1

1 Кудайдын амири менен Машаяк Ыйсанын элчиси болгон Пабылдан Эфес шаарында жашаган ыйыктарга — Машаяк Ыйсанын үмөттөрүнө дубай салам.

2 Ылайым силерге биздин Кудай Атабыз менен Эгебиз Ыйса Машаяк ырайым кылып, тынччылыгын берсин.

3 Машаяк бизге көктөн алып келген бардык рухий ырыскы-берекелери үчүн Эгебиз Ыйса Машаяктын Кудайына жана Атасына алкыш!

4 Кудай бизди Өз алдында ыйык жана кынтыксыз болсун деп, бул дүйнө жарала электе эле Машаяк аркылуу тандап алып,

5 бизге деген ак тилеги менен Ыйса Машаяк аркылуу Өз балдары кылып алууну тээ мурунтан эле белгилеп койгон.

6 Өзүнүн улуу ырайымы менен бизге сүйүктүү Уулу аркылуу тартуулаган ушул бекер белеги үчүн Кудайга даңк!

7 Машаяк курман болуп, каны менен күнөөлөрүбүздүн кунун төлөгөндө, биз кечирим алып, жазадан куткарылдык. Ошентип Кудай бизге чексиз ырайымын көрсөттү! Бардыгын акылына батырып, бардыгын күн мурунтан билген Кудай ак тилегинде тээ илгертен эле Машаяк аркылуу орундатам деген максаты боюнча Өз каалоосунун купуя сырын бизге ушундайча айкын кылды.

8

9

10 Убакыт белгилүү бир толук мерчемине жеткенде, бүтүндөй аалам, асман-жердегинин бардыгы түгөл Машаяктын бийлиги алдына келет. Ошондо Кудайдын максаты толугу менен ишке ашат. Белгиленген убакыт-сааты жеткенде, Кудай бүтүндөй ааламды, асман-жердегинин бардыгын түгөл Машаяктын кол алдына алып келет. Ошондо Кудайдын каалаганы толугу менен ишке ашат.

11 Машаяктын аркасы менен биз Кудайдын мураскорлору да болдук, анткени бардыгын Өз эрки боюнча кылган Ал көздөгөн максатына ылайык бизди башынан эле тандап алган.

12 Ал муну биз — Машаякка биринчи болуп үмүт арткандар — өз жашообузда Анын атак-даңкын чыгарсын деп кылды.

13 Силер да Машаяктын чындык сөзүн — куткарылуу алып келүүчү Жакшы Кабарды угуп, ага ишенгениңерде, Кудай элине кошулдуңар. Убада кылынган Ыйык Рухун берүү менен Ал силерге Өзүнүн мөөрүн басып койду.

14 Муну Ал биз аркылуу Өз атак-даңкын чыгарыш үчүн кылды. Ошол Рух — Кудай Өз элин түгөл куткарганда аларга даярдап койгон мурасты биз да аларыбыздын анык кепилдиги.

15 Ошол себептүү Эгебиз Ыйсага канчалык ишенгениңерди жана ыйыктардын баарын канчалык сүйгөнүңөрдү уккандан бери

16 сыйынган сайын силерди эстеп, силер үчүн Кудайга рахматымды тынбай айтып келатам.

17 Эгебиз Ыйса Машаяктын Кудайы, теңдешсиз улуу Атадан силерге Өз Рухун берүүсүн да суранып келем. Ал Рух силерди акылмандыкка үйрөтүп, аяны менен Кудайдын ким экенин таанытат.

