1

1 Кудай Атабыз менен Эгебиз Ыйса Машаяктын Тесалоника шаарындагы жыйынына Пабыл, Сила жана Тиметейден дубай салам!"Кудайбыз силерге ырайым этип, тынччылык берсин!

1

3

2 Ишенимиңерге таянып иштегениңерди, сүйүүңөрдү көрсөтүп эмгектенгениңерди жана Эгебиз Ыйса Машаякты медер тутуп, бардыгына чыдап келатканыңарды эсибизден чыгарбай, Кудай Атабызга сыйынганыбызда, дайыма силерди эстеп, Ага бардыгыңар үчүн тынбай ыраазычылыгыбызды билдирип турабыз.

4 Кудайдын мээри түшкөн боордошторубуз, биз силерди Кудай Өзүнө тандап алганын билебиз,

5 анткени силерге Жакшы Кабарды сөз менен гана эмес, зор ишеним жана Ыйык Рухтун кудурети менен жеткиргенбиз. Араңарда жүргөнүбүздө өзүбүз эмне кылып, кандай жашаганыбыз да силерге маалым.

6 Силер бизден жана Эгебизден үлгү алып, ушунча кыйналып-кысталганыңарга карабастан, айткандарыбызды Ыйык Рух берген кубаныч менен кабыл алдыңар.

7 Ошондуктан өзүңөр да Македония жана Ахая аймактарындагы бардык ишенгендер үчүн өрнөк болдуңар.

8 Силер аркылуу Эгебиз жөнүндөгү кабар бүтүндөй Македония менен Ахаяга жар салынып, ал гана эмес, Кудайга болгон ишенимиңер да бардык жерлерде белгилүү болду. Андыктан эми бир нерсе деп кошумчалоонун да кажети жок.

10

9 Силерге барганыбызда, бизди кантип тосуп алганыңар, буркандарыңарды таштап, бирден бир чын жана тирүү Кудайга кайрылганыңар, Ага кулдук уруп, кызмат кылганыңар жана Анын өлгөндөрдөн тирилтип алган Уулу Ыйсанын кайтып келишин күтүп жатканыңар эл арасында ооздон оозго айтылып жүрөт. Ал эми Кудайдын Уулу Ыйса бизди Анын келечектеги каарынан куткарат.

2

1 Боордоштор, силерге келип кеткенибиз натыйжасыз болбогонун өзүңөр жакшы билесиңер.

2 Ошонун алдында эле, өзүңөр билгендей, биз Филипия шаарынан жапа чегип, кордук көргөн элек. Бирок Кудай колдоп, бардык каршылыктарга карабастан, силерге Анын Жакшы Кабарын таратууга батындык.

3 Силерге чындыктан адашканыбыздан же кандайдыр бир арам ой менен, же болбосо кытмырлыктан акыл-насаат айтып жаткан жокпуз.

4 Тескерисинче, Кудай Өзү ишенимдүү деп таап жиберген жакшы кабарчылар катары, качан болбосун, Кудайдын эркине ылайык сүйлөп келатабыз. Биздин каалаганыбыз — адамдын көңүлүн алуу эмес, бардык ниетибизди сынап билген Кудайга жагуу.

5 Өзүңөр билгендей, биз көшөкөрлөнүп, же болбосо керт башыбыздын пайдасын издегенибизди жашырып-жаап амалкөйлөнгөн жокпуз. Буга Кудай Өзү күбө.

6 Силерден да, башкалардан да, дегеле адам аттуу эч кимден атак издеген жокпуз.

7 Машаяктын элчилери катары кадырыбызды салып, кам көрүүңөрдү талап кылууга акыбыз болсо да, кайра анын ордуна, араңарда жүргөнүбүздө, баласын бапестеген эне сымал мээримдүү болдук.

8 Жүрөгүбүз элжиреп, жаныбыздан артык көргөн силерге Кудайдын Жакшы Кабарын гана эмес, силер үчүн өмүрүбүздү берүүгө даяр элек!

9 Боордоштор, араңарда экенибизде болгон күчүбүздү аябай иштеп жүргөнүбүз дале эсиңердедир; Жакшы Кабар таратып жатып эч бириңерге жүк болбойлу деп, күн-түн дебей эмгектенген элек.

