1 Мен, адамдын эмес, Эгебиз Ыйса Машаяктын жана Аны өлгөндөрдөн кайра тирилткен Кудай Атабыздын тандаган элчиси Пабыл,
2 жана жанымдагы башка боордоштор Галатия жериндеги жыйындарга саламыбызды айтабыз.
3 Силерге Кудай Атабыздын жана Эгебиз Ыйса Машаяктын ырайымы менен тынчтыгын тилейбиз.
4 Машаяк бизди ушул кыянаттык өкүм сүргөн замандын бийлигинен бошотуш үчүн, Кудай Атабыздын эркине моюн сунуп, Өзүн биздин күнөөлөрүбүз үчүн курмандыкка чалган.
5 Кудай Атабызга түбөлүк даңк болсун! Оомийин.
6 Силерди Машаяктын ырайымы аркылуу Өзүнө чакырып алган Кудайдан четтеп, башкалардын «Жакшы Кабар» сөрөйүнө ооп баратканыңарды билип, айран таң калып отурам.
7 Алардын айтканы Жакшы Кабар деле эмес. Алар Машаяктын Жакшы Кабарын бурмаламакчы болуп, силерди адаштырып жатышат.
8 Бирок ким болсо да, биз өзүбүзбү же атүгүл асмандан түшүп келген периштеби, биз тараткан Жакшы Кабардан бөлөк кабар таратса, аны каргыш урсун!
9 Мурда айткандарды дагы бир жолу кайталап айтам: кимде-ким силер мурда уккан Жакшы Кабардан бөлөк кабар таратса, аны каргыш урсун!
10 Эми силер мени кимдин колдоосун издеп жатат дейсиңер, адамдынбы же Кудайдынбы?! Же мен чындап эле адамга жагынайын деп жатамбы?! Эгерде дагы да ошентип жаткан болсом, анда мен Машаяктын кулу болмок эмесмин.
11 Боордошторум, билип алгыла, мен тараткан Жакшы Кабар адамдыкы эмес.
12 Мен аны бир дагы адамдан укканым жок, аны мага эч ким окуткан да жок. Бул кабарды мага Ыйса Машаяк Өзү аян кылган.
13 Силер менин иудей дининде жүргөн кезимде кылгандарымды, Кудай жыйынын жер менен жексен кылам деп, артынан сая түшүп куугунтуктаганым тууралуу уккан чыгарсыңар.
14 Ата-бабаларыбыздын адат-салттары дегенде, эт-бетимен кетип, динчилдигим менен өз элимде көптөгөн курбу-курдаштарымдан алдыда тургам.
16
15 Бирок мени энемдин курсагынан эле тандап алып, ырайым этип, Өз кызматына чакырган Кудай Ыйса жөнүндө Жакшы Кабарды башка элдерге таратышым үчүн Өз каалоосу менен мага Уулунун ким экенин аян кылганда, мен эч ким менен кеңешкен жокмун.
17 Иерусалимге барып, менден мурда элчи болгондорго да жолукканым жок. Анын ордуна Арабия жерине барып, андан кийин кайра Дамаск шаарына кайттым.
18 Үч жыл өткөн соң, кийин, Петир менен таанышайын деп, Иерусалимге келдим да, аныкында он беш күнчө эле жүрдүм.
19 Ошондо мен Эгебиздин иниси Жакыптан башка бир дагы элчиге кезикпедим.
20 Ушул жазгандарым чындык экенине Кудай Өзү күбө.
21 Кийин мен Сирия менен Киликия аймактарына бардым.
22 Ал кезде мен Иудеядагы машаякчылардын жыйындарына али тааныла элек болчумун.
23 Алар башкалардын: «Мурда бизди куугунтуктап жүргөн адам эми өзү бир кезде жок кылмакчы болгон ишенимди таратып жүрөт», — деп айтканын гана угушкан.
24 Муну укканда, алар мени ишенимге алып келген Кудайды даңкташты.
1 Кийин, он төрт жыл өткөн соң, мен Барнап менен кайрадан Иерусалимге барып, аякка өзүм менен кошо Титти да ээрчитип алган элем.
