1

1 Куткаруучу Кудайыбыздын жана үмүтүбүз Машаяк Ыйсанын амири боюнча Машаяк Ыйсанын элчиси болгон Пабылдан

2 өз колум менен ишенимге алпкелип, өз уулумдай көргөн Тиметейге дубай салам! Ылайым эле Кудай Атабыз менен Эгебиз Машаяк Ыйса сага ырайымдуу жана кайрымдуу болуп, тынччылык берсин!

3 Македония аймагына баратканымда суранганымдай, эми да сенин Эфес шаарында калып, жанакы, жалган окутууларды таратып жаткан немелерге тыюу салууңду көптөн-көп өтүнөм.

4 Алардын болмуштарды айтып, эзели түгөнбөс санжыраларды териштиргени талаш-тартыш гана туудуруп, Кудайдын ишеним аркылуу билинчү ишине жолтоо болууда.

5 Муну мен ишенгендер бири бирин сүйө билишсин деп айтып жатам. Мындай сүйүү болсо чын жүрөктөн, таза абийирден жана астейдил ишенимден келип чыгат.

6 Айрымдар булардан баш тартышып, куру бекер талаш-тартыштарга кирип кетишти.

7 Алар Тоорат окутуучулары болгусу бар, бирок эмнени кеп кылып, эмнени ырастап жатышканын өздөрү да билишпейт.

8 Ал эми биз Тоорат мыйзамынын, эгерде аны туура колдонсо, жакшы экенин билебиз.

9 Тоорат мыйзамы адил адамдар үчүн берилген эмес. Ал мыйзамды бузган, тоңмоюн адамдар үчүн, Кудайдан коркпогон, күнөөгө белчесинен баткандар үчүн, эч нерсени ыйык тутпаган жана Кудайга акарат келтирген, ата-энесин же башка бирөөнү өлтүргөндөр үчүн,

10 бузукулар жана бачабаздар, киши уурдагычтар, алдамчылар, жалган күбөлөр, дегеле туура окутуунун бардык каршылаштары үчүн берилген.

11 Бул окутуу бардык мактоого татыктуу болгон даңазалуу Кудайыбыздын мага ишенип тапшырган Жакшы Кабарында камтылган.

12 Ишимди аткарууга мага күч-кубат берип турган Эгебиз, Машаяк Ыйсага ыраазымын, анткени Ал мени ишенимдүү деп таап, Өзүнө кызмат кылууга дайындады.

13 Бир кезде Ага тил тийгизип, үмөттөрүн куугунтуктап, Өзүн кордогонума карабастан, муну билбестик жана ишенбестиктен кылганымды билип, Ал мага кайрымдуу болду.

14 Не деген ырайымын көрсөтүп, Жараткан Эгебиз мени Өзүнө ишендирип, башкаларга мээримдүү кылды. Мындай ишеним менен мээримге биз Машаяк Ыйса менен тыгыз байланышыбыз аркылуу ээ болобуз.

15 Мына бул сөз анык жана толук ишеним менен кабыл алынууга тийиш: Машаяк Ыйса бул дүйнөгө күнөөкөрлөрдү куткарыш үчүн келген. Алардын ичинен болсо жеткен күнөөкөрү менмин.

16 Кудай мага ырайым кылганда, Машаяк Ыйса дал ушул, жеткен күнөөкөр болгон мен аркылуу Өзүнүн чексиз сабырдуулугун көрсөттү. Ал муну келечекте түбөлүк өмүргө ээ болобуз деп, Ыйсага ишеним арткандарга үлгү болсун деген.

17 Түбөлүктүн Падышасына, өлбөс, көзгө көрүнбөс, бирден-бир Кудайга кылымдардан кылымдарга урмат жана даңк болсун! Оомийин.

