1 Машаяк Ыйсанын кызматчысы болгон жана Кудай Өз элчилигине чакырып, Жакшы Кабарын жарыялоого дайындаган Пабылдан салам кат.
2 Дал ушул Жакшы Кабарын жиберем деп Кудай байыртадан Ыйык Жазууда Өз пайгамбарлары аркылуу убада кылган.
4
3 Бул кабар — Анын Уулу, Эгебиз Ыйса Машаяк тууралуу. Адамдык ата-тегин алсак, Ал Дөөттүн урпагы болгон. Бирок өлгөндөн тирилгени менен Ал Ыйык Рух аркылуу Өзүнүн Кудайдын кудуреттүү Уулу экенин айгинеледи.
5 Анын урматына бардык элдерди ишенимге моюн сундуруу үчүн, Кудай бизге Ал аркылуу ырайымын жаадырып, Өз элчилери кылды.
6 Кудайдын тандалгандары катары Ыйса Машаякка таандык болгон силер да ошол элдердин бирисиңер.
7 Кудайдын мээри түшкөн, Анын ыйык эли болууга чакырылган бардык римдик боордошторум:"Кудай Атабыз жана Эгебиз Ыйса Машаяк силерге ырайым кылып, тынччылыгын берсин!
8 Силердеги зор ишеним тууралуу кабар бүтүндөй жер жүзүнө тарап жаткандыктан, эң алды мен баарыңар үчүн Ыйса Машаяк аркылуу Кудайга ыраазычылык келтирем.
9 Уулу жөнүндөгү Жакшы Кабарды жар салып, бардык дитимди коюп кызмат кылып жүргөн Кудайым Өзү күбө: силерди эч эсимден чыгарбай,
10 Кудайым буюруп, жакын арада силерге барып калгай элем деп сыйынган сайын жалынып жүрөм.
11 Анткен себебим, силерди көрүүгө зармын: барып калсам, рухий касиеттеримди бөлүшкөнүм силерди бекемдемек.
12 Менин айтайын дегеним, бири-бирибизди колдоп, менин ишенимим силерге, силердин ишенимиңер мага дем бермек.
13 Боордоштор, билип алгыла, башка элдердин арасындагы кызматым кандай үзүрлүү болсо, силерден да анын ошондой эле үзүрүн көрүүгө ынтызар болуп, канча ирет барууга ниеттендим эле, бирок азыркыга дейре бир нерсе жолумду бөгөп, ошондон улам гана бара албай жатам.
14 Бардык элдерге: маданияттууларына да, маданиятсыздарына да, билимдүүлөрүнө да, билимсиздерине да Жакшы Кабар таратуу менин парызым.
15 Андыктан Рим шаарында жашаган силерге да барып, Жакшы Кабар таратууга даярмын.
16 Мен Машаяк тууралуу Жакшы Кабарды жар салганыма сыймыктанам. Иудейлерден баштап, башка улуттагыларга чейин, ишеним туткандардын бардыгын куткаруучу Кудайдын кудурети — ошол кабарда.
17 Адам баласын кантип актай тургандыгын жана ал актык толугу менен ишенимге гана байланыштуу болгонун Кудай Жакшы Кабар аркылуу белгилүү кылган. Ыйык Жазууда айтылгандай, «ишенип акталган адам өмүр табат».
18 Кудай асмандан адамдардын бардык азгындыгы менен адилетсиздигине канчалык каарданганын көрсөттү, анткени алар өз адилетсиздиги менен чындыктын жолун тороп жатышат.
19 Кудай Өзүн аларга белгилүү кылып, Ал тууралуу эмнелерди билүү мүмкүн болсо, ошонун баары айдан ачык көрүнүп турат.
20 Себеби дүйнө жаралгандан бери Кудайдын көзгө көрүнбөс түбөлүк кудурети менен кудайлык табиятын Ал жараткан нерселерди карап туруп эле билсе болот. Андыктан адам баласынын актангыдай эч жөнү жок.