2 Ал жакка барышым керек экенин Кудай мага аян кылган болчу. Барганымда, аттуу-баштуу катары эсептелгендерине өзүнчө жолугуп, жарышка түшүп иштеп жатканым бекер эмес бекен деп, башка элдерге жарыялап жүргөн Жакшы Кабарымдын мазмунун аларга айтып бердим.
3 Алар болсо Титти да грек экенине карабай, сүннөткө олтурууга мажбурлашпады.
4 Бул маселе арабызга айрым жалган боордоштордун тыңчы сымал кирип кеткенинен улам келип чыккан эле. Алардын максаты биздин Ыйса Машаяк аркылуу алган эркиндигибизди астыртан билип, бизди кайрадан Тоорат мыйзамынын кулчулугуна кайтаруу болчу.
5 Бирок Жакшы Кабар силерге өзүнүн чыныгы маанисин жоготпос үчүн биз алардын кысымына бой бербедик.
6 Ал эми аттуу-баштуу деп эсептелгендер (мындай айтканымдын себеби, алардын ким болгону мен үчүн эч маанисиз: Кудай адам өңүнө карабайт эмеспи) тараткан Кабарыма эч нерсе кошумчалашкан жок.
7 Тескерисинче, Петирге иудейлердин арасында Жакшы Кабар таратуу тапшырылган сыяктуу, мага да башка элдерге Жакшы Кабар таратуу иши тапшырылганына ынанышты.
8 Анткени иудейлерге элчилик кызмат кылууга Петирге дем берген Кудай, мага да дал ошондой башка элдердин арасында кызмат кылууга дем берген.
9 Мен дагы Кудайдын ырайымы боюнча элчи болгонумду таанышып, ишенгендердин тиреги болуп эсептелген Жакып, Петир жана Жакандар, биздин кызматташ экенибиздин белгиси катары, Барнап экөөбүз менен кол алышты. Ошентип, Барнап экөөбүз башка элдерге, алар болсо эврейлерге баралы деп бир келишимге келдик.
10 Болгону алар Иерусалим жыйынындагы бей-бечараларды унутпай жүрүүбүздү өтүнүштү. Мен муну өзүм да дилгирлик менен орундатчу элем.
11 Бирок Петир Антахияга келгенде, анын айыптай турган иш кылганынан улам мен ага ачыктан-ачык каршы чыктым.
12 Ал жакка Жакыптын жиберген кишилери келе электе, ал башка улуттагылар менен бир дасторкондо даам татышкан экен. Тигилер келгенден кийин эврей жердештеринен чочулаганынан улам, башка улуттагылардан бөлүнүп, алардан оолактай баштады.
13 Аны туурап, калган эврей боордошторубуз да ошентишти. Петирдин эки жүздүүлүгү ал тургай Барнапты да адаштырып салды.
14 Алардын түз жолдон адашып, Жакшы Кабар акыйкатына жараша иш кылбаганын көрүп, мен бардыгынын көзүнчө Петирге мындай дедим: — Сен эврей болуп туруп эврейлердей эмес, башка улуттагылардай жашасаң, анда башка улуттагыларга эврейлердин жашоосун таңуулаганың кандай?
15 Биз күнөөкөр бутпарас эмес, иудей болуп туулганыбыз менен,
16 адам баласы Кудай алдында эч качан Тоорат мыйзамын аткаруу менен акталбастан, Ыйса Машаякка ишенгени менен гана акталарын билебиз. Биз дагы Тоорат мыйзамын аткаруу аркылуу эмес, Ыйсага арткан ишенимибиз аркылуу Кудай алдында акталыш үчүн Ыйсага ишенгенбиз. Себеби Тоорат мыйзамын аткаруудан «адамдардын бири дагы актала албайт».
17 Ал эми биз Ыйсага биригүү менен Кудай алдында акталууну издеп жатып, өзүбүз башкалардан эч айырмабыз жок күнөөкөр болуп чыксак, анда эмне, Машаяк бизди күнөөгө түртүп жатабы? Андай болушу дегеле мүмкүн эмес!
