1

1 Кудайдын амири менен Машаяк Ыйсанын элчиси болгон Пабылдан жана боордошубуз Тиметейден Кудайдын Корунт шаарындагы жыйынына жана бүтүндөй Ахая аймагындагы ыйыктарга дубай салам!

2 Ылайым Кудай Атабыз менен Эгебиз Ыйса Машаяк силерге ырайым кылып, тынччылыгын берсин.

3 Эгебиз Ыйса Машаяктын Атасы — Кудайга алкыш болсун! Ал биздин да боорукер Атабыз жана жаныбызды жубатып турган Кудайыбыз.

4 Кандай гана кыйынчылыкка учурабайлы, Ал дайыма жаныбызды жубатып, башынан ар кандай кыйынчылыктарды өткөрүп жаткан башкалардын да жанын жубатууга жөндөмдүү кылат. Ошондо Андан биз кандай сооронуч алсак, башкаларды да дал ошондой соорото алабыз.

5 Анткени Машаяк үчүн канчалык көп азап тартсак, Кудай да Машаяк аркылуу бизди ошончолук көп сооротот.

6 Кыйналсак, силердин жаныңарды жубатып, силерди куткарылсын деп кыйналабыз. Кудайдан сооронуч алсак, бул да биз тарткан азаптарды кайраттуулук менен аркалап келе жаткан силердин сооронушуңар үчүн.

7 Биз болсо тарткан азаптарыбызда гана эмес, Кудайдан алган сооронучубузда да силер менен бир экенибизди билип, силерден эч күмөн санабайбыз.

8 Ошон үчүн, боордоштор, силерди билсин деп, Асия аймагында дуушар болгон кыйынчылыктарыбызды эсиңерге салып кетели дедик. Ал жактан ушунчалык чоң, ушунчалык оор азап тарткандыктан, аман каларыбыздан да үмүт үзгөн элек.

9 Бизге карата өлүм өкүмү да чыгарылып калган. Андыктан өз күчүбүзгө ишенбей, бир гана Кудайга бел байладык: Анын өлгөндөрдү да тирилткидей кудурети бар эмеспи.

10 Ошол жолку жүрөк үшүн алган өлүм чеңгелинен куткарып алган Ал бизди эми да куткарат. Келечектеги коркунучтун баарынан да Кудайыбыз куткарарынан биздин эч шегибиз жок.

11 Бул үчүн силер да бизди өз сыйынууларыңар менен колдоп турушуңар керек. Ошондо көпчүлүктүн биз үчүн болгон сыйынууларына жооп берип, бизге ырайымын тартуулаганы үчүн көптөрдүн оозунан Кудайга алкыш айтылат.

12 Биздин сыймыктанганыбыз бул: ушул дүйнөдөгү жашообузда, айрыкча силер менен болгон мамилебизде, биз эмне кылсак да, ошону Кудай Өзү берген ак ниеттүүлүк жана астейдилдик менен, адамдык акылмандыкка эмес, Кудайдын ырайымына таянып жасадык. Муну өз абийирибиз да айгинелеп турат.

14

13 Силерге да өзүңөр окуп түшүнө турган нерселерден башка эч нерсе жазганыбыз жок. Азыр бизди толук түшүнбөсөңөр да, келечекте толук түшүнөрсүңөр деген илгери үмүтүм бар. Ошондо Эгебиз Ыйса кайткан күнү биз силер менен кандай сыймыктансак, силер да биз менен ошондой эле сыймыктана аласыңар.

15 Ушуга ынанган соң, мен алгач силерге барып келүүнү чечтим. Ошондо экинчи сапар келгенимден силер дагы бир ирет Кудайдын батасын алмаксыңар.

16 Мен Македонияга баратканымда, силерге бир жолугуп, Македониядан келатканымда дагы бир ирет кайрылып, анан силер мени кайра Иудеяга жөнөтүп коёрсуңар деп ойлогом.

17 Же бул ойлорум мени туруксуз кылып көрсөтүп жатабы? Же алдыга ушундай максат койгонумдан улам мен өз керт башымды гана ойлоп, бир туруп «ооба», бир туруп «жок» деген адамга окшоп турамбы?

18 Кудай дайыма ишенимдүү болгондой, биз да силерге бир туруп «ооба», бир туруп «жок» дебедик.

19 Анткени Сила жана Тиметей үчөөбүз силерге үгүттөгөн Кудай Уулу — Ыйса Машаякта эч кандай эки анжылык жок: Ал бир туруп «ооба», бир туруп «жок» деген жок. Ал Өз сөзүнө дайым бек турат!

20 Анткени Ал аркылуу Кудайдын бардык убадалары аткарылган. Дал ушул себептүү биз дагы Кудайды даңктап: «Оомийин, ылайым ошондой болсун», — деп турабыз.

21 Силер менен кошо бизди да Машаяк менен болгон биримдигибизде бекемдеп, Өз кызматына дайындаган — Кудай.

22 Ал бизге Өз тамгасын басып, Ага тийиштүү экендигибиздин кепилдиги катары ичибизге Өз Рухун салып берген.

23 Мен Кудайды күбөгө чакырып, өз өмүрүмдү сайып ант берем: дагы бир ирет Корунтка барбаганымдын себеби — силерди аяганымда.

24 Биз мында силердин ишенимиңерди башкарып алалы деген жерибиз жок. Болгону өзүңөрдүн эле кубанчыңар үчүн силер менен бирге иштешип келе жатабыз. Силер болсо ишенимиңерде бек турасыңар.

2

1 Ошентип, мен мындан ары силерди таарынтканы келбейм деп ичимен чечим кабыл алган болчумун.

2 Себеби силерди таарынтсам, анда ким мени кубантмак эле? Жанакы эле өзүм таарынтып алган силер эмессиңерби?

3 Мына ушу себептүү чынында мени кубантууга тийиш болгон адамдардын кылганын көрүп, капаланбайын деп, өзүм баргандан көрө, жанакы катты жазууну оң көрдүм. Ал эми мен кубансам, бул силердин баарыңар үчүн да кубаныч болорунан менин эч шегим жок эле.

4 Ошол катты мен жаным кейип, жүрөгүм сыздап, көз жашымды төгүп жазгам. Анткенимдин себеби силерди капаланткым эмес, жанымдан артык көргөнүмдү билгизгим келген болчу!

5 Ал эми араңардан кимдир бирөө башка бирөөнүн көңүлүн ооруткан болсо, ал менден көрө, силердин баарыңардын көңүлүңөрдү аздыр-көптүр оорутканын айтсам, мунум аша чапкандык болбос.

6 Ал кишиге көпчүлүгүңөр аны жазалаганыңар жетиштүү болор.

