1 Филипия шаарындагы Ыйса Машаяк менен тыгыз байланышта болгон бардык ыйыктарга жана жыйындагы жетекчилер менен жардамчыларга Ыйса Машаяктын кызматчылары Пабыл менен Тиметейден дубай салам:
2 Ылайым эле Кудай Атабыз менен Эгебиз Ыйса Машаяк силерге ырайым этип, тынччылыгын берсин!
3 Силерди эстеген сайын Кудайга ырахматымды айтам,
4 дайыма бардыгыңар үчүн кубануу менен сыйынып турам.
5 Анткен себебим, ишенимге келген эң биринчи күнүңөрдөн баштап, азыркыга дейре силер мени менен бирге Жакшы Кабар таратышып келатасыңар.
6 Араңардан ушул жакшы ишин баштаган Кудай аны Ыйса Машаяктын кайтып келер күнүнө чейин бүткөрөрүнөн эч шегим жок.
7 Бардыгыңарды ойлогонумда жаным кубанып турса, анан кантип эле силер жөнүндө башка ойдо болоюн? Себеби Кудай силерге да меникиндей артыкчылык берип, качан болбосун — азыр, камакка алынганымдабы, же эркин жүрүп, Жакшы Кабар чындыгын коргоп, аны эл арасында орнотуп жатканымдабы, силер менин кызматташтарым болуп келдиңер.
8 Машаяк Ыйсанын Өзүндөй болуп, ар бириңерди жанымдан артык көргөнүмө Кудай күбө.
9 Менин сыйынганым — сүйүүңөр барган сайын артып, чындык эмне экенин билип, баарын туура баамдаган кыраакы болсоңор экен.
10 Ошондо өзүңөр үчүн изгиликтүүсүн тандап, Машаяк келген күнү бардык ыплас нерседен оолак, кынтыксыз болосуңар да,
11 Ыйса Машаяктын колдоосу менен жашооңордо адилет иштер көп болуп, ал аркылуу Кудайдын улуулугу көрүнүп, ысмы даңазаланат.
12 Силерди билсин дегеним, боордоштор, мен кабылган окуя чындыгында Жакшы Кабардын ийгилигине гана өбөлгө түздү.
13 Ошондон улам бүтүндөй кансарай сакчыларына да, башкаларга да менин Машаяк үчүн камалганым белгилүү болуп калды.
14 Ошентип, камакка алынганым боордошторумдун көпчүлүгүнүн Эгебизге арткан ишенимин бекемдеп, Кудай сөзүн коркпостон, ачык айтууга кайрат берди.
15 Ырас, алардын кээ бири Машаяк тууралуу кабарды көрө албастыктан же атаандаштыктан улам жарыялап жатышат. Бирок башкалары аны ак ниетинен айтып жүрүшөт.
16 Булар Жакшы Кабарды колдогонум үчүн камакка алынганымды билишип, муну сүйүү менен жасап жатышса,
17 тигилер Машаякты ак ниетинен эмес, өз пайдасын гана ойлоп жарыялоодо. Алардын көздөгөнү — камакта отурган мага гана көбүрөөк кыйынчылык алып келүү.
18 Андай болсо эмне экен?! Машаяк тууралуу кабардын — ак ниеттен болобу же арам ой менен болобу, айтор жар салынып жатканы мени кубандырат.
19 Мен буга мындан ары да кубана бермекчимин. Себеби сыйынууларыңар менен Ыйса Машаяк жиберген Рухтун колдоосу менин бошотулушума жол ачарын билем.
20 Менин эңсеп, үмүттөнгөнүм — бардык мезгилде, айрыкча азыр кайратка толуп, тирүү калсам дагы, өлсөм дагы, ошону менен Кудай алдындагы парзымды аткарып, Машаяктын атак-даңкын чыгаруу.
21 Анткени жашаганым Машаяк үчүн. Андай болсо, өлгөнүм менен ого бетер көп пайда алып келчүдөймүн.