21 Бирок Кудайды билишсе да, алар Аны Кудай катары даңазалашпады, Ага алкыш айтышпады. Анын ордуна курулай ой жүгүртүүлөргө берилишип, эч нерсени туйбаган акыл-эсин караңгылык басты.
22 Акылдуусунушуп, чындыгында акылынан айрылып калышты.
23 Өтүп кетпес Кудайга ийбадат кылуунун ордуна, алар өтүп кетер адамдын, куштардын, төрт аяктуу же сойлоочу жандыктардын сөлөкөттөрүнө табына башташты.
24 Андыктан Кудай аларды арамдыкка баткан бойдон калтырып, өздөрүнүн ышкы-кумарларына берилген алар өз денелерин өздөрү булгашты.
25 Кудайдын чындыгын жалганга айырбаштап, Жаратуучуга эмес, жаратылган нерсеге табынып кызмат кылышты. Бардык алкышка болсо бир гана Кудай татыктуу. Оомийин.
26 Кылган иштерин көрүп, Кудай алардын уятсыз кумарга батуусуна жол берип койду. Ошентип аялдар табигый жыныстык катнаштарды таштап, табиятка каршы катнаштарга берилишти.
27 Ошондой эле эркектер да табиятын бузуп, аял денесинин ордуна, бири-бирине кумарлана башташты да, бири-бири менен жыныстык катнашка киришип, өздөрү кылган уятсыз иштерден улам Кудай алардын сазайын колуна берди.
28 Бул адамдар Кудайды таанып билүүдөн баш тарткандыктан, Кудай аларды пейили бузулган бойдон калтырып, уятсыз нерселерди кылууларын тыйбады.
29 Алар ар түрдүү адилетсиздикке, кыянаттыкка, дүнүйөкорлукка, зулумдукка, көрө албастыкка, киши өлтүрүүчүлүккө, доолашууга, алдамчылыкка жана кара ниеттикке берилишти. Алар бири-бирин ушакташып,
30 жалаа жаап, Кудайга акарат келтиришип, башкаларды басынтышып, мактанышып, кекирейип, жамандыкты ойлоп тапкыч, эне-атасына моюн сунбаган,
31 акылсыз, ишенимсиз, таш боор, ырайымсыз болушту.
32 Кудайдын мындай иш кылгандар өлүмгө татыктуу деген өкүмүн билишсе да, алар өздөрү гана ошентпестен, ошондой кылган башкаларды да колдошот.
1 Башканы айыптап жаткан адамга айтарым бул: сен ким болсоң да, минткениң үчүн актала албайсың, себеби башканы айыптаганың менен сен өзүңдү гана айыпка жыгасың, анткени башканы айыптап жатып, ал кылганды өзүң деле кылып жатпайсыңбы.
2 Ырас, жогорудагыдай кыянаттыктарды кылгандарга Кудай калыстык менен өкүм чыгарарын биз билебиз.
3 Бирок сен, жамандык кылгандарды айыптап, өзүң болсо ошондой эле иштерди жасап жаткан адам, ошенткениң менен Кудайдын жазасынан качып кутулам деп ойлойсуңбу?
4 Же, балким, ниетин өзгөртөр бекен деп Кудай өзүңө да ырайым кылып жатканын билбей, Анын улуу ырайымын, чыдамдуулугу менен сабырдуулугун барк албай жаткандырсың?
5 Бирок сен мойнуң жар бербей, ниетиңди өзгөрткүң жок. Кудайдын адилеттик менен соттоочу күнү келгенде, шишиң толгон сен Анын каарына калып жүрбөгүн.
6 Анткени Кудай ар бирибизге кылган ишибизге жараша өз тиешебизди берет.
7 Талыкпай жакшылык кылып, ошол аркылуу атак-даңкка, урмат-сыйга жана өлбөстүккө жетүүнү эңсегендерге Кудай түбөлүк өмүр берет.
