1 Машаяк Ыйса менен биримдикте жашагандарга Кудай түбөлүк өмүр тартуу кылгандыгын жар салыш үчүн жиберилип, Анын амири боюнча Эгебиздин элчиси болгон Пабылдан
2 сүйүктүү уулум Тиметейге дубай салам! Ылайым эле Кудай Атабыз менен Эгебиз Ыйса Машаяк сага ырайымдуу жана кайрымдуу болуп, тынччылык берсин!
3 Сени ойлоп, күнү-түнү сыйынганымда, ата-бабаларыма окшоп ак дилимден кызмат кылып келген Кудайыма дайыма ыраазычылык билдирип турам.
4 Коштошкондогу көз жашыңды эстегенде, кайрадан сени менен көрүшүп кубанычка толгум келет.
5 Кудайга чын жүрөгүңдөн берилип ишенгениң да эсимде. Бул ишеним башында таенең Лой менен энең Уникенин жүрөгүнөн орун алган. Эми ал сенин жүрөгүңө да уялаганына көзүм жетип турат.
6 Андыктан эскертем: үстүңө колумду коюп, Кудайдын батасын тилеп сыйынганымда алган рухий касиеттериңди колдонуп, улам өркүндөтүп тур.
7 Анткени Кудайдын Руху бизди коркок кылбайт. Тескерисинче, кудурет-күчүнө бөлөп, мээримдүү болгонго жана өзүбүздү кармай билгенге үйрөтөт.
8 Ошондуктан элге Эгебиз тууралуу айтуудан жана Ага ишенгендигим үчүн абакта отурганымдан уялба. Андан көрө, Кудайдын кудуретине таянып, Жакшы Кабарды жеткирүүдө тарткан азаптарымды тең бөлүш.
9 Кудайым бизди Өзүнө тандап алды,"Куткарып, ыйык эли кылып алды."Татырлык жакшы иштерди кылбасак да,"Ал бизге боору ачып, ырай этип,"Машаяк Ыйса аркылуу баарыбызга"Өзүнүн ырайымын көрсөтөм деп,"Бул аалам башталардан мурун эле"Алдына муну максат кылып алды.
10 Мына эми, акырында Машаяктын,"Куткаруучу Ыйсанын келгенинде,"Шум ажалдын бийлигин жойгонунда,"Түбөлүктүү өмүрүн бизге сунуп,"Жакшы Кабар чындыгын айтканында"Жараткандын ырайымы бизге ачылды.
11 Кудай мени дал ушул Жакшы Кабардын жарчысы, элчиси жана устаты кылып дайындаган.
12 Азап чегип, ушундай кыйынчылыктарды башымдан кечирип жатканымдын себеби — мына ушул. Бирок менин уятка калгыдай жөнүм жок, себеби Кимге бел байлап, Кимге ишенгенимди билем. Өмүрүмдү Анын колуна тапшырган мени Өзүнүн кайтар күнүнө дейре аман сактаганга Анын кудурети жетет.
13 Менден уккан-көргөнүңдү чыныгы таалимдин үлгүсү катары жетекчиликке алгын да, Ыйса Машаяк менен тыгыз байланышыңды сактап, ишенимге таянып, башкаларга мээримдүү болуп жаша.
14 Ичибизде жашаган Ыйык Рухтун кудуретине сүйөнүп, өзүңө табышталган жакшы нерселерди сактап жүр.
15 Сага белгилүү болгондой, Асия аймагындагылардын баары, алардын ичинде Фигел менен Эрмоген да мага аркасын салып кетишти.
16 Онисифордун үй-бүлөсүнө Эгебиз ырайым кылсын. Канча ирет ал мени жубатып, абакта отурганымдан уялбады.
17 Тескерисинче, Римге келгенде, мени тынбай издеп жүрүп, акыры тапкан эле.
18 Эгебиз кайра кайтар күнүндө ага ырайымдуу болсун! Эфесте болгонумда да анын мага канча жардам бергенин сен өзүң жакшы билесиң.
1 Ошентип, уулум, Кудайдын Ыйса Машаяк аркылуу көрсөткөн ырайымына таянып, андан күч-кубат ал.
