө, эмесе жакында барып, ошол күнөөкөрлөргө каршы оозумдагы кылычым менен салгылашам.
17 Кимдин уга турган кулагы болсо, Рухтун жыйындарга айткан сөзүн угуп алсын! Жеңүүчүгө катылган маннадан берем. Ошондой эле Мен ага бетине жаңы ысым жазылган бир ак таш берем. Андагы жазылган ысымды алган адамдан башка эч ким билбейт».
18 Тиатирадагы жыйындын периштесине жаз:"«Көздөрү алоолонгон оттой, буттары жалтыраган жездей болгон Кудайдын Уулу мындай дейт:
19 Сенин иштериң, сүйүүң, ишенимиң, кызматың жана чыдамкайлыгың Мага белгилүү. Алгачкы кездегиге караганда, азыр көбүрөөк иш кылып жатканыңды да билем.
20 Бирок Менин сага бир нааразы болгон жерим бар: өзүн пайгамбар атаган Изебел деген аялдын башкаларга таалим беришине жол берип жатасың. Ал кулдарымды бузукулук кылганга жана буркандарга курмандыкка чалынган тамакты жегенге азгырууда.
21 Ага бузукулук ниетин өзгөртүүгө убакыт берген элем, бирок ал антүүнү каалабады.
22 Эми мына, Мен аны оору менен жазалап, төшөккө жаткырам. Кылган иштерине өкүнүп, ниеттерин өзгөртмөйүн, Мен аны менен бирге бузукулукка баткандарды чоң азапка салам.
23 Балдарына ажал жиберем. Ошондо жыйындардын баары адамдардын ичиндеги ойлору менен жүрөк түпкүрүндөгү сырлары Мага белгилүү экенин билишет. Ошондой эле ар бириңер кылган ишиңерге жараша тиешелүү жазаңарды аласыңар.
25
24 Бирок силер, Тиатирадагы башка ишенүүчүлөр, Изебелдин тескери окуусун кабыл алган жоксуңар. Анын жолун жолдоочулары ""шайтан ачып берген терең чындыктар"" деп атаган окууга аралашпадыңар. Мен кайра келгиче, Мага болгон бекем ишенимиңерден кайтпагыла дегенден башка силерге оор милдет жүктөбөйм.
26 Жеңип чыкканга жана Менин тилегимди аягына чейин аткарганга бардык элдерди башкаруу үчүн Атам Мага бергендей кудурет берем. Ал алардын үстүнөн карападай быркыратчу, темирдей катуу бийлик орнотот. Ошондой эле жеңүүчүгө таңкы жылдызды берем.
27
28
29 Кимдин уга турган кулагы болсо, Рухтун жыйындарга айткан сөзүн угуп алсын!»
1 Сардистеги жыйындын периштесине жаз:"«Кудайдын жети руху менен жети жылдызына Эгедер мындай дейт:"Мен сенин жасап жаткан иштериңди билем. Сени тирүү деп ойлошот, бирок чындыгында сен тирүүлөй өлүксүң.
2 Көзүңдү ач! Ажал эмнени алганы калса, ошонуңду бекемде! Себеби Мен сенин иштериңдин Кудайымдын алдында түгөл эмес экенин аныктадым.
3 Андыктан мурда угуп, кабыл алган сөздү эсиңе сал. Ошого моюн сун да, ниетиңди өзгөрт. Эгер көзүңдү ачпасаң, сага ууру сымал келем. Мен сага кайсы саатта келеримди билбейсиң.
4 Бирок Сардисте күнөөдөн алыс жүргөн бир нече таза адамдарың бар. Алар күнөөгө булганбаган ак кийим кийип, Мени менен бирге жүрүшөт. Анткени алар ошого татыктуу.
5 Ким жеңүүчү болсо алар сыяктуу ак кийим кийет. Мен анын ысымын өмүр китебинен өчүрбөйм, тескерисинче Атамдын жана анын периштелеринин алдында анын ысмын жарыя кылам.
6 Кимдин уга турган кулагы болсо, Рухтун жыйындарга айткан сөзүн угуп алсын!»
7 Филаделфиядагы жыйындын периштесине жаз:"«Ыйык, акыйкат жана Дөөттүн ачкычын кармаган, ачкан нерсесин эч ким жаба албаган, жапканын эч ким ача албаган Бирөө мындай дейт:
8 Мен сенин иштериңди билем. Карачы, Мен алдыңдагы эшикти ачтым, аны эч ким жаба албайт. Анткени күчүң аз болсо да, сөзүмдү аткарып, Мени ээрчигенден баш тарткан жоксуң.
9 Мына, Мен жанагы өздөрүн: ""биз Кудай тандап алган элбиз"" деп атаган шайтан тобундагыларды, (чындыгында өздөрүн өздөрү атагандай эмес, алар калп айтып жатышат) мына, Мен аларды мындай кылам: алар келип, сенин бутуңа жыгылышат жана Мен сени кандай жакшы көрөрүмдү көрүшөт.
10 Себеби сен ""сабыр кылып чыда"" деген сөзүмдү сактадың. Ошондуктан Мен да сени жер бетинде жашагандардын баарын сыноо үчүн жибериле турган кыйын-кезең убакыттан сактайм.
11 Мен жакында келем. Бирөө-жарым сенин жеңиштен алган сыйлыгыңды алып албасын үчүн колуңдагыны бекем карма.
12 Жеңүүчүнү Кудайымдын ийбадатканасына тирөөч кылам жана ал андан эч качан чыкпайт. Мен анын бетине Кудайымдын атын, анын шаарынын атын — асмандан, Кудайымдан түшө турган жаңы Иерусалимдин атын жазам. Ошондой эле Мен ага Өзүмдүн жаңы атымды да жазып коём.
13 Кимдин уга турган кулагы болсо, Рухтун жыйындарга айткан сөзүн угуп алсын!»
14 Лаодикиядагы жыйындын периштесине жаз:"«Оомийин аталган, ишенимге бек акыйкаттуу күбө жана Кудай жараткан нерселердин башаты мындай дейт:
15 Мен сенин иштериңди билем: сен же муздак эмессиң, же ысык эмессиң. Аттиң, же муздак, же ысык болсоң гана.
16 Ошондуктан муздак же ысык болбой, жылымык болгонуң үчүн Мен сени оозуман бүркүп салганы турам.
17 Сен: ""Мен баймын, байлыкка тундум, эч нерседен муктаждыгым жок"" — дейсиң. Бирок өзүңдүн байкуш, бечара, жакыр, сокур, жылаңач экениңди билбейсиң.
18 Сага берер кеңешим бул: байышың үчүн Менден отко тазаланган алтынды, кийинип, абийириңди жабыш үчүн ак кийимди, көзүңө сыйпап, көрө алышың үчүн көз майды сатып ал.
19 Мен кимди сүйсөм, анын айбын ачып, адебин колуна берем. Андыктан дитиңди кой да, ниетиңди өзгөрт.
20 Эй, кулак салгыла! Мен эшик алдына келип, тыкылдатып жатам. Эгерде кимде-ким үнүмдү угуп, эшикти ачса, Мен кирем. Аны менен бирге тамактанам, ал да Мени менен бирге тамактанат.
21 Мен жеңип, азыр Атамдын тактысынын жанында Атам менен бирге отурганымдай, жеңүүчүгө да тактымдын жанында Мени менен бирге олтурууга укук берем.
22 Кимдин уга турган кулагы болсо, Рухтун жыйындарга айткан сөзүн угуп алсын!»
1 Ушул окуялардан кийин көктө бир эшик ачылып турганын көрдүм. Анан сурнайдын үнү сыяктуу мен алгач уккан үнмага:"— Бери чык, бул окуялардан кийин эмнелер болушу керек экенин Мен сага көрсөтөм, — деди.
2 Ошол замат менин бүт дүйнөмдү Рух бийлеп алды. Анан асманда турган бир тактыны жана анда олтурган бирөөнү көрдүм.
3 Тактыда отурган яспис менен карнелийдей жаркырап, үстүнөн зумуруттай болгон бир асан-үсөн жылтылдап, курчап турду.
4 Тактынын айланасында жыйырма төрт такты бар экен. Аларда аппак кийим, баштарына алтын таажы кийип алышкан жыйырма төрт аксакал отурушуптур.
5 Тактыдан чагылгандар чартылдап, күндүн күркүрөгөнү угулуп турду. Тактынын алдында жети шамана жаркырап күйүп турду. (Булар Кудайга кызмат кылган жети рух.)
6 Ошондой эле тактынын алдынан мөлтүр таштай таза, айнектей тунук көлдү көрдүм. Ортодо, тактынын айланасында, аркасы да, алды да жыбыраган көздөргө толгон төрт жаныбар турду.
7 Биринчи жаныбар арстанга, экинчиси өгүзгө окшош, үчүнчүсүнүн бети адамдыкындай, төртүнчүсү болсо учуп бараткан бүркүт сыяктуу экен.
8 Төртөөнүн тең алтыдан канаты болуп, дене бойлору толгон көздөр эле. Алар күнү-түнү тынбастан: — Мурда дагы бар болгон,"Азыр дагы бар болуп,"Боло турган түбөлүк"Кудуреттүү Кудай Эге,"Ыйык, ыйык, ыйык Ал, —"деп жатышты.
