1

1 Кудайдын амири менен Машаяк Ыйсанын элчиси болууга дайындалган Пабылдан жана боордошубуз Состенден

2 Кудайдын Корунт шаарындагы жыйынына, Ал ыйык эли болууга чакырып, Машаяк Ыйса менен тыгыз байланышы аркылуу Өзүнө тандап алган корунттуктарга, ошондой эле кайда болбосун биздин да, алардын да Эгебиз болгон Ыйса Машаяктын атын оозанып табынгандардын баарына дубай салам.

3 Ылайым Кудай Атабыз менен Эгебиз Ыйса Машаяк баарыңарга ырайым кылып, тынччылыгын берсин.

4 Силер үчүн жана Машаяк Ыйса аркылуу силерге көрсөткөн ырайымы үчүн мен Кудайыма дайыма ырахматымды айтып турам.

5 Анткени Ал Машаяк менен тыгыз алакада болгон силерди ар тараптан: бардык сөзүңөр менен билимиңерде байытып отурат.

6 Машаяк тууралуу кабардын чындык экенин жашооңор ырастап,

7 Эгебиз Ыйсанын кайтып келишин чыдамсыздык менен күтүп жаткан силерге Кудай канча деген рухий касиеттерди ыроолоду.

8 Эми Эгебиз Ыйса Машаяк Өзү кайткан күнү силердин кынтыксыз болууңар үчүн ишенимиңерди аягына чейин бек сактоого кубат берет.

9 Силерди Өз Уулу, Эгебиз Ыйса Машаяк менен мамилелеш болууга чакырган Кудай ишенимдүү.

10 Бир боорлорум, Эгебиз Ыйса Машаяк берген бийлик менен силерди өз ара ынтымакка чакырам! Ич ара бөлүнүп-жарылбай, андан көрө, бир ойго, бир пикирге келип, биримдикте болгула.

11 Себеби, боордошторум, Кылайдын үй-бүлөсүнөн мен араңардагы жаңжалдар тууралуу угуп калдым.

12 Айтайын дегеним, бириңер «Пабылдыкымын» десеңер, башкаңар «мен Аполдукумун» дейт экенсиңер, дагы бириңер «Мен Петирдикимин» десеңер, башкаңар «мен болсо Машаяктыкымын» деп жүрүпсүңөр.

13 Андай болсо, эмне, Машаяк бөлүнүп кеткенби? Же силер үчүн айкаш жыгачка керилген Пабыл беле? Же сууга силер Пабылдын үмөтү болдук деп чөмүлгөнсүңөрбү?

14 Крисп менен Гайдан башка эч кимиңерди чөмүлдүрбөй калганым үчүн Кудайга тобо.

15 Эми силерди менин урматыма чөмүлүштү деп эч ким айта албайт.

16 (Ырас, Степан менен анын үй-бүлөсүн да чөмүлдүрүүдөн өткөргөнүм бар. Андан башка дагы кимдир бирөөнү чөмүлдүргөнүм эсимде жок.)

17 Машаяк мени чөмүлдүрүүгө эмес, Жакшы Кабар таратууга, болгондо да адамдык акылмандыктан чыккан сөздөр менен эмес, Машаяктын айкаш жыгачтагы өлүмүнүн кудурети менен таратууга жиберген.

18 Машаяктын айкаш жыгачка кадалып өлгөнү жөнүндөгү кабарды апат болуп бараткандар акылсыздык деп эсептешсе, куткарылып жаткан биз үчүн бул кабарда Кудайдын кудурети катылган.

19 Ыйык Жазууда мындай деп айтылган: «Мен даанышмандардын даанышмандыгын,"Акылдуулардын акылдуулугун жокко чыгарам».

20 Андай болсо, жанакы даанышмандар менен дин устаттары, ушул замандын айтышка чыгар чечендери кайда калды? Кудай бул дүйнөнүн акылмандыгы чындыгында жеткен акылсыздык экенин ачыктан ачык көрсөттү.

21 Өз даанышмандыгы менен Кудай бул дүйнөнүн эң бир жеткен акылмандары да Аны өз акылы менен тааный албасын билген. Андыктан Ал Өзүнө ишенгендерди биз таратып жүргөн жана башкалар тарабынан «акылсыз» делинген Жакшы Кабары аркылуу куткарууну туура тапты.

22 Себеби иудейлерди керемет-жышаандар, башка улуттагыларды акылмандуулук гана чындыкка ынандыра алат.

23 Биз болсо Машаяктын айкаш жыгачка керилип өлгөнүн жар салып жатабыз. Бир жагынан, иудейлер буга ишене алышпаса, экинчи жагынан, башка улуттагыларга бул келесоолуктай көрүнөт.

24 Бирок Кудай Өзүнө чакырып алган иудейлер үчүн да, башка улуттагылар үчүн да Машаяк — Кудайдын бизге көрсөткөн кудурети менен акылмандыгы.

25 Анткени Кудай акылсыз көрүнгөн күндө да адамдардан акылдуу, алсыз көрүнгөн күндө да адамдардан кудуреттүү.

26 Боордошторум, эстесеңер, Кудай чакырып алганга чейин силер ким элеңер? Араңарда адамдык көз караш менен алганда, акылдуу же кудуреттүү же кадыр-барктуу болгондор көп беле?

27 Бирок Кудай адамдар акылсыз дегендерди тандап алып, акылмандарды уятка калтырды, алсыз делингендерди тандап алып, беделдүүлөрдү уятка калтырды.

28 Кудай бул дүйнөдөгүлөр барктагандарды жокко чыгаруу үчүн алар теңине албай, кордоп, түккө турбайт деп эсептегендерди тандап алды.

29 Ошондуктан эч кимдин Кудай алдында мактангыдай жөнү жок.

30 Ал эми бизди Кудай Машаяк Ыйса менен биримдикке алып келип, Ал биз үчүн Кудай акылмандыгынын башаты болуп калды. Бизди Кудай алдында актап, Анын ыйык эли кылып, күнөөдөн куткарган — Машаяк.

31 Ошентип, Ыйык Жазууда айтылгандай, «Кимде-ким мактангысы келип турса,"Мактансын Эгебиздин иши менен».

2

1 Боордоштор, силерге келгенимде, Кудайдын акыйкаттыгы тууралуу купуя кабарды чечендикке же акылмандуулукка салып жар салууга далалаттанганым жок.

2 Анткени араңарда жүргөнүмдө, Ыйса Машаяктан, өзгөчө Анын айкаш жыгачка керилип өлгөнүнөн башка эч нерсени билбегендей болууну чечкем.

3 Ошентип, силерге келгенимде, алдыңарда эч дарманым жок, коркконуман калтырап-титиреп турган элем.

4 Сүйлөгөн сөзүм менен айткан насаатымда адам акылмандыгынан келип чыккан сөздөрдү колдонгонум жок. Силерди ынандырган менин кебим эмес, Кудайдын кудуреттүү Руху.

5 Демек, ишенимиңер адам акылына эмес, Кудайдын кудуретине негизделген.

6 Албетте, рухий жетилгендерге сөз айтканда, биз деле акылмандыкка таянып сүйлөйбүз. Бирок ал — бул дүйнөнүн же болбосо бул дүйнөнү башкарып турган өкүмдарлардын акылмандыгы эмес: алардын заманы өтүүдө.

7 Жар салганыбыз — Кудайдын жашырын, адам көзүнө көрүнбөгөн акылмандыгы. Бизди Өз улуулугуна бөлөш үчүн Кудай аны тээ алмустактан мурда эле дайындап койгон.

8 Бул акылмандыкты дүйнөнүн өкүмдарлары түшүнө алышпайт. Түшүнүшсө, Улуулуктун Эгесин айкаш жыгачка кадашмак эмес.

9 Кантсе да, Ыйык Жазуунун мындай деп айтылган жери бар: «Кудайды жан-дилинен сүйгөндөргө"Ал Өзү даярдаган укмуштарды"Адамдар көргөн да эмес, уккан да эмес,"Эч кимдин оюна да келген эмес».

10 Бирок Кудай бизге Өз акылмандыгын Ыйык Рух аркылуу ачык-айкын билдирди. Рухка бардыгы, ал тургай Кудайдын жашыруун ой-максаттары да маалым.

11 Адамдын ой-санааларын ичиндеги руху гана билген өңдүү, Кудай тууралуу бардыгын Анын Руху гана биле алат.

12 Биз кабыл алган рух ушул дүйнөнүн руху эмес. Кудайдын бизге эмнелерди ыроологонун түшүнүп-билиш үчүн бизге Кудай Өзүнүн Ыйык Рухун жиберди.

13 Кудайдын Рухуна ээ болгондорго рухий чындыктарды чечмелегенибизде, биз адамдык акылмандыктан эмес, Рухтан үйрөнгөн сөздөрдү колдонобуз.

14 Кимде Кудайдын Руху жок болсо, ал Рух ыроологон касиеттерге да ээ боло албайт. Алар анын түшүнүгүнөн сырткары туруп, ага эч маңызы жоктой көрүнөт, себеби рухий нерселерди баамдаш үчүн адам Рухка ээ болууга тийиш.

15 Ыйык Рухка ээ болгондор болсо бардыгын баамдай алышат, бирок алардын өздөрүн баамдоого эч кимдин кудурети жетпейт.

16 «Кудайдын акыл-оюн барбы билген?"Кимиси Эгебизге кеңеш берген?»

3

1 Чынын айтканда, боордошторум, мен силерге Кудайдын Рухуна ээ болгондорго сүйлөгөндөй сүйлөй албадым. Анын ордуна, Машаякка арткан ишенимиңер али жетиле элек экенин билип, бул дүйнөгө таандык болгондорго сүйлөгөндөй сүйлөдүм.

2 «Кою тамак» жей албасыңарды көрүп, сүт менен азыктанттым. Силер алигиче да «кою тамак» жешке даяр эмессиңер,

3 себеби жашооңор али да бул дүйнөдөгү адамдардыкынан эч айырмасы жок. Мындай дегенимдин себеби: бири бириңерди көрө албай, бири бириңер менен урушуп-талашып жатсаңар, анда силер бул дүйнөгө таандык болуп, бул дүйнөнү туурап жашап жаткан жоксуңарбы? Же жүргөн-турганыңар бул дүйнөдөгүлөрдүкүнөн айырмаланып турабы?