10 Айткандарыбызды ишенип кабыл алган силердин алдыңарда өзүбүздү канчалык кынтыксыз, таза жана адил алып жүргөнүбүзгө силер да, Кудай да күбө.

11 Анткени өзүңөр билгендей, атасы баласына кандай мамиле кылса, биз да ар бириңерге ошондой мамиле кылып,

12 Өз Падышачылыгы менен улуулугуна чакырган Кудайдын алдында татыктуу жашоого үгүттөп, шыктандырып, ошондой кылууңарды силерден жалынып суранган элек.

13 Кудайга тынбай алкыш айтып турганыбыздын дагы бир себеби, Анын Жакшы Кабарын айтып келгенибизде, силер аны адамдын сөзү катары эмес, Кудай сөзү катары кабыл алдыңар. Бул чынында ошондой. Ишенип калган силерде ал сөз эми өз ишин кылып жатат.

14 Анткени, боордошторубуз, Иудеядагы Ыйса Машаяктын жолун жолдогон Кудай жыйындары иудейлерден жапаа чеккен сыяктуу, силер дагы өз жердештериңерден жапаа чектиңер.

16

15 Ал жактагы иудейлер Ыйса Машаякты жана Кудай пайгамбарларын өлтүрүшүп, эми бизди да куугунттукка алышты. Башка улуттагыларга Кудайдын кыямат кайымдагы жазасынан куткара турган сөздү айтканыбызга тоскоол болуп, ошону менен Кудайга жакпаган иш жасап, бардык адамдарга каршы чыгып жатышат. Кылган күнөөлөрү баштарынан ашып, акыры алар Кудайдын каарына калышты!

17 Биз болсо, боордоштор, кеткенибизден бери аз эле убакыт өтсө дагы (албетте, өзүбүз жаныңарда болбосок да, көңүлүбүз ар дайым силер менен), сагынганыбыздан куса болуп, силерди кайрадан көрүүгө ынтызарландык.

18 Кайткыбыз келип, мен өзүм буга канча ирет аракет кылып көрдүм. Айла канча, шайтан жолумду бөгөдү да калды.

19 Анткени биздин үмүтүбүз, кубанчыбыз жана Эгебиз Ыйса келгендеги сыймыгыбыз силер эмей, ким?

20 Ырасында биздин көзгө басар сыймыгыбыз, кубанчыбыз силерсиңер.

3

1 Акыры айлабыз кеткенде, өзүбүз Афин шаарында калып, биз менен кошо Машаяк жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратышып, бизге окшоп Кудайдын кызматчысы болгон боордошубуз Тиметейди силерге жиберүүнү чечтик. Минткенибиздин максаты, эч бириңер кыйналганынан улам артка чегинбесин деп, жигериңерге жигер кошуп, ишенимиңерди бекемдөө эле. Кыйынчылык көргөнүбүз да жазуу-буйрук экенин силер өзүңөр билесиңер.

2

3

4 Баарыбыз башыбыздан кыйынчылык өткөрөрүбүздү мурунтан эле айтып жүргөнбүз. Өзүңөр билгендей, бардыгы так биз айткандай болуп чыкты.

5 Мына ушул себептүү, силерден эч дайын болбогондуктан айлам кетип, азгыруучу силерди ак жолдон адаштырып, жумшаган мээнетибиз текке кетпегей эле деп, ишенимиңер жөнүндө билип келүүгө Тиметейди жөнөткөн болчумун.

6 Мына эми Тиметей да кайтып, ишенимиңер менен сүйүүңөр жөнүндө сүйүнүчтүү кабар алып келди. Ал силердин биз жөнүндө дайыма жакшы ойдо болгонуңарды жана, бизге окшоп, көрүшүүгө ынтызар экениңерди айтты.

7 Ошентип, боордоштор, канча деген азап-тозокторду тартып жатканда силер тууралуу укканыбыз жаныбызды жубатып, ишенимиңер бизге кайрат берди.

8 Эгебиз менен биримдикте бекем турганыңар алдыбызга өбөк, аркабызга жөлөк болду.

