1 Кудайдын кулу, Ыйса Машаяктын элчиси Пабылдан Титке дубай салам."Мен Кудай тарабынан дайындалып, Анын Өзү үчүн тандап алган адамдарынын ишенимин бекемдеп, аларды Кудайга жаккандай жашоого жолдогон чындыкты үйрөтүш үчүн жиберилген болчумун.
2 Бул чындык Кудай бизге тээ башынан эле убада кылган түбөлүк өмүргө ээ болобуз деген үмүткө негизделген. Ал эми Кудай эч качан жалган айтпайт.
3 Андыктан убагы келгенде, Ал муну Өз Сөзүн жар салдырып белгилүү кылды. Куткаруучубуз Кудайдын буйругу менен бул милдет мага да ыйгарылган болчу.
4 Бардыгыбызга берилген ишеним башыбызды бириктирип, өз уулумдай болуп калган Тит,"Кудай Атабыз менен Куткаруучубуз Машаяк Ыйса сага ырайымын төгүп, тынччылыгын берсин.
5 Сени Крит аралына калтырганымдын себеби, ал жактагы бүткөрүлбөй калган иштерди иретке келтирип, ар бир шаар-кыштакта өзүм берген көрсөтмөлөргө ылайык жыйын жетекчилерин дайындасын дегем.
6 Жыйын жетекчилери кынтыксыз, бир эле аялы бар, балдары Кудайдан ыйбаа кылган, эл арасында адепсиз же тоң моюн атка конбогон болууга тийиш.
7 Кудай кызматына дайындалган киши катары жыйын жетекчиси эл алдында кынтыксыз, менменсибеген, ачууга оңой алдырбаган, ичкиликке берилбеген, урушуп-керишпеген, пайдакор эмес,
8 тескерисинче, меймандос, колунан жакшылык гана келген, өзүн өзү кармай билген, адил, такыбаа, адептүү адам болууга тийиш.
9 Ошондой эле туура окутуунун негизинде насааттап, каршы чыккандарды ашкерелеш үчүн ал өзү биздин үйрөткөндөрүбүзгө ылайык, чындыкка шайкеш кабарды бек карманып жүрүшү керек.
10 Анткени баш ийбей кеткендер, куру сөз сүйлөгөндөр жана элди алдагандар көбөйгөндөн көбөйүп, айрыкча, азыркыга дейре иудей салтын карманып жүргөндөрдүн арасында көп кездешүүдө.
11 Алардын тилин тыйдырбаса болбой калды, себеби алар арам пайданы көздөп, окутканга укугу жок нерселерди окутмакчы болуп, бүтүндөй үй-бүлөлөрдү туура жолдон адаштырып жатышат.
12 Өздөрүнүн эле арасынан чыккан даанышман мындай деген экен: «Криттиктердин оозунан"Чыкпайт чындык сөздөрү,"Коркунучтуу, эринчээк,"Айбандардай өздөрү».
13 Бул сөз — калетсиз чындык."Андыктан аларды ашкерелеп, туура ишенимди тутушсун үчүн катуу эскертип кой.
14 Иудей болмуштарына жана чындыктан безген немелердин өз билгенин таңуулап айткандарына кулак төшөбөсүн.
15 Алар: «Ким өзү адал болсо, ал үчүн бардык нерсе адал. Ал эми бузулган, ишеними жок адам үчүн бардыгы арам болот», — дешет экен. Бирок чындыгында алардын өз акылдары адашып, өз абийирлери бузулган.
16 Мындайлар оозу менен Кудайды тааныйбыз дегени менен, кылган иштери эле бул сөзүн жокко чыгарып таштайт. Алар элге жек көрүндү болуп, Кудайга моюн сунушпайт да колдорунан эч жакшылык келбейт.
1 Ал эми сен, Тит, туура окутууга төп келген нерселерди гана айтып жүр.
2 Улуураак эркектер кыраакы, кадыр-барктуу, салабаттуу, ишеними бек, башкаларга мээримдүү, кыйынчылыктарга көтөрүмдүү болушсун.
3 Ошондой эле улуураак аялдар да өздөрүн Кудайга арнаганын унутпай, жүргөн-турганы ошого ылайык болууга тийиш. Эч кимге жалаа жаппай, ичкиликке берилбей, андан көрө, башкаларга жакшы акыл-насааттарын айтып,
4 жаш келиндерди күйөөлөрү менен балдарын сүйүүгө,
5 жана эч ким Кудай Сөзүнө тил тийгизбеш үчүн, өздөрүн токтоо жана таза сактап, үй-жайын жакшы карап, мээримдүү болуп, күйөөлөрүнө баш ийүүгө үйрөтүшсүн.
6 Ошондой эле жаш жигиттерге өздөрүн кармай билишсин деп насаатта.