18 Дагы суранганым — Кудай көкүрөгүңөрдү ачсын. Ошондо Кудай силерди чакырып алганда кандай үмүткө ээ кылганын, Анын ыйыктарга бере турган улуу мурасы канчалык бай экенин жана

19 Ага ишенген бизди колдогон Анын кудурети канчалык эбегейсиз зор экенин көрөсүңөр. Дал ушул эбегейсиз зор кудурети менен Кудай

20 Машаякты өлүмдөн тирилтип, көккө чыгарып, Өзүнүн оң жагындагы сыйлуу орунга отургузуп,

21 зоболосун көктөгү бардык башкаруучулардан, бийликтерден, күчтөрдөн, өкүмдарлардан өйдө көтөрүп, бул эле заманда эмес, келерки замандардагы бардык даража-наамдардан жогору наамды ыйгарды.

22 Кудай бардыгын Машаяктын бийлиги алдына келтирди да, Аны бардыгынын үстүнө коюп, жыйындын башчысы кылды.

23 Жыйын болсо Машаяктын денеси, кудурети бүтүндөй ааламга толгон Машаяктын нак Өзү.

2

1 Мурда кылмыштарыңар менен күнөөлөрүңөрдүн айынан силер өлүк элеңер.

2 Ошол кезде бул дүйнөнүн кыянат жолун жолдогон силер бизди жогортон курчап турган кара күчтөрдүн башчысына көз каранды болгонсуңар. Ал бүгүн Кудайга моюн сунбагандарды башкаруу аракетинде.

3 Дегеле бардыгыбыз бир кезде ошондой адамдардын арасында жашап, адамдык табиятыбызга жетеленип, анын ой-кумарларын аткарып, жаратылышыбыздан эле башкалар сыяктуу Кудайдын каарына калган элек.

5

4 Бирок кайрымга бай Кудай Өзүнүн бизге төккөн улуу мээрими менен кылмыштарыбыздын айынан өлүк болгон бизди да Машаяк менен бирге кайрадан жандандырды. Ошентип, силер Кудайдын ырайымы менен куткарылдыңар.

6 Машаяк Ыйса менен кайра тирилткен соң, Кудай силерди көктө Анын жанына олтургузуп койду.

7 Ал муну Машаяк Ыйса аркылуу бизге төккөн мээрими менен келечек кылымдарга Өзүнүн эбегейсиз зор ырайымын көрсөтүү үчүн кылды.

8 Силердин ишенип куткарылганыңар өзүңөрдүн жетишкендигиңер эмес. Өзүнүн ырайымы менен Кудай аны силерге белек кылды.

9 Ал жакшы иштердин сообу да эмес. Демек, эч кимдин мактангыдай жөнү жок.

10 Кудай бизди Машаяк Ыйса менен тыгыз алакада болгонубуздан улам Өзү биз үчүн алдын ала белгилеп койгон жакшылык иштерин жасоого жараткан.

11 Силер башка улуттан болуп туулганыңарды, денелик сүннөтү кесилген эврейлер тарабынан «сүннөттөлбөгөндөр» деп аталганыңарды эсиңерден чыгарбагыла.

12 Бир кезде Машаякты тааныбай, Ысрайыл элинен тышкары, Кудайдын убада берип калтырган келишимдерине эч тиешеңер жок болуп, бул дүйнөдө үмүтсүз жана Кудайсыз жашап келгенсиңер.

13 Эми болсо бир кезде Кудайдан алыс жүргөн силерди Машаяк Ыйса курмандык канын төккөнү менен Жаратканга жакындатып койду.

15

14 Анткени Машаяк Өзү биздеги ынтымак-ырашкердиктин башаты! Ал жектешкен эки тараптын ортосун бөлүп турган кастыктын дубалын талкалап, аларды бириктирди. Өз денесин курмандыкка берүү менен Тоорат мыйзамынын эреже-парыздарынын күчүн жокко чыгарды да, эврейлер менен башка улуттагыларды Өзү менен тыгыз байланышта болгон бир жаңы эл кылып, ынтымакка келтирди.

16 Айкаш жыгачтагы курмандыгы менен ортодогу кастыкты жоюп, Өзү бир бүтүн дене кылган аларды Кудай менен элдештирди.

17 Кудайдан алыс жүргөн силерге да, Кудайды жакындан тааныган бизге да Ал келип тынччылыгын сүйүнчүлөдү.