7 Эми болсо, тескерисинче, аны кечирип, жубатып койгонуңар оң, антпесе кайгыдан көңүлү таптакыр эле чөгүп кетет.

8 Андыктан, суранам, ага силер аны сүйгөнүңөрдү билгизип койсоңор.

9 Жанакы катты мен силерди сынап, айткандарыма моюн сунар-сунбасыңарды көрөйүн деп эле жазгам.

10 Ал эми силер кимди кечирсеңер, аны мен да кечирем. Анын эмнесин кечирсем да, муну Машаяктын бет алдында силер үчүн,

11 шайтан силерди алдап кетпесин үчүн кылам. Шайтандын амалкөйлүгүн биз жакшы билебиз го.

12 Троас шаарына Машаяк жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратканы келгенимде, Эгебиздин мен үчүн бардык жолдорду ачып койгонун көрсөм да,

13 бир нерсе тынчымды алып жатты: Троастан мен боордошубуз Титти таба албадым. Андыктан ал жердегилер менен коштошуп, Македонияга жөнөп кеттим.

14 Бирок кантсе да, Кудайга шүкүр! Ал дайыма бизди Машаяктын жетеги менен жеңишке жеткирип, биз аркылуу Машаяк тууралуу кабарды аңкыган жыпар жыт сымал туш тарапка жайылтат.

15 Ооба, биз — Машаяк Кудайга багыштап түтөткөн жыпар жыттуу заттын өзүбүз. Анын жыты куткарылуу жолундагыларга да, курут болуу жолундагыларга да тарап жатат.

16 Бирөөлөргө ал өлүмдүн уулуктурган жыты болуп келсе, башкаларга — өмүрдүн аңкыган жыты. Андай болсо, Кудайдын бул кызматына ким жарактуу болуп эсептелет?!

17 Көпчүлүккө окшоп биз Кудай кабарын соодага айландырып, андан пайда табалы деген жерибиз жок го. Кудайдын жибергендери, Машаяктын кызматчылары катары Ал бизди көрүп турганын билип, кайра Анын кабарын чын дилибизден таратып жүрөбүз.

3

1 Биз кайрадан эле өзүбүздү өзүбүз мактап жаткандай өңдөнүп турабызбы? Кээ бирөөлөргө окшоп, биз да силерге көрсөткүдөй же силерден алып, башкаларга көрсөткүдөй ишеним катка муктаж белек?

2 Силер өзүңөр — биз үчүн ишеним каттай элесиңер го. Биздин жүрөктөрүбүзгө жазылган бул кат баарына маалым, аны ким болсо да окуй алат.

3 Силер кызматыбыздын үзүрү — Машаяк жазган каттын өзү экениңерди баары көрүп турушат. Ал сыя менен эмес, тирүү Кудайдын Руху менен, таш лоокторго эмес, адамдардын жүрөктөрүнө жазылган.

4 Бардыгы дал ушундай экени биз үчүн калетсиз. Буга бизди Кудай алдында Машаяк ишендирди.

5 Колубуздан бир нерсе келип, муну же тигини өзүбүз кылдык дегендей эч акыбыз жок, себеби бизди ошого жөндөмдүү кылган — Кудай.

6 Ал бизге Жаңы келишим кызматчылары болууга жөндөм берди. Жаңы келишим болсо, кагаз бетине түшкөн мыйзам эмес, Рух: жазылган мыйзам өлүмгө алып келет, ал эми Рух болсо өмүр берет.

7 Тоорат мыйзамынын ар бир тамгасы таш лоокторго чегилип, ал аркылуу Кудайдын улуулугу көрүндү. Бул көрүнүш убактылуу гана болсо да, ал Мусанын жүзүнөн ушунчалык жаркырап турганынан, Ысрайыл эли анын бетин карай албады. Эгерде өлүм алып келчү Тоорат мыйзамы берилгенде, Кудайдын ал аркылуу көрүнгөн улуулугу ушунчалык жаркыраса,

8 Анын Рухтун кылган кызматы аркылуу жаркыраганы канчалык зор болушу керек?!

9 Айыпталуу алып келчү кызмат ушунчалык улуу болсо, акталуу алып келчү кызмат андан канчалык улуу болууга тийиш?!

10 Бир кезде ушунчалык жаркырап турган мыйзам улуулугу эми, Жаңы келишимдин андан да зор улуулугу жаркырап келгенде, өчкөнсүп калды.

11 Өтүп кетчү нерсенин улуулугу мынчалык жаркыраса, түбөлүк боло турган нерсе канчалык жаркырайт!

12 Ушундай үмүтүбүз бар болгон үчүн биз коркпостон, ачык сүйлөп жатабыз.

13 Биз Мусага окшоп жүзүбүзгө парда тартып албайбыз. Ал муну анын жүзүнөн Ысрайыл эли өз күчүн жогото турган мыйзамдын жаркыраганын көрбөсүн деп кылган.

14 Ал кезде алардын акыл-эси көр эле. Күнү бүгүнкүгө чейин Байыркы Келишим китебин окуганда алиги парда дале тартылып турат. Ал парданы алып салууга Машаяк гана кудуреттүү.

15 Азыркы убакта да Мусанын мыйзамын окуп жатышканда, бул парда алардын жүрөктөрүн жаап турат.

16 Бирок кимдир бирөө Жараткан Эгеге жүз бурганда, алиги парда алынып ташталат.

17 Бул жерде Эге деп аталганы — Ыйык Рух, ал эми Эгебиздин Руху бар жерде эркиндик өкүм сүрөт.

18 Андыктан баарыбыздын пардасы алынып ташталган жүздөрүбүз Эгебиздин улуулугун чагылдырып, Эгебизден бизге келген улуулук бизди өзгөртүп, уламдан улам Ага окшош кылат. Ошого жараша бизден мурдагыдан да зор улуулук жаркырап чыгат. Бул болсо Эгебизден — Ыйык Рухтан келет.

4

1 Ушул кызматка Кудайдын ырайымы боюнча чакырылганыбызды билген биз көңүлүбүздү чөгөрбөйбүз.

2 Анын ордуна, демейде жаап-жашырылчу уят иштерден баш тартабыз да, амалкөйлөнүп Кудайдын Кабарын жасалмалабайбыз. Чындыкты ачык жарыялап, Кудай алдында өзүбүздү бардыгынын абийиринин сотуна коёбуз.

3 Ал эми биз жар салып жүргөн Жакшы Кабар кимдир бирөөлөргө жабык болсо, ал курут болуу жолун жолдоп бараткандар үчүн жабык.

4 Кудайдын бейнеси болгон Машаяктын улуулугу тууралуу Жакшы Кабардын жаркыраган нурун көрбөсүн үчүн ушул кыянат замандын жалган кудайы ишенбегендердин акыл-эсин көр кылып койгон.