9 Эми Кудайга сыйынганыбызда, Ага силер үчүн, бизди ушунчалык кубандырып жатканыңар үчүн алкышыбызды айта алабыз.

10 Ишенимиңерге эмне жетпей турса, ошону толукташ үчүн силер менен кайрадан жолуктурсун деп, Кудайдан күнү-түнү жалынып, тилеп жатабыз.

11 Эми Кудай Атабыз Өзү жана Эгебиз Ыйса силерге барууга жол бергей эле!

12 Силерге болгон сүйүүбүз уламдан улам күч алган сыяктуу, Эгебиз силердин да бири бириңерге жана бардык адамдарга болгон сүйүүңөрдү өстүрүп, арттыра берсин.

13 Ошондо Ал силерди кубаттап, Эгебиз Ыйса Өз ыйыктары менен келгенде, силер Кудай Атабыздын алдында эч кынтыгы жок, ыйык болосуңар. Оомийин.

4

1 Акырында, боордоштурубуз, Эгебиз Ыйсанын атынан өтүнүп суранарыбыз бул. Канткенде Кудайга жаккандай өмүр сүрөрүңөрдү силер бизден үйрөнүп, дал ошондой жашап келатасыңар. Мындан ары да арышыңардан жазбай, ушул жолдо алгалай бергиле.

2 Эгебиз Ыйсанын эрки менен айткан акыл-насаатыбызды силер жакшы билесиңер.

3 Кудай силерге Анын алдында адал өмүр сүрүп, жыныстык бузукулуктан оолак болууну буюрган.

5

4 Кудайды тааныбаган элдерге окшоп жанкумарга берилбестен, ар бириңер аял алгыла да, аны менен болгон карым-катнашыңарды таза сактап, бири бириңерди урматтап жашагыла.

6 Ошондуктан туура эмес жолго түшпөгүлө да боордошторуңарга кыянаттык кылбагыла. Мурда эле силерге катуу эскертип айтканыбыздай, Кудай минткендердин сазайын колдоруна берет.

7 Кудай бизди адепсиздикке эмес, ыйык өмүр сүрүүгө чакырган.

8 Андыктан кимде-ким ушунун баарын этибарга албаса, ошону менен адамды эмес, силерге Ыйык Рухун ыроологон Кудайды этибарга албаган болот.

9 Боордоштордун ортосундагы мээримдүү мамиле жөнүндө болсо силерге жазуунун эч кажети жок, себеби бири бириңерге мээримдүү болууну силерге Кудай Өзү үйрөткөн.

11

10 Македония аймагындагы бардык боордошторуңарга мээримдүү болгонуңар да калетсиз. Бирок биздин өтүнгөнүбүз бул, боордоштор, сүйүүңөрдү арттырып, тынч жашоого умтулгула. Биз насыят кылгандай, өз ишиңерди кылып, өз жаныңарды өзүңөр баккыла.

12 Ошондо башкалардын урмат сыйына да татып, эч кимге көз каранды да болбойсуңар.

13 Боордоштор, үмүтү үзүлгөн немелердей кайгыртпаш үчүн, силерди көзү өтүп кеткендер келечекте эмне болорунан кабарсыз калтыргыбыз келбейт.

14 Биз Ыйсанын өлүп, кайра тирилгенине ишенебиз. Андай болсо, Ыйсага ишенип бул дүйнөдөн өтүп кеткендерди да Кудай Ыйса менен кошо алып кетери биз үчүн анык.

15 Эгебиздин Өз сөзүнө таянып айтарыбыз бул: Эгебиз кайтып келген кезде, көзү тирүүлөрүбүздүн бул дүйнөдөн мурда өтүп кеткендерден эч артыкчылыгыбыз болбойт.

16 Анткени Эгебиз Өзү буйрук берип, башкы периштенин чакырган үнү угулат да, Кудай сурнайынын добушу жаңырып, Эгебиз көктөн түшүп келет. Ошондо Машаякка ишенип бул дүйнөдөн өтүп кеткендер биринчи болуп тирилишет.