2 Көптөгөн күбөлөрдүн алдында жар салганымда уккан таалимди аны башкаларга да бере алган, ишенимдүү кишилерге аманатта.
3 Бардыгыбыз тарткан азаптарды Машаяк Ыйсанын мыкты жоокери катары биз менен кошо тартыш.
4 Аскердик милдетин өтөп жаткан жоокер аскер башчысына жагууну гана көздөп, күндөлүк тиричилик көйгөйлөрүнө алагды болбойт.
5 Анын сыңары, жарышка чыккан киши да жеңишке бардык эрежени аткарып жетмейин байгеге ээ болбойт.
6 Жыйналган түшүмдөн биринчи болуп өз үлүшүн кара терге түшүп эмгектенген дыйкан алууга тийиш.
7 Айткандарымды жакшылап ойлон. Бардыгын түшүнүүгө Эгебиз Өзү жардам берет.
8 Ыйса Машаякты эстесең! Өзүм тараткан Жакшы Кабарда айтканымдай, Дөөт падышанын урпагы болгон Аны Кудай өлгөндөн тирилткен.
9 Мына эми ушул Жакшы Кабарды таратканым үчүн мен азап тартып, атүгүл кылмышкер сыяктуу кишенделип да олтурам. Бирок Кудайдын Сөзүн кишендеш мүмкүн эмес!
10 Андыктан Кудайдын тандалган эли үчүн, алар дагы Машаяк Ыйса аркылуу куткарылып, Анын түбөлүктүү улуулугуна бөлөнсүн үчүн, бардыгына чыдап келатам.
11 Мындай акыйкат сөз бар: Ыйса менен биз кошо өлгөн болсок,"Түбөлүк өмүрүн да бөлүшөбүз;
12 Кыйындык-азаптарды көтөрө алсак,"Аны менен бийлик да жүргүзөбүз;"Баш тартсак, Машаякты тааныбастан,"Тааныбай коёт бизди Машаяк да;
13 Биз Ага ишенимсиз болсок дагы,"Машаяк ишенимдүү кала берет,"Себеби Ал Өзүнөн баш тарта албайт.
14 Айткандарымды боордошторуңдун эстерине сал да, сөзгө асылып талашып-тартышпасын деп, Кудайды күбөгө чакырып катуу эскерт. Куру айтышуулар жакшылыкка алып келбейт, тек гана уккандарга кесепети тиет.
15 Ишинде уятка калбаган, чындыкты элге туура жеткире билген кызматчы катары Кудайга жаккандай болуш үчүн колуңдан келгендин баарын кыл.
16 Кудайды карабай, ыгы жок айтышуудан оолак бол. Анткендер Кудайдан ого бетер четтеп калышат.
17 Алардын окуткандары ырбап, бүтүндөй денени куураткан жугуштуу жарага окшош. Булардын арасында Именей менен Филит да бар.
18 Чындыктан адашкан бул экөө Кудай бизди эбак эле кайра тирилтип алган дешип, кээ бирөөлөрдүн ишенимине доо кетиришүүдө.
19 Бирок Кудайдын салган негизи козголгус. Ошонун бооруна «Эгебиз Өзүнө таандык болгондорду билет»жана «Ким өзүн Эгебиздин үмөтүмүн десе, мурдагы кыянат иштеринен баш тартсын» деген сөздөр мөөр сымал басылган.
20 Үй чарбасы чоң болсо, андагы идиш-аяктар да ар түрлүү болот: алардын бир даары алтын менен күмүштөн жасалса, бир даары кадыресе жыгач менен чоподон жасалган, бири кымбат баалуу кумура болсо, башкасы жөнөкөй чөйчөк.
21 Анын сыңары, ким айтылып кеткен жамандыктын баарынан оолак болуп, өзүн таза сактаса, Кудай да аны баалуу идиш сыяктуу өзгөчө максат үчүн колдонот. Себеби мындай адам өзүн Кудайга арнайт да, Ээсине пайда алып келгидей, бардык жакшы ишке колдонулуш үчүн даяр болот.
22 Андыктан жаштыктын азгырык-кумарларынан баш тартып, андан көрө, чын ниети менен Эгебизге кайрылып, жардамды Андан гана күткөндөр менен бирге адилдикке, ишенимге, сүйүүгө жана тынччылыкка умтул.