18 Эгерде мен мурда өзүм жокко чыгарган мыйзамды калыбына келтире баштасам, бул менин кылмыш кылганымды айгинелеп турат.
19 Анткени Кудай үчүн жашагандай болушум үчүн Тоорат мыйзамы мени өлүм жазасына кести. Анын алдында мен өлгөн кишимин. Мен Машаяк менен кошо айкаш жыгачта керилгем.
20 Мындан ары мен өзүм жашабастан, менин ичимдеги Ыйса жашайт. Азыркы жашаганым — Кудай Уулуна ишенип гана жашаганым. Ал мени сүйүп, мен үчүн Өз жанынан кечкен.
21 Муну билип туруп, мен Кудайдын ыроологон ырайымын кантип четке кагып салайын? Анткени адам баласы Тоорат мыйзамы аркылуу Кудай алдында актала алса, анда Машаяктын Өз жанын курмандыкка бергени бекер болбойбу?!
1 Алда акылсыз галаттар-ай! Силерди бирөө арбап салды беле? Айткандарымды укканда, айкаш жыгачка керилген Ыйсаны өз көзүңөр менен көргөндөй болдуңар эле го?
2 Деги мага бир нерсени айткылачы: Кудайдын Рухун силер Тоорат мыйзамын аткарганыңардан улам алдыңар беле же Жакшы Кабар угуп, ишенгениңерден улам алдыңар беле?
3 Ушунчалык да акылсыз болосуңарбы?! Кудай Руху менен баштап, эми акыркы максатыңарга өз күчүңөргө таянып жеткиңер барбы?
4 Башыңардан канчалаган кыйынчылыктарды өткөргөнүңөр кур бекер беле? Кантип эле ошондой болсун!
5 Кудайдын силерге Өз Рухун берип, араңарда Өзүнүн улуу, керемет иштерин кылганы Тоорат мыйзамын аткарганыңар үчүнбү же Жакшы Кабар угуп, ишенгениңер үчүнбү?
6 Карасаңар, Ыбрайым «Кудайга ишенип, ошону менен Кудай алдында ак деп табылды».
7 Билип алгыла: Ыбрайымдын урпактары — бул ишеними барлар.
8 Кудай башка элдерди ишенгендиги үчүн актаарын мурдатан эле билип, Ыйык Жазууда Ыбрайымга: «Сен аркылуу бардык элдер Менин батамды алышат»,— деген. Ошентип, Жакшы Кабар алдын ала жарыяланган болчу.
9 Бул — ишенимин Кудайга арткан Ыбрайым менен чогуу ишенимге таянып жашагандардын баарына ак бата тийгени да.
10 Ал эми Тоорат мыйзамын аткарууга аракеттенип жашагандар болсо каргыш алдында жүрүшөт, себеби Жазууда айтылгандай, «Тоорат мыйзамында жазылгандардын бирин да калтырбай, такай аткарып жүрбөгөн ар ким каргышка калат».
11 Ал эми Кудай Тоорат мыйзамы аркылуу эч кимди актабасы Жазуунун төмөнкүдөй айтканынан эле көрүнүп турат: «ишенип акталган адам өмүр табат».
12 Тоорат мыйзамынын ишенимге эч тиешеси жок. Тескерисинче, Жазууда айтылгандай, андагы «бардык талаптарды аткарган адам алар аркылуу өмүргө ээ болот».
14
13 Бирок Машаяк бизге тийиштүү каргышты Өзүнө алды, себеби Жазууда: «Жыгачка асылып өлтүрүлгөн ар кимди каргыш урат»,— деп айтылган. Ошону менен Ыбрайымга берилген ак бата Ыйса Машаяк аркылуу башка элдерге да тарап, биз болсо убада кылынган Ыйык Рухту ишеним аркылуу кабыл алышыбыз үчүн Машаяк бизди Тоорат мыйзамында айтылган каргыштан бошотуп алды.
15 Боордошторум, адамдык эле көз караш менен карап көрөлү: экөө келишим түзүп, аны аткарууга сөз беришсе, аны башка бирөө буза да албайт, ага эч нерсе кошо да албайт.