7 Аларга ар иштеги адептүү жүрүм-турумуң менен өрнөк бол. Таалим бергениңде ак ниет жана олуттуу болуп, элдин урмат-сыйына таты.
8 Сүйлөгөн сөздөрүң айыпталбагыдай, дайыма жөндүү болсун. Ошондо каршылаштарың биз тууралуу жаман сөз айта албай, өздөрү эле уятка калышат.
9 Кулдарды өз кожоюндарына моюн сунуп, аларга жаккандай иш кылууга чакыр. Ээсине каршы сөз сүйлөбөй жана
10 уурулук кылбай, анын ордуна толук ишенимдүүлүгүн көрсөтүшсүн. Ошондо алардын жүрүм-турумун көргөндөрдүн баары Куткаруучу Кудайыбыз тууралуу таалимди зор урмат-сый менен кабыл алышат.
11 Кудай Өз ырайымын төгүп, аны менен бүтүндөй адамзатты куткаргысы келгенин ачык-айкын билдирди.
12 Ал бизди Өзүнө жакпаган эски жашообуз менен бул дүйнөнүн кумарларынан баш тартып, азыркы заманда өзүбүздү тизгиндеп, адил жана Кудайга жагарлык өмүр сүрүүгө жолдоп турат.
13 Биз илгери үмүт менен улуу Кудайыбыз жана Куткаруучубуз Ыйса Машаяк зор салтанат менен көрүнүп келе турган даңазалуу күндү күтүп жатабыз.
14 Бизди ар кыянаттыктан бошотуп, ыпластыктан тазартып, Өзүнүн өзгөчө, жакшылык кылууга ынта койгон эли кылып алыш үчүн Машаяк бизге арнап Өз жанын курмандыкка берген.
15 Элге мына ушуларды айтып, колуңдагы бийликти колдонуп, насааттап да, ашкерелеп да тур. Алардын эч кимиси сага бой көтөрүп карабасын.
1 Өз адамдарыңа алар бардык башчылар менен колунда бийлиги барларга баш ийип, айткандарына моюн сунуп, бардык жакшылыкка даяр болушу керектигин эскерт.
2 Эч кимди каралабай, урушуп-керишпей, андан көрө, бардыгына ачык маанай менен мамиле кылышып, кичи пейил болушсун.
3 Анткени бир кезде биз да акылсыз, тоң моюн болуп, алданып-адашып, ар кыл кумарлар менен жыргалчылыктын кулу элек. Караниеттик жана көрө албастык менен күн өткөрүп, башкалардын итиркейин келтирип, бири бирибизди жек көрчүбүз.
4 Бирок Куткаруучубуз Кудай Өз кайрымы менен мээримин көрсөтүп,
5 бизди куткарып алды, болгондо да кылган жакшылыктарыбыздан улам эмес, тек гана Өзүнүн ырайымы менен. Ал бизди Ыйык Рух аркылуу аруулап, кайрадан жаратып, жаңылап алды.
6 Кудай Ыйык Рухун үстүбүзгө Куткаруучубуз Ыйса Машаяк аркылуу молунан төктү.
7 Ошентип Ал бизди Өз ырайымы менен актап, убада кылган түбөлүк өмүр энчисин алабыз деген илгери үмүт берди.
8 Бул сөз — айныгыс чындык. Андыктан мен дагы, Тит, Кудайды медер туткандар жакшы иштерди кылууга ынтасын койсун үчүн элдин көңүлүн айрыкча ушул нерселерге бурууңду каалар элем. Алар адам баласы үчүн жакшы да, пайдалуу да.
9 Ал эми ыгы жок тирешүүлөрдөн жана санжыра териштирүүлөрдөн, Тоорат мыйзамынын тегерегиндеги талаш-тартыш менен жаңжалдан оолак бол. Алардын маңызы да, эч пайда-батасы да жок.
10 Элди бөлүп-жаргандардын баарына бир-эки жолу эскертүү бергин да, укпаса, андан ары эч катышпа.
11 Өзүң билесиң, мындайлар бузулган адамдар: муну кылган күнөөлөрү эле ашкерелеп турат.
12 Мен сага Артем менен Тихикти жибергенимде, Никопол шаарына келип, мени менен көрүшүп кетүүгө аракет кылсаң. Мен ошол жерде кыштоону чечтим.
13 Мыйзамчы Зен менен Аполго колуңдан келген жардамыңды берип, өзүң жөнөтүш. Алар эч нерседен кем-карч болбосун, ошого кам көрүп кой.
14 Криттеги боордошторубуз да муктаждыгы барларга кам көрүп, үзүрлүү жашоого көнүгүш үчүн жакшылык кылууга аралашышы керек.
15 Жанымдагылардын баары сага салам жолдоп жатышат. Сен дагы ал жактагы бизди сүйгөн ишенимдештерибизге салам айтып кой."Кудайыбыз баарыңа ырайым кылсын!