5 Анткени биз өзүбүздү эмес, баарынын Эгеси — Ыйса Машаякты үгүттөп жатабыз. Өзүбүз болсо Ыйса үчүн силерге кул болдук.

6 «Караңгылыкка жарык жансын!» — деп буюрган Кудай Ыйса Машаяктын жүзүнөн жаркырап көрүнгөн Өз улуулугун билдириш үчүн Өзү жан-дилибизге нур болуп жанды.

7 Биз болсо асыл кенч сакталган чопо идиштер элебиз. Андыктан ушул чексиз кудурет бизден эмес, Кудайдан келип жатканы ачык-айкын көрүнүп турат.

8 Биз туш-туштан кысымга алынып жатсак да, талкаланган жокпуз; айласыз абалда болсок да, үмүттөн кол үзбөйбүз;

9 куугунтук жеп жүрсөк да, ташталган жокпуз; кулатылсак да, жок кылынбадык.

10 Өз денебизде дайыма Ыйсага окшоп азап тартып, өлүмгө дуушар болобуз. Ошол аркылуу Ыйсанын өмүрү да бизден көрүнөт.

11 Анткени тирүү жүргөн биз Ыйсага окшоп кайра-кайра өлүм жазасына тартылганыбызда, бул аркылуу өлө турган денебизден Ыйсанын өмүрү да көрүнөт.

12 Ошентип биздин өлүм менен беттешип жүргөнүбүздүн натыйжасында силер түбөлүк өмүргө ээ болуп жатасыңар.

13 Ыйык Жазууда: «Сага ишенип, ошондуктан сүйлөдүм»,— деп жазылган. Биз да ошол эле ишеним берчү Рухка ээ болуп, ишенген үчүн сүйлөп жатабыз.

14 Эгебиз Ыйсаны өлгөндөрдөн тирилткен Кудай бизди да Ыйса менен кошо тирилтип, силер менен бирге Өз алдына алып келерин билебиз.

15 Башыбыздан өткөндөрдүн баары силердин эле пайдаңар үчүн. Анткени Кудайдын ырайымы улам көбүрөөк адамдарга жеткен сайын Кудайга көбүрөөк алкыштар айтылып, Кудайдын улуулугун арттырат.

16 Көңүлүбүз чөкпөгөнүнүн себеби мына ушунда. Сырткы табиятыбыз эскирип баратканы менен, ички табиятыбыз күндөн күнгө жаңыланууда.

17 Анткени биз тартып жаткан анча-мынча убактылуу азабыбыз бизди түбөлүктүү даңкка алып барат. Анын канчалык зор экенин биз элестете да албайбыз.

18 Биздин назарыбыз көзгө көрүнгөн нерселерге эмес, көзгө көрүнбөгөн нерселерге бурулушу керек, себеби көзгө көрүнгөнү убактылуу, көрүнбөгөнү болсо түбөлүктүү.

5

1 Убактылуу алачыкка окшогон ушул жердик турагыбыз — биздин денелерибиз жок болгондо, Кудай асмандан жаныбыз үчүн Өзү даярдап койгон, адам колу менен салынбаган, түбөлүктүү турак берерин билебиз.

2 Ошол асмандык турагыбызга бөлөнүүнү ушунчалык эңсегенибизден улам азыркы денебизде жашаганыбызда, биз үшкүрүнүп келебиз.

3 Жаныбыз асмандык турагына бөлөнүп, рухубуз тураксыз калбайт.

4 Азыркы денебизде жашап турган чакта биз кыйналганыбыздан оор үшкүрүнүп жатабыз. Үшкүрүнгөнүбүз болсо ушул жердик турагыбыздан бошонгубуз келгендиктен эмес, тезирээк асмандык турагыбызга да бөлөнүүнү эңсегенибизден. Ошондо өлүк нерсе өлбөс болуп өзгөрөт.

5 Бизди ошого даярдап, ошентеринин кепилдиги катары бизге Өз Рухун ыроологон — Кудай.

6 Ошентип, азыр жашап жаткан турагыбыз — жердик денебиз — бизди асмандык турагыбыздан алыстатып турганын билсек да, кайратыбыздан жазбай келебиз.

7 Ошондуктан биз көзүбүз көргөн нерселер менен эмес, ишеним менен жашайбыз.

8 Мына ушинтип кайраттан жазбай, өз денебизден ажырап, асмандагы үйүбүзгө, Эгебиздин алдына барууну эңсеп турабыз.

9 Андыктан, асмандагы үйүбүздө болобу же ал жакта эмеспи, Кудайга жагууну каалайбыз.

10 Анткени Соттоочубуз — Машаяктын алдына барып, ар бирибиз денебизде жашаган кезде жасаган жакшы да, жаман да иштерибиздин тиешесин алууга тийишпиз.

11 Ошентип, Эгебиздин кадырын билип, биз башкаларды Анын жолуна түшүрүүгө аракеттенип жүрөбүз. Ал эми биздин кандай экенибиз Кудайга белгилүү. Муну силер да жакшы билесиңер деген үмүттөбүз.

12 Бул сөзүбүз менен биз кайрадан эле өзүбүздү мактайлы деген жокпуз. Кайра силерди биз менен сыймыктансын дедик. Ошондо ички дүйнөсүнө эмес, сырткы салабатына карап мактангандарга айтар сөзүңөр болот.

13 Силерге акылыбыз адашкандай өңдөндүбү? Андай болсо, бул Кудай үчүн. Ал эми акыл-эсибиз ордунда болсо, бул силердин пайдаңар үчүн.

14 Бизди Машаяктын сүйүүсү алдыга сүрөп турат. Анткени биз мындай тыянакка келдик: Бирөө баары үчүн өлсө, демек баары Аны менен кошо өлүштү.

15 Ал баарыбыз үчүн өлгөн. Ошон үчүн эми ким жаңы өмүргө ээ болсо, ал өзү үчүн эмес, ага өмүр бериш үчүн өлүп кайра тирилген Машаяк үчүн жашоого тийиш.

16 Мындан ары биз эч кимди адамдык көз караштан алып баамдай албайбыз. Мурда Машаякты да биз адамдык акыл менен түшүнгөн элек. Бирок эми андай кылбайбыз.

17 Машаяк менен биримдикте болгон ар кимди Кудай жаңыдан жараткан: эскинин баары кетип, эми баары жаңы болуп калды!

18 Мунун баарын кылган — Кудай. Ал Машаяк аркылуу бизди Өзү менен элдештирип, бизге да башкаларды Аны менен элдештирүү кызматын берди.

