1 Кудай Атабыз менен Эгебиз Ыйса Машаяктын Тесалоника шаарындагы жыйынына Пабыл, Сила жана Тиметейден дубай салам!
2 Кудай Атабыз менен Эгебиз Ыйса Машаяк силерге ырайым этип, тынччылык берсин!
3 Боордоштор, ишенимиңер ушунча өсүп, бири бириңерге болгон сүйүүңөр барган сайын артып баратканын көрүп, силер үчүн ар дайым Кудайга ыраазычылык билдирип турбасак калыстык болбос.
4 Ошондуктан биз өзүбүз Кудай жыйындарында силер жөнүндө, куугунтуктар менен башыңардан өткөргөн кыйынчылыктардын баарын чыдамкайлык менен көтөрүп, ишенимден жазбай келатканыңар жөнүндө сыймыктануу менен айтып жүрөбүз.
5 Мунун баары Кудай сотунун калыстыгын айгинелеп турат: Кудай Падышалыгында болууну тандап алганыңар үчүн азап чегип жаткан силер ага кирүүгө татыктуу болосуңар.
6 Өзүнүн адилеттүү өкүмүн чыгарып, Ал силерге азап жедиргендердин өздөрүн азап жедирет.
8
7 Ал эми кыйналып жаткан силерге биз менен бирге тынччылык берип, жай алдырат. Бул Эгебиз Ыйса жалындаган от менен Өзүнүн кудуреттүү периштелеринин коштоосунда көктөн түшүп келгенде болот. Ал Кудайды таануудан баш тарткандардын жана Эгебиз Ыйса жөнүндөгү Жакшы Кабарды этибар албагандардын сазайын колдоруна берет.
9 Алардын жазасы — Эгебизден биротоло ажырап, Анын улуулугунан алыстатылып, түбөлүк апат болуу.
10 Эгебиз кайткан ошол күнү Анын ыйыктары, Ага ишенгендердин баары чогулуп, эбегейсиз сулуулугуна суктанып даңазалашат. Өзүбүз күбөгө өтүп, айтып берген Жакшы Кабарды ишенип кабыл алган силер да алардын арасында болосуңар.
11 Кудай силерди Өзү чакырган жашоого татыктуу кылып, кудурети менен колдоп, жасайын деген ар бир жакшылыгыңарды иш жүзүнө ашырып, ишенимге таянып кылган ар бир ишиңерди аягына чыгарып берсин деп тилеп, тынбай сыйынып турганыбыздын себеби мына ушунда.
12 Ошентип Кудайыбыз жана Эгебиз Ыйса Машаяктын ырайымы менен Эгебиз Ыйсанын ысмы силер аркылуу, силер болсо Ал аркылуу даңкталасыңар.
1 Эми, боордоштор, Эгебиз Ыйса Машаяктын келерине жана биздин чогулуп, Аны тосуп чыгарыбызга байланыштуу өтүнөрүбүз бул:
2 бизди пайгамбарчылык кылып, же жыйындан сөз айтып жатып, же болбосо кат жиберип, Эгебиздин кайтар күнү келип калганын айтты деген каңшаар уксаңар, дал болуп, алдастап, дүрбөлөңгө түшпөгүлө.
3 Эч ким бир амалын таап, силерди алдап кетпегидей болсун. Анткени Эгебиз кайтардан мурун, эң алды Кудайга каршы козголоң башталып, Кудай мыйзамынын каршылашы, ойрон боло турган адамдын жүзү ачылууга тийиш.
4 Ал кудай делинген же адам баласы табынган нерселердин бардыгына каршы туруп, өзүн алардан жогору коюп, ал турсун Кудайдын ийбадатканасында отуруп алып, өзүн Кудай деп жарыялайт.
5 Мунун баарын араңарда болгонумда эле эскертип айтып жүргөнүм эсиңердеби?
6 Кудай мыйзамына каршы чыгар адамды азырынча, жогорудан коюлган убакыт-саат келгичекти, кандай кудурет-күч ачыкка чыгарбай, кармап турганын силер билесиңер.
7 Бирок адамдарды Кудай мыйзамына каршы тургузар күч өз жашырын ишин күн мурунтан эле жүргүзө баштаган. Убагы келгенде, аны кармап турган күч арадан алынып ташталат.
8 Ошондо Кудай мыйзамына каршы турчу адамдын жүзү ачылат. Бирок Өзүнүн кайтар күнүндө Эгебиз Ыйса аны оозунан чыккан бир илеп деми, жаркыраган улуулугу менен кыйратып жок кылат.
9 Мыйзам каршылашын шайтан алып келет. Ал шайтандын кудурет-күчүнө бөлөнүп, бардык жалган жышаандар менен шумдуктарды көрсөтөт.