18 Тиметей, балам, сага ушул насааттарымды мурда сен жөнүндө айтылган пайгамбарчылыктарды эске алып айтып жатам. Рухий салгылашууда жеңишке жетиш үчүн алар сага курал болуп,

19 ишеним менен таза абийирди сактоого жардам болсун. Кээ бирөөлөр абийирин жеп, ишенимин курутушту.

20 Алардын экөө — Именей менен Искендер. Кудайга тил тийгизгенин токтотсун деп, мен аларды шайтандын колуна тапшырган элем.

2

1 Ошентип, эң алды көптөн-көп суранарым, бардыгыңар бир бириңер үчүн Кудайга жакшы тилектерди, сыйынууларды, өтүнүчтөрдү жана алкыштоолорду багыштап тургула.

2 Сыйынууларыңарда падышалар менен колунда бийлиги бар кишилердин бардыгын да эскерип турганыңар ылаазым. Ошондо Кудай алдында такыбаа, эл алдында адил болуп, тынч жана бейпил өмүр сүрмөкпүз.

3 Минткениңер дурус иш да болот, бизди Куткаруучу Кудайга да жагат.

4 Ал ар бир адамдын куткарылышын жана чындыкты билип калышын каалайт.

5 Анткени Кудай бирөө. Кудай менен адамдын ортосундагы арачы да бирөө. Ал — адам кейпин кийген Ыйса Машаяк.

6 Жогортодон белгиленген мезгил-сааты келгенде, Ал бүтүндөй адамзат үчүн Өз өмүрүн берди. Мунун өзү Кудай бардык адамдарды куткаргысы келгенин билдирген жышаан болду.

7 Кудай мени Өз кабарчысы, элчиси жана башка элдерге ишеним менен чындыктын устазы кылып жибергенинин себеби мына ушунда. Бул сөзүм чындык, мен калп айтып жаткан жерим жок.

8 Ошентип, бирге ийбадат кылыш үчүн чогулганыңарда, эркектердин бардык ачуулануу менен талашып-тартышууларын таштап, Кудайга адал колдорун жайып сыйынып турушун каалар элем.

9 Аялдарга да кааларым ушул. Кийингендери жөнөкөй, уят-сыйыттуу болуп, алар адеми жасалгаланган чачтары, же болбосо алтын же бермет менен кооздолгон буюмдары, же болбосо кымбат баалуу кийими эмес,

10 кылган жакшылыгы менен көрүнсүн. Бул Кудайдан ыйбаа кылган аялдарга ылайык.

11 Таалим алып жатышканда, үн катпастан, баш ийгенге үйрөнүшсүн.

12 Аялдардын окутуучу болушуна же эркек кишини башкарышына жол берилбесин; алар чогулушта өзүн тынч алып жүрүүгө тийиш.

13 Анткени Кудай биринчи Обону эмес, Адамды жараткан.

14 Шайтанга алданган да Адам эмес эле. Шайтандын сөзүнө кирип, Кудайдын мыйзамын бузган аял болчу.

15 Кантсе да, ишенимди бек туткан, мээрбан жана таза, өзүн сый-сыпаттуу алып жүргөн аялзаты бала төрөп жатканда, ажалдан аман калат.

3

1 Ким жыйында жетекчи болууну эңсесе, эң жакшы иш каалаганы деген калыс сөз бар.

2 Жыйын жетекчиси жүрүм-турумунда эч айыбы жок, бир эле аялы бар, эстүү, өзүн өзү кармай билген, адептүү, меймандос, таалим берүүгө ийкемдүү болушу керек.

3 Ал ичкиликке берилбеген, ачууга алдырбаган, кичи пейил, урушуп-керишпеген, акчага суктук кылбаган,

4 ошондой эле өз үй-бүлөсүн жакшы башкарган жана балдарынын урмат-сыйына татып, аларды тил алчаак кылып тарбиялоого жетише алган адам болууга тийиш.

5 Себеп дегенде өз үй-бүлөсүн башкара албаган неме Кудай жыйынынын камын көрө алмак беле?

