1

1 Өткөн замандарда Кудай биздин ата-бабаларыбызга көп ирет жана ар кандай жолдор менен Өзүнүн пайгамбарлары аркылуу сүйлөгөн.

2 Эми ушул акыркы күндөрдө болсо бизге Өз кабарын Уулун жиберип айттырды. Ааламды ошол Уулу аркылуу жаратып, Аны бардыгына мураскор кылып дайындады.

3 Кудайдын улуулугу Уулунан жаркырап көрүнүп, Анын табияты дал Кудайдын Өзүнүкүндөй. Ал Өзүнүн кудуреттүү сөзү менен бүт ааламды кармап турат. Күнөөдөн арылууга жол ачкан соң, Ал көктөгү, баарынан кудуреттүү Кудай Тааланын оң жагындагы сыйлуу жерге олтурду.

4 Кудайдын Уулу периштелерден канчалык жогору турса, Атасынан берилген наамы да алардыкынан ошончолук улуу.

5 Анткени Кудай Өзүнүн кайсы бир периштеси тууралуу: «Сен Уулумсуң, анткени Мен"Бүгүн Сага Ата болдум»"же:"«Мен Ага Ата болом,"Ал болсо Уулум болот»,—"деген беле?

6 Бул гана эмес, Кудай тун Уулун ушул дүйнөгө жөнөтүп жатып:"«Периштелеримдин баары Ага таазим кылышсын!»— деген.

7 Периштелери тууралуу Кудай мындай деген:"«Периштелеримди Мен"Айлантамын шамалга,"Жалындаган от кылам"Кызматчыларымды Мен».

8 Ал эми Уулу тууралуу айтканы бул:"«Тактың турат, о, Кудай, түбөлүк."Башкарасың адилеттикке сүйөнүп.

9 Жакшы көрдүң адилеттүү иштерди,"Адилетсиздик кылыктарын жек көрүп."Мен да, Сенин Кудайың,"Сени ошон үчүн тандадым,"Шериктериңден көбүрөөк"Сый көрсөтүп кубанттым».

10 Кудай дагы мындай деген:"«Сен, Эге, — а деп жерди негиздеген"Өзүңсүң асманга да болгун деген.

11 Каласың түбөлүккө, жок болсо да"Бардыгы кийимге окшоп бүт эскирген.

12 Аларды чапан сымал жыйыштырып,"Эскирген кийим сымал алмаштырып,"Каласың Өзүң болсо өзгөрбөстөн,"Эч качан өмүр жашың түгөнбөстөн»

13 Кайсы бир периштесине Кудай:"«Кастарыңды бут алдыңа жыкканымча,"Олтура тур, сыйлуу жер — оң жагымда»—"деди беле?

14 Периштелер кызмат кылчу рухтар гана эмеспи? Кудай аларды куткарылууга ээ боло турган адамдарга кызмат кылууга жиберген.

2

1 Мына ушул себептен биз уккандарыбызга өзгөчө көңүл бөлүшүбүз керек. Ошондо алардан четтеп кетпейбиз.

2 Периштелер аркылуу жарыяланган кабар анык болуп чыгып, ага кулак какпай же баш ийбей койгондор тиешелүү жазасын алышты.

3 Андай болсо Кудай куткарылууга не деген сонун жол ачып койгондугун кулагыбызга илбей койсок, биз кантип жазадан качып кутулмакпыз? Бул кабарды алгач Эгебиз жарыя кылып, кийин Андан уккандар бизге бул кабардын анык экенин ырасташты.

4 Ал турсун Кудай Өзү да жышаан-белги берип, ажайып-кереметтерин көрсөткөнү жана Өз эркине ылайык Ыйык Рух касиеттерин бөлүштүргөнү аркылуу мунун чындык экенин далилдеди.

5 Биз сөз кылып жаткан келечектеги жаңы дүйнө Кудай периштелеринин колуна тапшырылган жок.

6 Кайра, Ыйык Жазуулардын кайсы бир жеринде мындай делген: «Сен мынчалык ойлогудай"Деги адам ким эле?"Кам көргүдөй ушунчалык"Адамзаада ким эле?

7 Периштеден төмөн коюп"Бир аз гана убакка,"Анан даңктын, урмат-сыйдын"Бердиң ага таажысын.

8 Баш ийдирип, жыгып бердиң"Бардыгын бут алдына»."Кудай аны бардык нерсеге башкаруучу кылып дайындап, ага баш ийбеген эч нерсе болбошу керек. Бирок азыр, биз көрүп тургандай, адам баласы бардык нерселерди башкарган жери жок.

9 Анын ордуна, биз Ыйсанын бир аз убакытка периштелерден төмөн болуп, биз үчүн азап чегип, өлүмгө дуушар болгону үчүн эми атак-даңк менен урмат-сыйга бөлөнүп отурганын көрүп отурабыз. Кудай бизге ырайымдуу болгондуктан, Ыйса бүтүндөй адамзат үчүн Өз жанын берди.

10 Бардыгын Өзү үчүн жаратып, бардыгын бар кылып турган Кудай көптөгөн балдарын Өз атак-даңкына бөлөш үчүн аларды куткарылууга алып баруучу Ыйсаны азап тартканы аркылуу кемелдикке жеткириши керек эле.

11 Ыйыктагандын да, ыйыкталгандардын да Атасы бир. Ошондуктан Ыйса аларды боордошторум деп атагандан уялбайт:

12 «Боордошторум алдында"Жарыялайм атыңды,"Жыйналышында туруп,"Мен Өзүңдү мактаймын».

13 Дагы мындай дейт:"«Бел байлаймын мен Ага»."Дагы мындай дейт:"«Кудайдын мага берген балдарынын"Турамын мына Мен да арасында».

14 Ал эми Кудайдын балдары кан менен эттен бүткөндүктөн, Ыйса Өзү да аларга окшоп, адам кейпин кийген. Адамдарды ажал колуна салып берер бийлиги бар ибилисти күчүнөн ажыратуу үчүн Ал өлүмгө барышы керек болду.

15 Өмүр бою өлүмдөн коркуп, кул сыяктуу жашап келгендерди ушундайча боштондукка чыгарды.

16 Ыйса периштелерге эмес, Ыбрайымдын урпактарына жардам берүү үчүн келгендиги айдан ачык көрүнүп турат.

17 Ошондуктан элдин күнөөлөрү кечирилсин деп, Кудай алдында кызмат кылган ырайымдуу жана ишенимдүү Башкы динкызматчы болуу үчүн Ал бардык жагынан боордошторуна окшош болушу керек эле.

18 Эми Ал сыноолорду баштан кечирип жаткандарга жардам бере алат, анткени Өзү да сыноолордон өтүп, азаптарды баштан кечирген.

3

1 Ошондуктан силер, биз менен бирге Кудайдын эли болууга чакырылгандар, биздин ишенимибиздин Элчиси жана Башкы динкызматчысы болгон Ыйса тууралуу ойлонсоңор.

2 Муса Кудайдын бүтүндөй үйүндө ишенимдүү болгондой, Ыйса да Өзүн дайындаган Кудайга ишенимдүү болду.

3 Үйгө караганда үй куруучу алда канча көп кадыр-баркка ээ болгон сыяктуу, Ыйса татыган урмат-сый да Мусаныкынан алда канча зор.

4 Ар бир үй кимдир бирөө тарабынан курулган, ал эми бардыгын куруучу — Кудай.

5 Муса Кудайдын бүтүндөй үйүндө ишенимдүү кул катары кызмат өтөп, Кудай келечекте жарыялай турган нерселер тууралуу айткан.

