1

1 Кудайдын каалоосу менен Ыйса Машаяктын элчиси болгон Пабыл жана боордошубуз Тиметей

2 Колостогу ыйыктарга — Машаяк менен тыгыз алакада жүргөн ишенимдүү боордошторго салам айтат. Силерге Кудай Атабыз ырайым кылып, тынччылыгын берсин.

3 Биз силер үчүн сыйынган сайын Кудайга — Эгебиз Ыйса Машаяктын Атасына дайыма ыраазычылык айтабыз,

4 себеби Ыйса Машаякка ишенип, ыйыктардын баарын сүйгөнүңөр жөнүндө уктук.

5 Ал эми ушул ишенимиңер менен сүйүүңөр асманда өзүңөргө даярдалгандан үмүт кылган үчүн жаралды. Бул тууралуу силер алгач Кудайдын нукура кабары — Жакшы Кабар келгенде уккансыңар.

6 Ушул кабар бүт дүйнө жүзүнө жеткендей, силерге да жетти. Ал бардык жерде, Кудайдын ырайымы жөнүндө угуп, чыныгы түшүнүккө келген күндөн бери силерде да жемишин берип, өсүп келатат.

7 Мындай таалимди силер бизге окшогон сүйүктүү кул Эпафрастан уктуңар. Ал — Машаяктын силер үчүн эмгектенип жүргөн ишенимдүү кызматчысы.

8 Ыйык Рухтун силерге сүйө турган касиет бергенин бизге ошол айтып берди.

9 Андыктан муну уккан күндөн бери биз силер үчүн үзбөй сыйынып келебиз. Кудайдын каалоосун толук билип, өтө акылдуу жана рухий көрөгөч болууңарды дайыма тилеп келатабыз.

10 Ошондой эле Эгебизге жаккандай, Аны ар убак ыраазы кылгыдай жашап, адал иштин баарында эмгегиңердин үзүрү кайтып, Кудайды улам тереңирээк биле берсин деп да тилеп келебиз.

11 Ар дайым көтөрүмдүү жана чыдамдуу болуу үчүн, Анын улуу кудуретинен түгөнгүс кубат алып, кубанып,

12 Атабызга шүкүрчүлүк келтирсин деп сыйынабыз. Анткени Ал бизди ыйыктары мураска ала турган жарыктан үлүш алууга татыктуу кылды.

13 Ал бизди караңгылыктын бийлигинен бошотуп, Өзүнүн сүйүктүү Уулунун Падышалыгына киргизди.

14 Ал аркылуу биз азаттыкка жана кечиримге ээбиз.

15 Ал — көрүнбөс Кудайдын туңгуч уулу жана бейнеси. Ал жаратылыш аталгандын баарынан жогору турат.

16 Анткени Ал аркылуу баары: асмандагы да, жердеги да, көзгө көрүнгөнү да, көрүнбөгөнү да: Тактыдагылар, Өкүмдарлар, Жетекчилер жана Бийликтегилер да жаратылган. Бардыгы Ал аркылуу жана Ал үчүн жаратылган.

17 Ал баарынан жогору, бардыгы Ал аркылуу кармалып турат.

18 Ал дененин башы, башкача айтканда, жыйындын башчысы. Ал башталыш, бардыгында эң жогорку болуу үчүн өлгөндөрдөн кайра тирилген туңгуч уул,

19 себеби Кудай бүт табияты менен Машаякта жашаган.

20 Кудай Машаяк аркылуу асман, жердегинин баарын Өзү менен элдештирди. Анын айкаш жыгачта аккан каны аркылуу баары менен тынчтык келишимин түздү.

21 Ошентип, бир кезде ниети бузуктуктан, ыплас иштердин айынан Кудайдан алыстап, Ага душман болгон силерди

22 эми Машаяктын жердик денеси, өлүмү аркылуу Өзү менен жараштырды. Силерди Өз алдына ыйык, кемтиксиз жана айыпсыз кылып алып келүү үчүн муну жасады.

23 Эгер мындан ары да ишенимдин бузулгус да, урагыс да пайдубалында туруп, Жакшы Кабар жандырган үмүттөн тайбасаңар гана ушундай кылмакчы. Силер ал Жакшы Кабарды уктуңар — ал асман алдындагы жаралгандын баарына айтылган жана мен, Пабыл, анын кызматчысы болдум.