4 Бириңер «мен Пабылдын шакиртимин», башкаңар болсо «мен Аполдукумун» деп жатсаңар, анда силер дүйнөлүк эмей кимсиңер?

5 Деги Апол ким? Пабыл ким? Алар силерди ишенимге алып келген Кудайдын кызматчылары гана. Эгебиз бизди кайсы кызматка дайындаса, ар бирибиз ошону гана аткарып жүрөбүз.

6 Мен отургузсам, Апол аны сугарды. Бирок ошону өстүрүп чыгарган — Кудай.

7 Ким отургузуп, ким сугарганынын мааниси деле жок. Маанилүүсү — аны өстүргөн Кудай.

8 Отургузганы менен сугарганынын чындыгында максаты бир. Ар бири кылган ишине жараша Кудайдан сыйлык алат.

9 Анткени Апол экөөбүз Кудай үчүн чогуу иштешкен кызматташпыз. Силер болсо Кудайдын талаасы, Кудайдын имаратысыңар.

10 Кудайдан алган жөндөмүмө ылайык, мен дасыккан куруучу катары имараттын жерпайын куйдум. Андан кийин дагы бирөө келип, куюлган пайдубалдын үстүнө там көтөрө баштады. Бирок үй салып жаткан ар ким кандай куруп жатканын байкап, сак болууга тийиш.

11 Себеби Кудай Өзү салган бирден бир пайдубалдан башкасын салууга эч кимдин акысы жок. Ошол пайдубал — Ыйса Машаяк.

12 Кимдир бирөө бул негиздин үстүнө курулган имаратты алтындан, күмүштөн же асыл таштардан тургузса, башкасы аны жыгачтан, куурайдан же самандан салат.

13 Бирок ар бир иштин сапаты сыналар күн келет. Кыямат күнү бардыгы от менен сыналат. Ошондо ар кимдин эмне иш кылганы ачыкка чыгат.

14 Кимдин курганы күйбөй, аман калса, ал Кудайдан сыйлык алат.

15 Ал эми кимдики күйүп кетсе, ал чыгымга учурайт. Бирок өзү, оттон суурулуп алынган адамдай болуп, куткарылат.

16 Же өзүңөр Кудайдын касиеттүү ийбадатканасы болуп, ичиңерде Анын Руху жашап жатканын силер билген жок белеңер?

17 Кимде-ким Кудайдын ийбадатканасын кыйратса, аны Кудай кыйратат. Себеби Кудайдын ийбадатканасы ыйык. Ошол ийбадаткана силерсиңер.

18 Өзүңөрдү өзүңөр алдабагыла. Кимиңер бул дүйнөдө өзүн акылдуумун десе, андан көрө, чыныгы акылмандыкка ээ болуш үчүн, «акмак» болсун.

19 Анткени бул дүйнөнүн акылмандыгы Кудай үчүн акылсыздык. Ыйык Жазууда айтылат эмеспи: «Ал акылмандарды кайра өздөрүнүн эле амалы менен кармайт»

20 жана дагы: «Эгем акылмандардын ойлору куру бекер убайым экенин билет».

21 Ошентип, эч ким кайсы бир адамдын кылган иштери менен сыймыктанбасын. Чындыгында, бардыгы силерге таандык.

22 Пабыл да, Апол менен Петир да, бул дүйнө да, өмүр менен өлүм да, бүгүнкү күн менен келечек да — баары силердики.

23 Силер болсо Машаяктыкысыңар, ал эми Машаяк — Кудайдыкы.

4

1 Бизди Машаяктын кызматчылары, Кудайдын купуя сырларын жарыялоо ишин башкарууга гана дайындалгандар катары көрүшүңөр керек.

2 Ал эми ар бир башкаруучууга коюлган талап — ишенимдүү болуу.

3 Мен ишенимдүүлүгүм силер тараптан же кандайдыр башка адамдар тарабынан текшерилип бааланат деп убайым жебейм. Ал турсун мен өзүм да өзүмө баа бере албайм.

4 Өзүмдөн өзүм айып таппасам да, муну эч жазыксыз экенимдин далили катары көрбөйм. Мени текшерип баалай турган — Эгебиз Өзү.

5 Андыктан убагы келгиче, силер да эч кимге баа берүүгө ашыкпай, Эгебиздин кайтар күнүн күткүлө. Ал келгенде, мурда караңгыдан улам көрүнбөгөн нерселерди көрүнөө кылып, адамдардын жашырын ой-санааларын ачыкка чыгарат. Андан соң, ар ким Кудайдан алкышын алат.

6 Боордоштор, жогорудагынын баарын Апол экөөбүздү мисалга алып айтканда, мен муну силердин эле пайдаңар үчүн кылдым. Эми силер бизден үлгү алып, «жазылгандан артык эч нерсе кылбагыла» деген сөздүн маанисин түшүнүп, бирибиз менен сыймыктанып, башкабызга өйдөсүнүп карабашыңар керек.

7 Же кимдир бирөө силерди башкалардан жогору коюп койду беле? Же эмнеге ээ болсоңор, ошонун баары Кудайдан эмеспи? Кудайдан болсо, анда эмне себептен бардыгына өзүңөр жетип алгансып мактанып жатасыңар?

8 Бардык кем-карчыңар эбак эле толуп калгансып, азыртан эле байлыгыңар ашып-ташып кеткенсип, биз жок өзүңөрчө эле падыша болуп алганыңарды кара! Силер чындыгында эле падыша болсоңор кана! Анда биз да силерге кошулуп, бирге падышалык кылбайт белек.

9 Сыягы, Кудай бизди, Өз элчилерин, бүтүндөй ааламга — периштелер менен адамзатка оюн-тамаша кылып, ажалын көпчүлүктүн алдында табууга өкүм чыгарылган туткундар сыяктуу салтанаттуу жүрүштүн эң артына койгон өңдөнөт.

10 Карасаңар, биз Машаяк үчүн акылынан ажыраган немелердей болсок, силер Анын аркасы менен «акылман» болупсуңар! Биздин шайыбыз кетип жатса, силер алга-күчкө толуп турасыңар! Биз кордук көрсөк, силер кадыр-баркка жетип отурасыңар!

11 Күнү бүгүнкүгө дейре курсагыбыз тойбой, суусап, киймибиздин тамтыгы кетип, келтек жеп, баш пааналар үйүбүз жок,

12 күнүмдүк наныбызды өз маңдай терибиз менен таап жүрөбүз. Ким бизди жамандаса, ага кайра бата тилеп, куугунтуктаса, чыдап,

13 тил тийгизгендерге кайра жылуу сөз менен жооп кайтарабыз. Азыркыга дейре бардыгына тепсенди, бул дүйнөнүн сапырындысы сыяктуу болуп келебиз.

14 Муну силерди уяткарыш үчүн эмес, өзүмдүн боор этим менен тең балдарымдай көрүп, эскертип коюш үчүн жазып жатам.

15 Себеби Машаяктын жолунда насаат айтчу миңдеген устаттарыңар болсо да, алардын бири да атаңар эмес. Силерге Жакшы Кабар айтып келген мен болсо Машаяк Ыйса менен болгон жашооңордо атаңар болуп калгам.

16 Андыктан менден үлгү алгыла деп жалынам.

17 Ушул максат менен силерге Машаяк аркылуу сүйүктүү, ишенимдүү уулум болуп калган Тиметейди жибердим. Ал келгенде, мен Машаяк Ыйса менен эриш-аркак жашаганымда өзүм да карманып, бардык жерлердеги жыйындарда окутуп да жүргөн жол-жоболорду эсиңерге салат.

18 Кээ бириңер мени келбейт экен деп, бой көтөрүп кетипсиңер.

19 Бирок, Кудай буюрса, жакын арада силерге барып калгым бардыр. Ошондо жанакы көөдөнү жоктордун эмне сөз айтканын эле эмес, кандай кудуретке ээ экенин да көрөм.

20 Анткени Кудайдын Падышачылыгы сөздөн эмес, күч-кудуреттен көрүнөт.

21 Ошентип, силер менин кантип келишимди каалар элеңер: колума таяк кармаппы же болбосо сүйүү көрсөтүп, аяр мамиле кылыппы?

5

1 Сөздүн ачыгын айтайын: мага араңардан бирөө атасынын төшөгүн тепсеп, өгөй энеси менен жатып жүрөт деген анык кабар жетти. Бул Кудайды тааныбагандарда да болуп көрбөгөн, жеткен бузукулук эмеспи!

2 Ушуну билип туруп, эмнеңерге мынчалык көөдөнүңөрдү көтөрүп жатасыңар?! Андан көрө, кайгырып, ушундай кылгылыкты кылган немени араңардан чыгарып таштаганыңар оң болот эле го!

4

3 Өзүм жаныңарда болбосом да, оюмда силер мененмин. Андыктан, араңарда турган сыяктуу, мындай бузукулук кылган адамга карата Эгебиз Ыйсанын атынан өкүм чыгарып койдум: баарыңар чогулганыңарда, оюмда мен өзүм да, Эгебиз Ыйсанын кудурети да силер менен экенин эске алып,

5 жанакы адамды шайтандын колуна тапшырып салгыла. Ошондо күнөөлүү денеси кыйраса да, Эгебиз Ыйса Машаяк кайтып келген күнү руху куткарылып калат.

6 Обу жоктонуп, көөдөнүңөрдү көтөрүп жатканыңар дурус эмес. Же бир аз эле камыр туруш бүтүндөй камырды ачытарын билген жок белеңер?

7 Күнөөнүн эски ачыткысын алып таштап, ачыткысыз жуурулган жаңы камырдай таза болгула. Силер чынында эле ошондойсуңар, себеби күнөөдөн куткарчу козубуз, Машаяк, биз үчүн курмандыкка чалынган.

8 Ошондуктан Куткарылуу майрамыбызды мурдагы, зулумдук менен кыянаттыкка толгон эски табиятыбыздын ачыткысы кошулуп жасалган нан менен эмес, анын ордуна, тазалык менен ак ниеттүүлүктүн ачыткысыз наны менен тосолу.

9 Мурдагы катымда мен силерге бузуку адамдар менен алакада болбогула деп жазгам.

10 Ошондо кеп кылганым бул дүйнөдөгү бузуку же ач көз адамдар, уурулар же бутпарастар эмес болчу, анткени алардан оолак болуш үчүн силер бул дүйнөнүн өзүнөн алынып кетишиңер керек болмок.