9 Жаныбарлар такта Олтурганга жана түбөлүктөн түбөлүккө Жашоочуга алкыш-даңк айтып, урмат көрсөткөн сайын,
10 жыйырма төрт аксакал ошол такта Олтургандын алдына чөк түшүп, түбөлүктөн түбөлүккө Жашоочуга таазим этип жатышты. Алар таажыларын тактынын алдына коюп:
11 — Кудайыбыз, Эгебиз,"Бийлик-күчтү алганга,"Атак-даңк жана урмат-сый"Көргөнгө Сен татыйсың!"Анткени бүт бардыгын"Сен жараттың, бардыгы"Каалооң менен жашайт да"Эркиң менен жаралган, —"деп жатышты.
1 Анан такта Олтургандын оң колунан ичине да, сыртынан да жазылган жана жети мөөр басылган бир түрмөктү көрдүм.
2 Анан: — Мөөрлөрүн сындырып, түрмөктү ачууга ким татыктуу? — деп катуу үн менен жар салып жаткан кубаттуу бир периштени көрдүм.
3 Бирок асмандан да, жерден да, жердин алдынан да эч ким аны ачып, ичин карай албады.
4 Мен боздоп ыйладым, анткени түрмөктү ачканга же анын ичин караганга татыктуу эч ким табылбады.
5 Ошондо аксакалдардын бири мага: — Ыйлаба! Тигине, Жүйүт уруусунан чыккан арстан, Дөөттүн тукуму жеңип чыкты. Ошондуктан Ал түрмөктү жана анын жети мөөрүн ача алат, — деди.
6 Анан мен тактынын жанынан, төрт жаныбар менен аксакалдар тегеректеп курчаган, адамдар союп салгандай көрүнгөн бир Козуну көрдүм. Анын жети мүйүзү, жети көзү бар эле. (Анын жети көзү — бүт жер жүзүнө жиберилген Кудайдын жети руху.)
7 Ал келди да тактыда Олтургандын оң колундагы түрмөктү алды.
8 Алганда төрт жаныбар менен жыйырма төрт аксакал Козунун алдына жүзтөмөндөп жыгылышты. Баарынын колунда арфа менен жыпар жыттуу заттарга толтурулган алтын идиш бар эле. (Алтын идиштерге толтурулган жыпар жыттуу заттар — бул ыйыктардын сыйынуулары.)
9 Төрт жаныбар менен жыйырма төрт аксакал: — Алып ушул түрмөктү,"Сен андагы мөөрлөрдү"Сындырганга татыйсың."Анткени Сен союлуп,"Ар уруудан, ар тилден,"Ар бир элден, улуттан"Адамдарды Кудайга"Сатып бердиң кан менен.
10 Ыйык кызмат кылсын деп"Кудайыбызга алар,"Сен алардан курадың"Жаңы падышачылык."Жер бетинде ошолор"Эми бийлик жүргүзөт, —"деп жаңы ыр ырдап жатышты.
11 Мен дагы карадым да, саны жүз миңден ашкан көп периштелердин үнүн уктум. Алар тактыны, жаныбарларды жана аксакалдарды тегеректеп:
12 — Жараткандын Козусу,"Курмандыкка чалынган,"Кудурет менен байлыкты,"Акылмандык, кубатты,"Алкыш-даңкты, урматты"Алганга Ал татыктуу! —"деп катуу кыйкырып жатышты.
13 Анан асмандагы, жердин үстүндөгү жана астындагы, деңиз үстүндөгү — бүтүн дүйнөдөгү жаныбарлардын баары:"— Хан тактыда олтурган"Кудайга жана Козуга"Түбөлүк болсун алкыш-даңк,"Урмат жана кудурет! —"деп кыйкырып жатышканын уктум.
14 Төрт жаныбар «Оомийин» дегенде, аксакалдар жүзтөмөндөп жыгылып, табынышты.
1 Мен Козунун жети мөөрдүн бирин ачканын көрдүм. Анан төрт жаныбардын бирөөсү күн күркүрөгөндөй добуш менен:"— Бери кел! — дегенин уктум.
2 Аңгыча ак боз ат минген, колунда жаасы бар бир чабандести көрдүм. Чабандеске таажы берилди. Ошондо ал жеңүүчү катары душмандарын дагы жеңиш үчүн асмандан чаап чыкты.
3 Козу экинчи мөөрдү ачканда, экинчи жаныбардын: — Бери кел! — дегенин уктум.
4 Анан жээрде ат минген дагы башка чабандес чыкты. Ага жер бетиндеги тынчтыкты бузуп, элдерди бири бири менен кырылыштыра тургандай кудурет берилди. Колуна чоң кылыч карматылды.
5 Козу үчүнчү мөөрдү ачканда, үчүнчү жаныбардын: — Бери кел! — дегенин уктум."Аңгыча тору атчан, колуна тараза кармаган бир чабандес көрүндү.
6 Анан төрт жаныбардын арасынан: — Бир өлчөм арпаны бир күмүш теңге кыл, үч өлчөм таруу да бир күмүш теңге болсун, ал эми май менен шарапты кемитпе! — деп сүйлөгөн үндү уктум.
7 Козу төртүнчү мөөрдү ачканда, төртүнчү жаныбардын:"— Бери кел! — дегенин уктум.
8 Аңгыча күңүрт жашыл түстөгү бир атты көрдүм. Аны мингендин аты Ажал экен, о дүйнө артынан калбай такымдап ээрчип алыптыр. Аларга жер жүзүндөгүлөрдүн төрттөн бирин кылыч менен кырып, ачарчылыктан өлтүрүп, жугуштуу ооруга чалдыктырып, жырткычтарга жем кылып жок кыла ала тургандай кудурет берилди.
9 Козу бешинчи мөөрдү ачканда, курмандык жайдын астынан Кудай Сөзүн күбөлөндүрүшкөнү үчүн өлтүрүлгөндөрдүн жандарын көрдүм.
10 Алар: — О ыйык жана акыйкаттуу Эгебиз, жер бетиндегилерди качан соттойсуң? Каныбызды төккөндөрдөн качан өч аласың? — деп, катуу үн менен кыйкырып жатышты.
11 Алардын ар бирине ак кийим берилип, алар сыяктуу өлтүрүлө турган башка кызматташ боордошторунун саны жеткенче дагы бир аз тынчтанып туруш керектиги айтылды.
12 Анан мен Козунун алтынчы мөөрдү ачканын көрдүм. Ошол маалда жер катуу силкинди. Күндүн бети аза күткөн аялдын жоолугундай карарып, жарык бербей калды. Ай толугу менен кочкул кандай кызарып чыкты.
13 Катуу шамал силкилдетип, анжир дарагынын бышпаган жемиштери ыргыган сыяктуу, асмандагы жылдыздар да жерге кулап түштү.
14 Асман түрмөктөй оролуп, жок болду. Тоолор менен аралдардын баары ордунан жылып кетти.
15 Анан жер бетиндеги падышалар, эл бийлегендер, аскербашылар, байлар менен кудуреттүүлөр, кулдар менен кул эместердин баары үңкүрлөргө жана тоолордогу аска таштардын арасына жашынышты.
16 Алар тоолор менен аскаларга: — Үстүбүзгө кулап, тактыда Олтургандын жүзүнөн жана Козунун каарынан жашырып калгыла!
17 Анткени Алар каарын төгүп, жазалай турган улуу күн келди. Ким ага туруштук бере алат? — дешти.
1 Ушундан соң, төгөрөктүн төрт бурчунда турган төрт периштени көрдүм. Алар жерге да, деңизге да, эч бир даракка да тийбесин үчүн төгөрөктүн төрт шамалын соктурбай кармап турушту.
3
2 Анан мен тирүү Кудайдын мөөрүн алып күн чыгыш тараптан келе жаткан башка бир периштени көрдүм. Ал жер менен деңизге зыян келтирчү кудурет берилген төрт периштеге: — Биз Кудайыбыздын кулдарынын чекелерине мөөр баскыча жерге, деңизге жана эч кандай даракка зыян кылбагыла, — деп катуу үн менен кыйкырды.
4 Анан мен мөөр басылгандардын санын уктум: Ысрайылдын урууларынан бардыгы болуп, жүз кырк төрт миң адам экен.
5 Жүйүт уруусунан он эки миң кишиге,"Рубейин уруусунан он эки миң кишиге,"Гат уруусунан он эки миң кишиге,
6 Ашыр уруусунан он эки миң кишиге,"Напталы уруусунан он эки миң кишиге,"Манаш уруусунан он эки миң кишиге,
7 Шемон уруусунан он эки миң кишиге,"Леби уруусунан он эки миң кишиге,"Ысахар уруусунан он эки миң кишиге,
8 Забулун уруусунан он эки миң кишиге,"Жусуп уруусунан он эки миң кишиге,"Бенжамин уруусунан он эки миң кишиге мөөр басылыптыр.
9 Ушундан соң, такты менен Козунун алдынан эч ким санай алгыс, санаса сан жеткис улуттардын, уруулардын, элдердин жана ар тилде сүйлөгөндөрдүн ар биринен чыккан, аппак кийим кийинишкен, колдоруна пальма бутактарын кармаган көпчүлүктү көрдүм.
10 Алар катуу үн менен: — Бизди тактыда олтурган Кудайыбыз менен Козу гана куткарып алды! — деп кыйкырып жатышты.
12
11 Бардык периштелер тактынын, аксакалдардын жана жаныбарлардын айланасында турушту. Алар:"— Так ошондой! Алкыш-даңк, акылмандык, ыраазычылык, урмат, кудурет жана күч-кубат түбөлүктөн түбөлүккө Кудайыбызга таандык! Оомийин! — деп тактынын алдына жүзтөмөндөп жыгылышып, Кудайга табынышты.
13 Анан аксакалдардын бирөөсү менден:"— Мына бул ак кийимчендер кимдер? Алар кайдан келишти? — деп сурады.