24 Азыр силер үчүн кыйынчылык тартып жатканыма кубанып, Машаяктын Өз денеси — жыйын үчүн тарткан азабынын жетпей калган өлчөмүн денем менен толуктап жатам.

26

25 Мен Кудайдын тапшырганын аткаруу үчүн жыйын кызматчысы болдум: Ал мага Кудай Сөзүн — кылым карытып бүт муундардан жашырылып келген сырды силерге кабарлоону буюрду. Азыр ал сыр Анын ыйыктарына айтылып олтурат.

27 Кудай ыйыктарына бул улуу сырдын атак-даңкы эврей эместер үчүн кандай чоң экенин көрсөткүсү келди. Ал сыр өзү мындай: Машаяк силердин ичиңерде жашайт, андыктан асмандагы атак-даңкка чулганган Кудайды көрөбүз деген үмүтүңөр бар.

28 Ар бир жанды Машаяк менен тыгыз байланышта, рухий жактан зирек кылып Кудай алдына алып келүү үчүн аларга Машаяк жөнүндө айтабыз. Ар бир адамга болгон акылмандык менен насаатты айтып, таалимди беребиз.

29 Менин өзүмө зор кубат берген Машаяктын күчү менен мына ушул максат үчүн катуу эмгек кылып да, күрөшүп да келемин.

2

1 Силер менен лаодикиялыктар үчүн жана дегеле мени көрбөгөндөр үчүн кандай айыгышкан кармашта жүргөнүмдү билсеңер дейм.

2 Бири бириңерди сүйүп, биримдикке келсеңер жана билимден келген, бүткүл байлыкка тете толук ынанымыңар болсо, анда кайрат-жигерге жана Кудайдын купуя сыры — Машаяк жөнүндө түшүнүккө ээ болосуңар. Мен ушул үчүн күрөшүп келем.

3 Ал эми Машаякта акылмандык менен билимдин бардык кенчи катылган.

4 Муну айткан себебим, силерди эч ким бал тилге салып алдап кетпесин дегеним.

5 Мен жаныңарда болбосом дагы оюмда силер мененмин. Силердин бир тартип менен жашап, Машаякка бекем ишенип жүргөнүңөрдү көрүп кубанып жатам.

6 Ошондуктан Эгебиз Ыйса Машаякты кандай кабыл алсаңар, Аны менен ошондой эле биримдикте жашагыла.

7 Аны менен байланышыңар бекемделсин, жашооңорду Анда кургула. Силерге Машаякка ишенүү жөнүндө таалим берилген, ошол аркылуу өзүңөрдү бекемдегиле. Кудайга чексиз ыраазычылык билдиргиле!

8 Бирөө-жарым Машаяктан эмес, адамдык үрп-адаттар менен бул дүйнөдөгү жиндерден келген, эч нерсеге жарабаган жалган акылмандыгы менен силерди өз торуна түшүрүп албашы үчүн этият болгула.

9 Анткени Кудай Машаякта бүт табияты менен адам кейпинде жашайт.

10 Силер Ал аркылуу ырыстуу жашоого ээ болдуңар. Ал жетекчилер менен бийликтегилердин баарысынын башчысы.

11 Силер Анда сүннөткө отургузулгансыңар, бирок силердики адамдардын колу менен жасалган сүннөт эмес. Күнөөлүү табиятыңар силерден кийим сыяктуу чечилген. Рухий сүннөткө олтургузуу деген ушул, аны Машаяк кылган!

12 Чөмүлүп, Аны менен чогуу көргө коюлгансыңар, чөмүлүп, тирилгенсиңер. Бул Аны өлгөндөн кайра тирилткен Кудайдын кудуретине ишенген үчүн болду.

13 Эми бир кезде кылган кылмышыңардын жана сүннөткө отурбаганыңардын айынан өлүк болгон дал өзүңөрдү Кудай Машаяк менен чогуу кайра тирилтти. Ал бардык кылмышыбызды кечирди,

14 бизге айып таккан карызды кечти. Бул карыз эрежелерге баш ийбегенибиз эле. Кудай ошол карызды бизден алды да айкаш жыгачка кадады.