18 Ошентип Машаяктын аркасы менен силерге да, бизге да бир Рухта Кудай Атабыздын атын чакырып сыйынууга жол ачылды.

19 Андыктан силер мындан ары чоочун да, келгин да эмессиңер. Тескерисинче, ыйыктардын мекендештери, Кудай үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү,

20 элчилер менен пайгамбарлар салган негиздин үстүнө тургузулган имарат болдуңар. Ыйса Машаяк болсо — ошол имараттын пайдубал ташы.

21 Бүтүндөй курулушту бириктире кармап, Эгебизге багышталган ыйык ийбадаткана кылып тургузуп жаткан Ал Өзү.

22 Анын аркасы менен силер да бири бириңерге кыналып, ичинде Кудайдын Ыйык Руху жашай турган жайга айланасыңар.

3

1 Мен, Пабыл, башка улуттан чыккан силерге кызмат кылууга Машаяк Ыйса тарабынан жиберилип, дал ошол себептүү эми түрмөгө камалып олтурам.

2 Бул милдетти өзүңөр үчүн аткарууга мени Кудай ырайым этип дайындаганын силер, албетте, уккансыңар.

3 Кудай мага аян берип, анда Өзүнүн купуя ой-максатын белгилүү кылганын мен силерге жогоруда кыскача жазып кеттим.

4 Машаяк орундатар ошол купуя ой-максат тууралуу менин түшүнүгүмдү силер жанакы жазгандарымды окуп биле аласыңар.

5 Адамзаттын өткөн муундарына жашырын болгон бул ой-максатын Кудайдын Руху эми Анын ыйык элчилери менен пайгамбарларына билдирди.

6 Анын мааниси мындай: Жакшы Кабар аркылуу башка улуттагылар да ысрайылдыктарга мурасташ, бир денеде мүчөлөш жана Кудайдын Машаяк Ыйса аркылуу берилген убадаларына энчилеш болушат.

7 Кудай мага ырайым этип, Өз кудурети менен өмүрүмдү өзгөртүп, Жакшы Кабарын жар салуучу кызматчысы кылып койду.

9

8 Ыйыктардын ичинен эң арзыбаганы болсом да, Ал мага ырайым кылды да, Машаяк ээ кылчу эбегейсиз зор рухий байлыктар тууралуу кабарды башка улуттагыларга жар салууну жана бардыгын жараткан Кудайдын тээ атам замандан бери жашырын сактап келген ой-максаты эмне экенин элдин баарына жеткирүүнү тапшырды,

10 анткени эми түзгөн жыйыны аркылуу Кудай көктөгү башкаруучулар менен бийликтерге Өзүнүн бардык кылган иштеринде канчалык акылман экенин көрсөткүсү келди.

11 Ал муну тээ башынан көздөгөн, эми болсо Эгебиз Ыйса Машаяк аркылуу орундаткан түбөлүктүү ой-максатына ылайык кылды.

12 Демек, Ыйса Машаяк менен тыгыз байланышта болуп, Ага ишенсек, анда биз Кудайга тартынбай, жакындап барууга батына алабыз.

13 Андыктан силер үчүн азап тартып жатканымды көрүп, кайратыңардан кайтпагыла. Мен тарткан азаптар силерге сыймык алып келет.

14 Мына ушуларды ойлоп, көктөгү Атабыздын алдында чөк түшүп сыйынам:

15 асман-жердегинин баарын бар кылган — Ал.

16 Сыйынуудагы тилегим: ылайым улуулугу чексиз Кудайыбыз Өз Руху менен силерди кайраттандырып, күч-кубатын берсин,

17 ишенимиңер аркылуу Машаяк жүрөгүңөрдөн орун алып, Анын сүйүүсү өзүңөрдү бекемдеп, жашооңордун негизи болсун.