8 Ал эми менменсинип, акыйкатка баш ийбей, анын ордуна кыянаттыкка берилгендер болсо Кудайдын каарына калып, жазасын тартышат.
9 Кыянаттык кылган ар бир адамдын, эң алды иудейдин, анан иудей эместин, башына каран түн түшөт.
10 Жакшылык кылгандардын баары болсо, эң алды иудейлер, анан иудей эместер, урмат-сый менен кадыр-баркка татып, тынччылыкта болушат.
11 Анткени Кудайда эч кандай өң карамалык жок.
12 Тоорат мыйзамын билбей күнөө кылышкандар мыйзамы жок эле курут болушат. Тоорат мыйзамын билип туруп күнөө кетиришкендер ошол мыйзам боюнча айыпталышат.
13 Анткени мыйзам айткандарына кулак салып койгондор эле эмес, анын талаптарын аткаргандар гана Кудай алдында акталышат.
14 Тоорат мыйзамы жок башка улуттагылар ички туюмунан эле мыйзамга ылайык иш кылышса, анда колунда мыйзамы жок болуп турса да, мыйзамы бардай болушат.
16
15 Кудайдын мыйзамы талап кылган нерселер жан-дилине жазылгандыгы алардын өздөрүнөн эле көрүнүп турат, анткени, мен тараткан Жакшы Кабарга ылайык, Кудай адамдардын жашырын ойлорун Машаяк Ыйса аркылуу соттогон күнү акталарын же айыпталарын аларга өз абийири айта алат.
17 Мына сен иудей аталып, мыйзамга таянып жашап, Кудайың менен мактанып жатасың.
18 Кудай сенин эмне кылышыңды каалаганы сага маалым болуп, кандай кылганың туура болорун сен Тоорат мыйзамынан үйрөнгөнсүң.
19 Өзүңдү сокурларга жол көрсөтө алам, караңгыда жүргөндөргө жарык бере алам деп,
20 «акылы жокторго» насаатчы, «жетиле электерге» устат боло алам деп ойлойсуң, анткени өз ичине бардык билим менен чындыкты камтыган мыйзамды билесиң.
21 Айтчы, башкаларды окутуп жатып, эмне үчүн өзүңдү да окутпайсың? «Уурдаба» деп наасат айтып, эмне үчүн өзүң уурулук кыласың?
22 Эмне үчүн «никени бузба» дейсиң да, өзүң нике бузасың? Буркандарды жек көрүп, өзүң бутпарастардын ийбадатканаларын тоногонуң кандай?
23 Колуңда Кудайдын мыйзамы бар болгону менен мактанасың да, ошол мыйзамды бузганың менен Кудайды мазактап жатасың.
24 Жазууда айтылгандай, «силердин айыңардан башка улуттагылар Кудайдын атына тил тийгизип жатышат».
25 Сүннөткө олтуруу мыйзамды аткарганда гана пайдалуу. Ал эми мыйзамды бузуп жатсаң, андан сүннөткө олтурганың олтурбай калганыңа эле тете.
26 Эгерде сүннөткө олтурбаган башка улуттагы адам мыйзам талаптарын аткарса, анда Кудай аны сүннөткө олтурган адамдай көрбөйбү?
27 Андай болсо, сени — колунда жазылган мыйзамы бар, сүннөтү да кесилгенине карабай, мыйзамды бузуп жаткан иудейди сүннөткө олтурбаса да, мыйзамды аткарган башка улуттагы адам соттойт.
28 Чыныгы иудей — бул сыртынан эле иудей көрүнгөн же болбосо денесинде сүннөттүн сырткы белгиси бар адам эмес.
29 Дилинен иудей болгон адамды гана чыныгы иудей, жүрөгүнүн сүннөтү кесилген адамды гана сүннөттөлгөн десе болот. Бул болсо жөн гана мыйзамда жазылган жободон эмес, Рухтан келе турган нерсе. Мындайлар эң алды адамдын эмес, Кудайдын да мактоосуна татыйт.