6 Жыйын жетекчиси Кудайга жаңы эле ишенген адам да болбошу керек. Антпесе ал көөдөнүн көтөрүп, ибилис калган жазага кабылышы мүмкүн.

7 Ошону менен бирге ал жыйындан тышкаркы элдин ичинде да кадыр-барктуу болууга тийиш. Антпесе сөзгө калып, шайтандын тузагына түшүшү мүмкүн.

8 Ошондой эле жыйындагы жардамчылар да олуттуу, эки жүздүүлөнбөгөн, масчылыкка берилбеген, өз пайдасын көздөбөгөн;

9 чыныгы ишенимдин аларга ачылып берилген купуя сырын бек карманып, абийирин таза сактаган адамдар болууга тийиш.

10 Алар эң алды сыналып, сыноодон өткөндөн кийин гана биротоло жардамчылык ишке алынышы керек.

11 Ошол сыяктуу аял жардамчылардын да өзүн туура алып жүргөн, ушакчылык менен масчылыктан алыс, бардык ишинде ишенимдүү болгону ылаазым.

12 Жыйын жардамчылары болуп бир гана аялы бар, балдарына туура тарбия берип, үй-жайын жакшы башкара билген адамдар дайындалсын.

13 Себеби жардамчылык кызматын жакшы өтөгөндөр эл ичинде да кадыр-баркка жетишип, Ыйса Машаякка болгон ишеними туурасында да тайманбай сүйлөй алышат.

14 Жакын арада өзүм силерге барып калам деген үмүттөмүн. Бирок ошентсе да, сага ушул көрсөтмөлөрдү жазып коюуну оң көрдүм.

15 Эми кармалып калсам да, Кудай үй-бүлөсүнө кошулгандар катары ишенгендер өздөрүн кандай алып жүрүш керек экенин билгендей болосуң. Кудайдын үй-бүлөсү — бул тирүү Кудайдын жыйыны, ишенимдин тиреги жана пайдубалы.

16 Кудай берген ишенимибизде улуу купуя сыр катылып жатканы айныгыс чындык: Ал жерге адам кейпин кийип келген,"Адилдигин Ыйык Рух далилдеген,"Асмандан периштелер көрүп Аны,"Кабары башка элдерге жеткирилген,"Дүйнөгө ишенимдин нуру жанган,"Даңкталып, Ал асманга кабылданган.

4

1 Акыркы убакта кээ бирөөлөр жалганчы рухтарга кулак салып, жиндерден келген окутууларды карманып, чыныгы ишенимден четтеп кетишерин Ыйык Рух ачык-айкын айтып жатат.

2 Мындай окутууларды абийирин жеген эки жүздүү калпычылар таратышат.

3 Бул митаамдар үйлөнүүгө жана тамактын белгилүү түрлөрүн жешке болбойт деп үйрөтүшөт. Бирок ал тамактарды да Кудай жараткан. Ким Кудайга ишенип, чындыкты таанып билген болсо, ыраазычылык айтып сыйынуу менен алардан даам татса болот.

4 Анткени Кудай жараткандын баары адал. Ошондуктан алардын эч биринен баш тартпай, бардыгын ыраазычылык билдирүү менен кабыл алган абзел,

5 себеп дегенде Кудай Сөзүн окуп, сыйынып таткан даам арам болбойт.

6 Айткан акыл-насаатымды калган боордошторуңа айтып, бекем ишеним берүүчү жана өзүң жолдоп жүргөн чындыкты окутуучу сөз сенин рухий азыгың болсун. Ошондо Машаяк Ыйсанын жакшы кызматчысы болосуң.

7 Маңыз сөздөр менен кемпирлер айтчу болмуштардан оолак бол. Андан көрө, өзүңдү Кудайга жаккандай жашоого машыктыр.