14 Мен:"— Таксыр, аны сиз билесиз да, — дедим."Ошондо ал мындай деди:"— Булар башынан азаптуу убакытты кечирип, андан чыгып келишкендер. Кийимдери Козунун каны менен жуулуп агаргандар.
15 Ошондуктан турушат"Кудай тагы алдында,"Күнү-түнү табынып"Ийбадатканасында."Ошондуктан чатырын"Жаят алар үстүнө"Өз тагында Олтурган.
16 Эми алар эч качан"Ач болушпайт, чаңкашпайт,"Баштарынан күн өтпөйт,"Жабыркашпайт ысыктан.
17 Анткени"Тактынын ортосундагы"Козу Өзү аларды"Багат эми, өмүр суунун"Булагына алпарып."Кудай аарчыйт ар бир жашты"Көздөрүнөн алардын.
1 Козу жетинчи мөөрдү ачканда, асманда жарым сааттай жымжырттык боло түштү
2 да, мен Кудайдын алдында турган жети периштени көрдүм. Аларга жети сурнай берилди.
3 Анан колуна алтын чөйчөк кармаган дагы бир периште келди да курмандык жайдын жанына турду. Чөйчөккө толтуруу үчүн ага абдан көп жыпар жыттуу заттар берилди. Ал муну бардык ыйыктардын сыйынуулары менен кошо тактынын алдындагы алтындан жасалган курмандык жайдын жанына тартуу кылмак.
4 Ыйыктардын сыйынуулары менен бирге жыпар жыттуу заттардын түтүнү периштенин колунан Кудайга көтөрүлдү.
5 Анан периште чөйчөктү алды да, курмандык жайдагы күйүп жаткан чоктон толтура салып туруп, жерге ыргытып жиберди. Ошондо күн күркүрөп, чагылгандар чартылдап, жер титиреди.
6 Анан сурнай кармаган жети периште сурнай тартканга камынышты.
7 Биринчиси сурнайын тартты эле, мөндүр менен от канга жуурулуп жерге жаады. Жердин, дарактардын үчтөн бир бөлүгү күйүп, өсүмдүктөрдүн баары өрттөнүп жок болду.
8 Экинчи периште сурнайын тартканда, күйүп жаткан чоң тоого окшогон нерсе деңизге ыргыды. Ошондо деңиздин үчтөн бири канга айланып,
9 деңиздеги жаныбарлардын үчтөн бири кырылды, кемелердин үчтөн бири талкаланды.
10 Үчүнчү периште сурнайын тартты эле, шаманадай жанган чоң жылдыз асмандан кулады. Ал дарыялардын үчтөн бирин жана булактардын башатын басып калды.
11 Жылдыздын аты «эрмен». Суулардын үчтөн бири ачуу даамданып калды. Көп эл ошол ачуу суудан өлүштү.
12 Төртүнчү периште сурнайын тартканда, үчтөн бир бөлүгү жарык бербей калсын үчүн күндүн, айдын, жылдыздардын үчтөн бир бөлүгүнө сокку урулду. Ошондо күндүзгү убакыттын үчтөн бир бөлүгү жана түнкү убакыттын үчтөн бири жарыксыз калды.
13 Анан асмандын кап ортосун жара учуп бараткан бир бүркүттү көрдүм жана анын добушун уктум. Ал катуу үн менен:"— Жакында дагы үч периште башка сурнайларды тартат. Алардын үнүнөн жердегилердин шору, шору, шору куруйт! — деп үн салып баратты.
1 Бешинчи периште сурнайын тартты эле, асмандан жерге кулап түшкөн бир жылдызды көрдүм жана ага түпсүз туңгуюктун ачкычы берилди.
2 Туңгуюк ачылганда, эбегейсиз чоң мештен чыккандай түтүн булап чыкты. Күн менен асман туңгуюктагы түтүндөн караңгылады.
3 Түтүндүн ичинен жер бетине чегирткелер жаады жана аларга жерде жашаган чаяндардыкындай бир күч берилди.
4 Чегирткелерге чекесинде Кудайдын мөөрү жок адамдардан бөлөк эч нерсеге: жер бетиндеги чөп-чарларга, эч кандай өсүмдүк-дарактарга зыян кылбагыла деп айтылды.
5 Алар мөөр басылбагандарды өлтүрүүгө эмес, беш айдай кыйнаганга укук алышты. Бул чегирткелердин чакканынан адамдар чаяндын чакканындай кыйналышат.
6 Ошол күндөрдө адамдар өздөрүнө өлүм издешет, бирок аны эч таба алышпайт. Өлгүлөрү келет, бирок өлүм алардан качат.
7 Чегирткелердин көрүнүшү согушка тапталган аттарга окшош эле. Алар алтын таажыга окшогон бирдемени башына кийип алышыптыр. Беттери адамдардыкына окшош,
8 чачтары аялдардыкындай, тиштери арстандыкындай,
9 төштөрүнө тагынгандары темирден жасалган сооттой экен. Канаттарын какканда, көптөгөн аттар менен майдан арабалар согушка кирип бараткандай добуш чыгып турат экен.
10 Куйруктары, чага турган ийнелери чаяндардыкындай эле. Алар куйруктары менен адамдарды беш айча оорута алышат экен.
11 Туңгуюкка бийлик кылган периште аларды падыша сыяктуу башкарып турду. Анын аты эврейче Абадон, грекче Аполион.
12 Биринчи кайгы өтүп кетти. Мына, анын артынан келе турган дагы эки кайгы бар.
13 Алтынчы периште сурнайын тартканда, Кудайдын алдында турган алтындан жасалган курмандык жайдын төрт бурчунун төрт мүйүзүнөн чыккан үндү уктум.
14 Ал үн колунда сурнайы бар алты периштеге: — Улуу Эфрат дарыясынын боюнда байланган төрт периштени бошот, — деди.
15 Анан так ушул саат, так ушул күн, так ушул жыл үчүн камдалып даяр турган төрт периште адамзаттын үчтөн бир бөлүгүн кыруу үчүн коё берилди.
16 Атчан кошуундун саны эки жүз миллион эле. Мен алардын саны канча экенин уктум.
17 Аянымда көргөн аттар менен чабандестердин көрүнүшү мындай эле. Чабандестердин сооту оттой кызыл, сапфирдей көк жана күкүрттөй сары экен. Аттардын баштары арстандыкына окшош, ооздорунан от, түтүн, күкүрт чыгып турду.
18 Алардын ооздорунан чыккан ушул үч балээден: от, түтүн жана күкүрттөн адамзаттын үчтөн бири набыт болду.
19 Анткени алардын күчү оозу менен куйругунда болчу. Себеби алардын куйруктары жылан сыяктуу болуп, баштары да бар эле. Ошонусу менен алар адамдарга зыян келтирип жатышты.
20 Ушул балээден өлбөй аман калган адамдар кылган жаман иштери үчүн өкүнүп, ниеттерин өзгөртүшкөн жок. Жиндерге кызмат кылганын, алтындан, күмүштөн, жезден, таштан, жыгачтан жасалган, көрө да, уга да, баса да албаган жалган кудайларга табынганын токтотушпады.
21 Ошондой эле киши өлтүргөнүнө, сыйкырчылык, ойноштук жана уурулук кылганына өкүнүп, ниеттерин өзгөрткөн жок.
1 Анан мен асмандан түшүп келе жаткан дагы бир күчтүү периштени көрдүм. Периште булуттарга оронуп, башынын үстүндө асан-үсөн тартылып турду. Жүзү күндөй жаркырап, буттары оттуу тирөөчтөрдөй эле.
2 Колуна жайылган бир түрмөкчөнү кармап турду. Оң бутун деңизге, сол бутун жерге коюп,
3 арстандай катуу күркүрөдү. Күркүрөгөндө, жети күн күркүрөө өз үндөрү менен сүйлөп жиберишти.
4 Жети күн күркүрөө сүйлөгөндө, мен жазганга камындым. Бирок асмандан: — Жети күн күркүрөөнүн айткандарын жашыр, аларды жазба! — деген үндү уктум.
5 Анан деңиз менен жерде турган, баягы мен көргөн периште оң колун асманга көтөрүп:"—
7
6 Бүттү, күтүүгө убакыт жок! Жетинчи периште сурнайын тарта турган убак жакындаган күндөрдө Кудай Өз кулдарына, башкача айтканда, пайгамбарларына айтып кеткен Өзүнүн жашырын сырын аткарып, аягына чыгарат, — деп асманды жана асмандагыларды, жерди жана жердегилерди, деңизди жана деңиздегилерди жараткан, түбөлүктөн түбөлүккө жашай берүүчү Кудайдын атын оозанып ант берди.
8 Анан баягы, мага асмандан угулган үн:"— Баргын да жер менен деңизде турган периштенин колундагы жайылган түрмөкчөнү алгын! — деп, кайрадан сүйлөдү.
9 Мен барып, периштеден түрмөкчөнү берүүсүн сурадым. Периште:"— Ал да жегин, ичиңе киргенде ачуу, бирок оозуңа салганда балдай таттуу болот, — деди.
10 Мен алдым да жедим. Оозума салганымда, ал балдай таттуу, жутканымда ичимде абдан ачуу болду.
11 Анан мага: — Сен көптөгөн элдер, улуттар, падышалар жана ар кандай тилде сүйлөгөндөр жөнүндөгү пайгамбарчылык сөздү кайрадан жарыялоого тийишсиң, — деген сөз айтылды.