1 Деги иудей болуунун артыкчылыгы эмнеде? Сүннөткө олтуруунун кандай пайдасы бар?
2 Иудейлердин көп жагынан артыкчылыгы бар! Бул артыкчылык эң алды Кудай сөзү иудейлерге берилгенинде.
3 Ал эми алардын кээ бири ишенимсиз болгон болсочу? Бул Кудай ишенимдүүлүгүн жокко чыгарабы?
4 Албетте, чыгарбайт! Адамдардын ар бири жалганчы болгон күнү да Кудай ишенимдүү бойдон кала берет. Ыйык Жазууда айтылгандай, «Андыктан эмне айтсаң, сөзүң — чындык,"Соттошсоң, доого жыгып, жеңиш — Сенде».
5 Бирок биздин адилетсиздигибиз аркылуу Кудайдын адилеттиги ачык-айкын көрүнсө, анда эмне дешибиз керек? Кудай Өз каарын төккөндө адилетсиз болуп чыгабы? (муну мен адамдык акылга салып айтып жатам).
6 Албетте, андай эмес! Андай болгондо Кудай дүйнөнү кантип соттомок эле?
7 Ал эми мен жалган айтканым аркылуу Кудайдын чындыгы гана артып, улуулугу мурдагыдан көбүрөөк көрүнсөчү? Андай болсо, менин дале күнөөкөр катары айыпталганымдын жөнү эмнеде?
8 Анда жакшылык болуш үчүн жамандык кылбайлыбы? Кээ бири мени дал ушуга үйрөтүп жатат деп, мага жалаа жаап жүрүшөт. Бирок Кудай калыс. Ал алардын өздөрүн айыпка жыгат.
9 Демек, биз, иудейлер, башкалардан артык экенбиз да? Жок, андай эмес. Анткени мен буга чейин эле көрсөткөндөй, иудейлер да, иудей эместер да — баары күнөөнүн бийлиги астында турушат.
10 Ыйык Жазууда айтылгандай: «Адил болгон эч ким жок,"Бирин дагы таппайсың,
11 Акыл-эстүү бири жок,"Кудайды эч ким издебейт.
12 Кудайдан баары баш тартып;"Жарамсыз болду бардыгы;"Жакшылык кылган эч ким жок,"Таба албайсың бирин да».
13 «Сөздөрү оозу ачылган көрдөй сасык;"Тилдери жалган гана айтып турат,"Жыландын заарын чачат эриндери».
14 «Ооздоруна ачуу сөз, каргыш толгон».
15 «Буттары кан төккөнгө шашылууда;
16 Кайда барса, кыйроо, кайгы алпкелүүдө.
17 Ынтымак эмне экенин билбейт алар».
18 «Кудайдан коркуу деген дээринде жок».
19 Биз билгендей, мыйзамда жазылгандын баары мыйзам алдында жашагандарга тийиштүү. Ал өзүн актайм дегендерди ооз ачырбай, бүтүндөй дүйнөнү Кудай сотунда жооп бергендей кылат.
20 Себеби мыйзам талаптарын аткаруу менен Кудай алдында эч ким актала албайт. Мыйзам аркылуу биз өзүбүздүн күнөөкөр экенибизди гана түшүнө алабыз.
21 Бирок эми Кудай адам баласына акталуунун жолун белгилүү кылды. Тоорат менен пайгамбарлардын жазгандарында акталуунун жолдору жөнүндө кеп болгону менен, акталуунун өзү мыйзамды аткаруудан келбейт.
22 Кудай адамдарды алардын Ыйса Машаякка арткан ишеними аркылуу актайт. Ыйса Машаякка ишенип акталуу ишенгендердин бардыгы үчүн берилген: эч бир адамдын башкалардан айырмачылыгы жок,
23 себеби баары күнөө кетиришип, Кудайдын улуулугунан куру алакан калышты.