22 Бирок аман калсам, дагы да үзүрлүү эмгектенмекмин. Андыктан кайсынысын тандаарымды өзүм билбейм.
23 Эки анжы болуп, бушайманмын. Жалган дүйнөдөн бөлүнүп, Машаяк менен болууну каалар элем.
24 Бирок тирүү калганым силер үчүн көбүрөөк пайдалуу.
25 Мына ушуга көзүм жетип, аман калып, мындан ары да баарыңар менен бирге болорумду билем. Ошондо ишенимиңер артып, силерге дагы да көбүрөөк кубаныч алып келет.
26 Кайрадан силерге кайтканымда, Ыйса Машаякка ишенип жашаган силер Анын мага көрсөткөн ырайымы үчүн сыймыктануу менен алкыш айта аласыңар.
27 Бирок кандай болбосун, Машаяктын Жакшы Кабарына шайкеш жашагыла. Ошондо силер менен көрүшсөм да, көрүшпөй калсам да, ой-тилегиңер бир болуп, Жакшы Кабарга таянган ишенимиңер үчүн бир кишидей болуп күрөшкөнүңөрдү угам.
28 Каршылаштарыңардан коркпогула, кайраттуу болгула. Бул алардын кыйрашынын, силердин болсо куткарыларыңардын ачык-айкын белгиси. Силерге жеңиш бере турган Кудай Өзү.
29 Анткени Машаякка ишенгенибиз гана эмес, Анын урматына азап тартканыбыз да Кудайдан алган артыкчылыгыбыз.
30 Ошентип, менин мурда эле катышып жүргөнүмдү көрүп, азыр да катышып жатканымды уккан рухий кармашууга эми силер да кошулдуңар.
1 Машаяк менен болгон биримдигиңер кайрат берип, Анын сүйүүсү жаныңарды жубатабы? Ыйык Рух башыңарды кошуп, бири бириңерге жароокер жана кайрымдуусуңарбы?
2 Андай болсо, бир ойдо, бир сүйүүдө, бир рухта жана бир максатта болгонуңар менен менин кубанчыма кубаныч кошкула.
3 Эч нерсени өз керт башыңардын пайдасын гана ойлоп же болбосо менменсинип кылбагыла. Андан көрө, кичи пейил болуп, башкаларды өзүңөрдөн жогору койгула.
4 Ар кимиңер өз таламыңарды гана талашпай, башкалардын мүдөөсүн да ойлогула.
5 Машаяктын кулк-мүнөзү силерде болсун.
6 Кудайлык табияты болсо да, Ал"Кудайга тең болууга жармашпады,
7 Баш тартып бүт нерседен эрки менен,"Кул кейпин кийип, адам болуп келди."Төрөлүп алсыз пенде келбетинде,
8 Машаяк Өзүн Өзү төмөн койду."Кудайдын өкүмүнө моюн сунуп,"Өлгөнчө тилин алды, болгондо да"Айкаш жыгач үстүнөн өлгөнчөктү.
9 Андыктан Кудай Анын зоболосун"Көтөрүп, эң жогорку ысым берди,"Ысымдардын баарынан бийик турган.
10 Ошентип, көктөгүлөр, жердегилер,"Түпкүрүндө бул жердин болгондор да"Чөгөлөп, Ыйса алдына келет баары.
11 Ыйсанын Эге экенин жар салышып,"Кудайдын атак-даңкын арттырышат.
12 Ошентип, сүйүктүүлөрүм, мен жаныңарда болгонумда силер дайыма тилимди алып келген сыяктуу, эми, жаныңарда жок болгонумда андан бетер тил алчаак болгула: Кудайдан коркуп, Аны кастарлап, өз куткарылууңар иш жүзүнө толук ашсын үчүн бардык аракетти көргүлө.
13 Анткени силерди Өз эркине моюн сунууга ниеттендирген да, Өзүнө жаккандай иш кылууга даремет берген да Кудай.
14 Эмне иш кылсаңар да, арызданбагыла да талашып-тартышпагыла.