11 Айтайын дегеним, өздөрүн боордошуңар дегени менен, чындыгында мурдагыдай эле бузукулук кылып, же арам пайда табууну көздөп, же буркандарга табынып, же ушак таратып, же масчылыкка берилип, же болбосо уурдап-тоноп жүргөндөр менен баарлашпагыла, ал турсун бир дасторкондон даам татпагыла.

12 Жыйындан тышкаркыларды соттоп мен эмне кылмак элем? Силердин соттоп жаткандарыңар болсо жыйын ичиндегилер эмеспи?

13 Жыйындан тышкаркыларды Кудай Өзү жоопко тартат. Ошентип, «бузулган немени араңардан чыгарып салгыла».

6

1 Кимдир бирөөңөр ишенимдеши менен доолашып кетсе, бул маселени ыйыктардын эмес, дүйнөнүн кудайсыз сотунун алдына коюуга кантип батынасыңар?

2 Ыйыктар дүйнөнү соттой турганын силер билген жок белеңер? Эгерде келечекте дүйнөнү соттоого тийиш болсоңор, анда эмне, жанакы болбогон маселени өзүңөр чече албай калдыңарбы?

3 Ал гана эмес, периштелерди да соттой турганыбыз силерге маалым эмес беле? Демек, кадыресе турмуштук көйгөйдү чечип коюш биз үчүн кыйынга турбас!

4 Андыктан, ушул сыяктуу иш келип чыкканда, жыйынга эч тиешеси жок немелерди өзүңөргө сот кылып алганыңар кандай?

5 Кайран гана бир боорлорум-ай! Боордошторунун ортосуна түшүп, доосун чечип бергидей араңардан бир дагы акылман адам табылбаптыр да.

6 Анын ордуна, боордоштор бири бирин сотко, болгондо да ишенбегендердин сотуна сүйрөп барат экен.

7 Бир-бириң менен араздашканыңардын өзү эле жеңилгендик эмеспи? Андан көрө, ак жерден айыпталганыңар, колуңардагыны тарттырып жибергениңер оң болбойт беле?

8 Силер болсо өзүңөрдүн эле карачечекей боордошторуңарды айыптап, бири бириңерди тоноп жатасыңар!

9 Же адилетсиздердин Кудай Падышачылыгында энчиси жок экенин билбей калдыңар беле? Алданбагыла, бузукулук кылгандар да, буркандарга табынгандар да, жубайынын көзүнө чөп салгандар да, бачабаздар да, кызтекелер да,

10 уурулар да, ач көздөр да, аракечтер да, ушакчылар да, тоноочулар да — бири дагы Кудай Падышачылыгына мураскор болушпайт.

11 Араңардагы кээ бирөөлөр да бир кезде ушундай болгон. Бирок силер Эгебиз Ыйса Машаяктын урматына жана Кудайдын Руху аркылуу күнөөдөн арылып, ыйыкталып, Кудай алдында ак болдуңар.

12 «Менин бардыгын кылууга акым бар» дейсиңер. Ырас, бирок бардык эле нерсе пайдалуу боло бербейт. «Менин бардыгын кылууга акым бар» дейсиңер, бирок эч нерсе бизди башкарбоого тийиш.

13 «Тамак — ашказан үчүн, ашказан да тамак үчүн жаратылган» дейсиңер, бирок Кудай бир күнү экөөнү тең жок кылат. Денебиз да бузукулук кылыш үчүн эмес, Эгебизге кызмат кылыш үчүн берилип, Эгебиз денебиздин камын көрөт.

14 Эгебизди өлгөндөн тирилткен Кудай бизди да Өз кудурет-күчү менен тирилтип алат.

15 Денеңер Машаяк денесинин бир бөлүгү экенин силер билбейт белеңер? Ушуну билип туруп, өз денемди Машаяктын денесинен бөлүп алып, аны эми кайсы бир сойкунун денесине кошомбу? Кудай анын бетин ары кылсын!

16 Же сойку менен төшөк бөлүшкөн эркек аны менен бир дене болуп калары силерге белгилүү эмес беле? «Экөө бир дене болушат»,— деп жазылып турбайбы.

17 Ал эми ким Эгебизге кошулса, Аны менен рухий бир болуп калат.

18 Бузукулуктан оолак болгула. Адам кетирген мындан башка күнөөлөр денеге зыян келтирбейт, ал эми бузукулук кылган адам өз денесин күнөөгө батырып, зыянга учуратат.

19 Денеңер Ыйык Рух жашаган ийбадаткана экенин билбейсиңерби? Рухту силерге Кудай берип, Ал денеңердин ичинде өкүм сүрөт. Андыктан силер эми өзүңөргө эмес, Кудайга таандыксыңар.

20 Ал силерди кымбат баага сатып алган. Муну билип, денеңер менен да Кудайдын атак-даңкын чыгаргыла.

7

1 Эми өзүңөр жазгандарга токтолоюн."Жиберген катыңарда «эркек кишинин эч бир аялга жолобой эле койгону жакшы» депсиңер.

2 Бирок бузукулук ушунчалык көбөйүп кеткендиктен, ар бир эркектин өз аялы, ар бир аялдын өз күйөөсү болгону абзел.

3 Эркек киши өз аялына карата күйөөлүк парызын, аял болсо өз күйөөсүнө карата аялдык парызын аткарууга тийиш.

4 Аялдын денесине ал өзү эмес, күйөөсү ээлик кылат. Ошол эле сыяктуу, күйөөсүнүн денесине да ал өзү эмес, аялы ээлик кылат.

5 Бири бириңер менен катнашта болуудан баш тартпагыла. Сыйыналы деп алдын ала макулдашып алган учурларда гана аны кыска убакка токтото турсаңар болот. Андан соң, кайрадан бирге болгула. Антпесе, өзүңөрдү өзүңөр кармай албай, шайтандын азгырыгына кирип кетишиңер мүмкүн.

6 Бул айтканым буйрук эмес, уруксат гана.

7 Чындыгында, баарыңардын менчилеп жалгыз бой болушуңарды каалар элем. Бирок Кудай бирибизге мындай, башкабызга тигиндей жөндөм ыроологон.

8 Бойдоктор менен жесирлерге айтар элем: мындан ары да менчилеп жалгыз бой калганыңар оң.

9 Бирок өз ышкыңарга өзүңөр ээ боло албасаңар, кумар отуна өрттөнүп күл болгуча, үйлөнүп алганыңар эле дурус.

10 Үй-бүлөлүүлөргө мен эмес, Эгебиздин буюрганы бул: аял күйөөсүнөн кетпөөгө тийиш.

11 Ал эми кетсе, анда мындан ары турмушка чыкпашы же күйөөсү менен жарашып алышы керек. Дал ошондой эле эркек киши дагы аялын таштап кетпөөгө тийиш.

12 Калгандарына болсо Эгебиз эмес, мен өзүм мындай дейм: эгерде кайсы бир боордоштун Машаякка ишенбеген аялы күйөөсү менен бирге жашоого макул болсо, анда күйөөсү аны таштабашы керек.

13 Ошондой эле кайсы бир ишенген аялдын күйөөсү Кудайга ишенбей туруп, аялы менен жашоого макул болсо, аялы андан кетпөөгө тийиш.

14 Анткени ишенбеген күйөө ишенген аялы аркылуу, ишенбеген аял ишенген күйөөсү аркылуу ыйыкталат. Андай болбогондо, балдарыңар ыйык болмок эмес. Эми болсо алар ыйык.

15 Бирок ишенбеген аял күйөөсүнөн кетүүнү же ишенбеген күйөө аялын таштап кетүүнү кааласа, кете берсин. Мындай учурда анын ишенген жубайы ага байланбаган болуп эсептелет. Кудай бизди тынччылыкта жашоого чакырган.

16 Машаякчы аял, сен өз күйөөңдү куткарууга алып келбесиңди кайдан билесиң? Же сен, машаякчы күйөө, өз аялыңды куткарууга алып келбесиңди кайдан билесиң?

17 Бардык жыйындарда мен мындай талап коём: Эгебиз силерге эмнени буюрса жана Кудай силерди чакырып алганда кандай абалда болсоңор, ошого ылайык жашагыла.

18 Чакырылгандардын кимиси мурда сүннөткө олтургузулган болсо, Кудайга келгенден кийин сүннөттөлгөнүн жашырууга аракеттенбесин. Кимди Кудай сүннөттөлбөгөн бойдон чакырган болсо, ишенимге келгенден кийин сүннөткө олтурууга аракет кылбасын.

19 Анткени эркектин сүннөткө олтурган-олтурбаганынын эч мааниси жок. Маанилүүсү — Кудайдын берген парыздарын аткаруу.

20 Кудай чакырып алганда кимиңер кандай абалда болсоңор, ошол бойдон калгыла.

21 Кудай чакырып алганда кул белеңер? Бул тууралуу кабатыр болбогула. Бирок эркин болууга жол ачылса, андан пайдалангыла.

22 Анткени кимди кул кезинде Эгебиз чакырып алса, ал Эгебиздин кол алдындагы эркин адам болуп калган. Ошол сыяктуу эле Эгебиз чакырып алган эркин адам баары бир Машаяктын кулу.

23 Кудай силерди кымбат баага сатып алганын билип, адам баласына кул болбогула.

24 Ошентип, боордоштор, кандай абалда чакырылган болсоңор, Кудай менен болгон алакаңарда да ошол эле абалда кала бергиле.

25 Үйлөнө электер менен турмушка чыга электер тууралуу менде Эгебизден алган эч буйрук жок. Андыктан Эгебиз Өзү ырайым этип, ишенимдүү деп тапкан кызматчысы катары өз пикиримди айта кетейин.

26 Үстүбүздөгү кыйынчылыктарды эске алсак, менин оюмча, ар кимдин азыркы абалында эле кала бергени оң.

27 Аялың барбы? Анда аны менен ажырашууну ойлобо. Аялың жокпу? Анда өзүңө аял издебей эле кой.

28 Эми, үйлөнүп алган күнөө болбойт дечи. Кыздын деле турмушка чыкканы күнөө эмес. Бирок үй-бүлө күтүп алгандар өз жашоосунда көп азаптарга учурайт. Силер андай болбогой элеңер дейм.