6 Ал эми Машаяк Кудайдын Уулу катары Анын үйүндө башкаруучулук милдетти аткарат. Эгерде кайратыбыздан жазбай, сыймыктануу менен тутуп келген ишенимибизди бек кармансак, анда ошол үй бизбиз.

7 Ошондуктан, Ыйык Рух айткандай:"«Эгер бүгүн уксаңар Кудай үнүн,

8 Болбогула тоңмоюн бабалардай,"Чөлдө жүрүп сыноодон өткөн кезде,"Бой көтөрүп Кудайга каршы чыккан.

9 Кырк жыл бою Мен кылган зор иштерди"Көрүп туруп, сынашты Мени алар.

10 Ошондуктан аларга каарым кайнап,"Мындай дегем Мен анда ошол муунга:"""Ниеттериң дайыма Менден бөлөк,"Түшкүңөр жок көрсөткөн жолдорума"".

11 Каардандым да, ант бердим: ""Кирбейт алар"Эс алдырчу жериме эч качан"" деп».

12 Боордошторум, өзүңөргө сак болгула! Бириң да ниетиң бузулуп, ишенимден тайып, тирүү Кудайдан четтеп кетпегиле!

13 Күнөөгө азгырылып, тоңмоюн болуп калбоо үчүн, «бүгүн» делген мезгил али бүтө электе күн сайын бири-бириңерге дем берип тургула.

14 Анткени алгачкы ишенимибизге аягына чейин бек болсок, баарыбыз тең Машаяктын шериктештерибиз.

15 Ыйык Жазууда айтылгандай: «Эгер бүгүн уксаңар Кудай үнүн,"Болбогула тоңмоюн бабалардай,"Чөлдө жүрүп сыноодон өткөн кезде,"Бой көтөрүп Кудайга каршы чыккан».

16 Кудайдын үнүн угуп, анан ага каршы чыккан кимдер эле? Мусанын жетекчилиги астында Мисирден чыккандардын баары эмеспи?

17 Кырк жыл бою Кудай кимге каарданды эле? Чөлдө күнөө кылып, сөөгү ошол жерде сөпөт болгондор эмеспи?

18 Кудай: «Кирбейт алар эс алдырчу жериме эч качан!» — деп ант бергенде, кимдер тууралуу айткан эле? Ага баш ийбей койгондор тууралуу эмеспи?

19 Ошентип, азыр биз көрүп тургандай, ал жерге алар ишенбестиктен улам кире алышкан жок.

4

1 Ошондой болсо да, Кудайдын эс алдырчу жерине киргизем деген убадасы али да күчүндө болуп турган соң, бирибиз да калбай, баарыбыз ошол жерге жеткендей бололу.

2 Анткени биз да алар уккан Жакшы Кабарды уктук. Бирок алар уккандарына ишенбей коюшкандыктан улам Жакшы Кабардын үзүрүн көрүшпөдү.

3 Ал эми ошол кабарды ишеним менен кабыл алган биз Кудайдын эс алдырчу жерине киребиз. Анткени Ал мындай деген: «Каардандым да, ант бердим: ""Кирбейт алар"Эс алдырчу жериме эч качан"" деп»."Бирок ошол жерди Кудай дүйнө жаралгандан баштап эле даярдап койгон.

4 Ыйык Жазуунун бир жеринде жетинчи күн тууралуу мындай деп айтылган: «Кудай жетинчи күнү бардык иштерин бүтүрүп, эс алды».

5 Анан кайра эле: «Кирбейт алар"Эс алдырчу жериме эч качан»—"деп Ыйык Жазууда айтылып жатат.

6 Жакшы Кабарды бизден мурун уккандар Кудайдын эс алдырчу жерине Ага баш ийбегендиктен улам кирбей калышкан. Бирок ал жакка кирүүгө жол дагы эле ачык.

7 Ошондуктан Кудай «бүгүн» деп, кайрадан атайын убакытты белгилеп койду. Жогоруда айтылгандай, көп жыл өткөн соң, Кудай Дөөт аркылуу: «Эгер бүгүн уксаңар Кудай үнүн,"Болбогула тоңмоюн!»—"деген.

8 Анткени ошол эс алууну элге Нун уулу Жашыя берген болсо, анда Кудай кийин башка күн тууралуу кайра сөз кылмак эмес.

9 Демек, Кудай адамдары үчүн атайын эс алар күн да келет.

10 Анткени Кудай Өзүнүн бардык иштерин бүтүп, эс алгандай, убада кылынган ошол эс алууну кабыл алгандар да өз иштеринен эс алышат.

11 Ошондуктан баш ийбегендиктен улам ойрон болгон байыркылардай болбостон, ошол эс алууга жетүүгө умтулалы.

12 Анткени Кудайдын сөзү тирүү жана кудуреттүү. Ал эки миздүү кылычтан да курч. Ичибизге сүңгүп кирип, ал рух менен жанды, муундар менен чучуктарды ажырата бөлөт да, адамдын жашырын ойлору менен ниеттеринин жакшы же жаман экенин даана көрсөтөт.

13 Жаратылгандын эч бири Кудайдан жашырына албайт. Бардыгы Анын көз алдында алаканга салгандай ачык. Биз баарыбыз Ага чындыкты айтышыбыз керек болот.

14 Биздин көккө көтөрүлүп кеткен улуу Башкы динкызматчыбыз — Кудай Уулу Ыйса бар экенин билип, тутунган ишенимибизде бек туралы.

15 Ал алсыз жагыбызды түшүнүп, бизге боор ачыган Башкы динкызматчы. Бизге окшоп Ал бардык сыноолордон өткөн. Бирок эч качан күнөө кетирген эмес.

16 Ошондуктан ырайымдуу Кудайдын тагынын алдына тайманбастан баралы. Ал бизге боор ачып, муктаж болуп турганыбызда кайрымдуулук менен жардам берет.

5

1 Кандай гана башкы динкызматчы болбосун, ал адамдардын арасынан тандалат да, алардын өкүлү катары Кудайга кызмат кылууга дайындалып, күнөөлөрү үчүн курмандык чалып, тартууларды алып келет.

2 Өзүнүн да кемчиликтери бар болгондуктан, Ал билбестиктен улам жаңылыштык кетиргендерди түшүнөт.

3 Ошол себептен ал элдин күнөөлөрү үчүн гана эмес, жеке өзүнүн күнөөлөрү үчүн да курмандык чалышы керек.

4 Башкы динкызматчы болуу урматына эч ким өз күчү менен жете албайт. Арунду дайындаган сыяктуу, аны Кудай Өзү тандап алышы керек.

5 Машаяк да Өз эрки менен эле башкы динкызматчы болуп алган жок. Тескерисинче: «Сен Уулумсуң, анткени Мен"Бүгүн Сага Ата болдум»,—"деп, Аны Кудай дайындаган.

6 Башка жерде Кудай дагы мындай деген: «Сен алдың Маликсадык даражасын,"Сен болдуң түбөлүккө динкызматчы».

7 Ыйса жер бетиндеги жашоосунда Өзүн өлүмдөн сактап кала турган Кудайга боздоп, көз жашын төгүп, жалынып сыйынган. Кудайга ыйбаа кылуу менен моюн сунгандыктан Ал Өз тилегине жеткен эле.

8 Кудайдын Уулу болсо да, тарткан азаптары аркылуу баш ийүүгө үйрөнгөн.

9 Эми Ал кемелдикке жетип, Өзүнө баш ийгендердин бардыгы үчүн түбөлүк куткарылуунун булагы болуп калды.

10 Кудай Аны Маликсадыктын даражасындагы башкы динкызматчы деп жарыялады.