8 Дене машыктыруунун да пайдасы жок эмес. Бирок ага караганда Кудайга жаккандай жашоого машыгуу бардык жагынан пайдалуу, себеби ал сени азыр да, келечекте да Кудай убада кылган өмүргө ээ кылат.

9 Бул — калыс сөз. Аны толук ишенүү менен кабыл алсаң болот.

10 Азыркыга дейре бой бербей күрөшүп да, эмгектенип да келгенибиздин себеби — бүтүндөй адамзаттын, айрыкча Жакшы Кабарга ишенгендердин Куткаруучусу болгон тирүү Кудайга бел байлаганыбызда.

11 Аларга ушундай насаат айтып, ушундай үйрөт.

12 Сага жаш деп эч ким өйдөсүнүп карабасын. Өзүң болсо башкаларга сүйлөгөн сөзүң жана жүрүм-турумуң менен, сүйүүң, ишенимиң, кынтыксыз жашооң менен үлгү бол.

13 Мен келгичекти эл алдында Ыйык Жазууну окуп, насыят айтып, окутуп жүр.

14 Пайгамбарчылык сөз айтылып, жыйын жетекчилери үстүңө колдорун койгондогу алган рухий касиетиңди барктай бил.

15 Жогоруда айтылгандарды иш жүзүндө колдонуп, өзүңдү аларга арна. Ошондо бардыгы сен жетишкен ийгиликтерге күбө болушат.

16 Өзүңө көз салып, эмнени үйрөтүп жатканыңды байка. Дайыма ушундай кылып жүр. Ошондо өзүң да куткарылып, сага кулак салгандарды да куткарасың.

5

1 Сакалдуу кишиге насаат айтканыңда, сылык-сыпаа сүйлөп, өз атаңдай урматта. Жашыраак эркекти ага-иниңдей,

2 улгайган аялды энеңдей көрүп, жашыраак кыз-келинге эже-карындашыңдай ызаттап таза мамиле кыл.

3 Таянар кишиси жок калган жесирлерге сый көрсөтүп, алардын муктаждыктарын ойло.

4 Ал эми жесирдин балдары же неберелери бар болсо, анда алар эң алды ишенгендер катары жакындарына кам көрүүнү үйрөнүшсүн да, ошону менен энесинин алдындагы милдетин аткарышсын, себеби бул Кудайга жаккан иш.

5 Багар кишиси жок, жалгыз калган жесирлер болсо бар үмүтүн Кудайга артып, Андан жардам сурап, күнү-түнү сыйынып турушу керек.

6 Бул жашоонун жыргалчылыгын гана ойлогон жесир көзү тирүү турганы менен, өзү өлүк.

7 Жесирлер эл алдында кынтыксыз болсун үчүн аларга менин ушул насаатымды айт.

8 Ал эми ким жакындарынын, өзгөчө өз үй-бүлөсүнүн камын көрбөсө, ал динбезер жана Кудайга ишенбеген адамдан да жаман.

9 Жесирлердин тизмесине жашы алтымыштан ашкан, күйөөсүнүн алдында өзүн таза сактаган жесирлерди киргиз.

10 Алар ошондой эле өздөрүнүн жакшы иштери, балдарын жакшы тарбиялап өстүргөнү, конок тосо билген меймандостугу, момундук менен ыйыктарга кызмат кылганы, бей-бечараларга жардам бергени жана өздөрүн ар кандай жакшылык иштерди кылууга арнагандыгы менен таанымал болушу керек.

11 Ал эми жашыраак жесирлерди тизмеге кошпой эле кой, себеби дене кумарына жетеленип, турмушка чыккысы келгенде, алар өздөрүн Машаякка арнагандыгынан баш тартып да коюшат.

12 Натыйжада Машаякка берген убадасынан кечип, айыпталышат.