23 Акылсыз, маңызы жок айтышуулардан оолак бол; алар уруш-жаңжал гана алып келерин сен өзүң жакшы билесиң.
24 Ал эми Эгебиздин кызматчысы болсо эч ким менен урушуп-керишпей, тескерисинче, бардыгына кичи пейил, акыл-насаат айта билген, сабырдуу,
25 каршылаштарынын катачылыктарын мээримдүүлүк менен түзөтө алган киши болууга тийиш. Ким билсин, балким, ниетин өзгөртүп, чындыкты билип калууга Кудай аларга мүмкүнчүлүк берип калгысы бардыр.
26 Ошондо акыл-эсине келишет да, аларды туткундап, өз эркине баш ийдирип алган ибилистин тузагынан бошоно алышат.
1 Эсиңе түйүп ал, Тиметей: акыркы күндөр апаттуу болот.
2 Себеби адамдар өзүнүн гана керт башын ойлоп, акчага сугалак, мактанчаак, текебер, кесир болуп, ата-энесинин тилин албай, алкышты билбей, эч нерсени ыйык тутпай калышат.
3 Алар адамгерчилик менен кайрымдуулукту билишпей, башкаларга жалаа жаап, өздөрүн өздөрү кармай алышпай, мерез болуп, жакшылыкты жек көрүшөт.
4 Бири бирине чыккынчылык кылып, алдын-кийинин ойлобой, көпкөнүнөн көөдөнүн көтөргөн алар Кудайдан көрө, өз жыргалчылыгын артык көрүшөт.
5 Сыртынан кудайчыл көрүнгөнү менен, чын-чынына келгенде, кудайчылдыктын нагыз кудурет-күчүнөн баш тартып кеткен болушат. Мындайлардан кач!
6 Алардын кээ бири өзүнүн ким экенин жашырып, элдердин үйлөрүнө кирип алышат да, күнөөгө белчесинен баткан, ар түркүн кумарларга жетеленген шалаакы аялдарды ээликтирип, өздөрүнө баш ийдирип алышат.
7 Бул аялдар ар дайым таалим алууга умтулганы менен, чындыкты билбеген бойдон кала беришет.
8 Акылы адашкан, ишеними сокур тыйынга да арзыбаган мындай жалган окутуучулар азирети Мусага каршы чыккан Жанес менен Жамбиреске окшоп, чындыкка каршы чыгышат.
9 Бирок алардын билбестиги менен акылсыздыгы бардыгына айкын болуп, тез эле иши бүтүп калат. Өз убагында Жанес менен Жамбирес да ушундай болгон.
11
10 Сен болсо, Тиметей, берген таалимиме көңүл коюп, жүрүм-турумуңда менден үлгү алып, алдыңа меникиндей максат койдуң. Ыйсага канчалык ишенгениме, кантип бардык кыйынчылыктарды көтөрүп, бардыгына мээримдүү, чыдамдуу болгонума, канча куугунтукту башыман өткөрүп, канча запкы жегениме күбө болдуң. Антахияда, Иконияда жана Листрада эмне болгонум, не деген катуу куугунтукка кабылганым да сага белгилүү. Бирок Эгебиз мени ошонун баарынан аман алып калды!
12 Машаяк Ыйса менен биримдикте Кудайга жаккандай жашагысы келген ар бир адам куугунтукка кабылары бышык.
13 Кара ниеттер менен көз боёмочулар андан бетер жамандык кылып, башкаларды алдап, өздөрү да алданышат.
14 Ал эми сен үйрөнүп, чындык экенине көзүң жеткендерди бек карман, себеби кимден таалим алганыңды билесиң.
15 Жаштайыңдан билип калган Ыйык Жазуулар акылман кылып, Машаяк Ыйсага арткан ишенимиң аркылуу сени куткарылууга жолдойт.
16 Ыйык Жазуулардын бардыгы Кудай деминин аркасы менен жазылган. Андыктан алар чындыкты окутуп-үйрөтүүдө, күнөө кетиргендерди ашкерелөөдө, жаңылышкандарды туура жолго салууда жана ишенгендерди адилдикке тарбиялоодо өтө пайдалуу.