11 Булар туурасында дагы көп кеп кылса болмок, бирок аны силерге түшүндүрүп бериш кыйын, анткени кулагыңар катуулап, дароо уккудай эмессиңер.

12 Силер эбак окутуучу болуп калышыңар керек болчу. Бирок дагы эле кимдир бирөөдөн Кудайдын кабарынан башталгыч таалим алганга муктажсыңар. Коюу тамак жегендин ордуна, кайра эле сүт ичишиңер керек.

13 Сүт менен азыктанган ар ким дагы эле ымыркай баладай болуп, эмне жакшы, эмне жаман экенин биле албайт.

14 Коюу тамак болсо эрезеге жетип, жакшы менен жаманды ажырата билгендер үчүн.

6

2

1 Машаяк тууралуу башталгыч таалимди калтыралы да жетилиш үчүн алдыга кадам таштайлы. Ниетти өзгөртүү, Кудайга ишенүү, чөмүлдүрүү расмилери тууралуу окутуу, үстүнө кол коюу расмиси, өлүктөрдүн кайра тирилүүсү жана кыяматтагы сот тууралуу айта берип, кайрадан негиз салгандай болбойлу.

3 Кудай буюрса, ушундай болгусу бардыр.

4 Ишенимден баш тартып кеткендердин ниетин кантип кайрадан өзгөртүүгө болсун? Бир кезде Кудайдын жарыгына келишип, Анын көктөн жиберген сыйынын даамын татышып, башкалар менен бирге Ыйык Рухтан үлүшүн алышса да, Кудай Сөзүнүн жакшылыгын, келечек замандын кудуретин көрүшсө да, алар ишенимден баш тартып кетишти! Эми алардын ниетин кайрадан өзгөртүү мүмкүн эмес, анткени алар Кудай Уулун кайрадан айкаш жыгачка керип, уятка калтырып жатышат.

5

6

7 Улам-улам жааган жамгырга сугарылып, анан өзүн иштеткен дыйканга жакшы түшүм өндүрүп берген жерге Кудай берекесин берет.

8 Ал эми өсүп чыкканы тикенек менен чалкан болсо, анда ал жер жараксыз болот да, каргышка калып, акырында өрттөлөт.

9 Биз ушундай деп жатканыбыз менен, сүйүктүү боордоштор, чындыгында силердин жакшы иштерди кылып, акыры куткарыларыңарга көзүбүз жетип турат.

10 Кудай адилетсиз эмес. Ыйыктарга буга чейин жардам берип келип, азыр да жардам берип жатканыңарды, ошол аркылуу Ага кылган кызматыңар менен көрсөткөн сүйүүңөрдү Ал унутпайт.

11 Эмнеге үмүттөнсөңөр, ошонун ишке ашышы үчүн ар бириңер акырына чейин тырышчаактык көрсөтүшүңөрдү каалайбыз.

12 Тилегенибиз, эринчээк болбой, тескерисинче, Кудайдын убада кылган батасын алганча ишеним менен чыдамдуулук көрсөткөн адамдарды туурап, ошолордой болсоңор экен.

13 Кудай Ыбрайымга убада бергенде, Өзүнүн аты менен ант берген, анткени Андан жогору турган эч ким жок.

14 Ошондо Ал мындай деген: «Мен сага батамды берип, укум-тукумуңду көбөйтөрүм анык».

15 Ыбрайым чыдамкайлык көрсөтүп, акыры убадаланган нерсени алган.

16 Адам баласы ант бергенде, өзүнөн даражасы бийигирээк бирөөнүн атын колдонот. Ошентип, кепилдик катары берилген ант бардык талашты токтотот.

17 Анын сыңары, берилген убадасын энчилей тургандарды Өз оюнун өзгөрүп кетпестигине ынандырыш үчүн Кудай да аны ант менен бекиткен.

18 Кудай үчүн калп айтыш мүмкүн болбогондуктан, ушул эки нерсе: Анын убадасы менен анты эч качан өзгөрбөйт. Муну билип, Андан баш паана тапкан биз зор жигер алып, алдыбыздагы үмүткө шектенбестен таяна алабыз.

19 Бул үмүт биздин жашообуздун ишенимдүү жана бекем кеме казыгы. Ал бизди ийбадаткана көшөгөсүнүн артындагы эң ыйык жайга жеткирет.

20 Ыйса Маликсадыктын даражасындагы түбөлүктүү башкы динкызматчы болуп, биздин өкүлүбүз катары ошол жакка биринчи кирди.

7

1 Сөз болуп жаткан Маликсадык Шалем шаарынын падышасы жана Кудай Тааланын динкызматчысы болгон. Падышаларды жеңип, согуштан кайтып келаткан Ыбрайымды алдынан тосо чыгып, ага батасын берген.

2 Ошондо Ыбрайым бардык олжосунун ондон бирин ага тартуу кылган.Маликсадыктын атынын биринчи мааниси — «адилдиктин падышасы». Ошондой эле ал Шалемдин падышасы, демек, «тынчтыктын падышасы» да болгон.

3 Маликсадыктын ата-энеси да, ата-тегинин санжырасы да жок. Анын төрөлгөнү, өлгөнү тууралуу да эч кандай кат-кабар жок. Ал Кудай Уулу сыяктуу түбөлүк динкызматчы бойдон кала берет.

4 Көрдүңөрбү, Маликсадык кандай улуу болгон! Биздин түпкү атабыз Ыбрайым согуштан түшкөн бардык олжосунун ондон бир бөлүгүн ага берген.

5 Калган ысрайылдыктар да аларга окшоп Ыбрайымдан тарагандыгына карабастан, диний кызматты аткарган Лебинин тукумдары, Тоорат мыйзамы буюргандай, элден, демек өз боордошторунан, ондуктарды чогултуп турушкан.

6 Ал эми Маликсадык Лебинин тукумунан болгон эмес. Бирок Кудайдын убадаларына ээ болгон Ыбрайымдын ондугун алып, ага батасын берген.

7 Ал эми батаны даражасы жогору болгону берери талашсыз кеп эмеспи.

8 Ысрайылдыктардан ондук алган динкызматчыларды алсак, алардын баары өтүп кетчү пенделер. Ал эми Ыбрайымдан ондук алган Маликсадыктын али да тирүү экендигин Ыйык Жазуу айгинелеп турат.

9 Ыбрайым Маликсадыкка ондугун бергенде, ошону менен урпактары элден ондук алып турган Лебинин өзү да Маликсадыкка ондук берген десе болот.

10 Анткени Леби ал убакта төрөлө элек болсо да, ал Маликсадыкты жолуктурган Ыбрайымдан келип чыккан.

11 Ысрайыл элине берилген Тоорат мыйзамы динкызматчылар Лебинин тукумунан чыгышы керек деп буюрган. Бирок алардын кызматы жетиштүү болсо, анда Арундун эмес, Маликсадыктын даражасындагы дагы башка динкызматчынын келип чыгышы кажет болот беле?

12 Анткени динкызматчылык өзгөргөндө, Тоорат мыйзамы да өзгөрүүгө тийиш.

13 Жогорудагы айтылган сөздөрдүн төркүнү биздин Эгебизге байланыштуу. Бирок Эгебиздин уруусунан эч ким эч качан курмандык жайда кызмат кылган эмес.

14 Анткени биздин Эгебиз Жүйүт уруусунан экени белгилүү. Ал эми Муса динкызматчылар бул уруудан чыгат деп айткан эмес.

15 Эми болсо, Маликсадыкка окшош башка динкызматчы чыкканда, жогоруда айтылгандар мурдагыдан да түшүнүктүү болуп калды.