19 Айтайын дегеним, Машаяк аркылуу Кудай бүтүндөй дүйнөнүн кылган кыянаттыктарын эсептебестен, Өзү менен элдештирип койду. Бизге болсо ошол элдешүү тууралуу кабарды жеткирүү тапшырылган.

20 Ошондуктан биз Машаяктын атынан келген кабарчыларбыз. Биз аркылуу адамдарга Кудайдын Өзү кайрылып жатат. Машаяктын атынан өтүнөбүз: Кудай менен тынчтыкка келгиле!

21 Кудай биздин ордубузга эч жазыксыз Машаякты жоопкер кылды. Ал аркылуу биз эми Кудай алдында акталдык.

6

1 Кудайдын кызматташтары катары өтүнөбүз: Кудайдын силерге кылган ырайымы куру бекер кетпесин.

2 Анткени Анын айтканы бул: «Ыңгайлуу мезгил келип, уктум сени;"Куткарчу күнүм келип, жардам бердим»."Мына, эми Кудайдын ыңгайлуу мезгили да жетип, силерди куткарчу күнү да келип калды!

3 Кылган кызматыбызга тил тийбесин үчүн биз эч кимге жолтоо болгубуз келбейт.

4 Анын ордуна, Кудайдын чын дилден берилген кызматчылары катары, эмне кылсак да, башкаларга өрнөк болууга аракеттенип жатабыз. Азап тартсак да, муктаж болсок да, башыбызга мүшкүл түшсө да,

5 бизди уруп-сабашса да, зынданга салышса да, бизге каршы козголоң чыгарышса да, кара терге түшүп эмгектенсек да, түндөрү кирпик какпай чыксак да, ачка калып жатсак да — бардыгын бой бербей көтөрүп келатабыз.

6 Көрсөткөн тазалыгыбыз менен чындыкты билгенибиз, сабырдуулугубуз менен кичи пейилдигибиз, Ыйык Рухтун катышуусу менен чын дилибизден чыккан сүйүүбүз,

7 акыйкат сөзүбүз менен Кудайдын кудурети — буга айкын далил. Биздин чабуул салар да, коргонор да куралыбыз — адилдик.

8 Биз барктуу да, барксыз да, жакшы аттуу да, жаман аттуу да болууга даярбыз. Бизди жалганчылардай кабыл алышса да, чындыкты гана сүйлөп жатабыз.

9 Бизди белгисиз дешсе да, биз баарына белгилүүбүз. Бизди ажалы жетти дешсе да, карагылачы, биз али тирүүбүз. Бизди жазалашканы менен, өлтүрүшкөн жок.

10 Бизди капалантышса да, биз кубанып жүрөбүз. Өзүбүз жарды болгонубуз менен, көптөрдү бай кылабыз. Колубузда эч нерсе жок болсо да, баарына ээбиз.

11 Корунттук боордоштор! Биз силерге ачык сүйлөп, дилибизди силерге кенен ачып койгонбуз.

12 Биз эмес, өзүңөр эле жан-дүйнөңөрдү биз үчүн жаап салып жатпайсыңарбы.

13 Силерге өз балдарыма айткандай айтам: биздей болуп, дилиңерди кенен ачкылачы.

14 Ишенбегендер менен моюнтуругуңар эч качан бир болбосун. Адилеттик менен адилетсиздикти кошсо болобу? Жарык менен караңгынычы?

15 Машаяк менен Белиар келишимге келе алышабы? Же ишенген адам ишенбеген адам менен биримдикте боло алабы?

16 Кудайдын ийбадатканасында буркандарга орун барбы? Силер тирүү Кудайдын ийбадатканасысыңар. Анткени Кудай мындай деген: «Ичинен алардын Мен турак табам,"Жашаймын Мен алардын арасында."Кудайы болуп алам аларга Мен,"Өз элим болуп калат алар Мага».

17 Эгебиз дагы мындай дейт:"«Алардын арасынан чыгып кетип,"Алардан бөлүнгүлө өзүңөрчө."Тийбесин колуңар да арам затка."Ошондо кабыл алам силерди Мен.

18 Атаңар болуп калам баарыңардын,"Уул-кыздарым болосуңар силер Мага, —"Дейт бизге кудуреттүү Кудай Таала».

7

1 Ошентип, сүйүктүүлөрүм, ушундай убадаларга ээ болуп, денебиз менен рухубузду булгаган ыплас нерселердин бардыгынан тазаланып, Кудайды кадырлап, толугу менен адал өмүр сүрөлү.

2 Бизге өз дилиңерди кенен ачып койгула. Биз эч кимге жамандык кылган жокпуз, эч кимге зыян тарттырбадык, эч кимдин эсебинен пайда таппадык.

3 Мен муну силерди кекетип айтып жаткан жокмун. Мурда деле айтканымдай, силер биздин жан-дилибиздесиңер, биз өлүмдө да, өмүрдө да биргебиз.

4 Силерге бек ишенип, силер менен аябагандай сыймыктанам. Кайрат-жигерим артып, тарткан бардык азаптарыма карабай, кубанычым койнума батпайт.

5 Македонияга барганыбызда да эс ала алган жокпуз. Сырт жактан башкалар менен алышсак, ичибизден коркунуч кыйнап, бардык жагынан азап тарттык.

6 Бирок көңүлү чөгүп тургандарга сооронуч берүүчү Кудай бизге Титти жиберип, ошону менен жаныбызды жубатты.

7 Анын келиши гана эмес, силерден сооронуч алганын укканыбыз да жаныбызга тынчтык берди. Ал эми силердин мени канчалык сагынып, мурда капалантып алганыңарга канчалык кайгырып, эми колдоого даяр экениңерди укканда, төбөм көккө жетти.

8 Жазган катым силерди кайгыга салды деп аны жибергениме башында өкүндүм эле, убактылуу гана кайгыртканына көзүм жетип, кайрадан өкүнбөй калдым.

9 Эми мен кубанып жатам. Кубанганым болсо силерди кайгыртканыма эмес, кайгырганыңардан улам ниетиңер өзгөргөнүнө. Кайгырганыңар Кудайдан болуп, биз силерге эч зыян келтирген жокпуз.

10 Анткени Кудайдан келген кайгы адамдын ниетин гана өзгөртпөстөн, аны куткарылууга алып келет да, эч өкүнүч калтырбайт. Ал эми бул дүйнөдөн келген кайгынын түбү — өлүм.

11 Кудай салган кайгыңар не деген жемиш бергенин карасаңар: болгон ишке ушунчалык олуттуу мамиле кылып, канчалык тазалангыңар келип турганын, күнөөгө кыжырданып, ушунчалык коркконуңарды, өзүмдүн жаныңарда болушумду эңсеп, туура иш кылууга далалаттанып, айыптуу адамды жазалоого даяр болгонуңарды. Мунун баары — силердин актыгыңардын ачык-айкын далили.