24 Эми болсо Кудайдын ырайымы менен бардыгы бекер акталууга ээ болушту. Бул акталуу күнөөбүздүн кунун төлөп, бизге эркиндик берген Машаяк Ыйса аркылуу келет.
26
25 Адамдардын мурда кылган күнөөлөрүн Кудай чыдамдуулук менен жазалабай келди. Эми, Өзүнүн адилеттүү экенин көрсөтүү үчүн, Ал Машаякты биз үчүн курмандыкка берди. Машаяктын каны Ага ишенгендердин баарын күнөөдөн арылтты. Муну менен Кудай адилеттүү экенин жана Ыйсага ишенген ар кимди актап койгонун көрсөттү.
27 Андай болсо, биздин сыймыктангыдай эмнебиз бар? Эч нерсебиз! Актанганыбыз эмненин негизинде? Мыйзам талаптарын аткарганыбыздынбы? Жок, ишенгенибиздин.
28 Анткени биз адам баласы Кудай алдында мыйзам талаптарын аткаруу менен эмес, тек гана ишеним менен акталат дебедикпи.
29 Ал эми Кудайчы? Ал иудейлердин гана Кудайыбы? Же иудей эместердин да Кудайыбы? Албетте, алардыкы да.
30 Кудай — бирөө. Ал сүннөттөлгөндү да, сүннөттөлбөгөндү да ишенгени үчүн актайт.
31 Демек, ишенимибиз менен биз мыйзамды жокко чыгарат турбайбызбы? Жок, андай эмес. Ишенимибиз аркылуу мыйзам бекемделет.
1 Андай болсо, бабабыз Ыбрайым туурасында биз эмне деп айтмакчыбыз? Ал эмне болду эле?
2 Эгерде ал кылган иши менен акталса, бул мактоого татырлык, бирок Кудай алдында эмес.
3 Жазууда айтылгандай, «Ыбрайым Кудайга ишенип, ошону менен Анын алдында ак деп табылды».
4 Иш кылган адамдын алган акысы белек болуп эсептелбейт, бул анын ишине жараша алган тиешеси.
5 Ал эми ким кылган ишине таянбастан, адилетсиз адамды кечирип актай алар Кудайды эш тутса, ишенгенин көрүп, Кудай аны Өзү актап алат.
6 Дөөт да ушуну эске алып, кылган ишине карабай Кудай Өзү актап алган адам ырыстуу деп айткан.
7 «Адилетсиз иштери кечирилип,"Күнөөлөрү жабылгандар ырыстуу!
8 Мойнуна күнөөлөрүн Жараткан Ээ"Койбогон ар бир адам ырыстуу!»
9 Дөөт айткан ырыстуулук сүннөткө олтурган иудейлерге гана тийиштүүбү, же сүннөткө олтургузулбаган башка улуттагыларга дагыбы? Биз азыр эле «Ыбрайым Кудайга ишенип, ошону менен Анын алдында ак деп табылды» деп айтпадыкпы.
10 А бул качан болгон? Ыбрайым сүннөткө олтургандан кийинби же ошого чейинби? Сүннөттөлгөндөн кийин эмес, ага чейин.
11 Анын сүннөтү кийин кесилип, сүннөттүн өзү Кудай аны сүннөткө отура электе эле ишенгендиги үчүн актап алгандыгынын белгиси болгон. Ошентип, сүннөткө олтурбаганына карабай, Кудайга ишенгени үчүн актала тургандардын баарынын түпкү атасы Ыбрайым болуп калды.
12 Ошондой эле ал сүннөткө олтургандардын, бирок, сүннөттөн тышкары, анын сүннөттөлгөнгө чейинки ишениминдей ишенимге ээ болгондордун да атасы.
13 Кудай Ыбрайымдын жана анын урпактарынын энчисине бүткүл дүйнө тиерин убада кылганда, Ал муну Ыбрайым мыйзам талаптарын аткарган үчүн эмес, ишенип, ишеним аркылуу ак деп табылган үчүн кылган.