16 Ал, Тоорат мыйзамында жазылгандай, динкызматчылар тукумунан чыккандыгынан улам эмес, өчпөс өмүрдүн кудурети менен динкызматчы болду.

17 Анткени Ыйык Жазууда: «Сен алдың Маликсадык даражасын,"Сен болдуң түбөлүккө динкызматчы»,—"деген сөз бар.

18 Бир жагынан алсак, мурдагы эреже өзүнүн күчүн жоготуп, жараксыз болуп калгандыктан жокко чыгарылды,

19 анткени Тоорат мыйзамы эч нерсени жеткилең кыла алган жок. Бирок башка жагынан алсак, азыр Кудай бизди андан да жакшы үмүткө ээ кылды. Ошол үмүт аркылуу биз Ага жакындай алабыз.

20 Бул гана эмес, бизде Кудайдын берген анты да бар. Башкалар динкызматчы болуп шайланганда, эч ант берилбесе,

21 Кудай Ыйсаны динкызматчылыкка дайындаганда, мындай ант берген: «Өз антын салтанаттуу берди Кудай,"Бир айтып, кайтпайт эми сөзүнөн Ал:"""Сен болдуң түбөлүккө динкызматчы""».

22 Мына ушул аркылуу Ыйса мурдагыдан жакшы келишимдин кепили экендиги көрүнүп турат.

23 Мурдагы динкызматчыларды алсак, биринин көзү өткөндө анын милдетин башкасы улантышы керек эле. Ошондуктан алардын саны көп болгон.

24 Ал эми Ыйса түбөлүккө тирүү, Анын динкызматчылыгы эч качан башка бирөөнүн колуна өтпөйт.

25 Ошондуктан Ыйса Өзү аркылуу Кудайга келгендерди качан болсо да куткара алат, себеби Ал түбөлүк өмүр сүрүп, Кудай алдында алар үчүн өтүнүп турат.

26 Ыйса биздин муктаждыктарыбызга жардам бере турган башкы динкызматчы. Ал — ыйык, кынтыксыз жана жазыксыз. Ал күнөөкөрлөрдөн ажыратылып, көктөн да жогору орунга коюлган.

27 Ал калган жогорку динкызматчылардай эмес. Күн сайын алгач Өзүнүн, анан элдин күнөөлөрү үчүн курмандык чалууга муктаж эмес. Ал бардык адамдар үчүн бир гана жолу курмандык чалды. Бул курмандык — Анын Өзү эле.

28 Адамдардын алсыз жактары болсо да, Тоорат мыйзамы боюнча алар башкы динкызматчылыкка шайланат. Ал эми ошол мыйзам кабыл алынгандан кийин, Кудай ант менен берген убадасы аркылуу башкы динкызматчылыкка Өз Уулун дайындады. Ошол Уул түбөлүк, жеткилең башкы динкызматчы.

8

1 Айткандарыбыздын эң негизгиси бул: биздин башкы динкызматчыбыз асмандагы Улуу Кудайдын тактысынын оң жагындагы сыйлуу жерде олтурат.

2 Ал адамдын колу менен эмес, Кудай Эгебиздин Өз колу менен тигилген чыныгы ыйык чатырдын ичиндеги эң ыйык жайда кызмат өтөйт.

3 Ар бир башкы динкызматчы тартуулар менен курмандыктарды Кудай алдына алып келүү үчүн дайындалат. Ошондуктан биздин башкы динкызматчыбыз да бир нерсени тартуу кылышы керек эле.

4 Эгерде Ал жерде болсо, анда динкызматчы болмок да эмес, анткени Тоорат мыйзамы талап кылган тартууларды алып келген атайын динкызматчылар бар.

5 Алардын кылган кызматы асмандагысына окшогону менен, чындыгында, анын көлөкөсү гана. Анткени Муса да ыйык чатыр тургузганы жатканда, Кудай ага: «Байкагын, баарын тоо башында сага көрсөтүлгөн үлгү боюнча жасагандай бол!»— деп эскерткен эле.

6 Бирок Ыйсага тапшырылган кызмат башка динкызматчылардыкынан алда канча жогору турат. Ал мурдагыдан жакшы келишимдин ортомчусу болуп, ошол келишим мурдагыдан жакшы убадаларга негизделген.

7 Биринчи келишимдин эч кемчилиги жок болгондо, кайрадан келишим түзүүнүн кажети болмок эмес.

8 Бирок Кудай Өз элинен кынтык таап, мындай деген: «Мезгил келет, — дейт Жараткан, —"Мен Ысрайыл эли менен,"Жана Иуда эли менен"Жаңыртамын келишимди.

9 Бирок айтам, Мен Мисирден"Аталарын колдон алып"Чыгарганда түзгөнүмө"Бул келишим эч окшобойт."Анткени алар келишимге"Бек турбады. Ошондуктан"Мен да аларды таштап кеттим.

10 Эми болсо Ысрайылдын"Эли менен жаңы түзгөн"Келишимим мындай болот:"Мыйзамымды салып коём"Мен алардын көңүлүнө,"Жазып коём жүрөгүнө."Мен Кудайы болуп калам,"Алар болсо элим болот.

11 ""Эгебизди таанып бил"" — деп"Эч кимиси бири-бирине"Таалим берип айтпай калат."Анткени алар ал убакта —"Чоңу дагы кичинеси —"Билип калат Мени баары.

12 Мен аларга ырайым кылып,"Жамандыгын бүт кечирем,"Мурда кылган күнөөлөрүн"Андан ары эч эстебейм, —"Дейт элине Жараткан Ээ».

13 Кудай Жаңы келишим тууралуу айтканда, ошону менен мурдагы келишимдин эскиргенин билдирген. Ал эми эскирип, мөөнөтү бүткөн ар бир нерсе жок болот.

9

1 Мурдагы келишимде Кудайга табынуу тууралуу жол-жоболор жана жер бетинде таат-ийбадат кылчу жай бар болгон.

2 Ыйык чатыр тигилип, анын «ыйык жай»деп аталган алдыңкы бөлүгүндө шамдал жана Кудайга тартуу кылынган нандар коюлган үстөл турчу.

3 Төркү көшөгөнүн артында болсо «эң ыйык жай» деп аталган бөлмө болгон.

4 Мына ошол бөлмөнүн ичинде алтындан жасалып, үстүнө жыпар жыттуу заттар өрттөлүүчү курмандык жай турган. Сырты алтын менен каптатылган Келишим Сандыгы да ал жерге коюлуп, анын ичинде манна салынган алтын кумура, Арундун көктөгөн таягы жана келишим жазылган таш лооктор сакталчу.

5 Сандыктын үстүндө болсо Кудайдын улуулугун чагылдырып, жайылган канаттарынын көлөкөсү күнөө кечирилчү жерге түшүп турган эки херубим орнотулган болчу. Бирок азыр мунун баарын ийне-жибине чейин чечмелеп берүүнүн кажети жок.

6 Ушундайча курулган ыйык чатырдын алдыңкы жайына динкызматчылар дайыма кирип, өз кызматын аткарышчу.

7 Ал эми төркү бөлмөгө болсо жылына бир жолу башкы динкызматчы гана киргенге акылуу эле. Ал өзү үчүн жана элдин билбей кетирген күнөөлөрү үчүн чалынган курмандыктын канын ала кирчү.

8 Ошол аркылуу Ыйык Рух ыйык чатырдын алдыңкы бөлмөсү бар болуп турганча, эң ыйык жайга жол али ачыла элек экендигин билдирген.