12 Ошентип, жанакы катты жазсам да, мен муну күнөө кетирген адам үчүн же күнөөдөн запкы жеген адам үчүн кылганым жок. Кайра Кудай алдында силердин канчалык биз үчүн кам көргөнүңөрдү көрсөтөйүн деп жазгам.

13 Жаныбызды жубаткан мына ушу. Сооронуп эле тим болбостон, баарыңардын колдооңор Титти көңүлүн ушунчалык көтөргөнүн угуп, кубанычка толдук!

14 Мен ага силерди ушундай мактадым эле, силер да мени уятка калтырбадыңар. Биз силерге дайыма чындыкты гана айтып жүргөн сыяктуу, силер тууралуу Титке айтылгандын баары да чындык болуп чыкты.

15 Силер анын тилин алууга канчалык даяр болуп, аны канчалык кадырлап, кандай урмат-сый менен тосуп алганыңарды эстеген сайын, анын силерге болгон сүйүүсү күчөгөндөн күчөп баратат.

16 Мен да силерге толук ишене аларыма аябагандай кубанып турам!

8

1 Боордоштор, биз силерди билсин дегенибиз — бул Кудайдын Македония аймагындагы жыйындарга көрсөткөн ырайымы.

2 Не деген кыйынчылыктарды баштан өткөрүп жатканына карабай, алар кубанычка толуп турушат, өздөрү не деген жакырчылыкта жашап жатышканына карабай, эч аянбастан, ушунчалык берешен болушууда.

3 Алар өз ынтасы менен колунан келгенин гана эмес, андан да көп беришкенине мен күбөмүн.

4 Иерусалимдеги ыйыктарга жардам берүүгө катыштыруубузду көптөн көп суранышып, ошону өздөрүнө артыкчылык көрүштү.

5 Мындай болорун биз күткөн да эмес элек. Бирок алар өздөрүн эң алды Эгебизге багыштап, анан Кудайдын эрки менен бизге да жардамдашышты.

6 Ошондон улам биз ушул соопчулук ишин баштаган Титтен аны улантып, биротоло аягына чыгарууга силерге жардам берип коюшун өтүндүк.

7 Силердин ишенимге, чечен сөзгө, билимге бай болуп, жардам берүүгө далалаттанып, бизди ушунчалык сүйгөнүңөрдү билип, бул жакшы иште айкөлдүгүн көрсөтүшөт деген үмүттөбүз.

8 Бул сөзүм буйрук эмес. Болгону, башкалардын кылган аракеттерин көрүп, эми силердин да чын дилиңерден сүйгөнүңөр канчалык анык экенин сынап көрөйүн дедим.

9 Эгебиз Ыйса Машаяктын ырайымдуулугун силер өзүңөр билесиңер: бардыгына ээ болуп турса да, Ал силерди ойлоп, Өзүн силер үчүн жакыр кылды. Мунун максаты Өзү жакыр болгону менен силерди байытууда эле.

10 Силерге берер кеңешим бул. Былтыр биринчи болуп көмөк гана бербестен, ошого биринчи болуп ниеттенген да силерсиңер.

11 Андай болсо, баштагы ниетиңерден жазбай, бул ишти ошого жараша бүткөрүп, колуңардан келгенин кылгыла.

12 Эгерде берүүгө чындап ниетиңер бар болсо, анда берген жардамыңар колуңарда жогун эмес, колуңарда барын эске алуу менен кабыл алынат.

13 Мен милдеттин баарын силерге жүктөп, башкалардын абалын жакшыртайын деп жаткан жерим жок. Кеп теңчиликке жетүүдө.

14 Азыр силер өзүңөрдөн артканын берип, алардын кем-карчын толуктай алсаңар, кийин, силерде жетишсиз болгондо, алар өздөрүнөн артканы менен силердин кем-карчыңарды толукташат. Ошентип арабызда теңчилик болот.

15 Ыйык Жазууда айтылгандай, «Көп чогулткан адамдын эч нерсеси артпады,"Аз чогулткан адамдын муктаждыгы болбоду».

16 Титти да биздей кылып силерге ушунчалык кам көрүүгө ниеттендирип койгон Кудайга шүкүрчүлүк айтабыз!

17 Барып кел деп өтүнгөнүбүзгө гана макул болбостон, жардам берүүгө ушунчалык далалаттанып, ал силерге өз ыктыяры менен бара жатат.

18 Аны менен кошо силерге дагы бир боордошубузду жөнөтүп жатабыз. Ал Жакшы Кабар таратууда кылган кызматы менен бардык жыйындарда урмат-сыйга ээ.

19 Анын үстүнө, жыйындар аны биз Эгебиздин атак-даңкын чыгарган жана өзүбүздүн жардам берүүгө ниеттенгенибизди көрсөткөн ушул кайрымдуулук ишибизди аткарып жүргөнчө бизге жолдош кылып дайындашкан.

20 Бизге табышталган мол тартууларыңарды чогултуп бөлүштүрүүдө эч ким тарабынан айыпталбаш үчүн этият болууга аракеттенип жатабыз.

21 Анткени биз Эгебиздин алдында гана эмес, элдин алдында да туура иш кылууга умтулабыз.

22 Аларга кошуп өз арабыздан да дагы бир боордошубузду жибердик. Аны көп ирет ар кандай жагдайларда сынап көрүп, жардам берүүгө ынта койгонуна ынанганбыз. Эми болсо силерге ушунчалык ишенгенинен ал жардам берүүгө мурдагыдан да көп ниеттенүүдө.

23 Тит тууралуу айта кетсек, ал — силерге жардам берүүдө мени менен дайыма иштешип жүргөн өнөгүм. Эки башка боордошубуз болсо — Машаяктын атак-даңкын чыгара турган жыйындардын өкүлдөрү.

24 Андыктан аларга сүймөнчүлүгүңөрдү көрсөтүп, ошол аркылуу жыйындарды силер менен сыймыктанганыбыз бекер эмес экенине ынандыргыла.

9

1 Чынын айтканда, силерге ыйыктарга жардам берүү жөнүндө жазуунун эч кажети деле жок,

2 себеби канчалык ынта койгонуңарды билип, ахаялыктар былтыртан эле даяр болгон деп, македониялыктардын алдында силерди айтып мактанып да жүрөм. Силердин бул ишке ынта койгонуңар көптөрүнө түрткү берди.

3 Мына эми, ошол мактанычым куру сөз болбосун деп жана, мурда айтканымдай, даяр болушуңар үчүн силерге боордошторуңарды жиберип жатам.