17 Андан кийин биз, ошол мезгилде али көзү тирүүлөр, Эгебизди тосуп алыш үчүн алар менен чогуу булуттарга алынып, асманга көтөрүлөбүз. Ошентип түбөлүккө Эгебиз менен бирге болобуз.

18 Бири бириңерге мына ушу сөздөрдү айтып, кайрат берип тургула.

5

1 Бирок, боордоштор, мунун баары качан, кайсы мезгилде болорун силерге жазуунун кажети жок.

2 Түн жамынып келген ууруга окшоп, Эгебиздин кайтар күнү да күтүлбөгөн жерден келерин силер өзүңөр да жакшы билесиңер.

3 Аялдын толгоосу капысынан башталгандай эле, бул апат да «бардыгы тынч, эч коркунуч жок» деп бейкапар отурган элдин башына күтүүсүздөн түшөт да, андан эч ким качып кутула албайт.

4 Бирок боордоштор, караңгылыкта жүрбөгөн силерди Эгебиздин кайтар күнү капысынан келген уурудай аң-таң калтырбашы керек.

5 Силер баарыңар күндүзгү жарыкта жүрөсүңөр. Биздин түн караңгылыгына эч тиешебиз жок.

6 Андай болсо, биз башкаларга окшоп уктап калбай, сергек жана эстүү болушубуз керек.

7 Анткени уктар киши түн ичинде уктайт. Мас болор киши түн ичинде мас болот.

8 Бирок биз күндүзгү жарыкта жүргөн соң, эстүү бололу. Үстүбүзгө ишеним менен сүйүүнүн соот кийимин киели да куткарылабыз деген үмүт башыбызга туулга болсун.

9 Кудай бизди Өз каарына калтырыш үчүн эмес, Эгебиз Ыйса Машаяк аркылуу куткарып алыш үчүн тандап алган.

10 Ал кайтып келгенге чейин тирүү болобузбу же бул дүйнөдөн өтүп кетебизби, түбөлүккө Аны менен бирге болушубуз үчүн Машаяк Өз жанынан кечкен.

11 Ошондуктан мындан ары да бири бириңерге жигер берип, ишенимде бири бириңерге өбөк болгула.

12 Дагы да суранарыбыз бул, боордошторубуз, араңарда эмгектенип, силерди Эгебиздин жолуна баштап, акыл-насаатын айтып тургандарга урмат-сый көрсөткүлө.

13 Кылган ишине ылайык өзгөчө кадырлап, аларга мээримдүү болгула. Өз ара ынтымакта жашагыла.

14 Боордоштор, өтүнөбүз, жатып ичер жан бактыларды эскерткиле, батымы жокторго кайрат бергиле, алсыздарды колдогула, бардыгына сабырдуу болгула.

15 Байкагыла, бириңер да жамандык кылгандарга кайта жамандык кылбагыла. Андан көрө, бири бириңерге да, өзгөлөргө да дайыма жакшылык кылууга умтулгула.

16 Дайым кубангыла.

17 Тынбай сыйынып тургула.

18 Бардык жагдайда Кудайга ыраазычылык гана билдирип тургула. Кудайдын Ыйса Машаякка ишенген силерге буюрганы ушул.

19 Ыйык Рухту өчүрбөгүлө.

20 Пайгамбарчылыктарды барктай билгиле.

21 Бардыгын сынап көрүп, жакшысын гана колдонгула.

22 Ар кандай жамандыктан оолак болгула.

23 Тынччылык булагы болгон Кудай силерди бардык жагынан Өзүнө окшоштуруп, рухуңар менен жан-тениңерди Эгебиз Ыйса Машаяктын келер күнүнө дейре толугу менен кынтыксыз сактасын.

24 Силерди Өзүнө чакырган Кудай ишенимдүү. Ошондуктан Ал мунун баарын орундатат.

25 Боордоштор, биз үчүн да сыйынып тургула.

26 Боордошторуңар менен көрүшкөндө, мээримдүүлүк менен бетинен сүйүп учурашкыла.

27 Эгебиздин атынан көптөн көп өтүнөм, колуңардагы катты боордошторуңардын баарына окуп берсеңер.

28 Эгебиз Ыйса Машаяк силерге ырайым кылсын.