9 Бул каймана түрдө азыркы убакты көрсөтүп турат: Кудайга алынып келинген тартуулар менен курмандыктар табынган кишинин абийирин толугу менен күнөөдөн арылта албайт.

10 Эреже-парыздар тамак-аш менен ичимдиктер, ар кандай тазалануу ырым-жырымдары менен гана чектелген. Денеге байланыштуу бул эрежелерди аткаруу жаңылануу дооруна чейин гана милдеттүү болуп келген.

11 Мына эми Машаяк учурдагы жакшы нерселердин башкы динкызматчысы катары келди. Анын кызмат өтөгөн чатыры да мурдагысынан алда канча улуу жана жеткилең. Адам колу менен жасалбаган ал чатырдын ушул жаратылган дүйнөгө эч тиешеси жок.

12 Машаяк бир жолу жана баары үчүн эң ыйык бөлмөгө киргенде, ал жерге текелер менен букалардын канын эмес, Өзүнүн канын алып кирди. Ошону менен Ал бизге түбөлүк куткарылууга жол ачты.

13 Тоорат мыйзамына ылайык, курмандыкка чалынган текелер менен букалардын каны же союлуп өрттөлгөн кунажындын күлү арам деп табылган адамдын үстүнө чачылып, аны адалдачу.

14 Андай болсо, түбөлүк Ыйык Рухка бөлөнгөн, Өзүн Кудайга кынтыксыз курмандык катары тартуулаган Машаяктын каны бизди өлүм алып келчү иштерибизден арылтып, абийирибизди андан бетер адалдай алары бышык! Ошондо биз тирүү Кудайга таат-ийбадат кыла алабыз.

15 Андыктан Машаяк жаңы келишимдин ортомчусу болду. Эми Кудай чакыргандар Ал убада кылган түбөлүктүү мураска ээ боло алышат, себеби Машаяктын өлүмү аркылуу эски келишим доорунда жасалган күнөөлөрдүн куну төлөндү.

16 Муну керээз катка окшотсо болот. Керээз кат аны калтырган киши өлгөндөн кийин гана колдонулат.

17 Анткени адам тирүү болгон кезде эмес, көзү өткөндө гана анын калтырган керээзи өз күчүнө кирет.

18 Ошондуктан мурунку келишим да төгүлгөн кан менен бекитилген.

19 Анткени Муса бүткүл Ысрайыл элинин алдында Тоорат мыйзамындагы бардык осуяттарды жарыя кылгандан кийин кунажындар менен текелердин канын сууга аралаштырган да, кызыл жүн менен иссоп чөбүн алып, жанакы канды келишим жазылган түрмөккө да, элге да чачкан.

20 Ошондо ал: «Бул — Кудайдын силер менен түзгөн келишимин бекиткен кан»,— деген.

21 Дал ошондой эле ыйык чатырга жана ийбадат кылууда колдонула турган бардык идиштерге канды чачып чыккан.

22 Ырасында, Тоорат мыйзамына ылайык, дээрлик бардык нерселер кан менен тазаланат да, кан төгүлмөйүн күнөө кечирилбейт.

23 Ошентип, асмандагы нерселерге окшоп турган жердеги нерселер мына ушинтип тазартылышы керек болчу. Ал эми асмандагы нерселердин өздөрүн тазартыш үчүн мындан алда канча жакшы курмандыктар талап кылынат.

24 Анткени Машаяк асмандагыга окшош болгон жана адам колу менен тургузулган эң ыйык жайга эмес, асмандын өзүнө кирди. Азыр Ал ошол жерде, Кудайдын алдында туруп, биздин таламыбызды талашууда.

25 Машаяк эң ыйык жайга жыл сайын малдын канын алып кирген башкы динкызматчы сыяктуу эмес. Ал үчүн Өзүн кайра-кайра курмандык кылуунун эч кажети жок.

26 Антпесе Ага дүйнө жаратылгандан бери көп жолу азап чегүүгө туура келмек. Анын ордуна Ал эми гана, акыр заман жакындап калганда, келип, күнөөнү жок кылыш үчүн Өзүн курмандыкка берди.

27 Жазуу-буйрукка ылайык, адам баласы бир гана жолу өлүшү керек. Андан соң, баары кыямат сотуна тартылышат.

28 Ошентип, Машаяк да көп адамдардын күнөөлөрүн моюндап, бир жолу курмандыкка чалынды. Кайтып келгенде болсо күнөөлөр менен алек болуу үчүн эмес, Өзүн эңсеп күтүп жүргөндөрдү куткаруу үчүн келет.

10

1 Тоорат мыйзамы чыныгы нерселердин так өзү эмес, ал боло турган жакшы нерселердин элеси гана. Жыл сайын чалынган бирдей курмандыктар аркылуу ал Кудайга табынганы барган адамдарды толугу менен тазартып, кынтыксыз кыла албайт.

2 Эгерде курмандык чалуу адамдарды күнөөлөрүнөн биротоло арылтып, абийирин тазалай алса, анда алар курмандык чалганды эбак токтотмок эмес беле?

3 Бирок, чындыгында, жыл сайын чалынган курмандыктар алардын эстерине күнөөлөрүн салып турат.

4 Анткени букачарлар менен текелердин каны аркылуу күнөөлөрдөн биротоло арылуу эч мүмкүн эмес.

5 Ушул себептүү Машаяк бул дүйнөгө келерде Кудайга мындай деген: «Курмандык, тартууларды каалабадың,"Сен Мага жердик дене дайындадың.

6 Өрттөлчү курмандыкты, күнөө үчүн"Берилчү курмандыкты жактырбадың.

7 Ошондо айттым Мен да: ""Оо, Кудайым,"Жазууда Мен тууралуу жазылгандай,"Эркиңди аткарганы келип калдым""».

8 Адегенде Машаяк: «Курмандык, тартууларды, өрттөлчү курмандыкты, күнөө үчүн берилчү курмандыкты каалабадың, жактырбадың», — деди. Ошол курмандыктардын баары Тоорат мыйзамы боюнча чалынса да, Ал ушундай деди.

9 Андан кийин Ал: «Оо, Кудай, эркиңди аткарганы келип калдым», — деди. Ошентип, Ал жаңы келишимди түзүү үчүн мурункусун жокко чыгарды.

10 Кудайдын бизге деген эрки мына ушундай эле: биз Машаяк Өзүн бир жолу жана бардыгыбыз үчүн курмандыкка бергени менен ыйыкталдык.

11 Ар бир динкызматчы күн сайын милдетин өтөп, күнөөлөрдү жок кыла албаган бирдей курмандыктарды уламдан улам чалып турат.

12 Ал эми Машаяк бардык мезгилдер үчүн бир гана курмандык алып келип, Кудайдын оң жагындагы сыйлуу жерге олтурду.

13 Кудай бардык душмандарын Анын бут алдына алып келгенчекти Ал ошол жерде олтурмакчы.

14 Ал бир жолку курмандыгы менен ыйыкталгандарды эч кынтыксыз кылып койду.

15 Ыйык Рух да бизге бул тууралуу күбөлөндүрүп турат. Ал биринчи мындай дейт:

16 «Эми болсо Ысрайылдын"Эли менен жаңы түзгөн"Келишимим мындай болот:"Мыйзамымды салып коём"Мен алардын көңүлүнө,"Жазып коём жүрөгүнө».

17 Анан дагы мындай дейт:"«Мурда кылган күнөөлөрүн,"Жамандыгын эч эстебейм».

18 Ал эми күнөөлөр кечирилген соң, алар үчүн курмандык чалуунун эч кереги жок болуп калат.

19 Боордошторум, Ыйсанын төккөн каны аркылуу биз эми эч кысылбастан эң ыйык жайга кире алабыз.