19

18 Бардык ыйыктар менен бирге силерге да Ал Машаяктын сүйүүсү канчалык кенен жана узун, канчалык бийик жана терең экендигин түшүнүүгө кудурет берсин. Адам акылынан алда канча жогору турган ошол сүйүүнү билип калсаңар экен. Ошондо силер Кудайдын кулк-мүнөзү менен бардык касиеттерин боюңарга сиңире баштайсыңар.

20 Биздин ичибизде күч-кудурети менен аракеттенип, биз сурагандан же ал турсун ойлогондон ченемсиз артык кыла алган Кудайга

21 Анын жыйыны аркылуу жана Машаяк Ыйса аркылуу укумдан тукумга, түбөлүктөн түбөлүккө атак-даңк болсун! Оомийин.

4

1 Эгебизге кызмат кылганым үчүн камакта олтурган мен силерден көптөн-көп өтүнөм: Кудай силерди Өз элинин катарына кошконун эске алып, ошого ылайык жашагыла;

2 дайыма токтоо, баарына кичи пейил жана көтөрүмдүү болгула; бири бириңердин көңүлүңөрдү карап, сүймөнчүлүгүңөрдү көрсөткүлө;

3 колуңардан келишинче ынтымак-ырашкерлигиңерден жазбай, Рух ыроологон биримдикти сактагыла!

4 Кудай силерди Өзүнүкү кылып алганда баарыңарга бирдей үмүт берген сыяктуу, өзүңөрдөн куралган Дене да, башыңарды кошкон Рух да бир.

5 Эгебиз да бир, туткан ишенимибиз да бир, биз өткөн чөмүлүү расмиси да бирдей.

6 Баарыбыздын Атабыз болгон Кудай да бирөө эле — Ал бардыгынан жогору туруп, бардыгы аркылуу иштеп, бардыгынын ичинде жашайт.

7 Ар бирибизге болсо Машаяк Өзүнүн чексиз жоомарттыгы менен Өз жөндөмүн берди.

8 Ыйык Жазууда айтылгандай: «Жетелеп көп сандагы туткундарын,"Ал чыкты эң жогорку бийиктикке,"Ыроолоп адамдарга тартууларын».

9 Бул жердеги «жогору чыкты» деген сөз Анын мурда жердин түпкүрүнө да түшүп келгенинен башка эч нерсени билдирбейт.

10 «Жердин түбүнө түшүп келгени» жанакы эле «жогору, асман бийиктигине чыккан» Машаяктын Өзү. Муну менен Ал бүтүндөй ааламды Өз кудуретине толтурмак.

11 Ошентип Ал бирибизге элчи, башкабызга пайгамбар, дагы бирибизге жакшы кабарчы, башкабызга жыйын багуучу жана таалимчи болууга жөндөм берди.

12 Машаяк муну ыйыктарды кызмат кылууга машыктырып, Өз Денеси болгон Жыйынды өстүрүү үчүн кылды.

13 Баарыбыз Кудай Уулуна ишенүүдө жана Аны таанып-билүүдө биримдикке келгиче, рухий жактан өсүп-жетилип, Машаяктын нак Өзүндөй жеткилең болгуча ушундай болот.

14 Ошондуктан биз мындан ары бала сымал деңдароо же оома болбойлу, ак жолдон адаштырган амалкөй, кытмыр адамдарга алданып, кез келген окутууну ээрчибейли.

15 Анын ордуна, чындыкты сүйүү менен айтып, бардык жактан өсүп-жетилип, Жыйын Башы — Машаякка мурдагыдан да көбүрөөк окшошо берели.

16 Ал Өзү ар бир мүчөсүн аткарган милдетине ылайык иштетип, алардын баарын ар түрдүү өз ара байланыштар аркылуу бири бирине туташтырып, бүтүндөй Денени бириктире кармап, өстүрүп, сүйүү менен бекемдеп турат.

17 Эгебиздин атынан силерге катуу эскертем: мындан ары Кудайды тааныбаган, куру убайым жеп жашаган башка улуттагылардай болбогула.