15 Ал жетекчилерди жана бийликтегилерди куралсыздандырды, аларды эл көзүнө шылдың кылып, Өзүнүн жеңиш салтанатында туткундар сыяктуу өткөрдү.

16 Ошондуктан эмне жеп, эмне ичип жатканыңар үчүн же кайсы бир диний майрамдарды же жаңы ай майрамын, же дем алыш күндү сактабай жатканыңар үчүн силерди эч ким айыптабасын.

17 Булар эми келе турган нерсенин көлөкөсү гана, ал эми келе тургандын Өзү Машаяк.

18 Момундукту аябай жактырган, периштелерге табынган жана жеке өздөрүнүн көрүнүш-аяндары жөнүндө көп айткан адамдар силердин сыйлыгыңарды жок кылышына жол бербегиле. Андайлар адамдык акылына таянып, курулай эле манчыркашат,

19 алардын баш менен, башкача айтканда, Машаяк менен байланышы жок. Баш байламта, муундар аркылуу бүт денени азыктандырып, бириктирет да, анан Кудай ойлогондой өсүп-өнүгөт.

20 Эгер Машаяк менен бирге өлүп, бул дүйнөдөгү жиндердин бийлигинен кутулган болсоңор, эмнеге дале бул дүйнөдө жашагансып,

21 «Кармаба!», «Жебе!», «Тийбе!» деген эрежелерди аткарып жатасыңар?

22 Мына ушул тыюу салынгандардын баары, керектелген соң, жок болот. Мунун баарысы тең адамдык осуяттар менен окутуулар.

23 Адамдар ойлоп тапкан такыбаалык, момунсунуу жана денени кыйноо менен жасалган бул нерселер кандайдыр бир акылмандык өңдөнгөнү менен, арам каалоолорду башкарганга дегеле күчү жок.

3

1 Демек, Машаяк менен тирилген болсоңор, анда асманда турганга умтулгула. Ал жерде, Кудайдын оң жагындагы ардактуу орунда Машаяк олтурат.

2 Жердеги эмес, асмандагы жөнүндө ойлонгула.

3 Себеби силер өлдүңөр, өмүрүңөр Машаяк менен чогуу Кудайда катылган.

4 Өмүрүңөр — Машаяк келгенде, силер да Аны менен чогуу улуу салтанат менен кайра келесиңер.

5 Ошондуктан жердик табиятка тийиштүү болгондун баарын: жыныстык бузукулукту, адепсиздикти, айбандык кумарды, арам каалоолорду жана бутка табынуучулукка барабар болгон ач көздүктү жок кылгыла.

6 Кудайга баш ийбеген адамдар мындай иштери үчүн Анын каарына калат.

7 Силер да бир кезде ушундай жашап, ушундай эле кылгансыңар.

8 Эми болсо баарын: ачууланууну, туталанууну, каарданууну, кара ниеттикти, ушакты жана адепсиз сөздөрдү таштагыла.

9 Бир бириңерге калп айтпагыла, анткени эски ишиңерди таштап, жаңы адам болдуңар,

10 жаңы адамды «кийдиңер». Жаңы адам өз Жаратуучусун толук түшүнүп, Анын бейнесине окшошуу үчүн улам жаңыланып турат.

11 Биерде иудей менен иудей эместер да, сүннөткө отургузулган менен отургузулбаган да, варвар менен скиф да, кул менен эркин адам да маанилүү эмес. Маанилүүсү бир гана Машаяк, Ал баарыбыздын дилибизде жашайт.

12 Ошондуктан Кудайдын тандап алгандары, ыйык, сүйүктүү эли болгон соң, боорукер, мээримдүү, момун, кичи пейил жана чыдамдуу болгула да,

13 бири бириңе чыдап мамиле кылгыла жана бир бириңе нааразычылыгыңар болсо, аны кечиргиле. Эгебиз силерди кечиргендей кечиргиле!

14 Ал эми бул касиеттердин баарынан сүйүү маанилүү.

15 Силерди Машаяктын тынчтыгы жетектесин. Себеби бир дененин мүчөсү катары тынчтыкка чакырылгансыңар. Ошону менен бирге ыраазычылык келтиргиле.

16 Машаяктын сөзү толугу менен силердин оюңарда болсун: бир бириңе болгон акылмандык менен таалим берип, акыл-насаат айтып, жүрөктөгү ыраазычылык менен Кудайды мактап, даңазалап, рухий ырларды ырдагыла.