20 Өз денесин курмандыкка бергени менен Ал бизди Кудайдан бөлүп турган көшөгөнү айрып, түбөлүк өмүргө алып барчу жаңы жол ачты.

21 Бизде Кудай үйүн башкарган улуу Дин кызматчы бар болгондуктан,

22 бизди тазартуу үчүн кыянаттыкка толгон абийирибизге Ыйсанын каны чачылып, денелерибиз таза сууга жуулганын билип, Кудайдын алдына таза жүрөк жана бекем ишеним менен баралы.

23 Ачык айтып жүргөн үмүтүбүздөн тайбай, аны бекем карманалы. Анткени бизге убадасын берген Кудай ишенимдүү.

24 Бири-бирибизди башкаларды сүйгөнгө жана жакшылык кылганга шыктандырууну ойлойлу.

25 Кээ бирөөлөр чогулуштарыбызга барбай коюуну адат кылып алышкан өңдүү. Бирок биз алардай болбой, андан көрө, бири-бирибизге жигер берип туралы. Эгебиздин кайтар күнү жакын калганын билебиз го.

26 Эгерде акыйкатты билип алып, анан кайра эле атайлап күнөө кылганыбызды уланта берсек, анда күнөөлөрүбүздөн эч кандай курмандык арылта албайт.

27 Ошондо жүрөк үшүн алган кыямат сотун жана Кудайга каршы чыккандарды жалмай турган оттун келишин күтүүдөн башка аргабыз калбайт.

28 Эгер Мусанын мыйзамын бузган адам эки же үч күбөнүн алдында эч аёосуз өлүм жазасына тартылган болсо,

29 анда Кудай Уулун тебелеп-тепсегендер, өздөрүн күнөөлөрдөн тазалаган Келишим канын ыйык тутпагандар жана ырайым Рухун кордогондор канчалык оор жазага татыктуу деп ойлойсуңар!?

30 Анткени биз: «Өч алуу — Менин ишим,"Мен берем тиешесин», —"дегендин ким экенин билебиз. «Эгебиз Өз элин соттойт»,— дегенди да укканбыз.

31 Тирүү Кудайдын колуна түшүп, жазасын алуу кандай коркунучтуу!

32 Мурдагы жашооңорду эстегиле: Кудайдын жарыгы дилиңерди агарткандан кийин силер канча кыйналсаңар да, кыйынчылыктарга бой берген жоксуңар.

33 Бирде өзүңөр эл алдында кордолуп, куугунтук жесеңер, бирде ошого дуушар болгондор мене чогуу болуп, алардын оорчулугун бөлүштүңөр.

34 Түрмөдө олтургандарга боорукерлик көрсөтүп, колуңарда бар болгонду тартып алып жатышканда, андан жакшы, түбөлүктүү байлыкка ээ болоруңарды билип, муну кубаныч менен кабыл алдыңар.

35 Кайратыңардан кайтпагыла. Ошондо келечекте улуу сыйлык аласыңар.

36 Кудайдын эркин аткарып, Ал убада кылган нерселерди алуу үчүн чыдамдуу болушуңар керек.

37 Анткени: «Келүүгө тийиш болгон келе жатат,"Жакында келип калат, кечикпестен.

38 Ишенип акталганым өмүр табат,"Чегинген адам жакпайт көңүлүмө».

39 Бирок биз артка кайтып, апат боло турган адамдардан эмеспиз. Биз куткарылуу алып келчү ишенимге ээбиз.

11

1 Ишеним — бул үмүттөнгөнүңдүн орундала тургандыгынан шектенбөө жана али көзгө көрүнө элек нерселердин анык экендигине ынануу.

2 Өз ишеними аркылуу ата-бабаларыбыз Кудайдын ыраазычылыгына ээ болушкан.

3 Ишеним аркылуу биз аалам Кудайдын Сөзү менен жаратылып, көрүнбөгөн нерседен көрүнгөн нерселер пайда болгонун түшүнөбүз.

4 Ишеним аркылуу Абыл Кудайга Кабылдыкынан жакшы курмандык алып келген. Муну көргөн Кудай Абылдын курмандыгына ыраазы болуп, аны ак деп тапкан. Көзү өтсө да, Кудайга ишеним арткан Абыл бизге али да үлгү болуп келет.

5 Ишеним аркылуу Анак бул дүйнөдөн асманга тирүү алынып, өлүм жүзүн көргөн жок. «Ал кайып болду, анткени аны Кудай Өзүнө алып кетти».Анак асманга алынарга чейин өз жашоосу менен Кудайдын көңүлүнө толгон.

6 Ишеним болмоюн, Кудайга жагуу мүмкүн эмес. Ага табынганы келген адам Кудайдын бар экенине жана Өзүн издеп, тааныгысы келгендерге Ал ак батасын берерине ишениши керек.

7 Ишеним аркылуу Нух, боло турган топон сууну али көрө элек болсо да, Кудай ал тууралуу эскерткенде, ошого кулак салган. Буюргандай кеме куруп, ошонун ичинде үй-бүлөсү менен кошо аман калган. Бул аркылуу ал дүйнөнү ашкерелеп, өзү болсо ишенгени үчүн ак деп табылды.

8 Ишеним аркылуу Ыбрайым Кудайдын чакырыгына баш ийип, кайда сапар тартып бара жатканын билбесе да, эл-жерин таштап, кийин өзү мураска ала турган өлкөгө аттанган.

9 Ишенимге таянып, убада кылган жерде келгин катары чатырда жашаган. Ыбрайымдын убадасына мурасташ болгон Ыскак менен Жакып да ошондой жашашты.

10 Мунун себеби, Ыбрайым Кудай Өзү пландаштырып, Өзү куруп, негизи эч качан бузулбас шаардын пайда болушун күткөн эле.

11 Ишеним аркылуу Ыбрайым өзүнүн карылыгы жетип, байбичеси Саранын төрөбөс аял болгонуна карабастан балалуу болууга Кудайдан кудурет алды. Анткени ал Кудайдын Өзү берген убадасына бек экенине ишенген.

12 Ошентип, карылыгы жетип, өлүктөн айырмасы деле жок болуп калган ушул адамдан асмандагы жылдызга, деңиз жээгиндеги кумга тете, сан жеткис тукум калган.

13 Ушул жогоруда аталгандардын баары ишенип жүрүп дүйнөдөн өтүштү. Алар Кудайдын берем деп убада кылган нерселерин бул дүйнөдө алышкан жок, бирок аларды алыстан көрүп, кубанышты. Өздөрүнүн бул дүйнөдө чоочун, конок экенин айтып жүрүштү.

14 Ушундай дегендеринен алар чыныгы мекенин самап, издеп жүргөндүгүн билсе болот.

15 Эгерде алар таштап кеткен жерин ойлорунан чыгарышпаса, анда кайра кайтып барууга мүмкүнчүлүктөрү болмок.

16 Бирок алар калтырган жеринен жакшысына — асмандагы мекенине умтулушту. Андыктан Кудай да Өзүн алардын Кудайымын деп атоодон уялбайт, анткени алар үчүн Өзү атайын шаар даярдап койгон.

18

17 Ишеним аркылуу Ыбрайым Кудай аны сынаганда, өз уулу Ыскакты курмандыкка багыштады. Кудай ага: «Ыскактын урпактары сенин тукумуң аталат», — деген болчу. Кудайдан ушундай убада алса да, ал жалгыз уулун курмандыкка чалууга даяр болду.

19 Ыбрайым Кудай Ыскакты кайра тирилте алат деп ойлогон, ошондуктан ал уулун өлүмдөн кайтарып алды десе болот.