18 Алар наадандык менен тоңмоюндуктун айынан аң-сезими тунарып, Кудай каалагандай жашашпайт.

19 Уят-сыйыт дегенди толугу менен жыйыштырып, алар баш оту менен ыпластыкка берилип алышты да, бузукулуктун бардык түрлөрүн жасоодон эч жадашпайт.

20 Бирок силердин Машаяк тууралуу үйрөнүп-билгениңер таптакыр башка.

21 Силер Ыйса жөнүндө угуп, Анын үмөттөрү болгонуңарда, Ал насааттап кеткен чындыктардан таалим алганыңар анык эмеспи.

22 Андай болсо, мурдагы жашооңордон, азгырык кумарларга батып, апат болуп бараткан эски табиятыңардан баш тарткыла.

23 Жаңыча ой жүгүртүп, толугу менен өзгөрүп,

24 Кудайдын бейнеси боюнча, чыныгы адилеттик менен ыйыктыкка толо жаратылган жаңы адам болуп өмүр сүргүлө.

25 Андыктан калп айтууну таштап, баарыбыз бир денеде мүчө экенибизди эске алып, ар бириң башкаларга чындыкты гана айтып тургула!

26 Ачууга алдырып күнөөгө кириптер болбогула,күн батырбай ачууңарды баскыла да

27 ибилистин эч бир амалына жол бербегиле!

28 Ким буга чейин уурулук кылса, эми анысын токтотсун. Андан көрө, өз жанын да багып, башкалардын кем-карчына да кол кабыш кылгыдай, адал эмгек кылсын.

29 Оозуңардан эч кандай жаман сөз чыкпасын. Андан көрө жылуу сөзүңөр уккандардын купулуна толуп, алардын көңүлүн көтөрүп турсун.

30 Ошондой эле Кудайдын Ыйык Рухун капа кылбагыла: Кудай элине кошулганыңардын мөөр белгиси, бир күнү бардык күнөөлөрүңөрдөн түгөл куткарыларыңардын кепилдиги — Ал.

31 Ар кандай кектешүү менен каардануудан, ачуулануу менен бакырып-өкүрүүдөн, кордоо менен бардык жамандыктан арылгыла.

32 Бири бириңерге кичи пейил, боорукер болуп, Кудай силерди Машаяк аркылуу кечирген сыяктуу силер да бири бириңерди кечирип жүргүлө.

5

1 Сүйүктүү балдары катары Кудай Атаңардан үлгү алгыла.

2 Машаяк бизди сүйүп, биз үчүн Өзүн Кудайга жыпар жыттуу тартуу, Аны ыраазы кылган курмандык кылып бергендей, силер да бири бириңерди сүйүп жашагыла.

3 Араңарда ойноштуктун, ар кандай ыпластыктын жана ач көздүктүн өзү турсун, жыты да болбосун: мунун баары ыйыктарга жарашпайт.

4 Ошондой эле адепсиз, келжирек сөздөр менен уятсыз азилдерден да оолак болгула. Андан көрө, Кудайга алкыш айтып турганыңар дурус.

5 Билип алгыла, ойноштук кылган, бузуку жана ач көз адамдардын бутпарастардан эч айырмасы жок, алардын бири да Машаяк жана Кудай Падышачылыгынын босогосун аттап, андан энчисин албайт.

6 Дал ушундай кылгандары үчүн Кудайга моюн сунбагандардын башына Анын каары түшөрүн билип, эч кимдин куру сөзүнө кирип, алданып калбагыла.

7 Андайлар менен эч ымалаңар болбосун.

8 Бир кезде силер караңгылыкта жашап келгенсиңер, эми Эгебизди таанып, Анын жарык нуруна толдуңар. Андай болсо, нурдун балдарындай жашагыла.

9 Анткени Кудайдын жарык нуруна толуп жашаганыңар жакшылыгыңар менен адилеттигиңерден, чындыкка шайкеш иштериңерден көрүнөт.