29 Боордоштор, менин айтайын дегеним бул: Эгебиздин кайтып келерине аз калды. Ошондуктан азыртан эле аялы барлар үйлөнбөгөнсүп,

30 кайгырып ыйлагандар эч кайгы-муңу жок болгонсуп, кубанып күлгөндөр кубанбагансып, бир нерсе сатып алгандар колуна эч нерсе тийбегенсип,

31 ушул дүйнөнүн көр оокатынан пайдалангандар андан пайдаланбагансып жашашсын, анткени бул дүйнөнүн азыркы абалы акырына жакындап калды.

32 Мен силердин бардык түйшүктөн бошонууңарды каалар элем. Үйлөнбөгөн эркек Эгебиздин иши менен алек болуп, Эгебизге жагуунун камын көрөт.

33 Үйлөнгөн эркек болсо көр тирлик иштерине алпурушуп, аялынын көңүлүн алууну ойлойт.

34 Ошентип, ал эки анжы болот. Ошондой эле күйөөсү жок аял же турмушка чыга элек кыз да денеси менен жан-рухун Кудайга багыштап, Эгебизге кызмат кылуу менен алек болот. Ал эми күйөөсү бар аял күйөөсүнүн көңүлүн алууну ойлоп, көр тирилик иштери менен алек.

35 Мындай дегенимдин себеби силерге кандайдыр бир чек коюу эмес. Тескерисинче, силердин эле пайдаңарды ойлоп, өздөрүн туура алып жүрсүн жана бардык дитин Эгебизге кызмат кылууга койсун деп айтып жатам.

36 Кимде-ким убадалашып койгон кызына үйлөнбөй коюу туура эмес деп ойлосо жана өз кумарына өзү ээ боло албаса, анда каалаганындай үйлөнүп алсын: бул күнөө эмес. Алар үйлөнүп алышсын.

37 Бирок үйлөнүүгө эч зарылчылык болбосо, ал бойдок калам деген оюна бек туруп, өзүн өзү кармай билип, эмне кыларын оюнда эбак чечип койгон болсо, анда анын кызга үйлөнбөй койгону күнөө болбойт.

38 Ошентип, жигиттин жаш кызга үйлөнгөнү жакшы иш болсо, үйлөнбөй койгону андан да жакшы иш болот.

39 Күйөөсүнүн көзү тирүүсүндө аялы ага башы байланган болот. Ал эми күйөөсү каза болуп калса, анда ал кимге тием десе, өз эрки, тек гана ал киши да Эгебизге ишенген адам болууга тийиш.

40 Бирок аял андан ары турмушка чыкпай эле койсо, Кудайдын көбүрөөк батасын алат. Мен болсо менде да Кудайдын Руху бар деп ойлойм.

8

1 Эми буркандарга чалынган курмандыктарга токтололу."«Бардыгыбызда билим бар» дейт экенсиңер. Ырас, мунуңар чын. Бирок билимдүүлүк адамды текебер кылат, ал эми сүйүү болсо рухий жактан жетилтет.

2 Кимде-ким өзүн билимдүүмүн десе, ал чындыгында керектүү билимге али ээ боло элек.

3 Бирок кимде-ким Кудайды сүйсө, аны Кудай Өзү тааныйт.

4 Ошентип, буркандарга багышталган тамактан даам сызуу тууралуу. Биз бул дүйнөдөгү буркандар дегеле тирүү жан эмес экенин жана бир Кудайдан башка кудай жок экенин билебиз.

5 Албетте, көктө болобу же жерде болобу, адамдардын «кудай» туткан немелери жок эмес: «кудай» делгендер да, «эге» делгендер да чындыгында эле көп.

6 Бирок биздин бир гана Кудай Атабыз бар. Бардыгын Ал жараткан жана биз Ал үчүн өмүр сүрөбүз. Ошондой эле биздин Эгебиз да бирөө. Ал — Ыйса Машаяк. Бардыгы Ал аркылуу жаратылып, өмүр бизге Ал аркылуу берилген.

7 Бирок муну баары тең бирдей биле бербейт. Кээ биринин аң-сезимине бутпарастык ушунчалык сиңип калгандыктан, мындай тамакты жегенде, алар алигиче аны буркандарга чалынган курмандык катары кабыл алышат да, ошол арам тамактан жедик деп аларды абийири кыйнайт.

8 Бирок жеген тамагыбыз бизди Кудайга жакындатпайт, себеби жебей калганыбыз да эч жерибизди кемитпейт, жегенибиз да бизге эч артыкчылык алып келбейт.

9 Кантсе да абайлагыла, бул өңдүү эркиндигиңер ишеними аздарга азгырык болбосун.

10 Абийири кыйнаган бирөө «билимдүү» сенин бутпарастардын табынуучу жайынан даам сызып жатканыңды көрүп калды дейли. Мындай кылганың аны буркандарга чалынган курмандыктан жесе болот экен деген ойго салып жибербейби?

11 Натыйжада сенин «билимдүүлүгүң» өзүңдүн эле ишеними аз боордошуңдун ойрон болушуна себеп болот. Бирок Машаяк ал үчүн да өлгөн.

12 Ошентип, боордошуңдун аны кыйнаган абийирине доо кетирип, ага жамандык кылган сен ошону менен Машаякка да жамандык кылган болосуң.

13 Андыктан, эгерде менин жеген тамагым боордошума азгырык болсо, анда аны азгырбоо үчүн өмүрү эт жебейм.

9

1 Мен эркин адам эмесминби? Же Машаяктын элчиси эмесминби? Мен Эгебиз Ыйсаны көргөн жок белем? Силер болсо Эгеме өтөгөн кызматымдын үзүрү эмей, кимсиңер?

2 Башкалар мени элчи катары кабыл албаган күндө да, силер үчүн мен — элчимин! Анткени Эгебиз мени элчиликке дайындаганынын ачык-айкын далили — силерсиңер.

3 Мага сын таккандардын алдында кайтарар жообум бул:

4 биздин, башкаларга окшоп, азыгыбызды эмгегибизден тапкыдай акыбыз жок бекен?

5 Же башка элчилерге жана Эгебиздин бир туугандары менен Петирге окшоп, сапарга чыкканда, жаныбызга ишенимдеш карындашыбыз — өмүрлүк жарыбызды алып жүргүдөй укугубуз жокпу?

6 Же болбосо өз нанын маңдай тери менен тапканга милдеттүү болгон Барнап экөөбүз элеби?

7 Аскердик кызматын өтөп жүргөндө, өз камын өзү көргөн жоокер барбы? Жүзүм тигип, анын жемишинен ооз тийбеген багбан болобу? Же мал багып жүрүп, саап алган сүтүнөн өзү да ичпеген бар бекен?

8 Муну адамдык өңүттөн гана карап айтып жатат дейсиңерби? Тоорат мыйзамы да дал ушуну айтып жатпайбы?

9 Муса пайгамбар калтырып кеткен Тоораттан: «Эгин басып жаткан өгүздүн оозун калкалаба»,— деп жазылганын окусак деле болот. Кудайдын кам көргөнү чын эле өгүзбү?

10 Ал муну биз тууралуу айтып жатканы бышык эмеспи? Албетте, бул биз тууралуу, себеби жер айдаган киши да, эгин бастырган киши да өз үлүшүмдү алам деген илгери үмүт менен иштеши керек го.

11 Биз араңарга рухий үрөн сээп кеттик эле. Эми оргонубуз күнүмдүк оокат болсо, бул, эмне, көптүк кылабы?

12 Эгерде башкалар силерден жардам алып турууга акылуу болушса, биздин буга алардыкынан көбүрөөк акыбыз бар эмеспи? Бирок ушундай акыбыз бар болсо да, биз андан пайдаланбадык. Анын ордуна, Машаяктын Жакшы Кабары жолтоосуз жайылтыш үчүн, бардыгына чыдап келатабыз.

13 Ийбадатканада кызмат кылып жүргөндөр өз тамагын ийбадатканадан, курмандык жайды тейлегендер курмандыктардан аларын билген жок белеңер?

14 Дал ошентип, Эгебиз Жакшы Кабарды насыяттап жүргөндөргө да өз ишинин үзүрүнөн күн көрүүнү буюрган.

15 Бирок мен ал укуктарымдын биринен да пайдаланган жокмун. Азыр да антейин деп жазып жаткан жерим жок. Эми да ушул сыймыгымды эч кимге жокко чыгартпайм. Анткенден көрө өлгөнүм эле артык!

16 Жакшы Кабарды жар салып жүргөнүм мен үчүн мактаныч эмес, парыз. Мен аны аткарууга милдеттүүмүн. Антпесем, башыма каран түн түшкөнү!

17 Эгерде мен муну өз ыктыярым менен кылсам, анда ал үчүн эмгек акы алмакмын. Бирок мен кызматымды ыктыярдуу эмес, Кудай тапшырган үчүн аткарып жүрөм.

18 Андай болсо, алар сыйлыгым кайсы? Жакшы Кабарды өзүмө тийиштүү укуктардан пайдаланбай, акысыз жар салганымдын өзү эле мен үчүн артыкчылык.

19 Анткени эч кимдин кулу эмес, эркин адам болсом да, Машаяктын жолуна көбүрөөк адамдарды түшүрүш үчүн өзүмдү бардыгынын кулу кылдым.

20 Иудейлерди Машаякка алып келем деп, алардын арасында иудейдей болдум да, өзүм Тоорат мыйзамына багынбаганым менен, ага багынгандарды Машаяк жолуна салыш үчүн андайлардын арасында мен да ага багынган адамдай болуп жүрдүм.

21 Тоорат мыйзамын тааныбагандарды Машаяк жолуна салыш үчүн, өзүм Кудай мыйзамына моюн сунуп, Машаяктын мыйзамы алдында болсом да, башка улуттагылардын арасында мыйзамды билбеген кишидей жүрдүм.

22 Ишеними аздарды Машаяк жолуна салыш үчүн, алардын арасында өзүм да ишеними аз немедей жүрдүм. Ошентип, колумдан келишинче аздыр-көптүр адамдарды куткарылууга алып келүүнү көздөп, бардыгына өз болуп бердим.

23 Мунун баарын Жакшы Кабардын ийгилиги үчүн, өзүмө да анын батасы тийсин деп кылып жатам.

24 Жарышка көп киши катышканы менен, бирөө гана байгени аларын билет эмессиңерби. Андыктан жүгүргөнүңөрдө, байгеге жеткидей болгула.