16 Бул жолу да ушундай: Кудай Өз убадаларын Ыбрайымга жана анын урпагына берди.Жазууда «урпактары» дебестен (бул көп адамды билдирмек), жекелик эле түрдө «урпагы» деп, бирөө жөнүндө гана кеп кылат. Ошол Бирөө — Машаяк.
17 Менин айтайын дегеним, Кудай Ыбрайым менен келишим түзүп, аны аткарууга сөз берген. Төрт жүз отуз жыл кийин келген Тоорат мыйзамы ошол келишимди жокко чыгарып, Кудайдын убадасын буза албайт.
18 Анткени Кудайдын тартуулаган мурасын ала турганыбыз Тоорат мыйзамына негизделип калса, анда бул мындан ары Анын убадасына негизделбейт. Бирок Кудай Ыбрайымга ырайым этип, мурасты убада аркылуу берген.
19 Андай болсо, Тоорат мыйзамынын максаты эмнеде эле? Ал күнөөнүн кылмыштуулугун аныктап, ашкерелеш үчүн кошулуп берилген. Ал убадаланган «урпак» келгичекти гана өкүм жүргүздү. Тоорат мыйзамын периштелер жеткирип, буга бир адам ортомчу болгон.
20 Бирок ортомчу эки тарап келишим түзүшкөндө гана керек. Ал эми Кудай — бирөө!
21 Анда, эмне, Тоорат мыйзамы Кудай убадаларына каршы келеби? Бул дегеле мүмкүн эмес! Адам баласына берилген Тоорат мыйзамынын түбөлүк өмүр алып келгидей кудурети болгондо, анда ар ким Тоорат мыйзамын аткаруу аркылуу эле Кудай алдында актала алмак.
22 Бирок Ыйык Жазууда бүтүндөй адамзат күнөөнүн туткунуна камалганы айтылган. Мунун максаты — Кудайдын убадасын Ыйса Машаякка болгон ишеним аркылуу жана ишенгендерге гана берүү болчу.
23 Ал эми ошол ишеним ачылып берилер мезгил келгичекти, Тоорат мыйзамы бардыгыбызды сакчы сымал туткунда кармап турду.
24 Ошентип, биздин ишеним аркылуу акталышыбыз үчүн Машаяк келгенге чейин биз Тоорат мыйзамынын карамагында болдук.
25 Эми, ишеним мезгили келгенде, биз мындан ары Тоорат мыйзамынын кол алдында эмеспиз.
26 Машаякка ишенгендигибиз үчүн баарыбыз Кудайдын балдары болдук.
27 Машаяк менен тыгыз байланышта болуу үчүн чөмүлүү расмисинен өткөндөрдүн баары Анын рухий касиетине бөлөнүштү.
28 Демек, мындан ары биз эврей же башка улуттагы адам, кул же эркин, эркек же аял деп бөлүнбөстөн, Ыйса Машаяк менен болгон биримдигибиз аркылуу Кудай алдында бардыгыбыз бирдейбиз.
29 Машаякка таандык болсоңор, анда силер Ыбрайымдын урпагысыңар, демек, Кудай эмнени убада кылса, ошого мураскорсуңар.
1 Силерге айтайын дегеним бул: мураскор али бала кезинде баарына ээ болгону менен, кулдан эч айырмасы жок.
2 Атасы белгилеген мезгил келмейинче, тарбиячылар менен үй башкаруучуларынын кароосунда жүрөт.
3 Анын сыңары, биз да бала чагыбызда бул дүйнөнүн пайдасыз эрежелерине баш ийип келген элек.
5
4 Бирок убагы келгенде, Кудай Өз Уулун жиберди. Тоорат мыйзамынын алдында жашагандарга боштондук алып бериш үчүн Ал кадимки эле аялдан төрөлүп, Кудай Аны Тоорат мыйзамынын алдына койду. Ошол аркылуу бизге Кудайдын балдары болууга жол ачылды.
6 Силер Анын балдары болгондуктан, Кудай жан дүйнөңөргө Өз Уулунун Рухун салып, Ал ичиңерден: «Абба! Ата!» — деп чакырып жатат.