13 Бул гана эмес, убактысын жумуш кылбай, бекерчиликте өткөрүп, үйдөн-үйдү кыдырууну адатка айландырып алышат. Мунусу аз келгенсип, ушак таратып, башкалардын иштерине кийлигишишет да айтылбай турган нерселерди айтышат.

14 Андыктан, душмандарыбыз бизге тил тийгизбесин үчүн, жаш жесирлердин кайрадан турмушка чыгып, балалуу-чакалуу болуп, үй-жайын караганы оң деп эсептейм.

15 Ансыз деле кээ бири эбак эле туура жолдон тайып, шайтанды ээрчип кетишти.

16 Ишенген аялдардын кимисинин жесир калган тууган-туушкандары болсо, аларды жыйынга жүк кылбай, өздөрү жардам беришсин. Багар кишиси жок жесирлер гана жыйындын кароосунда болууга тийиш.

17 Үзүрлүү эмгек өтөп, жыйынды жакшы башкарган жетекчилер, айрыкча насыят айтуу менен окутуу жаатында талыкпай иштегендер, өзгөчө урмат-сыйга жана кылган кызматына ылайык акы алууга татыктуу.

18 Себеби Ыйык Жазууда «Эгин басып жаткан өгүздүн оозун калкалаба» жана «Жумушчу өз маянасын алууга акылуу»деп айтылган.

19 Эки же үч күбө болмоюн, жыйын жетекчилерине карата айтылган айыптоолорго кулак салба.

20 Күнөө кылууну адат кылып алгандарга элдин көзүнчө сөгүш бер. Мындай кылсаң, калгандары да күнөө кылуудан коркуп калышат.

21 Кудайдын Өзүн, Эгебиз Ыйса Машаякты жана касиеттүү периштелерди күбө салып, сага катуу эскертем: айткандарымдын бирин да калтырбай сактап, эч кимди башкалардан артык көрбө да, эч нерседе бир жактуу болбо.

22 Кол коюп сыйынуу менен тигил же бул адамды Эгебизге кызматчы кылып дайындаганыңда ашыкпа. Антпесе анын кылган күнөөсүнө сен да жооптуу болосуң. Эч кимдин күнөөлүү иштерине катышпа. Өзүңдү пакиза сактап жүр.

23 Оорулуу ашказаның менен тез-тез кармап калчу сыркоолоруң үчүн суу гана эмес, бир аз шарап да ичип жүр.

24 Бирөөлөрдүн күнөөсү азыртан, кыямат кайым боло электе эле көзгө көрүнүп турса, башкаларыныкы кийин гана ачыкка чыгат.

25 Анын сыңары, кылынган жакшылык да же дароо эле ачык көрүнөт, же азыр ачык көрүнбөгөнү менен баары бир белгисиз калбайт.

6

1 Кимдир бирөөнүн кулу болгондордун баары, эгерде Кудайдын атына жана биз тараткан окутууга тил тийгизбейли десе, өз төрөлөрүнө бардык жагынан урмат-сый көрсөтүшсүн.

2 Кимдин төрөсү Машаякка ишенген киши болсо, андайлар ээсинин ишенимдеш болгонуна шылтап беделин түшүрүшпөсүн. Андан көрө, ээсинин сүйүктүү боордош экенин билип, ага кайра көбүрөөк дитин коюп кызмат кылышсын. Боордошторуңа мына буларды насаатта.

3 Кимде-ким Эгебиз Ыйса Машаяктын калтырган акыйкат сөздөрүнө жана Кудайга жаккандай жашообузга негиз болчу таалимге макул болбостон, мен насааттап жаткандарымдан бөлөк нерселерди окутса,

4 анда ал көөдөнүн көтөрүп, чындыктын жытын да билбегени. Андайлар үчүн сөзгө асылып талашып-тартышуу менен чатакташуу өзүнчө эле кумар болуп калган. Анткендери болсо кызганыч, жаңжал, жамандашуу, шектенүү гана туудуруп,

5 акылынан айнып, чындыкты унуткан адамдардын түгөнгүс айтышууларынан башка эч нерсеге алып келбейт. Алардын ойлогону Кудайга жармашып, байлыкка жетүү.