1 Мага таяк сыяктуу өлчөгүч берилди да:"— Тур да, Кудайдын ийбадатканасы менен курмандык жайды өлчөп, анда ийбадат кылып жаткандардын эсебин алып кел.
2 Бирок ийбадаткананын сырткы короосун эсептен чыгарып сал, аны өлчөбө. Анткени ал башка улуттагыларга берилген, алар ыйык шаарды үч жарым жылдай тебелеп-тепсешет.
3 Анан мен эки күбөмдү дайындайм, алар азалуу кара кийим кийип, бир миң эки жүз алтымыш күн пайгамбарчылык кылышат, — деген сөз айтылды.
4 Жер жүзүнүн Эгесинин алдында турган эки зайтун дарагы менен эки шамдал — ушулар.
5 Кимде ким күбөлөрүнө зыян кылам десе, алардын оозунан от чыгып, касташкандарын жалмап таштайт. Күбөлөрүнө зыян келтирем деген ар бир адам ушундайча өлтүрүлөт.
6 Пайгамбарчылык кылып жаткан мезгилде тып эткен тамчы тамбагандай кылып, асманды жаап сала алышат. Сууну канга айландырууга, каалаган кезде жер бетине ар кандай ооруларды каптатууга кудуреттери жетет.
7 Кудайдын кабарын айтып бүтүшкөндө, түпсүз туңгуюктан чыгуучу жырткыч келип, аларга сокку уруп, жеңип, өлтүрөт.
8 Алардын өлүгү өтмө маанисинде «Содом» же «Мисир» деп аталган улуу шаардын ортосунда жатат. Алардын Эгеси да ошол шаарда айкаш жыгачка кадалган.
9 Ар кандай элдердин, уруулардын, улуттардын жана ар тилдерде сүйлөгөндөрдүн баарынан чыккан адамдар үч жарым күн бою алардын сөөгүн карап, көргө койдурбай коюшат.
10 Жер бетинде жашагандар алардын өлгөнүнө кубанып, шаттанышат, бири бирине белек жөнөтүшөт, анткени бул эки пайгамбар аларды абдан кыйнап жиберген.
11 Бирок үч жарым күндөн кийин аларга Кудайдын деми кирип, бутуна турушат. Көргөндөрдүн жүрөгү түшөт.
12 Анан алар асмандан: «Бери чыгып келгиле!» — деген катуу үндү угушат да, душмандарынын көз алдында булуттун кучагында асманга чыгып кетишет.
13 Ошол замат катуу жер титирөө болуп, шаардын ондон бири кыйрап калат. Жети миңдей адам өлүп, аман калгандарын коркунуч каптап, көктүн Кудайын даңкташат.
14 Ошентип, экинчи кайгы өтүп кетти, эми жакынкы аралыкта үчүнчүсү келиш керек.
15 Жетинчи периште сурнайын тартып жибергенде, асмандан:"— Бул дүйнөнүн бийлиги"Өттү эми колуна"Эгебиздин жана да"Анын Машаягынын."Эми Ал түбөлүккө"Өз өкүмүн жүргүзөт! —"деген катуу үндөр чыкты.
16 Анан Кудайдын маңдайындагы тактыларда олтурушкан жыйырма төрт аксакал жүзтөмөндөп жыгылышып, Кудайга табынышты.
17 Алар: — Бар болгон азыр дагы, мурда дагы,"Кудуреттүү Кудай Эге! Рахмат Сага!"Сен улуу кудуретиңди колго алып,"Баштадың падышалык бийлигиңди.
18 Башка элдер кыжырланып, Сен каардандың."Өлгөндөрдү соттой турган мезгил жетти."Пайгамбар, кулдарың да, ыйык эли?,"Атыңды кастарлаган ар бир адам,"Атактуу, карапайым — бүт бардыгы"Тиешесин ала турган мезгил келди."Жериңди куруткандар эми өздөрү"Колуңдан апат болор убак келди, —"дешти.
19 Анан асмандагы Кудайдын ийбадатканасы ачылды да, ичинен Кудайдын келишим сандыгы көрүндү. Ошондо чагылгандар чартылдап, күн күркүрөп, жер титиреп, катуу добул жүрдү.
1 Асманда укмуштуудай бир нерсе пайда болду: өзү күнгө оронуп, бутун айдын үстүнө коюп, он эки жылдызды таажы катары кийип алган бир аял көрүндү.
2 Анын төрөй турган маалы келип, толгоо тарткандыктан катуу кыйналып кыйкырып жатты.
3 Анан асманда дагы башка нерсе пайда болду: жети баштуу, он мүйүздүү, баштарына жети кичине таажы кийген зор кызыл ажыдаар көрүндү.
4 Анын куйругу асмандагы жылдыздардын үчтөн бирин жерге шыпырып түшүрдү. Төрөөр замат баласын жалмап салууга даяр болуп, ал баягы толгоо тартып жаткан аялдын маңдайында турду.
5 Аял бүт улуттардын үстүнөн темирдей катуу бийлик орното турган эркек бала төрөдү. Ошол замат ал Кудайга жана Анын тактысына жеткирилди.
6 Бул аял бир миң эки жүз алтымыш күн бою кароодо болсун деп Кудай ал үчүн атайын даярдап койгон ээн талаадагы жайга качып кетти.
7 Анан асманда согуш болду. Михаэл менен анын периштелери ажыдаарга каршы, ажыдаар менен анын периштелери Михаэлге каршы согушту.
8 Бирок ажыдаар менен анын периштелери жеңилип, асмандагы ээлеген ордунан ажырап калышты.
9 Ошентип, баягы зор ажыдаар жерге кулатылды. Бүт адамзатты оң жолдон адаштырган ибилис же шайтан аталган эзелки жылан ушул. Ал өзү да, аны менен кошо жанындагы периштелери да жерге ыргытылды.
10 Анан мен асмандан бир кыйкырган үндү уктум: — Кудайыбыз кудуреттүү! Кудайыбыз — жеңүүчү!"Эми Өзү башкарат бардыгын Ал, тургузуп"Машайактын бийлигин. Ыргытылды анткени"Биздин боордошторду айыптаган жалганчы,"Күнү-түнү ушактап, барып Кудай алдына.
11 Алар аны жеңишти каны менен Козунун,"Кудайымдын кабарын күбө болуп айтышып,"Тике карап өлүмгө, аябастан жандарын.
12 Эми, асман, кубангын!"Сүйүнгүлө, асмандын жашагандар алдында!"Куруйт эми шоруңар,"Жер үстүндө болгондор, жашагандар деңизде!"Түшүп кетти силерге убактысы аз калган,"Муну билип жинденген, ызырынган ибилис.
13 Ажыдаар жер бетине ыргытылганын көргөн соң, эркек бала төрөгөн баягы аялды куугунтукка ала баштады.
14 Аял ээн талаага учуп кете алсын үчүн, ага чоң бүркүттүн эки канаты берилди. Ошол жерде ага үч жарым жыл жыландын көзүнөн далдаада камкордук көрүлмөк.
15 Ошондо жылан чөктүрүп ийиш үчүн дарыядай сууну аялдын артынан бүркүп жиберди.
16 Бирок жер койнун ачып, ажыдаардын оозунан бүркүлгөн дарыяны соруп алып, аялга жардам кылды.
17 Ажыдаар аялга жинденип, анын баласынан башка тукумдарына согуш ачуу үчүн кайтып кетти. Аялдын тукумдары болсо — бул Кудайдын осуяттарына баш ийип, Ыйса жар салган акыйкаттан тайбагандар. Ошентип, ажыдаар деңиздин жээгиндеги кумда турду.
1 Анан мен деңизден чыгып келе жаткан он мүйүздүү, жети баштуу бир жырткычты көрдүм. Он мүйүзүнө кичинекей таажы кийген, жети башынын ар биринде Кудайды сөккөн аттар бар эле.
2 Мен көргөн жырткыч көрүнүшү илбирстей, бирок буттары аюунукундай, оозу арстандыкындай эле. Баягы ажыдаар бул жырткычка өзүнүн күчүн, тактысын жана зор бийлигин өткөрүп берди.
3 Жырткычтын бир башы өлөрчө жарадар болгондой көрүндү, бирок жарааты кайра айыгып кетти. Дүйнө жүзүнүн баары таңгалып, жырткычтын артынан ээрчип жөнөдү.
4 Жырткычка бийлик бергендиги үчүн адамдар ажыдаарга табынып киришти. «Ким бул жырткычка теңеле алат? Ким аны менен согуша алат?» дешип, жырткычка да табына башташты.
5 Анан жырткычка Кудайга акарат келтирип, чоң сүйлөгөнгө сөз берилди. Үч жарым жыл бою башкара турган бийлик берилди.
6 Жырткыч Кудайга акарат айтуу үчүн, Анын атына, Анын турган жайына жана асманда жашагандарга тил тийгизүү үчүн оозун ачты.
7 Ыйыктарга каршы согуш ачып, аларды жеңгенге кудурет берилди. Ар кандай уруулардын, элдердин, улуттардын жана ар тилде сүйлөгөндөрдүн баарын башкарууга бийлик берилди.
8 Жер жүзүнүн бардык жашоочулары — дүйнө түгөл жаратылгандан тартып өлтүрүлгөндөр жана Козуга таандык болгон өмүр китебинде аттары жазылбагандар ага кызмат кылышат.
9 Кимдин кулагы болсо, уксун.
10 «Кимге туткун буюрса,"Ал туткунга алынат."Кимге кылыч буюрса,"Ажал табат кылычтан»."Бул Кудайдын ыйыктары чыдамдуу жана ишенимдүү болушу керек дегенди билдирет.