15 Ошондо ушул бузулган, күнөөгө белчесинен баткан адамзаттын арасында Кудайдын жеткилең балдары катары эч күнөөсү жок, кынтыксыз болосуңар. Бул дүйнөгө нур сымал жаркырап,
16 адамдарга түбөлүк өмүр алып келчү сөздү тараткыла. Мындай кылсаңар, Машаяк кайткан күнү мен бардык кылган аракетим менен жасаган ишим текке кетпегенин билип, сыймыктана алам.
17 Кудайга ишеним артып, кылган кызматыңарды Анын урматына чалынган курмандык катары тартуулаганыңарда, курмандыктын үстүнө куюлган шарап сыяктуу менин каным төгүлүшү керек болсо, ошого да кубанып, кубанчымды баарыңар менен бөлүшөр элем.
18 Анын сыңары, силер да кубанып, кубанчыңарды мени менен бөлүшүүгө тийишсиңер.
19 Эгебиз Машаяк буюрса, жакын арада Тиметейди жиберип, ал келгенде, силер тууралуу укканым мага кайрат берет деген үмүттөмүн.
20 Менчилеп, чын дилинен силердин камыңарды көргөн жалгыз ал гана.
21 Калгандарынын баары Ыйса Машаякка кызмат кылууну эмес, өз пайдасын гана көздөп жатышат.
22 Силер билгендей, Тиметей мени менен Жакшы Кабар таратышууда ата-бала сыяктуу иштешип, өзүн мыкты кызматкер катары көрсөтө алды.
23 Андыктан мага эмне болгону жатканын билер замат аны силерге жибере алам деген илгери үмүтүм бар.
24 Андан соң, Эгебиз өзүмдү да силер менен жүз көрүштүрөрүнө ишенем.
25 Ошондой эле боордошубуз Эпафродитти силерге кайра жиберейин деп жатам. Аны мага кам көрсүн деп өзүңөр жиберген элеңер. Бул жерден ал мени менен иштешип да, Жакшы Кабар чындыгын коргоп бирге күрөшүп да жүрдү.
26 Кайра жиберейин дегеним, ал баарыңар менен көрүшүүгө зар. Анын үстүнө өзүнүн ооруганын укканыңардан да тынчы кетип жатат.
27 Ал чындыгында эле ооруп, өлгөнү аз калган. Аман калганы — бул Кудайдын ага гана эмес, мага да көрсөткөн ырайымы. Себеби андан айрылсам, кайгым ого бетер көбөймөк.
28 Ушундан улам мен аны силерге жиберүүгө мурдагыдан да көбүрөөк ниеттенип турам. Ошондо силер да анын аман-соо экенин көрүп кубанасыңар, менин да санаам тынчып калат.
29 Ошентип, Эгебиздеги боордошуңарды чоң кубаныч менен тосуп алгыла. Мындай адамдар зор урмат-сыйга татыйт.
30 Себеп дегенде ал Машаяктын иши үчүн жанын аябай, өзүңөр алыс болуп бере албай жаткан жардамды бериш үчүн жанын тобокелге салып, өлүп кала да жаздады.
1 Акырында кааларым, боордоштор, Эгебиз менен биримдикте болуп кубангыла! Мен мурда жазгандарымды кайталай берүүдөн эч тажабайм. Силерди болсо минткеним көп балакеттен сактап калат.
2 Жанакы кыянаттык кылып силерге сүннөткө олтурууну таңуулап жаткан «иттерден» сак болгула.
3 Анткени чыныгы сүннөттөлгөн алар эмес, бизбиз. Кудайга Ыйык Рухтун жетегинде табынып, Машаяк Ыйса менен биримдикте болгонубузга кубанып, адамдык ырым-жырымга ишенбейбиз.