6 Албетте, колубузда барына ыраазы болгонго үйрөнсөк, Кудайга ишенгенибиз бизди чыныгы байлыкка ээ кылат.

7 Адам баласы жарык дүйнөгө жылаңач келип, жылаңач кетет эмеспи.

8 Андыктан жээр тамагыбыз, киер кийимибиз бар болсо, ошого каниет кылалы.

9 Жанакы ач кулкумун ойлогондор болсо азгырыкка кирип, өз кумарынын тузагына түшүштү да, акылынан ажырап, өздөрүнө зыян келтирүүдө. Кылган күнөөлөрү аларды апат болор жерге сүйрөп, акыры биротоло ойрон кылат.

10 Анткени бардык күнөөнүн түбү — дүнүйөкорлукта. Кээ бирөөлөр байлыктын артынан сая түшүштү да, ишеним жолунан адашып, баштарына канчалаган кайгыларды үйүштү.

11 Сен болсо, Тиметей, Кудайдын өкүлү экениңди унутпай, булардын баарынан оолак бол. Андан көрө, жан-дилиң менен Кудайга берилүүгө, Ага жаккандай өмүр сүрүүгө, Машаякка болгон ишенимиңди арттырууга, мээримдүү болууга, кыйынчылыктарга алдырбоого жана башкалардын алдында кичи пейил болууга умтул.

12 Туткан ишенимиң үчүн күчүңдүн барынча күрөшүп, түбөлүк өмүр байгесин ут. Кудай сени дал ушундай өмүргө ээ болсун деп чакырган. Канча деген адамдар өз ишенимиңди жалтанбастан ачык жарыялаганыңа күбө болушту.

13 Бардыгына өмүр берген Кудайдын алдында жана Понтий Пилатка алынып келингенде кайраттуулук менен ишенимин ачык жарыялаган Ыйса Машаяктын алдында сага буюрам:

14 берген көрсөтмөлөрүмдү Эгебиз Ыйса Машаяктын келер күнүнө чейин бек карманып, эч ким айыптай албагандай так аткарып жүр.

15 Жеткенде белгиленген мезгил-сааты,"Көрсөтөт бардыгына Машаякты"Бирден-бир даңазалуу Башкаруучу,"Бүтүндөй падышалар Падышасы,"Бүтүндөй эгелердин Эгедери,

16 Бирден-бир түбөлүккө Бар болуучу;"Ал турат эч ким жеткис жарык-нурда,"Эч качан адам Аны көргөн эмес,"Ал турсун, көрүүгө да дареметсиз."Урмат-даңк, түбөлүккө күч-кудурет,"Бардыгы — жалгыз Ага! Оомийин.

17 Колунда ушул дүйнөнүн байлыгы барларга эскертип кой: менменсинбесин да, өтүп кетер байлыгына ишенбей, андан көрө, жыргалчылыгыбызды ойлогон, бизге ырыс-кешигин үзбөй берип турган айкөл Кудайыбызды медер тутушсун.

18 Жакшылык кылып, жакшы иштерге байышсын деп буюр. Жоомарт болуп, колунда барын башкаларга берүүгө даяр болушсун.

19 Ошондо алар келечегинин бекем пайдубалы болор чыныгы дөөлөттү топтоп, түбөлүк өмүрдү энчилешет.

20 Тиметей, өзүңө ишенип тапшырылгандын баарын сактап жүр. Келжирек, кесир сөздөрдөн жана жалган «билимпоздуктан» келип чыккан талаш-тартыштардан оолак бол.

21 Кээ адамдар ошол өңдүү «билимге» берилип кетип, акыры өздөрү ишеним жолунан адашып калышты. Кудайым баарыңа ырайым кылсын!