7 Ошентип, силер мындан ары кул эмес, Кудайдын балдары болдуңар. Андай болсо, Кудай силерди мураскор да кылды.
8 Бир кезде силер чыныгы Кудайды тааныбай, дегеле кудай болбогондорго кул болуп келгенсиңер.
9 Бирок эми Кудайды таанып билгенде, же тагыраак айтканда, Кудай силерди өзүнүкү деп тааныганда, силер жанакы алсыз, эч пайдасы жок эрежелерге кайтып, кайрадан аларга кул болгуңар барбы?
10 Силер диний салттарга ылайык атайын күндөрдү, айларды, мезгилдерди жана жылдарды сактоого аракеттенип жатасыңар.
11 Мунуңарды көрүп, силерге жумшаган эмгегимдин баары бекер беле деп тынчым кетет.
12 Боордошторум, өтө суранам, мендей болгулачы! Мен деле силердей болгон элем го. Силер мага эч бир жамандык кылган жоксуңар.
13 Өзүңөр билгендей, силерге биринчи жолу келгенимде, ооруп жүргөнүмдөн улам гана араңарда калып, Жакшы Кабар тараткан элем.
14 Бирок оорума чыдаш кыйын болсо да, силер менден жийиркенген да, жүз буруп кеткен да жоксуңар. Тескерисинче, Кудайдын периштесиндей, ал тургай Машаяк Ыйсанын Өзүндөй кабыл алган элеңер.
15 Ошондогу кубанчыңар кайда кеткен? Ал кезде, керек болсо, мага өз көзүңөрдү оюп алып, берүүгө даяр экениңерди көрүп турбадым беле!
16 Же чындыкты айтканым үчүн эми силердин душманыңар болуп калдымбы?
17 Жанакы силердин көңүлүңөрдү алууга жанталашып жаткандардын ниети жакшы эмес. Алар силерди менден ажыратып, кайрадан өздөрүнө жагындыргысы бар.
18 Бирөөнүн көңүлүн алуу, эгерде ал ак ниеттен келип чыкса чындыгында жакшы нерсе. Бул мен силердин араңарда болгонума гана эмес, бардык учурларга тиешелүү.
19 Алда балдарым-ай! Силерден Машаяктын мүнөзү толук көрүнмөйүн, силер үчүн убайым жеп, мен кайра эле толгоосу келип, кыйналып жаткан энедей болуп отурам.
20 Ушул кезде силердин жаныңарда болсом, жаным кашайбай, силер менен кантип сүйлөшүп, эмне дээримди билет элем го!
21 Тоорат мыйзамынын алдында жашайм дегендерге бир собол таштайын: силер Тоорат мыйзамында эмне айтылганын уккан жок белеңер?
22 Анда Ыбрайымдын эки уулу болгон деп жазылган. Алардын бири — күңдөн, бири — эркин аялдан туулган.
23 Бирок күңдүн баласы адамдын эрки менен, эркин аялдын баласы Кудайдын убадасы менен туулган.
24 Эми бул окуяны каймана түрдө алып көрсөк, эки аял эки келишимди билдирет. Алардын бири — балдары кулчулукта туулган Ажар — бул Синай тоосунда түзүлгөн келишим.
25 Арабиядагы Синай тоосун элестеткен Ажар азыркы Иерусалим шаарын билдирет. Анын бүткүл калкы кулчулукта күн көрүүдө.
26 Бирок асмандагы Иерусалим эркин. Ал биздин энебиз.
27 Ыйык Жазууда мындай деп айтылган: «Бир да жүктүү болбогон,"Бала төрөп көрбөгөн"Аялзаты, сүйүнгүн!"Толготпогон кыйналып"Аялзаты, кубанып,"Бийик чыгар үнүңдү!"Себеп десе, күйөөсү"Таштап кеткен аялдын"Күйөөсү бар аялдан"Көбүрөөк болот баласы».
28 Эми, боордошторум, силер да, Ыскакка окшоп, Кудайдын убадасы аркылуу Анын балдары болдуңар.