4 Ырас, мен деле өзүмдүн ким болуп, эмне кылганыма таяна алмакмын. Эгер кимдир бирөө ошого таянгыдай жөнүм бар деп ойлосо, анда менин антүүгө алда канча көбүрөөк жөнүм бар:
5 сүннөт десе, сегизинчи күнү сүннөткө олтургузулгам, ата-тегимди алсак, Ысрайыл элиненмин, Бенжамин уруусунан чыккан эврейдин эврейимин; Тоорат мыйзамын сактоо жагынан алсак, фарисеймин,
6 Кудай жыйынын артынан сая түшүп куугунтуктагам. Ошентип, Тоорат мыйзамына ылайык, кынтыксыз такыбаа болгом.
7 Бирок эми, оюмдун баары Машаякта болгондо, мурда «артыкчылык» көргөнүмдүн баарын эч нерсеге арзыбайт деп эсептейм.
9
8 Ал гана эмес, мен үчүн эми бардыгы эч нерсеге арзыбайт, себеби Эгем Машаяк Ыйсаны жакындан билүүдөн артык нерсе жок. Ал үчүн мен бардыгын керексиз ыпыр-сыпырдай көрүп, баарынан баш тарттым. Минткендеги максатым — Машаяктын кол алдына келип, Аны менен ажырагыс биримдикте болуу. Мен эми өз күчүмө таянып, Тоорат мыйзамын аткаруу менен акталбастан, Кудай мени Машаякка ишенгеним үчүн актарын билем.
10 Машаяктын Өзүн билип, Анын тирилгендеги кудуретине кабылгым, азаптарына ортоктош болуп, өлүмүн өз башыман кечиргим келет.
11 Себеби ошондо мен да бир күнү өлгөндөн тирилермин деген илгери үмүтүм бар.
12 Мен ошого жетип калдым, же азыртан эле жеткилең болуп калдым деп эсептебейм. Кайра байгеме жетүүнү эңсеп, алдыга талпынам, себеби Машаяк Ыйса да мени Өзүнө утуп алган.
13 Боордоштор, мен байгеге жетип калдым деп ойлобойм. Бирок аныгы бул: артымда эмне калганын унутуп, алдымдагы максатты көздөй умтулам.
14 Ошондуктан байгени алыш үчүн түздөн-түз максатты көздөй арыштап барам. Байгем болсо — Кудай бизди Ыйса Машаяк аркылуу чакырып алган түбөлүк өмүр.
15 Арабыздагы рухий жактан жетилип калгандардын ой-пикири мына ушундай болууга тийиш. Ал эми кээ бириңердин ойлоруңар башкача болсо, муну да Кудай силерге Өзү ачык билдирип коёт.
16 Кандай болсо да, буга чейин эмнелерди карманып келсек, ошого жараша аракеттенип, алдыга карай умтулалы.
17 Боордошторум, бириңер да калбай, мени туурап жашагыла. Биз үлгү калтыргандай жашап жаткандар силерге өрнөк болсун.
18 Анткени мурда да көп жолу айтып, азыр да көз жашымды төгүп айтам: көптөрү Машаяктын айкаш жыгачтагы курмандыгына кас болуп жүрүшөт.
19 Алардын барар жери — тозок. Өз кулкумун кудайдай көрүп, уяла турган нерселер менен мактанышып, акыл-ойлору бул дүйнөнүн көр оокатына байланып калган.
20 Биз болсо асман атуулдарыбыз. Куткаруучубуз, Эгебиз Ыйса Машаяктын көктөн келишин чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.
21 Ал келгенде, бүтүндөй дүйнөнү багындырган кудурети менен биздин алсыз, өлүк денебизди өзгөртүп, Өзүнүн даңктуу денесиндей кылып коёт.
1 Жанымдай көрүп, көзүмдөн учкан бир боорлорум, сүйүнүчүм менин, сыймыгым менин! Жогорудагы сөзүмдү улап, айтарым бул: Эгебиз менен болгон биримдигиңерди бекемдеп жашагыла, садагаларым!
2 Удия менен Синтихиядан өтүнөрүм — Эгебиз бир тууган кылган эже-сиңди катары ынтымакка келишсин.