11 Анан мен жерден чыгып келе жаткан дагы башка бир жырткычты көрдүм. Анын козунукундай эки мүйүзү бар экен, бирок ал ажыдаардай сүйлөдү.
12 Ал биринчи жырткыч үчүн анын бардык бийлигин колдонуп, бүт жер жүзүн жана анда жашагандарды өлөрчө жарадар болуп, бирок айыгып калган баягы биринчи жырткычка табындырды.
13 Ал улуу жана кереметтүү жышаандарды көрсөтүп, ал тургай бардык адамдардын алдында асмандан от чыгарып, жерге түшүрдү.
14 Биринчи жырткычтын алдында көрсөтүүгө уруксат кылынган жышаандар менен жер бетинде жашагандардын баарын алдады. Кылычтан жараат алып, бирок аман калган баягы жырткычтын урматына эстелик тургузулсун деп элдерге буйрук берди.
15 Экинчи жырткычка бийлик берилип, ал эстеликке жан салды да аны сүйлөй турган кылды. Анан эстеликке табынбагандарды өлтүрттү.
16 Ошондой эле ал атактуу-карапайым, бай-кедей, кул-эркин дебей, баарын, оң колуна же чекесине белги койдуртууга мажбур кылды.
17 Бул белги болмоюн эч ким соода-сатык жүргүзө албай калды. Ал белги болсо баягы жырткычтын аты же анын атын билдирген сан эле.
18 Муну түшүнүү үчүн кыраакылык керек. Ким акылдуу болсо, жырткычтын санын түшүнүп алсын, анткени бул адамдык сан. Анын саны алты жүз алтымыш алты.
1 Мындан кийин Сион тоосунда турган баягы Козуну көрдүм. Жанында чекелерине Козунун жана Анын Атасынын аты жазылган жүз кырк төрт миң киши туруптур.
2 Ошондо асмандан деңиздин күүлдөгөнүндөй, күндүн күркүрөгөнүндөй үн угулду. Бул үн көптөгөн арфачылар арфада ойноп жаткандай эле.
3 Алар тактынын, төрт жаныбардын жана аксакалдардын алдында жаңы ыр ырдашты. Ал ырды куну төлөнүп, дүйнөдөгүлөрдүн арасынан куткарылып алынган жүз кырк төрт миң кишиден башка эч ким үйрөнө албады.
4 Булар өзүлөрүн аялдар менен булгабай, пакиза бойдон калган адамдар. Козу кайда барса, артынан баргандар. Булар адамдардын арасынан куткарылып, алгачкы түшүм катарында Кудайга жана Козуга тартуулангандар.
5 Булардын сөзүнөн калп табылбады, себеп дегенде булар эч кынтыксыз адамдар.
6 Анан мен асмандын кап ортосун жара бөлүп учуп бара жаткан бир периштени көрдүм. Ал жер бетинде жашаган ар кандай улуттардын, уруулардын, элдердин жана ар тилде сүйлөгөндөрдүн баарына жарыялай турган түбөлүктүү Жакшы Кабарды алып учуп баратты.
7 Ал катуу үн менен: — Кудайдан корккула жана Аны даңктагыла! Анын сурак сааты келди. Асман-жерди, деңизди жана суу башаттарын жараткан Кудайга табынгыла! — деп кыйкырып баратты.
8 Анын артынан бараткан экинчи периште:"— Кыйрады! Улуу Бабыл кыйрады! Ал чектен ашкан бузукулугун шарап сыяктуу бардык калктарга ичирди! — деди.
9 Анын артынан бараткан үчүнчү периште болсо:"— Кимде ким жырткыч менен анын эстелигине табынса, чекесине же колуна анын белгисин кабыл алса,
10 анда ал Кудайдын каар чөйчөгүндө даярдалган, Анын жаалынын ачуу шарабын ичет. Алоолонгон күкүрттүн ичине салынып, ыйык периштелер менен Козунун алдында азап тартат.
11 Алардын тарткан азабынан чыккан түтүн түбөлүктөн түбөлүккө өчпөйт. Жырткыч менен анын эстелигине табынгандарга жана анын атынын белгисин кабыл алгандарга күнү-түнү тыным болбойт! — деп кыйкырып баратты.
12 Бул Кудайдын осуяттарын аткарып, Ыйсага ишенимдүү бойдон калган ыйыктар үчүн чоң чыдамкайлык керек дегенди билдирет.
13 Анан мен асмандан бирөөнүн: — Жаз! Мындан ары Эгебиз менен тыгыз мамиледе жүрүп көз жумгандар бактылуу! — дегенин уктум."— Ооба, — дейт Ыйык Рух, — алар тарткан мээнеттеринен эс алышат, анткени алардын жакшы иштери аркасынан барат.
14 Анан аппак булутту көрдүм. Булуттун үстүндө алтын таажы кийип, колуна курч орок кармап, Адам Уулуна окшогон бирөө олтуруптур.
15 Анан асмандагы ийбадатканадан башка бир периште чыга келди да, булутта Олтурганга катуу үн менен кайрылып: — Орогуңду ал да ор, анткени оруу-жыюу маалы келип, жер бетиндеги түшүм бышып жетилди, — деди.
16 Анан булуттун үстүндө Олтурган оруш үчүн барды эле, жердеги түшүм орулуп калды.
17 Асмандагы ийбадатканадан дагы бир периште чыкты. Анын да колунда курч орогу бар экен.
18 Оттун үстүнөн бийлиги бар дагы бир башка периште курмандык жайдан чыга келди да, курч орогу барга: — Курч орогуңду жер жүзүнө шилтеп, жүзүм шиңгилдерин оруп чогулткун, анткени алар бышып калды, — деди үнүн катуу чыгарып.
19 Периште орогун шилтеп, жердеги жүзүм шиңгилдерин чогултту да, аларды Кудайдын каарынын зор жүзүм сыккычына ыргытты.
20 Жүзүм шиңгилдери шаардын сыртында тепсендиде калышты, жүзүм сыккычтан кан агып чыгып, тереңдиги аттын жүгөнүнө чейин жетип, үч жүз чакырым жерди каптады.
1 Анан асмандан дагы бир улуу жана укмуш нерсени көрдүм: акыркы жети кырсыкты кармап жети периште туруптур. (Акыркы дегенимдин себеби, ушуну менен Кудайдын каары аягына чыкмакчы.)
2 Андан кийин от аралашкандай болуп көрүнгөн айнек деңизди көрдүм. Ошол айнек деңиздин жээгинде Кудайдан алган арфаларын кармап, жырткычты, анын эстелигин жана атынын санын жеңгендер
3 Кудайдын кулу Мусанын жана Козунун ырын ырдап турушту: — О, кудуреттүү биздин Кудай Эгебиз,"Кандай улуу, кандай укмуш иштериң!"О, элдердин Падышасы! Чынында"Адилеттүү, акыйкаттуу жолдоруң!
4 О, Эгебиз, барбы Сенден коркпогон?"Барбы Сенин даңктабаган ысмыңды?"Анткени Сен жалгыз Өзүң ыйыксың!"Айкын болду Сенин адил иштериң."Эми бардык элдер келип алдыңа,"Жүзтөмөндөп, табынышат бардыгы.
5 Ушундан соң, мен асмандагы касиеттүү чатырдын эң ыйык жери ачылганын көрдүм.
6 Таптаза, жалтылдаган зыгыр кездемеден кийим кийинип, алтын кемер курчанган жети периште жети кырсыкты көтөрүп, ошол эң ыйык жерден чыкты.
7 Ошондо төрт жаныбардын бирөөсү аларга түбөлүктөн түбөлүккө жашаган Кудайдын каары толгон жети алтын идиш берди.
8 Эң ыйык жердин ичи Кудайдын улуулугу менен кудуретинен чыккан түтүнгө толуп чыкты. Жети периштенин жети кырсыгы бүткөнчө, эң ыйык жерге эч ким кире албады.
1 Анан мен эң ыйык жерден жети периштеге карата айтылган катуу үндү уктум."— Бар! Кудайдын жети идиштеги каарын жер үстүнө төгүп жибер! — деди ошол үн.
2 Биринчи периште барды да, идиштегини жердин үстүнө төгүп жиберди. Жердегилердин жырткычтын белгисин алып, анын эстелигине табынгандарынын денелерине жийиркеничтүү, ооруткан жаралар чыкты.
3 Экинчи периште идишиндегини деңизге төктү эле, деңиз өлгөн адамдын канындай болуп, анда жашагандын баары өлдү.
4 Үчүнчү периште идишиндегини дарыялар менен суу башаттарына төктү. Суунун баары канга айланып кетти.
6
5 Анан мен суулардын периштесинин: — Бар болгон азыр дагы, мурда дагы,"О, ыйык Кудайым, Сен акыйкатсың!"Ыйыктар, пайгамбарлар канын төккөн"Адамдарга адилеттүү өкүмүңдү"Чыгарып, аларга Сен кан ичирдиң,"Анткени алар буга татыктуу эле, —"дегенин уктум.
7 Ошондо курмандык жайдан: — Ооба, Кудуреттүү Кудай Эге,"Өкүмүң акыйкат да, адилет да! —"деп кыйкырган үндү уктум.
8 Төртүнчү периште идишиндегини күндүн бетине төгүп жиберди эле, күнгө адамдарды жалыны менен күйгүзүп жибере ала турган күч берилди.
9 Мээ кайнаткан күндүн табы адамдарды куйкалаганда, алар ушул кырсыктардын үстүнөн бийлиги бар Кудайдын атына тил тийгизишти. Кудайга мактоо айтуу үчүн ниеттерин өзгөртүшпөдү.