10 Ар кандай адилетсиз иштерди жасап, ошонусу менен апат боло тургандарды азгырыкка салат. Алардын апат болорунун себеби өздөрүн куткарчу чындыкты жактырбай, андан баш тарткандыгында.
12
11 Дал ошон үчүн, чындыкка ишенбестен, адилетсиздикти жактыргандардын баары жазага тартылсын үчүн, Кудай аларды жалган нерсеге ишенгендей кылып коёт.
13 Ал эми биз, Эгебиздин мээри түшкөн боордоштор, силер үчүн Кудайга дайыма алкыш айтып турушубуз керек. Анткени Кудай башынан эле силерди Өзүнө тандап алып, Рух менен ыйыктап, чындыкка ишендирип, куткарылууга жол сызып койгон.
14 Дал ушул себептен Ал силерди Эгебиз Ыйса Машаяк менен кошо даңкталсын үчүн биз жеткирген Жакшы Кабар аркылуу Өзүнө чакырып алды.
15 Ошондуктан, боордошторубуз, туруктуу болуп, биз силерге сөз аркылуу же кат аркылуу окуткандарыбызды бекем кармангыла.
17
16 Эми болсо Эгебиз Ыйса Машаяктын Өзү жана бизге мээримин төгүп, Өз ырайымы боюнча бизге түгөнгүс жигер менен үзүлбөс үмүт берген Кудай Атабыз силерди жигерлентип, качан болсо да жакшылык кылгыдай, жакшы сөз айткыдай кайрат берип турсун.
1 Акырында, боордоштор, Эгебиздин сүйүнүчтүү кабары тез жайылып, бардык жерлерде силердегидей зор урмат-сый менен кабыл алынсын деп, бизге Кудайдын батасын тилеп сыйынууңарды өтүнөбүз.
2 Кудайыбыз бизди ниети бузук, карасанатай адамдардан сактасын деп да сыйынып тургула, себеби ишеним баарында эмес.
3 Бирок Эгебиз — ишенимдүү. Ал силерге кайрат берип, азгыруучудан сактайт.
4 Силер ишенимдүү болуп буйругандарыбызды мурда кандай аткарып келсеңер, мындан ары да так аткарып жүрөрүңөргө Эгебиз бизди толук ынандырды.
5 Эгебиз Өзү ой-сезимиңерди Кудайдын мээримине мурдагыдан да көбүрөөк буруп, Машаяктыкындай чыдамкайлык берсин.
6 Эми, боордоштор, силерге Эгебиз Ыйса Машаяктын атынан берер буйругубуз бул: боордошторуңардын бекерчиликте күн өткөрүп, берген таалимибизди жашоосунда колдонбогондордун ар биринен оолак болгула.
7 Бизден үлгү алып турушуңар керек экенин өзүңөр жакшы билесиңер го. Анткени араңарда болгондо, биз да бош жүрбөдүк,
8 эч бириңердин наныңарды да бекер жеген жокпуз. Анын ордуна, эч кимге жүк болбойлу деп, кара терге түшүп, күн-түн дебей мээнет кылдык.
9 Биз силерден жардам алууга акыбыз жоктугунан эмес, тек гана бизди туурасын деп, силерге үлгү көрсөтүш үчүн ушинткен элек.
10 Жаныңарда жүргөнүбүздө эле силерге: иштебеген тиштебесин деп буйрук бергенбиз.
11 Муну айтып жатканыбыздын себеби, кээ бириңердин башкалардын ишине кийлигишкенден башка эч пайда-батасы жок, бекер эле басып жүргөндөрүн уктук.
12 Эми болсо ошенткендерге Эгебиз Ыйса Машаяктын атынан буйруганыбыз да, алардан өтүнөрүбүз да бул: эч кимдин тынчын албай иштегиле да, наныңарды өз маңдай териңер менен таап жегиле.
13 Силер болсо, бооордошторубуз, талбай жакшылык кылгыла.
14 Эгерде кимде-ким ушул катта жазгандарыбызды укпай койсо, андай адамды ичтен белгилеп коюп, уяткарыш үчүн, аны менен мамиледе болбогула.
15 Бирок кантсе да, аны душман көрбөй, боордошчо эскертип койгула.
16 Тынчтыктын булагы болгон Эгебиз силерге бардык учурда, ар кыл жол менен Өз тынччылыгын берсин. Баарыңарга Эгебиз жар болсун!
17 Мен, Пабыл, бардык каттарымдагыдай эле, ушул саламымды да менден экенин көрсөтүш үчүн өз колум менен жаздым. Мен дайыма ушинтем.
18 Эгебиз Ыйса Машаяк баарыңа ырайым кылсын!