14 Эгерде мыйзам талаптарын аткаргандар мураскор болушса, анда ишеним куру бекер болуп, убада өз күчүн жоготмок.
15 Мыйзам Кудайдын каарын гана алып келе алат, бирок мыйзам жок жерде аны бузуу да жок.
16 Ошентип, Кудайдын убадасы ишенимге негизделип, Анын ырайымы катары Ыбрайымдын бардык урпактарына: мыйзамды аткаргандарына да, Ыбрайымга окшоп ишенгендерине да бекер берилери кепилдикке алынды. Ал — биздин баарыбызга ата.
17 Ыйык Жазууда айтылгандай, «Мен сени көптөгөн элдердин атасы кылдым».Өлгөндөргө кайрадан өмүр берип, жок нерсени бар кылуучу Кудайга ишенген үчүн ал ушундай убадага ээ болгон.
18 Үмүтүнөн кол үзгүдөй болгон кезде да Ыбрайым үмүтүнөн жазбай, Ыйык Жазууда «укум-тукумуң сан жылдыздай көп болот»деп жазылгандай, убадага ылайык «көптөгөн элдердин атасы» болоруна ишене берди.
19 Жашы жүзгө барып, денесинин өлүк болгону калганын жана аялы Саранын бала төрөр мезгили эбак өтүп кеткенин туйганда да ал ишенимин жоготподу.
20 Ишеними өчпөгөн Ыбрайым Кудай Өз убадасын аткарарынан эч күмөн санабады. Ишениминен кубат алып, ал Кудайды мактап турду.
21 Кудай эмнени убада кылса, ошону аткарууга кудуреттүү экенине ал толук ишенди.
22 Мына ошондуктан ишенгени үчүн Ыбрайым «Кудай алдында ак деп табылды».
24
23 Ыйык Жазуудагы бул сөз жалгыз ага гана тийиштүү болбостон, Эгебиз Ыйсаны өлгөндөн тирилткен Кудайга ишенип, ошол ишенимибиз аркылуу актала турган биз үчүн да жазылган.
25 Күнөөбүздүн кунун төлөш үчүн Ыйса курмандыкка берилип, бизди Кудай алдында акташ үчүн өлгөндөн кайра тирилген.
1 Ошентип, ишенгенибиз үчүн Кудай алдында ак болгон биз эми Эгебиз Ыйса Машаяк аркылуу Кудай менен элдешип алдык.
2 Ишенгенибизден улам биз Машаяктын аркасы менен Кудайдын ырайымына жетип отурабыз. Азыр ошол ырайымда жашап, келечекте Кудай менен кошо атак-даңкка бөлөнөбүз деген үмүт бизди сыймыкка ээ кылат.
4
3 Ал гана эмес, тарткан азаптарыбыз менен да сыймыктанабыз, себеби азаптар бизди чыдамдуу кылып, чыдамдуулугубуз Кудайга жагып, бул бизди үмүткө ээ кыларын билебиз.
5 Ошол үмүт болсо уятка калтырбайт, себеби Кудай ичибизге Ыйык Рухун салып, ошол аркылуу бизге Өз мээримин төктү.
6 Акталууга эч чарабыз жок болуп турганда, Кудайдын белгилеп койгон мезгили жетип, Машаяк келип, кудайсыз болгон биз үчүн жанын берди.
7 Адил адам үчүн да өз жанын берүү оңойго турбайт. Эми, балким, эң жакшы адам үчүн кимдир бирөө өлсө өлөр.
8 Бирок Машаяк биз үчүн Өз жанын биз али күнөөкөр кезде эле берип койгону менен Кудай бизге Өз сүйүүсүн көрсөттү!
9 Андай болсо, Ыйсанын курмандык каны менен акталган бизди Ал эми Кудайдын каарынан да куткарары канчалык анык!