10 Бешинчи периште идишиндегини жырткычтын тактысына төгүп жиберди эле, анын падышалыгы караңгылыкка чулганды. Адамдар жаны кыйналгандан тилдерин чайнашып,
11 оорудан, жараларынан улам көктүн Кудайына тил тийгизип, Ага акарат айтышты. Кылган иштерине өкүнүп, ниеттерин өзгөртүшпөдү.
12 Алтынчы периште идишиндегини улуу Эфрат дарыясына төктү. Күн чыгыш падышаларынын басар жолун ачуу үчүн Эфраттын суусу кургап калды.
13 Анан ажыдаардын, жырткычтын жана жалган пайгамбардын ооздорунан чыккан, бакага окшош үч кара күчтү көрдүм.
14 Алар кереметтүү белгилерди көрсөтүүчү жиндер эле. Булар дүйнө жүзүндөгү падышалардын баарына барып, аларды кудуреттүү Кудайдын улуу күнүндөгү согушка чогултушту.
15 «Сак болгула, мен ууру сымал барам! Жылаңач калып, уяты көрүнүп калбоо үчүн уктабай, сергек болуп, кийимдерин даяр алып жүргөндөр бактылуу».
16 Анан эврейче Армагедон аталган жерге алар падышаларды чогултушту.
17 Жетинчи периште идишиндегини абага төгүп жиберди эле, эң ыйык жердеги тактыдан:"— Аткарылды! — деген катуу үн чыкты.
18 Чагылгандар чартылдап, күн күркүрөп, жер катуу титиреди. Мындай жер титирөө жер бетине адам жашай баштагандан бери болуп көрбөгөн. Жер ушунчалык катуу титиреди.
19 Улуу шаар үчкө бөлүнүп, мамлекеттердин шаарлары кыйрады. Кудай улуу Бабылды эсине түшүрүп, ачуусу менен каарынын шарабына толгон чөйчөктү ага ичирди.
20 Аралдар менен тоолор жок болду.
21 Асмандан адамдарга ар бири жүз кадактай чоң мөндүр жаады. Мөндүрдөн алган жарааттары үчүн алар Кудайды сөгүштү. Анткени алардын жарааттары абдан оор эле.
1 Жети идиши бар жети периштенин бири мага келип:"— Бери кел, көп суулардын үстүндө олтурган уятсыз сойкунун жазасын көрсөтөйүн.
2 Жер бетиндеги падышалар бу сойку менен бузукулукка барышты. Жер үстүндө жашагандар да анын шарабын ичишип, мас болушуп, аны менен бузукулук кылышты.
3 Анан бүт дүйнөмдү Кудайдын Руху бийлеп алды да периште мени ээн талаага алып барды. Талаадан бүткөн боюн Кудайды сөккөн сөздөр баскан, жети баштуу, он мүйүздүү кыпкызыл жырткычты минип олтурган бир аялды көрдүм.
4 Аял кочкул кызыл жана ачык кызыл кийим кийинип, алтын, кымбат баалуу асыл таш, берметтер менен жасалгаланып, жалтылдап турду. Ал бузукулугу менен арамдыгы толгон алтын чөйчөктү колуна кармап алыптыр.
5 Чекесинде болсо: «Улуу Бабыл — жер бетиндеги сойкулар менен арамдыктардын энеси», — деп анын аты жашырын белги менен жазылуу экен.
6 Мен аялдын Ыйса үчүн жанын кыйган ыйыктардын канын ичип алып, мас болуп турганын көрдүм. Көргөнүмдө, абдан таң калдым.
7 Анан периште мага: — Эмнеге таңгалдың? Аял менен ал минген жети баш, он мүйүздүү жырткычтын сырын мен сага ачып берем.
8 Сен көргөн жырткыч бир убакта жашаган, азыр болсо жок. Ал жакында туңгуюктан чыгып келет да, түбөлүк ойрон болор жагына кетет. Дүйнө жаратылгандан бери өмүр китебине аттары жазылбаган жердиктер жырткычты көргөндө, абдан таң калышат, анткени ал бир кезде жашаган, азыр болсо жок, бирок кайра келет.
9 Буларды түшүнүү үчүн акылмандык керек. Жети баш — бул аял олтурган жети дөбө менен жети падыша.
10 Алардын бешөөсү кулады, бирөөсү азыр бар, жетинчиси али келе элек. Бирок келгенде көпкө болбойт.
11 Бир кезде жашаган, азыр жок жырткыч — сегизинчи падыша. Ал жанагы жетөөнүн дагы бири. Ал түбөлүк куурай турган жагына кетет.
12 Сен көргөн он мүйүз он падышаны билдирет, бирок алар али такка отуруша элек. Алар жырткыч менен бирге такка олтурушканда, бир аз эле бийлик кылганга үлгүрүшөт.
13 Алардын мүдөөсү бир болот жана күч-кудурети менен бийлигин жырткычка өткөрүп беришет.
14 Алар Козуга каршы согуш ачышат. Бирок Козу аларды жеңет, анткени Ал эгедерлердин Эгедери, падышалардын Падышасы. Козу менен чогуу Анын тандап, Өзүнө чакырып алган ишенимдүү адамдары да согушат, — деди.
15 Анан периште мага дагы мындай деди:"— Сойку олтурган суулар — бул элдер, калктар, улуттар жана ар тилде сүйлөгөндөр.
16 Сен көргөн жырткыч он мүйүзү менен чогуу сойкуну жектешет. Колундагынын баарын тартып алышып, өзүн жылаңач калтырышат. Этин жеп, өзүн отко ыргытышат.
17 Анткени Кудай Өз максатын аткартуу үчүн алардын ниетине бир мүдөөнү салып койгон болчу. Ошондуктан алар бийликтерин жырткычка өткөрүп беришти. Кудайдын сөзү толук аткарылып бүткүчө алар жырткычтын жетегинде болушат.
18 Сен көргөн аял болсо жердеги падышалардын үстүнөн бийлик кылып турган улуу шаар.
1 Ушундан соң, көктөн түшүп келе жаткан, улуу бийлиги бар дагы башка периштени көрдүм. Анын шаң-салтанатынан жер жүзү жаркырап кетти.
2 Ал катуу үн менен: — Кыйрады ал, улуу Бабыл кыйрады!"Ал жиндердин турагына айланды,"Арам рухтар конушуна,"Жексур жырткыч ийинине,"Жийиркеничтүү канаттуулар"Уясына айланды.
3 Анткени ал ачуу шарап сыяктуу"Азгындыгын сунуп жатты, мас кылып"Бүт элдерди. Бузуктукка батышты"Аны менен падышалары дүйнөнүн."Ашып-ташкан молдугунан көпөстөр,"Шаң-салтанат турмушунан байышты, —"деди.
4 Анан асмандан мындай деген башка бир үндү уктум: — Чыгып кеткин андан, элим, чыгып кет,"Болбой эле кой күнөөсүнө ортоктош,"Кабылбагын ал туш болор балээге!
5 Көккө жетти анын толгон күнөөсү,"Кылмыштары түштү Кудай эсине.
6 Андан көргөн жамандыгын кайтарып,"Эми өзүнө кыянаттык кылгыла,"Жоругуна, жосунуна жараша"Тиешесин эки эселеп бергиле."Эки эсе ачуусунан шараптын"Даяр кылып, чөйчөгүнө куйгула.
7 Мурда канча сыймыктанып, мактанса,"Байлыгына маашыркаса канчалык,"Эми ошонун бардыгына жараша,"Азаптарга, кайгыларга салгыла."Ал ичинен али дагы мындай дейт:"«Мен — ханышамын, тактысында олтурган,"Боздогондой жесир аял эмесмин».
8 Ошондуктан бир заматта балээлер"Басып калып, илдеттерден кырылат"Көп адамдар. Ачарчылык, кайгыга"Кабылат ал, отко өрттөлөт, анткени"Соттоп жаткан Кудай Эге кудуреттүү.
9 Сойкуга кошулуп алып бузукулук кылган, анын байлыгы менен жыргаган жер үстүндөгү падышалар тигинин өртүнөн чыккан түтүндү көргөндө, аны жоктоп боздоп ыйлашат.
10 Кыйналып жатканын көрүп, жандары чыгып, алыста туруп: «О, кокуй күн, каран күн! Эмне болду,"Улуу шаар, бекем калаа Бабыл, сага?!"Бир паста жазаланып калдыңбы сен?!» —"деп үн салышат.
11 Жердеги соодагерлер да аны карап алып, боздоп ыйлашат, анткени алардын алтын-күмүш буюмдарын, асыл таштары менен берметтерин, кымбат баалуу кездемелери менен маталарын, жибектен жасалган кыпкызыл кийимдерин, жыпар жыттуу жыгачтарын, пилдин сөөгүнөн, кымбат баалуу жыгачтан, жезден, темирден, мармардан жасалган буюмдарын, атырлары менен эндик-упаларын, мүр жана ладан аталган жыпар жыттуу заттарын, шараптары менен майларын, ундары менен буудайларын, малдары менен койлорун, аттары менен арабаларын, адамдардын денелери менен жандарын мындан ары эч ким сатып албай калат.
12
13
14 Жаның эңсеп, каалаган"Буюмдардан куру калдың,"Дөөлөттөрүң, байлыгың"Түбү менен жок болду,"Издесең да, аларды"Таба албайсың эми сен.
15 Ушунун баары менен соода жүргүзүп, байып алышкандар анын тартып жаткан азабынан коркушуп, алыста туруп алып:
16 «О кокуй күн, каран күн!"Кымбат баалуу кийимчен,"Кызыл шайы көйнөкчөн,"Алтын, жакут, берметиң"Жаркылдаган улуу шаар!