29 Ал кезде адам эрки менен туулган уул Кудай Рухунун убадасы менен туулган уулду кодулагандай, биз да азыр куугунтукталып жүрөбүз.
30 Бирок Ыйык Жазуу эмне дейт? «Күңдү баласы менен кошо кууп жибер, анткени күңдүн баласы эркин аялдын баласындай мураскор болбойт».
31 Ошентип, боордошторум, биз күңдүн балдары эмес, эркин аялдын балдарыбыз.
1 Машаяк бизге эркиндик берип, биз эми эркинбиз! Эркиндигиңерди колдон чыгарбай, өзүңөрдү кайрадан кул болуудан сактагыла.
2 Уккула, мен, Пабыл, силерге мындай дейм: эгерде силер сүннөткө олтургузууга макул болсоңор, анда Машаяктын кылганы силер үчүн бардык маани-маңызын жоготот.
3 Дагы эскертем: ким сүннөткө олтургузулса, ал Тоорат мыйзамын да толугу менен аткарууга милдеттүү болуп калат.
4 Тоорат мыйзамы аркылуу акталам дегендер, силер өзүңөрдү Машаяктан ажыратып, Кудайдын ырайымынан кур жалак калдыңар.
5 Биз болсо ишенимге ээ болуп, Рухтун колдоосу менен Кудайдан келе турган акталууну чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.
6 Ыйса менен бирге болсок, анда сүннөткө олтурган-олтурбаганыбыздын эч мааниси жок. Маанилүүсү — сүйүү аркылуу көрүнгөн ишенимибиз гана.
7 Силер жакшы бараттыңар эле, чындыкка шек келтирип, жолуңарды бөгөгөн ким?
8 Албетте, силерди Өзүнө чакырып алган Кудай эмес.
9 «Бир кумалак бир карын майды чиритет» деген сөздү унутпагыла.
10 Кантсе да, Эгебиз менен бирге болгонубуздан улам, мен силердин башка ойго өтүп кетпесиңерге ишенем. Ал эми силерди адаштырып жаткан ким болбосун, ал өзүнүн тийиштүү жазасын алат.
11 Боордошторум, эгерде мен дагеле сүннөткө олтургузуунун керек экенин жарыялап жаткан болсом, анда неге дагеле куугунтукта жүрөм? Ошондой болсо, Машаяктын айкаш жыгачын жар салганым эч кыйынчылык туудурбайт эле го.
12 Башыңарды айландырып жаткандар өздөрүн биротоло бычып салышса болмок!
13 Боордошторум, Кудай силерди эркин болууга чакырган. Бирок эркиндигиңерге шылтап, өзүңөрдү күнөөлүү табиятыңардын кумарын кандырууга жумшабагыла! Андан көрө, бири бириңерге сүйүү менен кызмат кылгыла.
14 Анткени бүтүндөй Тоорат мыйзамы «Башкаларды өзүңдү сүйгөндөй сүй»деген сөзгө камтылган.
15 Ал эми бири бириңди жутуп ийчүдөй болуп, кемирип-кесе берсеңер, абайлагыла, акыры бириңди бириң жок кылып тынасыңар.
17
16 Ошондуктан силерге айтарым: күнөөлүү табиятыңардан чыккан кумарларга берилип кетпес үчүн, Рухтун жетегине баш ийип жашагыла, себеп дегенде күнөөлүү табиятыбыздын каалаганы — Рухка, Рухтун каалаганы — күнөөлүү табиятыбызга каршы. Алардын каршылашканынан улам силер өз каалаганыңарды кыла албайсыңар.
18 Рухтун жетегинде болсоңор, анда силер Тоорат мыйзамынын алдында эмессиңер.
19 Күнөөлүү табиятыбыздын кылыктары белгилүү. Бул — бузукулук, ыпластык, уятсыздык,
20 бутпарастык, көз боёмочулук, касташуу, уруш-талаш, кызгануучулук, кыжырлануу, кекирейгендик, жик салгандык, бөлүнүүчүлүк;
21 көрө албастык, масчылык, айбанчылык жана башка ушул өңдүүлөр. Мурда эскерткенимдей, дагы эскертем: мындай кылгандар Кудай Падышачылыгына мураскор боло албайт.