17 Аларды колдонуп, Кудайга кызмат кылган адам бардык жакшы ишке камданып, даяр болот.
1 Кудайыбыздын жана тирүүлөр менен өлгөндөрдүн Соттоочусу, Өз өкүмүн жүргүзүүгө келе жаткан Падышабыз Ыйса Машаяктын алдында сага катуу эскертерим бул.
2 Кудай Сөзүн ал-акыбалыңдын жаман-жакшысына карабай, ар дайым бардык дитиңди коюп насыятта! Бирөөлөрдү туура жолго салганыңда, ашкерелегениңде, кайрат бергениңде, насаат айтып окутканыңда аябагандай сабырдуу бол.
3 Анткени адамдар туура окутууларга кулак салбай, анын ордуна, өз каалоолоруна жетеленип, устаттан устатка барып, көңүлүнө жакканын гана угушар мезгил да келет.
4 Алар чындыкты этибарына албай, бардык назарын курулай уламыш-болмуштарга салышат.
5 Ал эми сен бардык учурда акыл-эстүү, кыйынчылыктарга көтөрүмдүү болуп, Жакшы Кабар таратканыңды токтотпой, өзүңө тапшырылган кызматты толук аткар.
6 Менин болсо каным төгүлүп, курман болуп, жарык дүйнө менен кош айтышар убагым келди.
7 Рухий майданда күчүмдүн барынча күрөшүп, жарышымдын марасына жетип, ушуга дейре ишенимден тайбай келдим.
8 Эми жеңүүчүнүн байгесин — такыбаалык таажысын алганы калдым. Адилеттүү Соттоочубуз, Эгебиз Ыйса кайтып келген күнүндө аны мага Өз колу менен ыйгарат. Бул байгеге жалгыз эле мен эмес, Эгебиздин келишин чыдамсыздык менен күткөндөрдүн баары ээ болушат.
9 Тиметей, колуңдан келишинче аракет кылып, мага тез арада келип калгыдай бол.
10 Анткени Димастын көңүлү ушул дүйнөгө ооп, мени таштап, Тесалоникага кетип калды. Кирискент менен Тит болсо, бири Галатияга, экинчиси Далматияга жөнөп кетишти.
11 Жанымда Лукадан башка эч ким калган жок. Маркты таап, өзүң менен кошо ээрчите кел, себеби менин ишиме анын жардамы тийгидей.
12 Тихикти мен Эфеске жөнөтүп жибергем.
13 Келгениңде, Троасдагы Карыптыкында калтырган чапанымды, ошондой эле кол жазмаларымды, өзгөчө булгаарыга жазылгандарын ала кел.
14 Темирчи Искендер мага көп жамандык жасады; анын тиешесин эми Эгебиз Өзү берер.
15 Сен дагы андан абайлап жүр, себеби ал биз тараткан Жакшы Кабарга катуу каршылык көрсөтүүдө.
16 Сот алдында алгач жооп бергенимде, мени эч ким жактабады. Тескерисинче, бардыгы менден баш тартып кетишти. Эми Кудайым алардын кылганын өздөрүнө каршы бурбагай эле.
17 Кантсе да, Эгем Өзү мени колдоп, Анын Кабары мен аркылуу толугу менен жар салынып, башка улуттагылардын баары андан кулагдар болушу үчүн мага күч-кубат берип, «ажыдаардын оозунан» аман алып калды.
18 Мындан ары да Эгебиз мага келген бардык жамандыктын мизин кайтарып, Өзүнүн асмандагы Падышачылыгына жеткирери анык. Бардык алкыш-даңк Ага гана болсун! Оомийин.
19 Приска менен Акилага жана Онисифордун үй-бүлөсүнө менден салам айтып кой.
20 Эраст Корунт шаарында калып, Трофимди болсо ооруп калганынан өзүм Милет шаарында калтырууга аргасыз болдум.
21 Кышка дейре келип калганга болушунча аракет кыла көр. Убул, Пудей, Лин жана Клавдия сага салам жолдоп, калган боордошторуң да алардын саламына кошулушту.
22 Эгем силерге кубат берсин!"Кудайым баарыңа ырайым кылсын!