17 Ушунча көп байлыгың"Заматта ойрон болдубу?!» —"деп боздошот."Кеме башчылары, кемечилер, кемедегилер жана деңиздин аркасы менен акча тапкандардын баары алыстан карап турушат.
18 Алар шаардын күйүп, түтөп жатканын көрүшкөндө: «Ушул улуу шаардай шаар бар беле?» — дешип боздошот.
19 Баштарына күл чачып, боздоп ыйлап: «О кокуй күн, каран күн! О, улуу шаар!"Кемелүүнүн бардыгы көргөн эле"Байлыгыңдын үзүрүн. Кайда алар?"Аңырайып, бош калдың бир заматта.
20 О, асман, муну көрүп, сен кубангын!"Ыйыктар, элчилер, пайгамбарлар —"Баарыңар кубангыла! Силер үчүн"Сазайын ушул шаардын Кудай берди», —"дешет.
21 Анан бир күчтүү периште тегирмен ташындай болгон чоң ташты алып, деңизге ыргытты да:"— Мына ушундай күч менен"Ыргытылат, ташталат"Улуу калаа Бабыл да,"Тура албайт ал экинчи
22 Арфа менен ырчынын,"Чоор менен сурнайдын"Сенден чыкпайт үндөрү."Өнөрпоз да, уста да"Болбой калат сенде эми."Тегирмендин үнү да"Калат эми угулбай.
23 Жанган чырак жарыгы"Мындан ары көрүнбөйт."Күйөө менен колукту"Үндөрү да угулбайт."Көпөстөрүң анткени"Эң мыкты эле дүйнөдө,"Анткени сыйкырчылыгың"Бардык элди алдады.
24 Пайгамбарлар, ыйыктар,"Бүтүндөй жер жүзүндө"Өлтүрүлгөн адамдар"Канына забын ушул шаар, —"деди.
1 Ушундан соң, асмандан көптөгөн адамдар айгайлагандай бир үндүн:"— Эгебизди мактагыла! "Бизди Кудай куткарды!"Ага таандык урмат-сый,"Шаң-салтанат, кудурет!
2 Анткени Анын соттору"Чындык жана адилет!"Анткени Ал соттоду"Бүт жер жүзүн булгаган,"Бузуктугу ашынган"Уяты жок сойкуну,"Кулдарынын каны үчүн"Кудай андан өч алды, —"дегенин уктум.
3 Дагы мындай деп кайталап кыйкырышты:"— Эгебиздин мактагыла!"Ошол шаардын түтүнү"Эми эч качан басылбайт.
4 Жыйырма төрт аксакал менен төрт жаныбар тизе бүгүшүп, тактыда олтурган Кудайга таазим кылышты. Анан кыйкырышты:"— Так ошондой!"Эгебизди мактагыла!
5 Анан тактыдан:"— Карапайым, атактуу,"Кудайымдан корккондор,"Жараткандын кулдары,"Баарың Аны даңктагын! —"деген үн чыкты.
6 Анан көпчүлүктүн айгайындай, көптөгөн шаркыратмалардын шарындай, күн катуу күркүрөгөндөй үндү уктум:"— Эгебизди мактагыла!"Анткени кудуреттүү"Биздин Кудай-Эгебиз,"Өкүмдарлык бийлигин"Өз колуна алды эми.
7 Кубаналы, шаттаналы,"Мактайлы Аны, анткени"Үйлөнүү тою Козунун"Башталайын деп калды."Колуктусу камданды.
8 Кийгизилди үстүнө"Жаркыраган, таптаза"Ак шайыдан көйнөгү."(Ак шайы ыйыктардын адил иштерин билдирет.)
9 Анан периште мага:"— Жаз, Козунун үйлөнүү тоюна чакырылгандар бактылуу! — деди да, дагы мындай деп кошумчалады:"— Бул сөздөр Кудайдын чыныгы сөздөрү.
10 Ушул жерден мен ага табынып, бутуна жыгылдым. Бирок ал мага:"— Мындай кылба! Мен деле Ыйса айткан чындыкты ырастап жүргөн өзүң менен, боордошторуң менен кызмат кылып жүрөм. Кудайга табын! Анткени Ыйса айткан чындыкка пайгамбардык дем менен айтылган сөз туура келет, — деди.
11 Мен көк ачылып, алдымда турган ак боз атты көрдүм. Ишенимдүү жана Чындык деп аталган Бирөө аны минип алыптыр. Ал калыстык менен сот жүргүзүп, адилеттик үчүн согушат экен.
12 Көздөрү оттой жалтылдап, башына көптөгөн кичинекей таажыларды кийип алыптыр. Денесинде өзүнөн башка эч ким билбеген ысмы жазылуу экен.
13 Канга чыланган чапан кийген Анын аты — Кудай Сөзү.
14 Таптаза ак шайы кийимчен, ак боз атчан асман аскерлери Анын артынан ээрчип жүрүштү.
15 Оозунан элдерди кыйратуу үчүн колдоно турган курч кылыч чыкты. Ал элдердин үстүнөн темирдей катуу бийлик орнотот. Жүзүмдү тебелегенде ширеси агып чыккан сыяктуу, Ал кудуреттүү Кудайдын ачуусу менен каарынын шарабын алардын үстүнө төгөт.
16 Чапанынын санын жапкан тушунда мындай деген ат жазылган: «Падышалардын Падышасы, эгедерлердин Эгедери».
17 Анан мен күндө турган бир периштени көрдүм. Ал асманда бийик учуп бараткан канаттуулардын баарына катуу үн менен:"— Келгиле, Кудайдын чоң тоюна чогулгула.
18 Падышалар менен аскербашылардын, алдуулардын, аттар менен чабандестердин жана да бардык адамдардын: кул эместер менен кулдардын, атактуулар менен карапайымдардын этинен жегенге келгиле, — деп кыйкырды.
19 Анан мен баягы жырткычтын жана жер бетиндеги падышалар менен алардын аскерлеринин Ак боз атчан менен Анын аскерлерине каршы согуш ачууга чогулушканын көрдүм.
20 Бирок жырткыч кармалып, аны менен кошо анын алдында укмуштай белгилерди көрсөтүп жаткан жалган пайгамбар да колго түштү. Ал ушул укмуштары менен жырткычтын белгисин кабыл алгандарды жана анын эстелигине табынгандарды азгырып-алдаган эле. Экөө тең күйүп жаткан күкүрт көлгө тирүүлөй ыргытылды.
21 Калган аскерлери атчандын оозунан чыккан кылычтан кырылышты жана канаттуулардын баары алардын этин жеп, абдан тоюнушту.
1 Андан соң, түпсүз туңгуюктун ачкычы бар, колуна чоң чынжыр кармаган бир периштенин асмандан түшүп келе жатканын көрдүм.
2 Ал байыркы жылан — ажыдаарды, башкача айтканда, ибилисти, же шайтанды кармады да миң жылга байлап салды.
3 Миң жыл бүткүчө элдерди мындан ары алдаганын токтотуу үчүн аны туңгуюкка таштады да, үстүнөн кулпулап, мөөр басып салды. Андан кийин ал кыска убакытка эркиндикке чыгышы керек.
4 Анан мен тактыларды көрдүм. Аларда Кудай бийлик кылууга укук бергендер олтурушуптур. Ошондой эле Ыйса тууралуу күбөлүккө өтүп, Кудай Сөзү үчүн баштары алынгандардын жандарын көрдүм. Алар жырткычка же анын эстелигине табынбагандар жана анын белгисин чекесине же колуна койдурбагандар болчу. Булар кайрадан өмүр сүрүп, Ыйса менен бирге миң жыл падышалык кылышты.
5 (Калган өлүктөр миң жыл бүткүчө кайра тирилишпеди). Бул биринчи тирилүү.
6 Биринчи тирилүүгө катышкандар бактылуу жана ыйык адамдар. Экинчи өлүм алардын үстүнөн бийлик кыла албайт. Алар Кудайдын жана Машаяктын дин кызматкерлери болуп, Аны менен бирге миң жыл падышачылык кылышат.
7 Миң жыл өткөндө, шайтан өзүнүн түрмөсүнөн бошотулду да,
8 төгөрөктүн төрт бурчунда жашаган улуттар — Гок менен Магокту алдап, согушка чогултуу үчүн жөнөдү. Алардын саны деңиз жээгиндеги кумдай эле.
9 Жерди туурасынан аралап өтүп, Кудайдын сүйүктүү шаарындагы ыйыктардын жамаатын курчап алышты. Бирок көктөн бир от түшүп, аларды жалмады.
10 Анан аларды алдаган ибилис мурда жырткыч менен жалган пайгамбар ыргытылган күйүп жаткан күкүрт көлгө ыргытылды. Эми алар күнү-түнү түбөлүктөн түбөлүккө азап тартышат.
11 Анан мен чоң ак тактыны жана анда олтурган Бирөөнү көрдүм. Асман-жер анын алдынан качып, таптакыр жок болушту.
12 Тактынын алдында атактуусу, карапайымы дебей, бардык өлгөндөрдүн турганын көрдүм. Китептер ачылуу экен. Дагы бир башка китеп да ачылуу турду. Ал өмүр китеби эле. Өлүктөр, китептерде жазылгандай, кылган иштерине жараша соттолушту.
13 Деңиз да, өлүм менен о дүйнө да өздөрүндөгү өлүктөрдү чыгарып беришти. Ошондо баары кылган иштерине жараша соттолушту.