25 Таймашка чыккан ар адам жеңишке ээ болууну эңсеп, өзүн өзү тизгиндеп турат. Ал бардык аракетин соолуп кетер гүлтаажыны алууга жумшайт. Биздин аларыбыз болсо эч качан соолубас түбөлүктүү таажы.

26 Дал ошон үчүн мен чуркасам, максаты жок немедей чуркабайм, мушташсам, бекер эле тиер-тийбес муштагылай бербейм.

27 Башкаларга Жакшы Кабар тараткан өзүм акырында байгеден куру калбас үчүн, денемди тизгиндеп, өзүмө баш ийдирип келем.

10

1 Боордоштор, ата-бабаларыбыз башынан өткөргөндөрдү эсиңерге салып кетейин дедим. Алардын бардыгы булуттун далдаасында болуп, деңизден өтүшкөн.

2 Ошондо Мусанын артынан ээрчиген алар баары тең булут менен деңизден чөмүлүү расмисинен өтүшкөндөй болушту.

3 Бардыгы тең бирдей рухий даамдан сызышып,

4 өздөрүн жандап бараткан аскадан бирдей рухий суудан ичишкен. Ал аска Машаяктын Өзү эле.

5 Бирок ошентсе да, көбү Кудайга жакпаган иш кылышып, чөлдөн ажал табышты.

6 Аларга окшоп ниетибиз бузулбасын үчүн, болуп өткөндүн баары бизге эскертүү катары калган.

7 Алардын кээ бирөөлөрүндөй буркандарга табына көрбөгүлө. Андайлар тууралуу мындай деп жазылганы бар: «Эл жайлашып отуруп, ичип-жеп, анан оюн-тамашага киришти».

8 Алардын кээ бирөөлөрүндөй бузукулукка кирип кетпейли. Ошол убакта бузукулуктун кесепетинен бир күндө жыйырма үч миң киши кырылган эле.

9 Алардын кээ бирлерине окшоп Машаякты сынап да көрбөйлү. Ошенткен аларды жыландар чагып өлтүргөн.

10 Алардын кээ бирлерине окшоп догурунгандай да болбойлу. Догурунган алар Кудайдын буйругу менен өлтүрүлгөн.

11 Алар баштарынан өткөндөрдүн баары башкаларга үлгү катары калып, акыр заман алдында жашаган бизге эскертүү болсун үчүн жазылып да калган.

12 Өзүн Кудай жолунда бек турам деп ойлогондор, кулап кетпеш үчүн абайлагыла.

13 Силер өткөн сыноолордун бардыгы ар бир эле адам өтүүчү кадыресе сыноолор. Кудайыбыз болсо ишенимдүү. Ал силерди алыңар жетпеген сыноого дуушар кылбайт. Анын ордуна, сыноодон өтүп жатканыңарда, андан кутулуп чыгууга жол ачып, кыйынчылыктарды көтөрүүгө күч-кубат берет.

14 Ошентип, сүйүктүүлөрүм, буркандарга багышталган таат-ийбадаттан оолак болгула.

15 Муну мен силерге акыл-эсиңер бар деп айтып жатам. Айткандарымды өзүңөр акыл калчап ойлонуп көргүлө.

16 Кудайга шүкүрчүлүк келтирип ичкен чөйчөк бизди Машаяктын канына тиешелүү кылбайбы? Же ошондо сындырып жеген нан бизди Машаяктын денесине тиешелүү кылбайбы?

17 Көп болгонубуз менен, бизди баш коштуруп, бир дене кылган нан бирөө гана, анткени баарыбыз бир нандан даам татабыз.

18 Ысрайыл элин карагылачы: Кудайга багышталган курмандыктан ооз тийгендер Кудай менен бирге даам сызышпайбы?

19 Муну менен мен эмнени айткым келет? Буркан-балбалдар менен аларга багышталган курмандык бир нерсеге татыйт дегендиби?

20 Арийне, жок. Айтайын дегеним, бутпарастар тартуу кылган курмандыктар Кудайга эмес, жиндерге багышталат. Мен болсо силердин жиндер менен бирге даам сызышыңарды каалабайм.

21 Силер бир эле мезгилде Эгебиздин чөйчөгүнөн да, жиндердин чөйчөгүнөн да ооз тийип, Эгебиздин дасторконунан да, жиндердин дасторконунан да даам тата албайсыңар.

22 Же Эгебиздин кыжырына тийгибиз барбы? Биз, эмне, Андан кудуреттүү белек?

23 «Бардыгын жасоого акыбыз бар», — дейсиңер. Ырас, мунуңар туура. Бирок бардык эле нерсе жакшылыкка алып келбейт. «Бардыгын жасоого акыбыз бар» болгону менен бардык эле нерсе рухий жактан жетилтпейт.

24 Баарың тең жеке кызыкчылыгыңарды ойлобой, андан көрө, башкалардын кызыкчылыгын ойлогула.

25 Базарда сатылган эттин баарын кысталбай эле алып жей бергиле. Эттин кайдан келгенин сурабаганыңар үчүн абийириңер силерди кыйнабасын,

26 анткени «жердин өзү да, андагы бардык нерселер да Жараткан Эгебиздики».

27 Кудайга ишенбеген адам конокко чакырып калса, көңүлүңөр келип турса, баргыла. Бирок ал жерден силерди абийириңер кыйнабасын, сураштырып олтурбай, тартылган тамактын баарынан эле алып жей бергиле.

28 Бирок кимдир бирөө: «бул буркандарга багышталган тамак эле», — деп калса, анда муну айткан киши үчүн жана абийирдин таза сакталышын ойлоп, ошол тамактан жебей койгонуңар оң.

29 Абийир дегеним силердин эмес, жанакы айткан кишинин абийири. Эмне үчүн менин эркиндигим башка бирөөнүн аны кыйнаган абийири үчүн чектелип калышы керек?

30 Ыраазычылык айтуу менен тамак алып жесем, анда эмне үчүн ыраазычылык айтып жеген тамагым үчүн кимдир бирөө мени айыпташы керек?

31 Ошентип, ичесиңерби, жейсиңерби — эмне кылсаңар да, ошонун баарын Кудайдын атагы чыккандай кылгыла.

32 Иудейлерди да, башка улуттагыларды да, Кудайдын жыйынындагыларды да — эч кимди нааразы кылбагыла.

33 Мени карасаңар: мен өз пайдамды эмес, көпчүлүктүн пайдасын көздөп, алар куткарылып калгай эле деп, эмне жасасам да, бардыгына жаккандай жасоого аракеттенип жатам.

11

1 Мен Машаяктан үлгү алгандай, силер да менден үлгү алгыла.

2 Силердин бардык учурда мени эстеп, берген таалимдеримди бузбай сактап келе жатканыңар мактоого татыйт.

3 Эми болсо силерди түшүнсүн дегеним, ар бир эркектин башчысы — Машаяк, аялдын башчысы — анын күйөөсү, ал эми Машаяктын башчысы — Кудай.

4 Ошондуктан эркек киши сыйынганда же пайгамбарчылык кылганда, баш кийимчен болсо, өз башчысын сыйлабаганы.

5 Анын сыңары, аял киши сыйынганда же пайгамбарчылык кылганда, башына эч нерсе салынбаса, бул да анын өз башчысын сыйлабаганы, анткени баш кийимсиз аялдын чачы кырылган аялдан эч айырмасы жок.

6 Аял башын жапкысы келбесе, анда биротоло чачын деле кырдырып салбайбы. Ал эми аял үчүн чачын кыркып же кырдырып жүргөн уят болсо, анда башын жаап да жүрсүн.

7 Эркек үчүн башын жабуунун эч кажети жок, себеби ал өзүндө Кудайдын бейнеси менен атак-даңкын алып жүрөт. Аял болсо күйөөсүнүн атагын чыгарат.

8 Анткени эркек аялдан алынып жаратылбастан, тексерисинче, аял эркектен алынып жаратылган.

9 Ошондой эле эркек киши аял үчүн эмес, аял киши эркек үчүн жаратылган болчу.

10 Андыктан периштелер бар экенин эске алып, аялдын башында өз күйөөсүнүн бийлиги алдында экенин билдирген белгиси болушу керек.

11 Бирок кантсе да, Эгебиз менен болгон жашообузда эркектер да аялдарга, аялдар да эркектерге көз каранды болот.

12 Анткени аял эркектен алынып жаратылган сыяктуу, эркек да жарык дүйнөгө аялдан төрөлүп келет. Бардыгы болсо — Кудайдан.

13 Өзүңөр эле акылга салып көрсөңөр: аялдын Кудайга жылаңбаш сыйынганы сыпайкерчиликке жатабы?

14 Жаратылыштын өзүнөн эле көрүнүп тургандай, эркек кишинин чач өстүргөнү уят,

15 ал эми аялдын узун чачы анын көркүн ачат, себеби узун чач аялга жабуу катары берилген.

16 Кимде-ким бул тууралуу талашкысы келсе, ага айтарым бул: биздин да, Кудай жыйындарынын да мындан башкача салты жок.

17 Эми, төмөнкү көрсөтмөлөрдү берип жатып, силерди мактамак турсун, чогулуштарыңардын пайдадан көрө зыяны көбүрөөк болуп жатканын айтпай коё албайм.

18 Барыдан мурда, мен силердин жыйын катары бир жерге чогулганда, ич ара бөлүнмөй адатыңар бар экенин угуп, буга бир аз болсо да ишенем.

19 Ырас, кимиңер туура жол менен баратканыңар ачык көрүнсүн үчүн араңарда анча-мынча пикир келишпестиктер да болууга тийиш.

20 Бирок силер чогулушуңарга Эгебиздин кечки тамагына катышканы эмес, кандайдыр бир башка максатыңар бар болгонсуп келет экенсиңер.

21 Анткени ар бириңер өзүңөр алып келген тамакты жегенге ашыгып, натыйжада бириңер ачка калсаңар, бириңер шарапка мас болосуңар.

22 Жөн эле ичип-жейли десеңер, ал үчүн өз үй-жайыңар жокпу? Же чогулган максатыңар Кудай жыйынын тебелеп-тепсеп, колунда жокторду кемсинтүү беле? Эми силерге эмне дейин?! Же силерди макташым керекпи? Албетте, жок!