23
22 Рухтун жемиштери болсо сүйүү, кубаныч, тынчтык, сабырдуулук, кайрымдуулук, кең пейилдик, ишенимдүүлүк, мээрбандык, өзүн өзү кармай билүү. Буларга каршы мыйзам жок.
24 Ким Ыйса Машаякка таандык болсо, ал өзүнүн күнөөлүү табиятын бардык кумар-ышкылары менен кошо айкаш жыгачка керип салган.
25 Биз Рух аркылуу өмүргө ээ болгон соң, өзүбүздү толугу менен Рухтун жетегине тапшырып жашайлы!
26 Ошентип, кекирейбейли, бири бирибизди ызалантпайлы жана бири бирибизге көрө албастык менен мамиле кылбайлы.
1 Боордошторум, эгерде араңардан бирөөнүн Кудайга жакпаган иш кылганын билип калсаңар, анда Рухта жетилгениңер аны мээримдүүлүк менен туура жолго салып койгонуңар абзел. Бирок абайлагыла, өзүңөр да кошо күнөөгө азгырылып кетпегиле.
2 Кыйынчылыкта бири бириңерге жөлөк-таяк болгула. Ошондо гана Машаяктын мыйзамын аткарасыңар.
3 Анткени кимде-ким эч нерсеге татыбай туруп, кыйынсынып бой көтөрсө, бул анын өзүн өзү алдаганы.
4 Андан көрө, ар бириңер өзүңөрдүн кылганыңарды байкап, сынап жүргүлө. Ошондо сыймыктансаңар да, өз ишиңер менен сыймыктанып, башкаларды кароонун кажети жок болот.
5 Ар кимдин өз түйшүгү бар.
6 Кимде ким башка бирөөдөн Кудай Сөзү боюнча таалим алса, колунда барын устаты менен бөлүшсүн.
7 Алданбагыла: Кудай эч качан уят болбойт. Ким эмнени эксе, ошону орот.
8 Күнөөлүү табиятына азгырылып, өз керт башын гана ойлогон адамдын эккени өлүмгө алып келет. Ал эми Рухтун жетеги менен эккени Рухтан түбөлүк өмүр энчисин табат.
9 Жакшылык кылсак, талыкпай мээнеттенели. Ошондо акырына чейин чыдай алсак, өз убагында эмгегибиздин үзүрүн көрөбүз.
10 Ошондуктан, мүмкүнчүлүк барда бардыгына, эң алды бизге ишеним аркылуу боордош болгондорго жакшылык кылалы.
11 Эми мынабу чоң тамгалар менен жазылганына көңүл бурсаңар. Бул — менин өз колум менен жазганым.
12 Адамдарга жагыныш үчүн силерди сүннөткө олтурууга мажбурлагандар муну Машаяк керилген айкаш жыгач үчүн куугунтук жегиси келбегендиктен гана жасап жатышат.
13 Алар сүннөткө олтурганы менен, өздөрү деле Тоорат мыйзамын аткарышпайт. Ал эми силерге сүннөткө олтурууну таңуулап жатканы башкалардын мактоосуна татыш үчүн гана.
14 Мен болсо Эгебиз Ыйса Машаяктын айкаш жыгачынан башка эч нерсе менен мактангым келбейт. Ал аркылуу бул дүйнө — мен үчүн, мен— бул дүйнө үчүн жокмун.
15 Сүннөткө олтурган-олтурбаганыбыздын эч мааниси жок. Маанилүүсү — Кудай Рухунан кайрадан жаралганыңар.
16 Дал ушул негизге таянып жашагандардын, Кудай элинин — чыныгы Ысрайыл болгондордун баарын Анын тынчтыгы менен кайрымы коштосун!
17 Мындан ары эч ким мага ушуга окшогон кыйынчылык туудурбасын. Себеби этимдеги жараттар Ыйсанын басылган тамгасы сыяктуу. Бул мен Анын кызматчысы экенимди айгинелейт.
18 Эгебиз Ыйса Машаяктын ырайымы рухуңарга тирек болсун, боордошторум! Оомийин.