14 Анан өлүм менен о дүйнө от көлүнө ыргытылды. От көлү — бул экинчи өлүм.
15 Ким өмүр китебинде жазылбаса, от көлүнө ыргытылды.
1 Анан мен жаңы асман менен жаңы жерди көрдүм. Анткени биринчи асман менен биринчи жер жок болуп кетиптир, деңиз да жок экен.
2 Мен күйөөсү үчүн жасалгаланып даярдалган колуктуга окшогон, көктөн, Кудайдан түшүп келе жаткан ыйык шаар — жаңы Иерусалимди көрдүм.
3 Тактыдан: — Карагыла, турак жайы Кудайдын"Адамдардын арасына орноду."Мындан ары, болуп эми Кудайы,"Алар менен чогуу жашайт Жараткан."Анын эли болуп калып адамдар,"Алар менен болот Кудай ар дайым.
4 Бардык жашты көздөрүнөн алардын"Аарчыйт Кудай, өлүм деген жок болот."Мындан ары болбой калат эч бир ый,"Өкүрүк да, оору дагы, анткени"Мурункунун өтүп кетти бардыгы! —"деген катуу үндү уктум.
5 Тактыда Олтурган болсо:"— Мен баарын жаңыртып жатам! — деди."Анан сөзүн улантып:"— Муну жазып кой, анткени бул сөздөр ишенимдүү жана акыйкат, — деди.
6 Ал мага дагы мындай деди:"— Баары аткарылды. Мен Альфа жана Омегамын, Башталышы жана Аягымын. Ким суусаса, өмүр булагынан бекер ичиремин.
7 Жеңүүчү ушунун баарын мураска алат жана Мен анын Кудайы, ал Менин уулум болот.
8 Бирок коркок, ишенбес, пас, канкор, бузуку, сыйкырчы, бутка табынуучу жана бардык жалганчылардын барар жери — жалындаган күкүрт көл. Бул экинчи өлүм.
9 Акыркы жети балээ толгон жети идишти көтөргөн жети периштенин бири келди да, мага:"— Бери кел, мен сага колуктуну — Козунун аялын көрсөтөм, — деди.
10 Анан Кудайдын Руху мени толук бийлеп алды да, периште улуу жана бийик тоого алып чыгып, көктөн, Кудайдан түшүп келе жаткан Ыйык Шаар — Иерусалимди көрсөттү.
11 Ал Кудайдын даңкын чачыратып, жаркырап турган эле, анын жаркыраганы өтө кымбат баалуу ташка, мөлтүр таштай тунук ясписке окшоп,
12 чоң, бийик дубалында он эки дарбазасы бар экен. Ар бир дарбазасында бирден периште кайтарып туруптур. Дарбазаларына Ысрайылдын он эки уруусунун аттары жазылыптыр. Бир дарбазага бир аттан.
13 Чыгыш тарабында үч, түндүк тарабында үч, түштүк тарабында үч, батыш тарабында үч дарбаза.
14 Дубалдын он эки кат пайдубалы бар экен. Аларга Козунун он эки элчисинин аттары жазылган. Ар бирине бирден ат.
15 Мени менен сүйлөшкөн периштенин шаарды, анын дарбазаларын жана дубалын өлчөй турган алтындан ченегичи бар эле.
16 Шаар төрт чарчы сыяктуу жайгашып, узуну да туурасы да бирдей болчу. Периште ченегичи менен шаарды ченегенде узуну да, туурасы да, бийиктиги да эки миң төрт жүз чакырым болуп чыкты.
17 Дубалынын калыңдыгын ченеди эле, жетимиш метр болду. Периште колдонгон ченегич адамдыкы менен бирдей эле.
18 Дубал яспистен, ал эми шаар болсо айнектей тунук таза алтындан жасалыптыр.
19 Дубалдарынын пайдубалы түрдүү-түрдүү асыл таштар менен кооздолуптур. Биринчи пайдубалы — яспистен, экинчиси — көк жакуттан, үчүнчүсү — акак таштан, төртүнчүсү — зымырыттан,
20 бешинчиси — феррузадан, алтынчысы — лалдан, жетинчиси — сары жакуттан, сегизинчиси — көк зымырыттан, тогузунчусу — топаздан, онунчусу — жашыл акак таштан, он биринчиси — хиацинттен, он экинчиси — аметисттен эле.
21 Он эки дарбазасы — он эки бермет. Ар бир дарбаза бир берметтен жасалган. Шаардын башкы көчөсү тунук айнектей болгон таза алтындан салыныптыр.
22 Шаардын ичинен ийбадаткана көргөнүм жок, анткени анын ийбадатканасы Кудуреттүү Кудай Эге менен Козунун Өзү экен.
23 Шаардын күнгө же айдын жарыгына муктаждыгы болбоду, анткени Кудайдын шаң-салтанаты ага жарык берип, Козунун Өзү шамчырак катары нурун чачып турду.
24 Бардык улуттар шаардын жарыгында жүрүп, жер бетиндеги падышалар өзүлөрүнүн шаң-салтанатын ошол шаарга алып келишти.
25 Шаар дарбазалары күнү бою ачык туруп, эч качан жабылбады, анткени ал жакта түн деген жок экен.
26 Бардык улуттардын улуулугу менен сый-урматтары шаардын ичине алынып келинет.
27 Шаарга эч бир таза эмес нерсе, уяттуу же алдамчылык иш кылган киши кирбейт. Козунун өмүр китебине аттары жазылгандар гана киришет.
1 Ушундан соң, периште мага мөлтүр таштай жылтылдаган дайраны көргөздү. Бул өмүр суусу эле. Ал Кудай менен Козунун тактысынан агып чыгып,
2 шаардагы башкы көчөнүн кап ортосуна куюлуп жатты. Дарыянын эки жээгинде тең ар айда бир, жылына он эки жолу түшүм берген — жемиши түбөлүк өмүр берүүчү дарак өсүп турду. Анын жалбырактарын элдерди айыктыруу үчүн колдонушат.
3 Мындан ары эч кандай каргыш болбойт. Анткени Кудай менен Козунун тактысы шаардын ичине орнотулат. Кудайдын кулдары Ага кызмат кылышат.
4 Кудайды өз көздөрү менен көрүп, аты чекелерине жазылат.
5 Ал жакта мындан ары эч качан түн болбойт. Эч качан чырактын же күндүн жарыгына муктаж болушпайт, анткени Кудай Эгенин Өзү аларга жарыгын төгүп турат. Алар Аны менен бирге түбөлүктөн түбөлүккө бийлик кылышат.
6 Периште мага мындай деди:"— Бул ишенсе боло турган акыйкат сөздөр. Пайгамбарлардын оюн башкарган Кудай Эге жакын арада боло турган окуяларды кулдарына көрсөтүү үчүн периштесин жиберди.
7 «Сак тургула, Мен жакында келем! Ушул китептеги пайгамбарлык сөздөрдү аткаргандар бактылуу».
8 Мен, Жакан, ушуларды уктум да көрдүм. Угуп, көрүп бүткөн соң, табынайын деген ниетте ушуларды көргөзгөн периштенин бутуна жыгылдым.
9 Бирок ал: — Токтот! Мен өзүң менен, боордошторуң болгон пайгамбарлар менен жана ушул китептин сөздөрүн аткаргандар менен бирге кызмат кылып жүрөм. Кудайга табынгының! — деди.
10 Анан ал мага мындай деди:"— Бул китептеги пайгамбарлык сөздөрдү жашырбагын, анткени андагылар аткарыла турган убакыт жакын калды.
11 Жамандык кылгандар дагы кыла беришсин, пастыкка баткандар дагы бата беришсин, ал эми адилеттер адил иштерин дагы улантышсын, ыйыктар андан бетер ыйык боло беришсин.
12 «Сак тургула, Мен жакында келемин! Ар кимдин ишине жараша берер сыйлыгымды Өзүм менен бирге ала келем.
13 Мен Альфа жана Омегамын, Биринчи жана Акыркымын, Башталышы жана Аягымын.
14 Дарактын түбөлүк өмүр берүүчү жемишинен жегенге жана шаар дарбазалары аркылуу киргенге укук алуу үчүн кийимдерин жууп алгандар бактылуу.
15 Жалган дин мугалимдер, сыйкырчылар, аягы суюктар, канкорлор, бутка табынуучулар жана жалгандыкты сүйгөн алдамчылардын баары сыртта калышат.
16 Мен, Ыйса, жыйындар үчүн айтылган ушул сөздөрдү силерге жарыя кылсын деп периштемди жибердим. Мен — Дөөттүн тукумумун жана жаркыраган таңкы жылдызмын».
17 Рух менен Колукту: «Кел!» — дешет. Уккандар да: «Кел!» — деп айтышсын. Ким суусаса, келсин. Ким кааласа, өмүр суусунан бекер алсын.
18 Ушул китептеги пайгамбарлык сөздөрдү уккан ар бир адамга эскертип коёюн: эгерде кимде-ким мындагы пайгамбардык сөздөргө бир нерсе кошсо, Кудай ага ушул китепте жазылган балээлерди кошот.
19 Кимде ким бул пайгамбардык китептин сөздөрүнөн бир нерсе алып салса, Кудай аны ушул китепте жазылган түбөлүк өмүр берүүчү дарактын жемишинен жедирбейт да, ыйык шаарга киргизбейт.
20 Ушул кабарларды жарыялап жаткан:"— Ооба, Мен жакын арада келем! — дейт."Келе көр, Эгебиз Ыйса. Оомийин.
21 Эгебиз Ыйса баарыңа ырайым кылсын.