4 Антпесе, элестетип көрсөңөр, мени менен кошо македониялыктар келип калып, даярдыгыңар жок болгонун көрүшсө, силерге ушунчалык ишенген биз шерменде гана болбойбузбу. Ал эми силердин кандай абалда каларыңарды айтпай деле койсо болот.

5 Андыктан жанакы боордошторду, убада кылган жардамыңар даяр болсун үчүн, силерге өзүмдөн мурун жиберүүнү оң көрдүм. Ошондо мен келгенде аныңар даяр болуп, аргасыздыктан эмес, өз ыктыярыңар менен бергениңерди баары көрүшөт.

6 «Аянып сепсең — аз түшүм,"Аянбай сепсең — мол түшүм», —"деген сөздү унутпайлы.

7 Ошентип ар бириңер өкүнбөй же муну милдет көрбөй, өзү канча кааласа, ошончо берсин. Анткени кубаныч менен бергендер Кудайга жагышат.

8 Кудай болсо дайыма силерге керек болгонунан алда канча көп берүүгө кудуреттүү. Ошондо керектүүнүн баары дайыма колуңарда болуп, жакшылык кылууга артыкчылыгы менен жетет.

9 Ыйык Жазууда айтылгандай, «Жардыга марттык менен берген колдун"Түбөлүк унутулбайт жакшылыгы».

10 Ошентип, дыйканга себилер үрөнүн, жей турган нанын берген Кудай колуңарда барын көбөйтүп, адилдигиңердин үзүрүн арттырат.

11 Ошондо бардык нерсеге бардар болуп, силер дайыма берешен боло аласыңар, ал эми биз аркылуу көрсөткөн берешендигиңерден улам көптөгөн адамдар Кудайга алкыш айтышат.

12 Анткени кылган жакшылыгыңар ыйыктардын кем-карчын гана толтурбастан, адамдардын Кудайга алкыш айтууларын да арбытат.

13 Ошентип, кылган жакшылыгыңарды көрүп, алар Машаяк тууралуу Жакшы Кабарды берилгендик менен таратып жатканыңар үчүн, жоомарттык менен колуңарда барын алар жана башкалар менен бөлүшүп жатканыңар үчүн Кудайды даңазалашат.

14 Алар силер үчүн сыйынып, силерди көрүүгө ынтызар болууда, анткени Кудай аларга силер аркылуу Өзүнүн зор ырайымын көрсөттү.

15 Сыпаттап бүткүс тартуусу — Уулу Машаяк үчүн Кудайыбызга алкышыбызды айталы!

10

1 Кээ бирөөлөр мени алдыңарда турганда жалтанчаак болуп, ал эми алыс жүргөндө болсо батыл болот дешет экен. Кантсе да, мен өзүм, Пабыл, силерге кайрылып, Машаяктын момундугу менен жооштугу үчүн силерден өтүнөм:

2 келгенимде мени ошентип батылдык менен сүйлөөгө аргасыз кылбасаңар. Албетте, бизди ушул дүйнөдөгүлөргө окшоп иш кылышат деп ойлогондорго карата мен батыл болсом болормун.

3 Бул дүйнөдө жашап жатканыбыз менен, биз дүйнөдөгүлөргө окшоп согушпайбыз.

4 Согушкан куралыбыз бул дүйнөнүн куралы эмес, чептердин таш-талканын чыгарган Кудайдын кудуреттүү куралы. Аны менен биз жалган ой-пикирлерди талкалайбыз;

5 Кудайды таанып билүүнүн жолун бөгөгөн текебердиктин баарын ойрон кылып, ар бир адамдын ойлорун туткундап, Машаякка баш ийдиребиз.

6 Ал эми силер Ага толугу менен баш ийгениңерде, биз баш ийбестиктин баарын жазалоого даяр болобуз.

7 Силер көзгө көрүнгөн нерселерге карап жатасыңар. Эгер ким өзүн Машаяктыкымын деп билсе, ал биз деле ага окшоп Машаяктыкы экенибизди да ойлонсун.

8 Бизге берилген бийлик менен өтө эле мактанып кетсем да, анын эмнесинен уялам? Бул бийликти мага ишенимиңерди талкалаш үчүн эмес, бекемдеш үчүн Эгебиз Өзү берген.

9 Бирок мен силерди каттарым менен коркуткум келбейт, андай ойлобогула.

10 Кээ бирөөлөр: «Пабылдын каттарын окусаң, ары сүрдүү, ары катаал угулат. Ал эми келгенде, өзү да алсыз, сөзү да супсак», — дешет экен.

11 Андайларга эскертерим бул: жаныңарда жокто катыбыздан кандай көрүнсөк, келгенде да дал ошондой болобуз.

12 Арийне, биз өзүбүздү мактанчаак немелерге салыштырууга да батына албайбыз. Өздөрүн бири бирине ченеп, өздөрүн бири бирине салыштырган алардын кылыгы акылсыздык эмей эмне?!

13 Биздин мактануубуз болсо белгилүү чектен чыкпайт. Ал чек — Кудайдын бизге бөлүп берген иши. Силерге кылган кызматыбыз да ошол чектин ичинде.

14 Силерге барганыбызда да, биз ошол чегибизден чыккан жокпуз, анткени биринчи болуп силерге Машаяк тууралуу Жакшы Кабарды алып келген биз элек го?!

15 Биз башкалардын кылган иши менен мактанып жаткан жерибиз жок. Анын ордуна, силердин ишенимиңер өсүп, ошого жараша биз да силердин араңарда мурдагыдан да зор иш кыла алабыз деген үмүттөбүз.

16 Ошондо силерден башка жерлерге да барып, Жакшы Кабар тарата алабыз да, кимдир бирөөнүн өз ордунда кылган иши менен мактанган болбойбуз.

17 «Кимде-ким мактангысы келип турса,"Мактансын Эгебиздин иши менен»

18 Өзүн-өзү мактаган адам эмес, Эгебиз мактаган адам кадыр-баркка татыйт.

11

1 Атаганат, менин бир аз «акылсыздыгыма» сабырдуураак болсоңор гана. Суранам, ошондой болсоңор.

2 Анткени өзүм силерди пакиза кыз сымал бир гана эрге, Машаякка, убада кылып коюп, силерге Кудайдын Өзүнө окшоп кам көрүп жатам.

3 Бир коркконум, жыландын жалган сөзүнө алданган Обого окшоп, силер да акылыңардан адашып, өзүңөрдү чын дил, ак ниет менен Машаякка арнаганыңарды унутуп калбагай элеңер.

4 Анткени кимде-ким силерге биз жар салбаган, башка Ыйсаны жар салып, же болбосо силер кабыл алган Ыйык Рухтан башка рухту же бизден уккан Жакшы Кабардан башка кабарды жеткирип келсе, андайларга оңой эле чыдап жатпайсыңарбы.