10 Андыктан эмнелер Кудайдын көңүлүнө төп келгенин билип алгыла.

11 Караңгылыктын жакшылык алып келбес иштерине аралашпастан, андан көрө, аларды ачыкка чыгаргыла.

12 Тымызын кылынган ошол иштерди кеп кылыштын өзү эле уят.

13 Караңгы жерге жарык түшкөндө, андагынын баары ачык көрүнөт,

14 анткени жарык бардыгын жарык кылат. Дал ушул себептүү мындай деп айтылганы бар: «Уктаган, ойгон, өлгөндөн тирил,"Машаяк сага жарыгын төгөт».

15 Ошондуктан өзүңөрдү байкап, акылсыздардай эмес, акылдуулардай жашагыла,

16 азыркы замандын кыянатчыл экенин билип, ыңгайы келген сайын жакшылык кылып тургула.

17 Алды-артын ойлобогон немелерге окшобой, андан көрө, Эгебиздин силерге болгон эркин билип алгыла.

18 Шарапка тоюп алып мас болгондун ордуна, Ыйык Рухка толгула, анткени масчылык адепсиздикке алып келет.

19 Бирге чогулганыңарда, Эгебизди жан-дилиңерден мактап, даңазалап, рухий ырларды ырдагыла.

20 Эгебиз Ыйса Машаяктын атынан бардыгы үчүн дайыма Кудай Атабызга шүкүрчүлүк келтирип тургула.

21 Машаякты кастарлап, башкаларды өзүңөрдөн өйдө көргүлө.

22 Аялдар, Эгебизге кандай баш ийсеңер, күйөөлөрүңөргө да ошондой баш ийүүгө даяр болгула,

23 себеби Жыйын Башы Машаяк болгон сыяктуу, аялдын башчысы — анын эри. Машаяк Өзү куткарып алган жыйын — Анын Денеси.

24 Жыйын Машаякка баш ийген сыяктуу аялы да күйөөсүнө бардык жактан баш ийүүгө тийиш.

25 Күйөөлөр, Машаяк Өз жыйынын сүйүп, Ал үчүн жанын берген сыяктуу силер да өз аялыңарды сүйгүлө!

26 Машаяк жыйынды суу менен тазартып, сөзүнүн кудурети менен Кудай эли кылды.

27 Машаяк жыйынды Өзүнө шаң-салтанатка бөлөнгөн, эч бырыш-тагы, эч кемчилиги жок, аруу жана кынтыксыз колукту кылып алуу үчүн ушуларды кылган.

28 Күйөөлөр аялдарын өз жан-тениндей сүйүүгө тийиш. Аялын сүйгөнү өзүн сүйгөнүнө тете.

29 Анткени эч ким өз денесин жек көрбөйт, тескерисинче аны азыктантып, кам көрөт. Машаяк да дал ошентип жыйынга кам көрөт.

30 Биз болсо бул дененин мүчөлөрүбүз.

31 «Ошол себептүү эркек ата-энесинен бөлүнүп, аялы менен кошулат да, экөө бир дене болушат».

32 Бул сөздө терең сыр катылган, мен анын төркүнү Машаяк менен жыйындын мамилесинде деп түшүнөм.

33 Анын силерге да түздөн-түз тиешеси бар. Ошентип ар бириңер өзүңөрдү кандай сүйсөңөр, аялыңарды да ошондой сүйгүлө. Аялдар болсо өз күйөөлөрүнө урмат-сый көрсөтүшсүн.

6

1 Балдар, силерге айтарым: Эгебизге ишенгендер катары ата-энеңердин тилин алгыла. Ушинткениңер эң жакшы болот.

2 Он осуяттын ичинде Кудай убадасы кошулуп берилгендеринин биринчисинде: «Ата-энеңди сыйла», — деп айтылган.