20 Ишеним аркылуу Ыскак өз балдары Жакып менен Эйсапка алардын келечегине карата батасын берген.

21 Ишеним аркылуу Жакып өлөр алдында Жусуптун уулдарынын ар бирине батасын берип, таягына жөлөнүп, Кудайга табынган.

22 Ишеним аркылуу Жусуп өлөр алдында ысрайылдыктардын Мисирден чыга тургандыгын айтып, өзүнүн сөөгүн да ала кетүүнү керээз кылган.

23 Ишеним аркылуу Мусанын ата-энеси аны төрөлгөндөн кийин үч ай бою жашырып бакты. Алар Мусанын сүйкүмдүү наристе экенин көрүп, падышанын буйругун аткарбай коюудан коркушкан жок.

24 Ишеним аркылуу Муса эр жеткенде фараондун кызынын баласы деп аталуудан баш тартты.

25 Күнөө кылып, бир аз убакыт жыргалга баткандан көрө, Кудайдын эли менен бирге азап тартканды артык көрдү.

26 Машаяк үчүн кордук көрүүнү Мисирдин бардык байлыгынан алда канча өйдө деп эсептеди, анткени анын көздөгөнү келечекте ала турган сыйлык эле.

27 Ишеним аркылуу Муса падышанын каарынан коркпостон, Мисирди таштап, чыгып кетти. Анткени ал көзгө көрүнбөгөн Кудайды эш тутуп, көздөгөн максатынан баш тартпады.

28 Ишеним аркылуу ал Куткарылуу майрамын белгилеп, жаналгыч периште ысрайылдыктардын тун балдарына тийбей өтсүн үчүн эшиктердин кашегине кан чачкан болчу.

29 Ишеним аркылуу ысрайылдыктар Кызыл Деңизден кургак менен өткөндөй өтүшкөн. Аркасынан кууп келип, аларды туурап деңизден өтөбүз деген мисирликтер болсо сууга чөгүп өлүштү.

30 Ишеним аркылуу Иерихон шаарынын дубалдары ысрайылдыктар жети күн бою айланып баскан соң урап түштү.

31 Ишеним аркылуу Рахап аттуу сойку аял Кудайга ишенбегендер менен чогуу өлтүрүлбөй, аман калды. Анткени ал ысрайылдык чалгынчыларды жылуу тосуп алган эле.

32 Дагы кайсы бирин айтайын? Гедеон, Барак, Шымшон, Эптах, Дөөт, Шамил жана башка пайгамбарлар тууралуу баян кылып олтурсам убакытым жетпей калат.

33 Ишеним аркылуу алар падышалыктарды жеңип алышкан. Адил иштерди кылышып, Кудайдын убадасына жетишкен. Арстандардын оозун жабышкан.

34 Жалындап күйгөн отту өчүрүшкөн. Кылычтын мизинен аман калышкан. Өздөрү алсыз болушса да, күч-кубатка толушкан. Согушта кудуреттүү болуп, чет элдик аскерлерди качырышкан.

35 Кээ бир аялдардын жакындарын Кудай өлгөндөн тирилтип берген. Дагы башкалары кайра тирилип, мурдагыдан жакшы өмүргө ээ болуш үчүн эркиндикке чыгуунун ордуна азап чегип, курман болууну тандашкан.

36 Кээ бирөөлөрүн кордоп, сабашкан. Кээ бирөөлөрүн чынжырлар менен байлап, түрмөгө камашкан.

37 Дагы башкаларын ташбараңга алышкан, араа менен кесишкен, кылычтап өлтүрүшкөн. Кой-эчкилердин терисин кийип, жакырчылыкта жашап, куугунтук жеп, жек көрүндү болуп жүрүшкөн.

38 Ушул дүйнө алардын кадыр-баркына арзыган эмес. Бирок алар чөлдөр менен тоолордо тентип, үңкүрлөр менен чуңкурларды башпаана кылышкан.

39 Жогорудагылардын баары өз ишеними менен Кудайдын ыраазычылыгына ээ болушкан. Бирок алардын бири да убада кылынганга жеткен эмес.

40 Анткени биз үчүн жакшыраак нерсени сактап койгон Кудай алардын ишеним менен көздөгөн максатына бизсиз эле жетишин каалаган жок.

12

1 Ошентип, бизди көптөгөн күбөлөр курчап турат. Андыктан ар кандай тоскоолдуктарды жана жылдырбай кармап турган күнөөнү өзүбүздөн алыс ыргытып, чыдамкайлык менен алдыбыздагы жарыштын соңуна чыгалы.

2 Жалтактабайлы да Ыйсадан көзүбүздү албайлы. Адегенде бизге ишеним берип, анан аны кемелдикке жеткирген — Ал Өзү. Айкаш жыгачка керилип, кордук көрөрүн билсе да, келечекте күтүп турган зор кубаныч үчүн Ал ошого даяр болду. Эми болсо Кудай тактысынын оң жагындагы сыйлуу орунда олтурат.

3 Кайратыңардан кайтпай, кыйынчылыктарга бой бербеш үчүн Ыйсанын күнөөкөрлөргө ушунчалык жек көрүндү болуп, ошонун баарына чыдаганын эстегиле.

4 Күнөөгө каршы согушканыңарда силер али каныңарды төгүп, өлсөм да мейли деп, тобокелге бара элексиңер.

5 Же Өз балдары катары Кудай силерге кайрат берүү үчүн мындай деп айтканын унуттуңарбы: «Тартипке келтиргенде Эгең сени,"Барк албай муну, балам, сен калбагын."Көрсөтүп айыбыңды, жазаласа,"Чөгөрүп көңүлүңдү кайгырбагын.

6 Анткени кимди сүйсө Кудай Таала,"Ошону тартипке да салып турат."Кимди Ал Өз балам деп кабыл алса,"Ал адам айыбы үчүн жазаланат».

7 Жаза тартып кыйналганыңарда, буга чыдагыла. Анткени менен Кудай силерге Өз балдары катары мамиле кылып жатат. Же атасы жазалабаган бала болобу?

8 Эгерде башка балдарга окшоп тарбияга чакырылбасаңар, анда Анын балдары экениңер анык эмес.

9 Өз аталарыбыз бизди жазалап турушса да, биз аларды урматтайбыз. Андай болсо, түбөлүк өмүр сүрөбүз десек, рухий Атабызга андан бетер баш ийишибиз керек эмеспи?

10 Аталарыбыз бизди кыска убакыттын ичинде өздөрү туура көргөндөй тарбиялашты. Кудай болсо биздин эле пайдабызды ойлоп, Өзүндөй ыйык болсун деп тарбиялайт.

11 Тартипке салынып жаткан убакта бул бизди кубандырбайт, тескерисинче жаныбызды кейитет. Бирок ушундай тарбия көргөн адам кийин такыбаа, бейпил жашоонун үзүрүн көрөт.

12 Ошентип, шалдайган колуңарды кайра көтөрүп, калчылдаган тизеңерди бекемдегиле.

13 Аксаган бут чалынып жыгылбастан, кайра айыксын үчүн түз жолдо жүргүлө.

14 Бардык адамдар менен ынтымакта болгонго аракет кылгыла. Адал жашоого умтулгула, анткени адал болбогон бир дагы адам Эгебизди көрө албайт.

15 Абайлагыла, Кудайдын ырайымынан эч кимиң куру калып жүрбөгүлө. Араңардан кимдир бирөөнүн уу өсүмдүк сымал өсүп чыгып, көбүнө залакасын тийгизип, арам кылышына жол бербегиле.