5 Мен өзүмдү жанакы, силер «улуу элчи» атагандарыңардан бир жерим кем деп ойлобойм.

6 Сүйлөгөндө, балким, алардай чечен эместирмин, бирок билим жагын алганда, камчы салдырбайм. Муну бардык жагынан бир далай жолу далилдегенибизге өзүңөр деле күбөсүңөр.

7 Кызматыма эч акы сурабай, силерге Кудайдын Жакшы Кабарын жар салып, аброюңарды көтөрүш үчүн өзүмдү кемсинткен элем. Ушундай кылганым күнөөбү?

8 Силерге кызмат кылганымда, акчалай жардамды башка жыйындардан алып, силер үчүн аларды чыгымга учураттым.

9 Араңарда жүрүп каражатка муктаж болгонумда да эч бириңерди кабатыр кылбастан, керектүү жардамды Македониядагы боордошторумдан алып турдум. Буга чейин силерге эч жагынан жүк болбогон сыяктуу, мындан ары да жүк болбойм.

10 Машаяк тууралуу айткан ар бир сөзүм канчалык чындык болсо, ушул мактанычымды да Ахая аймагында эч ким жокко чыгара албасы ошончолук анык.

11 Же муну силерди жаман көргөнүмдөн айтып жатам дейсиңерби? Силерди жакшы көргөнүмө Кудай Өзү күбө.

12 Мен болсо буга чейин кандай иштеп келсем, мындан ары да ошондой иштеп, жанакы «элчи» сөрөйлөрдүн өздөрүн бизге окшотуп мактанышына жол бербейм.

13 Анткени алар — Машаяк элчилеринин кейпин кийип, өз кытмыр иштерин кылган жалган элчилер.

14 Алардын минткени таң калыштуу эмес. Шайтан өзү деле нур периштесинин кейпин кийип жүрбөйбү.

15 Андай болсо шайтандын нөкөрлөрү да адилет нөкөрлөрүнүн кейпин кийип келгенин көрүп, эмнесине таң калмак элек? Акыры алар өз иштерине жараша тиешесин алышат.

16 Дагы да кайталап айтам: эч кимиңер мени акылсыз деп ойлобогула. Ал эми акылсыз десеңер, анда дагы бир аз акылсызданып, мактанып алууга мүмкүнчүлүк берсеңер.

17 Албетте, азыр айтып жаткандарым Эгебизден келген сөз эмес, өзү менен мактанып жаткан акылсыздын сөздөрү.

18 Бирок өз пендечилигинен улам мактангандар көп болгон соң, мен деле аларга окшоп мактана берейин.

19 Анткени өзүңөрдү акылдуу деп, акылсыздарга оңой эле чыдап келатпайсыңарбы.

20 Бирөө келип, силерди өзүнө багындырып жатса да, талап-тоноп жатса да, өктөмдүк кылып жатса да, алдыңарда бой көтөрүп жатса да, бетке согуп жатса да — ошонун баарына чыдап келатпайсыңарбы.

21 Эми, эмне, биздин силерге ушундай кылууга дарманыбыз жетпей калды деп уялышым керекпи? Кантсе да, башкалар эмнеси менен мактанышса, бул сөзүм келжиректей угулса да, мен дагы ошону менен мактанып көрөйүнчү.

22 Алар эврей бекен? Мен да эвреймин. Ысрайылдык бекен? Мен дагы. Ыбрайым урпактарыбы? Мен да.

23 Машаяктын кызматчыларыбы? Акылынан айныган немедей көрүнсөм көрүнөйүн, бирок мен өзүмдү аларга караганда жакшыраак кызматчы деп эсептейм. Алардан көрө көбүрөөк мээнеттенип, зынданга да көп жолу камалдым. Канча ирет камчыланып, көп жолу өлүмдүн жүзүн көрдүм.

24 Беш ирет иудейлерден отуз тогуз шапалактан жеп,

25 үч ирет мени таяк менен сабашкан, ал турсун бир жолу таш бараңга да алындым. Үч жолу мен түшкөн кеме кыйроого учурап, бир күн, бир түн ачык деңизде калгам.

26 Көп жолу жер кезип, ташкындаган суулардан, кол салган каракчылардан, өз улутташтарымдан да, баш улуттагылардан да, эл толгон шаар-кыштактардан, ээн жерлерден, суу-деңиздерден, боордош сөрөйлөрдөн көптөгөн коркунучтарга туш болгом.

27 Жыгылганча иштеп, канча жолу түнү уйку көрбөй, ачка да калып, чаңкап да көрдүм. Канча ирет бир сындырым наным жок, киерге киймим жок, суукта да калдым.

28 Башкасын айтпаганда да, бардык жыйындардын камын ойлоп күнүгө тынчым кеткени.

29 Бирөөнүн алсыздыгын көрсөм, өзүм да алсыз болгон жок белем? Бирөөнүн күнөөгө азгырылганын көрсөм, жаным кайгыга баткан жок беле?

30 Мактанышым керек болсо, алсыз жактарым менен мактанайын.

31 Айткандарымда калет жок экендигин Кудайыбыз — Эгебиз Ыйсанын Атасы Өзү билет. Ага түбөлүктөн түбөлүккө алкыш!

32 Дамаск шаарында болгонумда, Арет падышанын аймак акими мени кармамакчы болуп, бүт дарбазаларына сакчы коюп чыккан эле. Бирок мени ага карматпай, сепил тешигинен себетке салып түшүрүштү.

12

1 Мактануудан эч пайда болбосо да, мен мактанууга аргасызмын. Бирок эми Эгебиз берген көрүнүш-аяндарга өтөйүн.

2 Мен билгендей, бир машаякчы адам он төрт жыл мурун үчүнчү асманга көтөрүлгөн экен. Ошол жакка ал денеде барганбы же руху эле алынганбы, мунусун билбейм, бул Кудайга эле маалым.

4

3 Ырас, көккө жанакы адамдын руху эле көтөрүлгөнбү же денеси дагыбы, билбейм, муну Кудай Өзү эле билет. Бирок бир билгеним анык: ал адам жаннатка барып, ошол жерден адам тили менен айтууга мүмкүн болбогон, атүгүл айтууга тыюу салынган нерселерди уккан экен.

5 Мына ушуну менен мактансам мактанармын. Ал эми өзүм менен мактана албайм, мактансам да, алсыздыгым менен гана мактанам.

6 Мактанам деген күндө да, аным акылсыздык болбойт, себеби чындыкты гана айтам. Бирок менден көргөн-укканыңарга жараша гана баалап, эч кимиңер мени өтө көкөлөтүп ийбешиңер үчүн, мактануудан баш тарттым.