23 Эгебиздин Өз оозунан угуп, силерге жеткиргеним бул: Ага чыккынчылык кылынар түнү Эгебиз Ыйса колуна нан алып,

24 Кудайга алкыш айтты да, нанды сындырып, мындай деди: «Бул — силер үчүн берилип жаткан Менин денем. Мени ушундай кылып эскерип жүргүлө».

25 Ошондой эле кечки тамактан кийин колуна чөйчөктү алып, мындай деди: «Бул чөйчөк — Менин каным төгүлүп түзүлгөн Жаңы келишим. Андан ичкен сайын, муну Мени эскерип кылгыла».

26 Муну мындай түшүнсө болот: Эгебиз кайтып келгичекти, бул нандан жеп, бул чөйчөктөн ичкен сайын, силер ошону менен Эгебиздин өлгөнүн жар салып турасыңар.

27 Андыктан кимде-ким татыксыз жол менен ушул нандан жеп, ушул чөйчөктөн ичсе, ал Эгебиздин денеси менен канына каршы күнөө кетирген болуп эсептелет.

28 Ошентип, ушул нандан жеп, ушул чөйчөктөн ичерден мурун ар бириңер эң алды өзүңөрдү сынап көргүлө.

29 Себеби Эгебиз Өзү арабызда экенин түшүнбөй туруп, бул нандан жеп, бул чөйчөктөн ичкен киши ошентип ичкен-жегени менен өзүн айыптуу кылат.

30 Мына ошон үчүн көбүңөр алдан тайып, дартка чалдыгып жатасыңар. Кээ бириңер кайтыш да болуп кеттиңер.

31 Өзүбүздү өзүбүз сынап жүрсөк, анда Кудайдан минтип жазаланмак эмеспиз.

32 Ушул дүйнө менен бирге соттолбошубуз үчүн Кудай бизди азыртан айыптап, жазалап турат.

33 Ошондуктан, боордошторум, кечки тамакка чогулганыңарда, бири бириңерди күтүп жүргүлө.

34 Ал эми кимдир бирөөңөрдүн курсагы ачып турса, үйүнөн тамак ичип алсын. Ошондо бирге чогулганыңарда, Кудайдан айыпталгандай иш кылбайсыңар. Калган нерселерди өзүм келгенде тартипке салып берем.

12

1 Азыр болсо, боордоштор, Ыйык Рух тартуулоочу касиеттерге токтололу. Мен силерди алар тууралуу кабарсыз калтыргым келбеди.

2 Машаякка ишене элек кезиңерде, туура жолдон адашып, үн катпаган буркандарга табынганыңар өзүңөргө белгилүү эмеспи.

3 Андыктан сөзүмө кулак төшөп, билип алгыла: Кудай Рухунун жетегинде болгон адамдын оозунан «Ыйсаны каргыш урсун» деген сөз чыкпайт. Ошондой эле Ыйык Рухтун жетегисиз эч ким «Ыйса Эгем» деп да айта албайт.

4 Ар түрлүү рухий касиеттер бар болгону менен, аларды ыроологон Рух бирөө эле.

5 Өтөгөн кызматтарыбыз ар кандай болсо да, кызмат кылар Эгебиз бирөө эле.

6 Кылган иш-аракеттерибиз да ар түрдүү, бирок бардыгын аракетке келтирип жаткан Кудай бирөө эле.

7 Ар бир адамга бардыгынын пайдасы үчүн Рухтун кандайдыр өзгөчө белгиси берилет.

8 Бирине Рухтан даанышмандык сөз берилсе, башкасына ошол эле Рухтан билермандык сөз берилет.

9 Дагы бирин ошол эле Рух өзгөчө ишеним даарыса, башкасын ошол эле Рух дарт айыктыруу касиетине ээ кылат.

10 Бири керемет көрсөтсө, бири пайгамбарчылык кылат. Бири рухтарды ажырата билсе, башкасы бөтөн тилдерде сүйлөп, дагы бири ошол тилдерде айтылгандарды чечмелеп бере алат.

11 Бирок аталган касиеттердин баарын бир эле Рух ыроолоп, Өз эркине жараша ар кимге өз касиетин бөлүштүрүп берет.

12 Машаякты көп мүчөдөн турган денеге окшотсо болот: көп мүчөдөн куралганы менен, дене бир эле. Анын курамындагы мүчөлөр да көп болгону менен, алардын баары бир эле дененин бөлүктөрү.

13 Ошо сымал, биз да: иудей же башка улуттагы, кул же эркин адам болобузбу, — баарыбыз бир эле Рух аркылуу чөмүлүү расмисинен өтүп, бир денеге — Машаяктын денесине мүчө болдук. Баарыбыздын ичибизге Кудай бирдей Ыйык Рухун салып берген.

14 Ошентип, дене бир мүчөдөн эмес, көп мүчөдөн турат!

15 Эгер бут: «Мен кол эмесмин, демек денеге эч тиешем жок», — десе, ошон үчүн эле ал денеге тиешелүү болбой калабы?

16 Же кулак: «Менин денеге эч тиешем жок, себеби мен көз эмесмин», — десе эле, денеге тиешелүү болбой калабы?

17 Эгерде бүтүндөй дене көздөн эле турса, анда анын угуу сезими кайда? Же ал кулактан эле турса, анда жыт билчү сезими кайда калат?

18 Кандай десе да, дене мүчөлөрүн Кудай Өзү каалагандай, ар бирин тулку бойдогу өз ордуларына жайгаштырган.

19 Эгерде бир эле мүчө бар болсо, анын эмнеси дене?

20 Демек, мүчө көп болгону менен, дене бирөө эле.

21 Ошентип, көз колго: «Сенин мага керегиң жок» же баш буттарга: «Мен силерге муктаж эмесмин» деп айта албайт.

22 Тескерисинче, дененин эң талуу мүчөлөрү керектүү болуп чыгат.

23 Анча деле баркы жок өңдөнгөндөрүнө көбүрөөк кам көрүп, өзгөчө аяр мамиле кылсак,

24 көбүрөөк баркталгандары буга муктаж деле эмес. Бирок Кудай мүчөлөрдүн баарын дене кылып кураштырганда, муну баркы азыраагы көбүрөөк баркка ээ болгондой кылып койгон.

25 Ошентип, дене ич ара бөлүнбөй, мүчөлөрдүн баары тең бири бирине кам көрөт.

26 Дененин бир эле мүчөсү кыйналып калса, бардыгы чогуу жабыр тартат. Бир эле мүчө сыйга татыса, аны менен кошо бардыгы кубанат.

27 Силер ар бириңер өз алдынча мүчө болуп, бардыгыңар биригип Машаяктын денесин түзөсүңөр.

28 Жыйын ичинде Кудай бардыгын өз-өз ордуна коюп, биринчисин — элчи, экинчисин — пайгамбар, үчүнчүсүн — таалимчи кылып, дагы башкаларына керемет көрсөтүү, дарттан айыктыруу, жардам берүү, жыйын жетектөө, бөтөн тилдерде сүйлөө касиеттерин берди.

29 Баары эле элчиби? Же баары эле пайгамбарбы? Баары эле таалим береби? Же баары эле керемет көрсөтөбү?

30 Дарттан айыктыруу касиети баарында барбы? Баары эле бөтөн тилдерде сүйлөп, баары эле ошол тилдерди чечмелеп бере алабы?

31 Касиеттердин эң баалууларына ээ болууга тырышкыла. Мен болсо силерге эң мыкты жолду көрсөтүп берейин.

13

1 Адамдык тилде сүйлөп, ал гана эмес,"Периштелер тилинде сүйлөп жатып,"Ал эми башкаларды сүйө албасам,"Каңгыраган жездин же даңгыраган"Темирдин доошунан эмнем артык?

2 Пайгамбар касиетин Кудай берип,"Түшүнүп турсам дагы бүт сырларды,"Билимдин чокусуна жетип барып,"Тоолорду козгой алган ишенимге"Ээ болуп, ошондо да сүйө албасам,"Анда мен эч нерсеге татыбаймын.

3 Таратып колумдагы мал-мүлкүмдү"Жардыларга, денемди азаптарга,"Бүтүндөй өрттөлүүгө берип салып"Дагеле башкаларды сүйө албасам,"Анымдан түк пайда да болбойт мага.

4 Сүйүүнүн чыдамы мол, кайрымы зор,"Кызганбайт, мактанбайт ал, бой көтөрбөйт.

5 Адепсиздик кылбайт сүйүү, керт башынын"Пайдасын көздөбөйт да ачуусуна"Алдырбайт, башкаларга кек сактабайт.

6 Сүйүүнү кубандырбайт адилетсиздик,"Акыйкат өкүм сүрсө сүйүнөт ал.

7 Баарына болот сүйүү көтөрүмдүү,"Эч жазбайт ишенимден, колун үзбөйт"Үмүттөн, бардыгына чыдап келет.

8 Пайгамбарлык сөз айтуу токтойт бир күн,"Сүйлөнбөй кала берет бөтөн тилдер,"Жоюлат билим дагы. Бирок сүйүү"Жок болбой, түбөлүккө өмүр сүрөт.

9 Азыртан биле албайбыз бардыгын биз,"Чектелген пайгамбарлык касиет да.

10 Ал эми жеткилеңдик келген кезде"Чектелүү бүт нерселер артта калат.

11 Кичинемде балача сүйлөп мен да,"Балача баамдап баарын, ой жүгүрткөм."Ал эми эр жеткенде таштап салдым"Мурдагы жаш балалык адатымды.

12 Азыртан көргөнүбүз — элес-булас,"Күзгүнүн күңүрт тарткан айнегине"Чагылышкан. Ал эми келечекте"Бардыгын биз бетме-бет көрө алабыз."Чектелген ушул чакта билгендерим,"Ал эми келечекте билип калам,"Кудай мени дайыма тааныгандай,"Мен дагы бүт бардыгын толугунан.

13 Ошентип, үч нерсе бар ушул тапта:"Ишеним, үмүт, сүйүү. Бул үчөөнөн"Баарынан улуусу бар. Ошол — сүйүү.

14

1 Сүйүүгө умтулгула! Рухий касиеттерге, асыресе, пайгамбарчылык кылуу касиетине ээ болууга дитиңерди койгула!

2 Бөтөн тилдерде сүйлөгөн кишини эч ким түшүнбөй, ал адамдарга эмес, Кудайга сүйлөйт. Рухтун кудурети менен ал жашырын сырларды айтат.