3 Андагы убада болсо мындай: «ошондо жакшылык көрүп, жер бетинде узак өмүр сүрөсүң».

4 Аталар, силер да балдарыңарды ызалантпагыла. Андан көрө, Эгебиздин калтырган таалимине ылайык аларга акыл-насаат айтып, туура тарбия бергиле.

5 Кулдар, силерге айтарым: Машаякка баш ийгендей, өз кожоюндарыңарды да кадырлап, аларга ак дилиңерден баш ийгиле.

6 Калп эле алар барда гана жалпылдабастан, ар дайым Машаяктын кулдары катары чын жүрөктөн Кудайдын эркине ылайык иш кылгыла.

7 Адамга эмес, Кудайга кызмат кылып жаткандай, айткандарын ынта коюп аткаргыла.

8 Кул болобу, эркин адам болобу, ар ким Эгебизден өз сыйлыгын кылган жакшылыгына жараша алары эсиңерде болсун.

9 Кожоюндар, силер дагы кулдарыңарды жогоруда айтылгандай сыйлай билип, алардын да, өзүңөрдүн да төбөңөрдө эч кимди өңүнө карап соттобогон, бирден-бир Ээбиз бар экенин билип, аларды коркутуп-үркүткөнүңөрдү койгула.

10 Акырында айтарым бул: Эгебизден күч-кубат алып, Анын кудуретине таянгыла.

11 Ибилистин ар кандай амалдарына туруштук бериш үчүн Кудайдан алган бардык курал-жарактар менен куралдангыла.

12 Анткени биздин айыгышкан душманыбыз адам баласы эмес. Биз көзгө көрүнбөгөн бийликтер менен күчтөргө, бул дүйнөнү башкарган караңгылык акимдерине, асман алдында өкүмүн жүргүзгөн жиндерге каршы согушабыз.

13 Андыктан Кудайдын бардык курал-жарагын азыр алгыла! Ошондо, башыңарга кыйын күн түшкөндө, душмандын соккусуна туруштук берип, бардыгына чыдап, жеңилбейсиңер.

14 Кармашка даяр тургула! Белиңерди акыйкат кемери менен курчап, көкүрөгүңөрдү адилдик сооту менен жаап алгыла.

15 Бутуңарды кийип, дүйнөгө тынчтык алып келчү Жакшы Кабарды таратууга даяр болгула.

16 Ошону менен бирге бардык учурда азгыруучунун «оттуу жебелерин» өчүрүү үчүн ишеним калканын көтөрүп,

17 куткарылганыңар башыңарга туулга болуп, колуңарга рухий кылычыңарды — Кудай Сөзүн алгыла.

18 Сыйынып, Кудайдын колдоосун суранган сайын Рухтун кудуретине толгула. Дайыма сак болуп, бардык ыйыктар үчүн тынбай сыйынып тургула.

19 Сыйынууларыңарга мени да кошо кеткиле: оозумду ачканымда эле Кудай Өз сөзүн сала берсин да Кудайдын Жакшы Кабарынын купуя сырын коркпостон жарыя кылайын.

20 Аны таратууга жиберилген кабарчы катары азыр камалып да олтурам. Эми Кудайдын кабарын айтканымда, аны жазганбай айтууга Анын мага кайрат берүүсүн суранып сыйынсаңар.

21 Кымбаттуу боордошубуз жана Эгебиздин ишиндеги ишенимдүү кызматташыбыз Тихик эмне болуп, эмне кылып жатканымдын баарын силерге айтып берет.

22 Аны жиберип жаткандагы максатым, силерге ал-акыбалыбызды билдирип, көңүлүңөрдү тынч алдыруу.

23 Кудай Атабыз менен Эгебиз Ыйса Машаяк бардык боордошторубузга тынччылыгын, өз ара сүйүү менен ишенимин берсин.

24 Эгебиз Ыйса Машаякты жан-дилинен берилип сүйгөндөрдүн баарына Кудай ырайым кылсын.