7 Ушундай укмуш аяндарды алганымдан көөдөнүмдү көтөрбөсүм үчүн мага денеме тикенектей сайылып, жанымды кыйнаган азап берилди. Бул — шайтандын кызматчысы. Ал мени кекирейбесин деп, жан этимди сыздатып жатат.

8 Үч жолу Эгеме жалынып, аны менден алып салуусун сурандым эле.

9 Бирок Ал мага мындай жооп кайтарды: «Менин ырайымым сага жетишет, себеби сен канчалык алсыз болсоң, сенден көрүнгөн кудуретим ошончолук зор болот». Андыктан менден Машаяктын кудурети көрүнсүн үчүн, мактансам да, алсыздыгым менен мактанам.

10 Ошентип, алсыз калганыма, кордук көргөнүмө, азап чеккениме, куугунтук жегениме, кыйынчылык тартканыма курсантмын, себеби мунун баары Машаяк үчүн болгон соң, алсыз болгонум күчтүү болгонума тете.

11 Мына, мактанам деп, келесоодой көрүндүм. Бирок мени буга түрткөн силерсиңер. Мени силер макташыңар керек эле, себеби өзүм эч нерсеге татыбаганым менен, жанакы «улуу элчи» дегениңерден эч нерсем кем эмес.

12 Араңарда жүргөнүмдө, сабыр этип, Кудайдын чыныгы элчиси болгонум көптөгөн кереметтүү жышаандар жана кудуреттүү иштер менен далилденген.

13 Деги башка жыйындарга салыштырганда, мен силерге кылбай койгонум эмне? Өзүм силерге жүк болбогонум элеби? Анда бул жаңылыштыгымды кечирип койгула.

14 Мына эми силерге үчүнчү жолу барууга даяр болуп турам. Барганымда, силерге жүк болбойм: мага колуңарда бар болгону эмес, өзүңөр керексиңер. Энчини балдары ата-энесине эмес, ата-энеси балдарына чогултууга тийиш го.

15 Андыктан колумда болгондун баарын силерге жумшоого, ал турсун өзүмдү берип салууга ынтызармын. Же силерди ушунчалык сүйгөнүмдөн мага деген сүйүүңөр азайып калабы?

16 Өзүмдү силерге жүк кылбадым дейли. Бирок айрымыңар мени амалкөйлөнүп, өз тиешесин бизге билгизбей алып жатат дейт чыгар.

17 Андай болсо, айткылачы, мен жиберген кишилерим аркылуу силерден өзүмө пайда көрдүм беле?

18 Титтин силерге барышын өтүнүп, ага кошуп дагы бир боордошубузду жибергенимде, ал силерден пайдаландыбы? Же ал экөөбүздүн ниетибиз менен кылган ишибиз бирдей болгон жокпу?

19 Бизди дагы эле силердин алдыңарда актанып жатат дейсиңерби? Бирок биз Машаякка ишенгендер катары Кудай алдында сүйлөп жатканыбызды билебиз. Эмне кылсак да, бардыгын өзүңөрдү бекемдеш үчүн кылдык, сүйүктүүлөрүм.

20 Менин коркконум бул: силерге келгенимде, силер мен каалабагандай, мен болсо силер каалабагандай болбогой элек. Араңарда уруш-кериш, көрө албастык, кыжырлануу, өзүмчүлдүк, жамандашуу, ушакчылык, кекирейгендик, тартипсиздик болбосо экен.

21 Кайра келгенимде, силердин айыңардан Кудайдын алдында уят болбогой элем, бир кезде күнөө кетирген көбүңөрдүн алигиче өздөрүнүн кылган ыплас, бузуку, уятсыз иштерине өкүнбөй, ниетин өзгөртпөй жүргөнүн көрүп, аларды жоктоп зар какшап калбагай элем.

13

1 Мына, мен силерге эми үчүнчү жолу бара жатам. «Ар бир айыптоо эки же үч күбөнүн сөзү менен ырасталышы керек».

2 Силерге экинчи сапар барганымда, мурда күнөө кылгандарды, дегеле баарыңарды эмки жолу келгенимде ар күнөөкөрдүн сазайын колуна карматам деп эскерткем болчумун. Мына эми, силерден алыс жүргөнүмдө, ошону дагы бир ирет эскертем.

3 Анткени силер мен аркылуу чындыгында эле Машаяк сүйлөп жаткандыгынын далилин талап кылып жатасыңар. Далили мына: араңарда иштегенде, Машаяк алсыз эмес, кудуреттүү.

4 Ал айкаш жыгачка керилип өлтүрүлгөндө алсыз болсо да, эми Кудайдын кудурети аркылуу жашап жатат. Анын бир кездеги алсыздыгына окшоп, биз да алсызбыз. Бирок Машаяк менен бирге Кудайдын кудуретине таянып жашаганыбызды силер көрөсүңөр.

5 Өзүңөрдүн ишеним менен жашаган-жашабаганыңарды сынап көргүлө. Ичиңерде чындыгында Ыйса Машаяк жашап жатканын текшерип көргүлө. Эгерде Ал ичиңерде жок болсо, анда силер ишеним жолунда эмессиңер.

6 Биз ишеним жолунда жүргөнүбүзгө көзүңөр жетет деген үмүттөмүн.

7 Кудайга сыйынып, силерге жамандык кылууга жол бербөөсүн өтүнүп турабыз. Мындагы максатыбыз, өзүбүздү жакшы көрсөтүү эмес, кайра өзүбүз ишеним жолунда турбагандай көрүнсөк да, силердин туура иш кылышыңар.

8 Биз чындыкка каршы иш кыла албайбыз. Чындыкты айгинелеп иш кылууга гана кудуреттүбүз.

9 Өзүбүз алсыз болсок да, силер күчтүү болсоңор, ошого кубанабыз. Ал турсун силердин жеткилең болушуңар үчүн сыйынабыз.

10 Андыктан барып калганымда силерге катуу сүйлөп, Эгебиз берген бийликтен пайдаланбайын деп, ушуларды алдын ала, силерден алыс болгонумда айтып жатам. Эгебиздин бийлиги мага силерди кыйратыш үчүн эмес, бекемдеш үчүн берилген!

11 Акырында айтарым, боордоштор, кубангыла. Жүрүм-турумуңарды өзгөртүп, бири бириңерге жигер берип жүргүлө, бир ойдо болуп, ынтымакта жашагыла. Кудайдын сүйүүсү менен тынччылыгы силер менен болсун.

12 Бири бириңер менен боордошчо беттен сүйүп учурашкыла. Мындагы ыйыктардын баары силерге салам жолдошту.

13 Эгебиз Ыйса Машаяктын ырайымы, Кудайдын мээрими жана Ыйык Рухтун катышы баарыңар менен болсун.