3 Ал эми пайгамбарчылык кылган киши болсо адамдарга сүйлөп, айткандары аларды бекемдеп, кайраттандырып, сооротот.

4 Бөтөн тилдерде сүйлөгөн адам өзүн бекемдесе, пайгамбарчылык кылганы жыйынды бекемдейт.

5 Мен баарыңардын эле бөтөн тилдерде сүйлөшүңөрдү каалар элем, бирок пайгамбарчылык кылганыңар андан да жакшы болмок. Себеби бөтөн тилдерде айтылган сөздү кимдир бирөө чечмелеп, ошол аркылуу жыйын бекемделбесе, анда бөтөн тилдерде сүйлөгөндөн көрө, пайгамбарчылык кылуунун пайдасы алда канча зор.

6 Эми, боордоштор, силерге келгенимде, бөтөн тилдерде сүйлөп туруп, андан башка эч бир аян бөлүшпөсөм же түшүнүк бербесем, пайгамбарчылык кылбасам же эч нерсе окутпасам, анда силерге кандай пайда келтирмек элем?

7 Чоор же комуз сыяктуу жансыз аспаптарды мисалга алып көрөлү. Эгерде алардан чыккан добуштарды ажыратыш мүмкүн болбосо, ойнолуп жаткан кайсы күү экенин ким биле алат?

8 Же сурнай кандайдыр бир белгисиз үн чыгарса, аны уккан адам согушка аттанмак беле?

9 Ошондой эле, оозуңардан түшүнүксүз сөздөр чыгып жатса, эмне деп жатканыңарды кантип билсе болот? Айтканыңар шамалдын «шуу» эткениндей эле болот.

10 Ырас, дүйнөдө түркүн-түркүн добуштар бар, бирок алардын бири да маанисиз эмес.

11 Ал эми тигил же бул доош мага түшүнүксүз болсо, анда ошол добушту чыгарган адам мен үчүн, мен болсо ал үчүн жат элдикпиз.

12 Муну билип, силер да рухий касиеттерге ээ болууну эңсегениңерде, баарыдан мурда аларга ээ болуу аркылуу жыйынды бекемдөөгө умтулгула.

13 Ким бөтөн тилдерде сүйлөсө, сыйынып, Кудайдан аны чечмелөөгө кудурет берүүсүн да сурансын.

14 Анткени бөтөн тилдерде сыйынып жатканда, рухум сыйынганы менен, өзүмдүн эле акыл-эсим буга катышпай калат.

15 Андай болсо, мен эмне кылмакмын? Рухум менен да, акыл-эсим менен да сыйынам, рухум менен да, акыл-эсим менен да ырдайм.

16 Рухуң Кудайды алкыштап жатканда, чогулушка келип, бирок аныңды түшүнбөгөн кадыресе киши сенин эмне деп жатканыңды билбей туруп, кантип аныңа кошулуп «оомийин» дей алат?

17 Алкыш айтып канчалык жакшы сыйынсаң да, аның жаныңдагыларга эч пайда келтирбейт.

18 Бөтөн тилдерде баарыңардан көбүрөөк сүйлөгөнүм үчүн мен Кудайга ыраазы болсом дагы,

19 жыйында турганымда, бөтөн тилдерде миңдеген сөз айткандан көрө, акыл-эсим менен башкаларга таалим берер беш сөз айтууну оң көрөм.

20 Боордошторум! Акылы жетиле элек баланын ишин кылбасаңар! Жамандык дегенде наристе баладай, ал эми ой жүгүрткөндө, эр жеткен кишидей болгула.

21 Ыйык Жазууда айтылгандай: «Өз элиме башка тилде кайрылам,"Өзгө элдердин оозу менен сүйлөймүн, —"Дейт Жараткан Эге, — бирок сөзүмө"Ошондо да алар кулак салышпайт».

22 Ошентип, бөтөн тилдерде сүйлөө — бул ишенгендер үчүн эмес, ишенбегендер үчүн, ал эми пайгамбарчылык кылуу болсо ишенбегендер үчүн эмес, ишенгендер үчүн берилген жышаан-белги.

23 Эгерде бүтүндөй жыйын чогулганда, баары бөтөн тилдерде сүйлөй башташса, анан аны түшүнбөгөн кадыресе же ишенбеген кишилер кирип калып, «булар акылынан адашкан го» дешпейби?

24 Ал эми ишенбеген же түшүнбөгөн бирөө бардыгы пайгамбарчылык кылып жатканда келип калса, бардыгынын сөзү анын күнөөлөрүн ашкерелеп, айыпка жыгат.

25 Ошондо анын көмүскөдөгү сырлары ачыкка чыгып, ал үстөмөнүнөн жыгылат да, Кудайга таазим кылып: «чынында Кудай силердин араңарда экен» дейт.

26 Менин айтайын дегеним бул, боордоштор. Чогулганыңарда, бириңерде Кудайды даңазалоо ыры, башкаңарда таалим, дагы бириңерде Кудайдан алган аян сөз, дагы бириңерде бөтөн тилдер, ал эми дагы бириңерде алардын чечмелениши бар болот. Мунун баары жыйынды бекемдеп турууга тийиш.

27 Бөтөн тилдерде сүйлөйм дегендер болсо, анда эки же, ашып кетсе, үч киши өзүнчө-өзүнчө сүйлөп, айтканын бирөө чечмелеп берсин.

28 Ал эми чечмелеп бере турган киши жок болсо, анда мындай адам жыйындан үн чыгарбай, ичинен өзүнө жана Кудайга гана сүйлөсүн.

29 Пайгамбарчылык кылгандардан да экөө же үчөө сүйлөп, калгандар алардын айткандарын ойлонушуп баамдашсын.

30 Ал эми отургандардын дагы бири Кудайдан аян алса, анда биринчиси сөзүн токтотушу керек.

31 Анткени баарыңар тең кезектешип пайгамбарчылык кылсаңар болот. Ошондо бардыгыңар үйрөнүп, бардыгыңар андан кайрат ала аласыңар.

32 Пайгамбар киши өз касиетин кандайча колдонорун өзү чече алат,

33 себеби Кудай арабызда баш аламандыктын эмес, ынтымак-ырашкерликтин орун алышын каалайт. Ыйыктар чогулган бардык жыйындарга окшоп,

34 силерде да аял кишилер унчукпашы керек, аларга сүйлөөгө уруксат берилбейт. Аялдын милдети баш ийүү экендиги Ыйык Жазууда да айтылган.

35 Ал эми бир нерсе үйрөнгүсү келип турса, анда үйдөн күйөөлөрүнөн сурап алышсын, себеби аялдын жыйында сүйлөгөнү уят.

36 Же айткандарым силерге кызык угулабы? Деги айткылачы, Кудайдын Сөзү адегенде Корунттан жар салына баштады беле? Же аны силерден башка эч ким уккан жок дейсиңерби?

37 Ким өзүн пайгамбармын же рухий касиети бар адаммын десе, анда ал жазып жаткандарым Эгебиздин буйругу экенинен эч шектенбеши керек.

38 Ким муну этибарына албаса, андайдын өзүн да этибарга албагыла. Мындан шектенгендердин өздөрүнө да ишенбегиле.

39 Ошентип, боордошторум, пайгамбарчылык кылуу касиетине ээ болууга тырышкыла, бирок бөтөн тилдерде сүйлөгөндөргө да тыюу салбагыла.

40 Болгону, эмне кылсаңар да, адеп менен тартипти сактап жүргүлө.

15

1 Эми, боордоштор, эсиңерге өзүм жарыялаган Жакшы Кабарды салгым келет. Силер аны кабыл алып, ага ылайык жашап келатасыңар.

2 Эгер мен жарыя кылган Жакшы Кабарга ылайык жашасаңар, ошол аркылуу куткарыласыңар. Антпесе ага ишенгениңер куру бекер.

3 Адегенде өзүм кабыл алып, анан силерге жеткирген ошол кабардын ток этер жери мындай. Ыйык Жазууда убада кылынгандай, Машаяк биздин күнөөлөрүбүз үчүн курман болгон.

4 Анын көргө коюлуп, үчүнчү күнү кайра тирилери да Ыйык Жазууда алдын ала айтылган.

5 Андан кийин Ал Петирге, анан он эки элчисине көрүнгөн.

6 Андан соң, Аны бир эле убакта беш жүздөн ашык боордошторубуз өз көзү менен көрүшкөн; алардын айрымдары көз жумганы менен, көбү али да тирүү.

7 Андан соң, Ал Жакыпка жана элчилердин баарына көрүндү.

8 Эң акырында болсо, Аны маалынан өтүп туулган балага окшогон мен көрдүм.

9 Өзүмдү мындай дегеним, мен элчилердин катарында эң акыркы болуп турам, атүгүл элчи болуп аталууга да татыксызмын, себеби Кудай жыйынын куугунтуктагам.

10 Бирок Кудай мага ырайым этип, азыркы даражага жеткирди. Кудайдын мага кылган ырайымы текке кетпестен, мен кайра алардын баарына караганда көбүрөөк мээнеттенип иштедим. Арийне, эмгектенген мен өзүм эмес, мени колдогон Кудайдын ырайымы.

11 Ошентип, мен боломбу, же аларбы, биз жарыялап, силер ишенген кабар ушул.

12 Эгерде биздин жарыялаганыбыз Машаяктын өлүмдөн тирилиши болсо, анда араңардагы кээ бирөөлөрдүн өлгөндөр тирилбейт деп жүргөнү кандай?

13 Эгерде өлгөндөр тирилбесе, анда Машаяк тирилген эмес экен да?

14 Эгерде Машаяк тирилген эмес болсо, анда биздин жарыялаганыбыз да, силердин ишенгениңер да куру-бекер болмок.

15 Бул гана эмес, биз Кудай тууралуу жалган айтып калмакпыз, себеби өлгөндөргө тирилүү мүмкүн болбосо, анда Кудай Өзү тирилтпеген Машаякты биз кайра тирилткен деп күбөлөндүргөн болуп калабыз.

16 Анткени өлгөндөр тирилбесе, анда Машаяк да тирилген эмес.

17 Ал эми Машаяк тирилбеген болсо, анда ишенгениңер эч пайдасыз болуп, өзүңөр күнөөнүн алкагында кала бересиңер.