17 Эмне айтып, эмне иш кылсаңар да, баарын Эгебиз Ыйсага ишенүүчү катары жасап, Ал үчүн Кудай Атабызга шүкүрчүлүк келтиргиле.

18 Аялдар, күйөөңөргө баш ийгиле, бул Эгебизди жолдогон аялдын милдети.

19 Эркектер, аялыңарды сүйгүлө, аларга каныңар кайнабасын.

20 Балдар, дайым ата-энеңердин тилин алгыла, анткени бул Эгебизге жагат.

21 Аталар, балдарыңарды туталантып, көңүлүн оорутпагыла.

22 Кулдар, жердеги кожоюндарыңарга дайыма баш ийгиле, муну кошоматчылардай силерди карап турганда гана эмес, чын дилден, Эгебизден ыйбаа кылуу менен жасагыла.

23 Эмне иш кылсаңар дагы, адамдар үчүн эмес, Эгебиз үчүн кылгандай, чын жүрөктөн аткаргыла.

24 Себеби Эгеңерден сыйлык — мурас аларыңарды билесиңер. Силер Кожоюнуңар Машаякка кызмат кыласыңар.

25 Кудай болсо адамдардын жүзүнө карап, бирине мындай, бирине тигиндей мамиле жасабайт.

4

1 Кожоюндар, силер да асманда Кожоюнуңар бар экенин билип, кулуңарга туура жана адилет мамиле кылгыла.

2 Өжөрлүк менен сыйынгыла, бул убакта сергек болуп, Кудайга ыраазычылык келтиргиле.

3 Кудай Өз сөзүн — Машаяк жөнүндөгү сырын айтууга жол ачсын деп биз үчүн да сыйынып тургула. Мен ушул үчүн туткундамын.

4 Бул кабарды кандай түшүндүрүш керек болсо, ошондой түшүндүрө алсын деп мен үчүн да сыйынгыла.

5 Убакытты утуп, ишенбегендер арасында акылмандуулук менен жашагыла.

6 Дайыма жылуу мамиле кылып, жагымдуу сүйлөгүлө, ошондо ар бир адамга кандай жооп узатышты билесиңер.

7 Сүйүктүү боордош, Эгебизге биз менен бирге кызмат өтөгөн ишенимдүү кул Тихик силерге мен тууралуу баарын айтып берет.

8 Аны атайы биздин абалыбыз жөнүндө билдирип, кайрат дем берсин үчүн силерге жиберип жатамын.

9 Аны менен кошо силер тараптык ишенимдүү жана сүйүктүү боордош Онисимди да жиберемин. Алар бул жерде болуп жаткандардын баарын силерге айтып берет.

10 Силерге абактагы жолдошум Аристарх жана Барнаптын тууганы Марк да саламын айтат. Силер Марк тууралуу буйрук алгансыңар: эгер келип калса, аны жакшы тосуп алгыла.

11 Ошондой эле Жуст дешкен Ыйса да силерге салам айтат. Булар Кудай Падышалыгы үчүн эмгек кылган кызматташтарымдын арасындагы бирден-бир эврейлер. Ушул адамдар мага арка-бел болуп жүрүшөт.

12 Машаяк Ыйсанын кулу, силерден келген Эпафрас да салам айтат; силер рухий зирек болуп, Кудайдын бардык каалоосун так билишиңер үчүн ал дайыма сыйынат.

13 Мен анын силер үчүн жана Лаодикия менен Жераполдогулар үчүн катуу убайым менен кызмат кылып жатканына күбөмүн.

14 Силерге сүйүктүү дарыгер Лука жана Димас салам жолдошот.

15 Лаодикиядагы боордошторго, Нимфага жана анын үйүндө чогулуп жаткан жыйынга салам айткыла.

16 Бул кат силерде окулган соң, Лаодикиядагы жыйында да окулгандай болсун. А Лаодикиядан келген катты силер окугула.

17 Анан Архипке «Эгебизден алган кызматты сөзсүз аткар!» деген сөзүмдү жеткиргиле.

18 Өз колум менен жазып жатам: Пабылдан дубай салам. Менин туткунда экеним эсиңерден чыкпасын. Кудай баарыңа ырайым кылсын.