16 Араңардан эч ким Эйсапка окшоп, бузукулукка кирип, Кудайга жакпагандай өмүр сүрбөсүн. Бир аяк аш үчүн ал туңгуч уулга тиешелүү укугун сатып жиберген.

17 Өзүңөр билгендей, Эйсап кийин атасынын туңгуч уулга бериле турган батасын алгысы келгенде, четке кагылган. Көз жашын көлдөтүп жалбарса да, жасаган ишин өзгөртө алган эмес.

18 Силер көзүңөр көрүп, колуңарды тийгизе алган Синай тоосунун, алоолонуп жанган оттун жанына барган жоксуңар. Туш-туштан каптаган караңгылыкка, алай-дүлөй түшкөн бороонго кабылган жоксуңар.

19 Кулак жарган сурнайдын үнүн, жанга баткан, мындан ары укпасак экен дегидей сөздөрдү эшиткен жоксуңар.

20 Анткени алар Эгебиздин: «Тоого айбан тийсе да ташбараңга алынып, өлтүрүлсүн!» — деген буйругун көтөрө алышкан жок.

21 Бул көрүнүш үрөй учурарлык болгондуктан Муса: «Жаным чыгып, муунум калчылдап турат»,— деген.

22 Ал эми силер болсо Сион тоосуна, тирүү Кудайдын шаары — асмандагы Иерусалимге келдиңер. Бул жерге түмөндөгөн периштелер менен ысымдары көккө жазылган Кудайдын тун уулдары өздөрүнүн шаңдуу жыйналышына чогулушкан. Бардык адамдардын Соттоочусу болгон Кудай да, жеткилеңдикке жетишкен адилдердин рухтары да, жаңы келишимдин арачысы Ыйса да — ушул жерде. Анын чачылган каны Абылдыкына караганда алда канча жакшыраак нерселер жөнүндө кабар берет.

23

24

25 Байкагыла, силерге сүйлөгөн Кудайды укпай койбогула. Байыркылар жерден сүйлөгөн сөзүнө кулак салбаганы үчүн жазадан качып кутула алышпаса, анда көктөн сүйлөгөнүн укпай койгон биз тарта турган жазабыздан андан бетер кутула албайбыз.

26 Ошол убакта Кудайдын үнү жер титиреткен, эми болсо Ал: «Мен дагы бир жолу жерди гана эмес, асманды да титиретем»,— деп убада кылды.

27 «Дагы бир жолу» дегени жаратылган нерселер козголуп, ордунан алынып ташталарын билдирет. Ошондо козголбос нерселер гана калат.

28 Андыктан Кудайга рахмат айталы, анткени биз түндүгү эч качан түшпөгөн ордодон орун алабыз. Кудайды кастарлап, Андан ыйбаа кылуу менен табынганыбыз Аны ыраазы кылсын.

29 Анткени биздин Кудай — бул чындап эле бардыгын жалмаган от.

13

1 Боордоштор катары мындан ары да бири-бириңерди сүйүп жүргүлө.

2 Чоочун адамдарга меймандостук көрсөтүүнү унутпагыла, анткени ушундай кылганы менен кээ бирөөлөр, өздөрү билбей, периштелерди коноктошкон.

3 Ишеними үчүн камакка алынган боордошторуңар менен кошо өзүңөр да камакка алынгандай, азап тартып жаткандар менен бирге өзүңөр да азап тарткандай болуп, аларды эсиңерден чыгарбагыла.

4 Никени баарыңар сыйлап, бири-бириңердин төшөгүңөрдү булгабагыла, анткени Кудай бузукулар менен нике бузгандарды соттойт.

5 Акчаны сүйүүдөн оолак болуп, колуңарда барына каниет кылгыла, анткени Кудай: «Мен силерди эч качан таштабайм да калтырып кетпейм», — деген.

6 Ошондуктан биз тайманбастан: «Эгем — менин колдоочум."Эч нерседен коркпоймун."Мага адам баласы"Эми эмне кыла алат?»—"деп келебиз.

7 Силерге Кудайдын сөзүн сүйлөгөн жол башчыларыңарды унутпагыла. Алардын кандай өмүр сүргөнүн эстеп, силер да алардыкындай ишенимге ээ болууга дитиңерди койгула.

8 Ыйса Машаяк эч качан өзгөрбөйт: Ал кечээ да, бүгүн да, түбөлүккө да ошол эле бойдон.

9 Ар кандай бейтааныш окуулардын эпкинине айдалып, алдастабагыла. Кудайдын ырайымынан кайрат алгыла. Ал эми тамакка байланыштуу ырым-жырымдардын аларды карманган адамдарга эч пайда-батасы жок.

10 Биздин курмандык жайыбыздан мурдагы ыйык чатырда ийбадат кылган динкызматчылардын жегенге эч акысы жок.

11 Башкы динкызматчы күнөөлөр үчүн курмандык катарында малдын канын эң ыйык жайга алып кирчү да, малдын эти болсо эл конушунан сырткары алып чыгарылып, ошол жактан өрттөлчү.

12 Ушул себептүү Ыйса да Өз каны менен элди адалдоо үчүн шаардын сыртында азап тартып, курман болгон.

13 Андыктан биз да эски конушубуздан чыгып, Анын көргөн кордук-азабын тең бөлүшөлү.

14 Анткени жер жүзүндө биздин түбөлүк өкүм сүрөр шаарыбыз жок. Биз Кудай Өзү орното турган шаарды күтүп жүрөбүз.

15 Андыктан Ыйсаны Эге деп тааныганыбызды оозубуз менен айтып, Ал аркылуу ар дайым Кудайга мактообузду курмандык катары алып келип туралы.

16 Ошондой эле бири-бириңерге жакшылык кылууну унутпай, колуңарда бар болгонун башкалар менен бөлүшүп тургула, анткени булар Кудайга жаккан курмандыктар.

17 Жетекчилериңерге баш ийип, айткандарын аткаргыла. Алар силердин жаныңар үчүн тынбай кам көрүшөт, анткени өз кызматы үчүн Кудай алдында жооп беришет. Алар өз ишин кубаныч менен аткарышсын десеңер, баш ийгиле. Антпесе кылган кызматы аларга да түйшүк болуп, силерге да пайда-бата алып келбейт.

18 Биз үчүн сыйынгыла. Биз ар дайым туура иш кылганга тырышып жүргөндүктөн абийирибиздин таза экенин билебиз.

19 Айрыкча суранарым: мен силерге жакын арада кайра барып калышым үчүн аябай сыйынсаңар.

21

20 Түбөлүктүү келишимдин каны аркылуу улуу Койчубуз болгон Эгебиз Ыйсаны өлүмдөн тирилткен тынчтыктын Кудайы силерди Өзүнүн эркин аткарууда керек болгон бардык жакшы нерселер менен камсыз кылсын. Ошондой эле Ыйса Машаяк бизге Кудайга жаккандай иш кылууга жардам берсин. Ошол Машаякка түбөлүктөн түбөлүккө даңк болсун. Оомийин.

22 Боордошторум, сабыр этип, ушул кайрат берейин деп айткан сөздөрүмдү жакшылап угуп алсаңар деп өтүнөм. Катым деле узун эмес го.

23 Боордошубуз Тиметейдин түрмөдөн бошотулганын билишиңерди каалайм. Эгер ал жакында мага келсе, анда силерге барганымда, аны өзүм менен кошо ала барам.

24 Бардык башчыларыңарга, ошондой эле бардык ыйыктарга да бизден салам айтып койгула. Италиялык боордошторубуз да силерге салам жолдошту.

25 Кудай баарыңа ырайым кылсын!