18 Андай болсо Машаякка ишенип өлгөндөр да түбөлүк өмүр албай калышат.

19 Машаякка арткан үмүтүбүз ушул жашообуз үчүн гана жараса, анда бизден өткөн шордуу киши жок.

20 Бирок чындыгында Машаяк өлгөндөрдөн биринчи болуп тирилип, бул кийин калгандар да тирилеринин анык белгиси.

21 Ажал бул дүйнөгө адам аркылуу келгендей, өлгөндөн тирилүү да адам аркылуу келди.

22 Адам ата аркылуу баары өлүмгө дуушар болгондой, Машаяк аркылуу баары түбөлүк өмүр алышат.

23 Бирок ар кимдин өз тирилиш кезеги бар: алгач башкалардын тирилеринин белгиси катары Машаяк, анан Машаяк кайтып келгенде, Ага таандык болгондор.

24 Андан соң, дүйнөнүн акыры келет да, өкүмдарлыктын, бийликтин жана күч-кудуреттин бардыгын жеңген Машаяк падышалыкты Кудай Атанын колуна тапшырат.

25 Бүт душмандары жеңилип, бут алдына жыгылгыча Машаяк падышачылык кылат.

26 Жеңилип жок болчу душмандардын акыркысы болсо — өлүм.

27 «Кудай бардыгын Анын бут алдына жыгып берди».«Анын бут алдына жыгып берди» делгендердин ичинде Кудайдын Өзү жок экени анык, себеби баарын Машаякка багындырган Ал эмеспи.

28 Бардык нерсе Машаяктын бийлиги алдына багындырылганда, Уулдун Өзү да бардыгын Ага багындырган Кудайга моюн сунуп, толугу менен бардыгында болот.

29 Эгерде өлгөндөн тирилүү жок болсо, анда кайтыш болгондордун ордуна чөмүлүү расмисинен өткөндөр муну кандай үмүт менен кылышат? Эгерде өлгөндөр чын эле тирилбесе, анда эмне үчүн алардын ордуна чөмүлүү расмисинен өтүү орун алууда?

30 Андай болсо, эмне үчүн биз да ар саат сайын жаныбызды тобокелге салып жүрөбүз?

31 Боордоштор, мен күн сайын өлүмдүн жүзүн көрүп жүрөм. Эгебиз Машаяк Ыйсанын алдында силер менен сыймыктанганым канчалык анык болсо, бул сөзүм да ошончолук анык.

32 Эгерде Эфес шаарында жапайы жырткычтар менен алышканым өзүмдүн эле пенделик ниетимден келип чыкса, анын мага кандай пайдасы тиймек эле? Эгерде өлгөндөр тирилбесе, анда, айтылып жүргөндөй, «Эртеңки ажал келгиче,"Бүгүн жеп-ичип алалы».

33 Алданбагыла,"«Арамдарга кошулган"Өз ыйманын жоготот».

34 Акылыңарды жыйгыла да күнөөгө батпагыла! Силерди уяткарып айтарым бул: кээ бириңер алигиче Кудайды тааный элексиңер.

35 «Өлгөндөр кантип тирилмек эле? Тирилсе, денеси кандай болот?» — деп араңардан бирөө собол таштар.

36 Алда, акылсыз неме-ай! Өзүң эккен үрөн «өлмөйүн» кайрадан өсүп чыкмак беле?

37 Сепкенде да даяр эгинди эмес, буудайдын же дагы башка өсүмдүктүн тоголок уругун гана себесиң.

38 Ал эми ар бир уруктун кандай келбетте өсүп чыгарын Кудай чечет.

39 Жандуу нерселердин эт-денеси да бирдей эмес: адамдыкы мындай болсо, айбандардыкы тигиндей, балык менен куштуку да эки башка.

40 Ошондой эле асмандык денелер менен жердик денелер болот. Асмандагысы менен жердегисинин шаң-салтанаты бирдей эмес.

41 Күндүн өзүнүн шаң-салтанаты, айдын өз шаң-салтанаты, жылдыздын да өз адеми бар. Ал турсун ар башка жылдыздын да көркү ар башка болот.

42 Өлгөндөрдүн тирилгени да ошонун сыңарындай: жерге көмүлгөн дене чирип, тирилгени чирибес болот;

43 эч баркы жок көмүлүп, тирилгенде кадырлуу болот; көмүлгөндө алсыз болуп, тирилгенде кубатка толот.

44 Көмүлгөнү — табигый дене, тирилгени — рухий дене. Табигый дене болгон сыяктуу, рухтан бүткөн дене да болот.

45 Ыйык Жазууда айтылгандай, биринчи Адам «тирүү жан болду»,акыркы Адам болсо — бул өмүр берүүчү Рух.

46 Биринчи келгени рухий эмес, табигый болчу. Рухтан бүткөнү андан кийин келди.

47 Биринчи адам жерден алынып, топурактан жасалды. Экинчиси болсо — көктөн келди.

48 Топурактан жасалган адамдын денеси кандай болсо, жердеги адамдардыкы да ошондой болот. Ал эми көктөгүлөрдүн денеси көктөн келген адамдыкындай.

49 Азыр жердеги адамдын келбетин кийген сыяктуу, келечекте биз көктөгү адамдын келбетине да бөлөнөбүз.

50 Силерге айтарым бул, боордоштор: эт менен кандан бүткөнү Кудай Падышачылыгына кире албайт да өлө турганы түбөлүк өмүр сүрө албайт.

51 Кулак төшөп уккула, силерге купуя сырды ачып берем: биз баарыбыз эле өлбөйбүз, бирок баарыбыз толук өзгөрөбүз.

52 Бул акыркы сурнайдын үнү угулары менен бир заматта, көз ачып жумгуча ишке ашат. Сурнайдын үнү жаңырганда, өлгөндөр тирилип өлбөс болот да, биз өзгөрөбүз.

53 Анткени мынабу чирип кетер денебиз чирибес, өлө турган денебиз өлбөс болуп калууга тийиш.

54 Ошентип, мунун баары иш жүзүнө ашып, өлүү нерсе өлбөстүккө бөлөнгөндө, Ыйык Жазуудагы мындай сөз орундалат: «Жеңиш бизде! Өлүм толук жоюлду!»

55 «Кана, ажал, кайда кеткен жеңишиң?"Кана, ажал, чакчу ийнең кайда эле?»

56 Ажалдын чагып өлтүрчү ийнеси күнөө болсо, күнөө өз күчүн мыйзамдан алат.

57 Бирок Кудайга шүкүр, Ал бизди Эгебиз Ыйса Машаяк аркылуу жеңишке ээ кылды!

58 Ошентип, сүйүктүү боордошторум, олку-солку болбой, ишенимге бек тургула! Эгебизге күчүңөрдү аябай кызмат кылгыла: Ал үчүн жумшаган мээнетиңер текке кетпейт.

16

1 Эми ыйыктар үчүн акчалай жардам чогултуу тууралуу: Галатиядагы жыйындарга эмнени буюрсам, силер да ошону аткаргыла.

2 Мен келгенде гана акча чогултмай башталбас үчүн, дайыма жуманын биринчи күнү ар бириңер өз иштеп тапканыңарга жараша, колуңардан келген акчаны бөлүп, ошону сактап койгула.

3 Мен болсо силерге барып калганымда, өзүңөр тандаган кишилерге ишеним кат жазып берип, акчаңарды жеткириш үчүн Иерусалимге жөнөтөм.

4 Ал эми өзүм да ал жакка барышым керек болсо, анда алар мени менен чогуу барышат.

5 Менин Македония аймагын кыдырып чыгайын деген ниетим бар. Андыктан Македонияны басып өткөндөн кийин силерге келип кетмекчимин.

6 Силердикине бир аз токтоп, балким, кыштап да кетермин. Андан соң, силер мени барар жериме узатып коёрсуңар.

7 Жөн эле тийип кетким келбей, Эгем буюрса, аздыр-көптүр силер менен болуп кетем деген үмүттөмүн.

8 Түшүм майрамына чейин болсо Эфесте турам,

9 анткени бул жерде каршылаштык көп болгону менен, чоң, үзүрлүү эмгекке жакшы мүмкүнчүлүк бар.

10 Силерге Тиметей келип калса, аны эч ким оңтойсуз абалда калтырбашына көз салып койгула, анткени ал да менчилеп Эгебиз үчүн иштеп жүрөт.

11 Эч кимиңер ага өйдөсүнүп карабагыла. Андан көрө, мага аман-эсен кайтып келсин деп, тынчтык менен узатып койгула. Мен анын жана аны менен кошо боордоштордун келишин күтүп жатам.

12 Эми боордошубуз Апол тууралуу. Мен аны башка боордоштор менен кошо силерге барсын деп абдан өтүнгөн элем. Бирок дароо барууга анын эч көңүлү жок болчу. Кантсе да, ыгы келгенде, ал силерге барып калар.

13 Сергек болуп, ишенимге бек тургула. Эр жүрөк жана күчтүү болгула.

14 Эмне кылсаңар да, сүйүү менен кылгыла.

15 Өзүңөр билгендей, Степандын үй-бүлөсү Ахая аймагында биринчи болуп ишенип, өздөрүн ыйыктарга кызмат кылууга арнашкан.

16 Боордоштор, өтүнөм, мындай адамдарга жана алар менен кошо катуу иштегендерге кызмат кылгыла.

17 Степандын, Фортунаттын жана Ахайиктин келгенине жетине албай отурам: алар келгенден бери өзүңөр жанымда болгондой эле болуп калдым.

18 Алар менин да, силердин да көңүлүңөрдү көтөрүштү. Мындайларды кадырлап жүргүлө.

19 Асия аймагындагы жыйындар силерге салам жолдошту. Акила менен Приска жана алардын үйүндө чогулуп жүргөн жыйын да силерге Эгебиздин атынан жылуу салам айтышты.

20 Боордоштордун бардыгы силерге өз саламын жолдошту. Бири бириңерге жолукканда, чын пейлиңер менен беттен сүйүп учурашып жүргүлө.

21 Ушул саламымды мен, Пабыл, силерге өз колум менен жазып жатам.

22 Эгебизди сүйбөгөн ар ким каргышка калат!"Эгебиз, келегөр!

23 Эгебиз Ыйса силерге ырайым этсин.

24 Баарыңарды Ыйса Машаяк сүйгөндөй сүйөм.