3 Сенден да суранам, чыныгы үзөнгүлөшүм, бул аялдарга кол кабыш кылып койсоң. Анткени алар дагы Клименттен жана ысмы Кудайдын өмүр китебине жазылган башка кызматташтарымдан калышпай, мени менен чогуу Жакшы Кабар майданында бир далай мээнет кылышкан эле.
4 Дайыма Эгебиз менен бирдикте болуп кубангыла! Дагы да айтам: кубангыла!
5 Баары силердин момундугуңарды көрүшсүн. Эгебиздин кайтар күнүнө аз калды.
6 Эч убайым тартпагыла. Андан көрө, бардыгын Кудайга тапшырып, Ага жалынып сыйынганыңарда, муктаждыгыңарды ыраазычылык билдирүү менен ачып тургула.
7 Ошондо Кудайдын адам акылына сыйбаган тынчтыгы Ыйса Машаяк менен биримдикте жашаган силердин жан-дилиңерди жана акыл-эсиңерди түйшүктөрдөн сактайт.
8 Боордошторум, акырында айтарым бул: жакшылык деп эсептелген, мактоого татыган нерселерди, тагыраак айтканда, эмне чындыкка туура келсе, сыйлоого татыктуу, адил, таза, көңүлгө жагарлык, сыймыктуу болсо, ошолорду гана ойлогула.
9 Менден үйрөнүп, кабыл алганыңарды, менден уккан-көргөнүңөрдү кармангыла, ошондо тынччылык берүүчү Кудай силер менен болот.
10 Ушунча убакыт өткөндөн кийин силер кайрадан менин камымды ойлогонуңарды көрүп, Эгебизге шүкүрчүлүк келтирип, аябагандай кубанып жатам. Силердин мага бир убакта жардам бербей калганыңарды эмес, анткенге убактылуу мүмкүнчүлүгүңөр болбогонун айтып жатам.
11 Муну кыйналып кеткенимен айткан жокмун: мен көргөн күнүмө, колумда барына ыраазы болууга үйрөнгөм.
12 Жокчулукту да, молчулукту да башымдан өткөрүп, кайда болбосун, качан болбосун, ачарчылык менен токчулукта, барчылык менен жокчулукта кандайча ыраазы болуунун сырын үйрөнүп алганмын.
13 Колдоочум Машаяк менен бирге болгонумда, колумдан баары келет.
14 Бирок ошентсе да, кыйынчылыктарымды аркалашканыңар жакшы болду.
15 Филипиялык боордошторум! Өзүңөр билгендей, Македониядан чыгып, башка жерлерге Жакшы Кабар тарата баштаганымдан бери, силерден башка бир дагы жыйын мага кол кабыш кылып, акча жагынан жардам берген жок.
16 Тесалоникада жүрүп, муктаж болгонумда да силер мага бир нече ирет жардам жибердиңер эле.
17 Кеп силерден белек күткөнүмдө эмес. Кеп кылган жакшылыгыңардын сообу өзүңөргө эле тиеринде.
18 Менин алганым бардык керектөөлөрүмдү толтурмак тургай, андан ашат. Эпафродиттен жиберген белектериңерди алып, эми эч нерсеге муктаж эмесмин. Силердин тартууңар Кудай үчүн түтөтүлгөн жыпар жыттуу зат, Ага жагып, кабыл боло турган курмандык.
19 Андыктан айкөл Кудайым да Өз молчулугунан Ыйса Машаяк аркылуу силердин ар бир муктаждыгыңарды толтуруп берет.
20 Кудай Атабызга түбөлүк даңк болсун! Оомийин.
21 Ыйса Машаяк менен тыгыз байланышта болгон бардык ыйыктарга салам айткыла. Менин жанымдагы боордоштор да силерге салам айтып жатышат.
22 Мындагы ыйыктардын баары, өзгөчө Рим падышасынын кан сарайында кызмат кылгандар силерге салам жолдошту.
23 Эгебиз Ыйса Машаяк баарыңа ырайым кылып, кайрат берсин!