10 Анткени Кудайга душман болуп туруп, Уулунун курмандыгы аркылуу Аны менен элдешкен болсок, анда эми, элдешкенден кийин, Машаяктын өмүрү аркылуу кантип эле куткарылбайлы!
11 Бул гана эмес, бизди Эгебиз Ыйса Машаяк аркылуу Өзү менен элдештирип койгон Кудайдын жакшылыгына да кубанып жатабыз.
12 Бир кишинин кетирген жазыгы аркылуу бул дүйнөгө күнөө, күнөө аркылуу — өлүм келген сыяктуу, баары күнөөгө батышып, өлүм бүткүл адамзатына тарап кетти.
13 Мыйзам жок кезде деле дүйнөдө күнөө бар болгон, бирок мыйзам жок жерде күнөөнүн эсеби жүргүзүлбөйт.
14 Кантсе да, Адам атанын мезгилинен тартып Мусанын мезгилине чейин Адам атаныкындай күнөө кетирбегендердин үстүнөн да өлүм өкүм жүргүзүп келди. Адам ата болсо келечекте келе турган Бирөөнүн элеси эле.
15 Бирок Кудайдын ыроологон ырайымын Адам кылган кылмышка салыштырууга болбойт. Бир киши — Адам атанын кылмышынан улам көптөгөн адамдар өлүм жазасына кесилсе, Кудайдын бир киши — Ыйса Машаяк аркылуу көптөгөн кишилерге тартуулаган ырайымы андан алда канча зор.
16 Кудайдын тартуусун ошол бир кишинин күнөөсүнө салыштырууга болбойт: бир эле күнөө кылынгандан кийин жазалоо өкүмү чыгарылган болсо, биз көп күнөө кылсак да, Кудайдын тартуусу бизге акталуу алып келди.
17 Эгерде бир киши кетирген жалгыз күнөөнүн айынан дүйнөдө өлүм өкүм жүргүзө баштаганы анык болсо, анда айкөл Кудайыбыз тарабынан акталып, Анын ыроологон ырайымын алгандардын бир эле Киши — Ыйса Машаяктын кылганы аркылуу Кудай менен жашап, Аны менен бирге өкүм жүргүзөрү канчалык анык!
18 Ошентип, бир кишинин кылмышы аркылуу бүтүндөй адамзатка жазалоо өкүмү чыгарылган сыяктуу, бир кишинин адилеттүү иши аркылуу бүтүндөй адамзатка акталуу менен түбөлүк өмүр берилди.
19 Бир кишинин Кудайга моюн сунбагандыгы аркылуу көп киши күнөөкөр болуп калгандай, бир кишинин Кудайга моюн сунгандыгы аркылуу көп киши акталат.
20 Мыйзам адамдар өздөрүнүн канчалык күнөөлүү экенин көрсүн деп берилген. Ал эми күнөөлөрү көбүрөөк көрүнгөн сайын, Кудайдын ырайымы андан бетер көбөйдү.
21 Ошентип, бир кезде өкүм жүргүзө баштаган күнөө өлүмгө алып келген сыяктуу, Кудайдын өкүм жүргүзө баштаган ырайымы бизди актап, Эгебиз Ыйса Машаяк аркылуу түбөлүк өмүргө ээ кылат.
1 Эми биз эмне дешибиз керек? Ырайым көбөйсүн үчүн күнөөдө кала берели деппи?
2 Албетте, жок! Күнөө бизди эми эч нерсе кыла албайт. Андай болсо, мындан ары кантип күнөө кылып жашамак элек?
3 Же чөмүлүү расмисинен өтүп, Машаяк Ыйсанын денесине мүчө болгонубузда, ошону менен биз Анын өлүмүнө ортоктош болуп калганыбызды билген жок белеңер?
4 Ошентип, чөмүлүү аркылуу Аны менен кошо өлүп, кошо көргө коюлдук. Эми болсо Атабыздын улуу кудурети менен өлүктөрдөн тирилген Машаякка окшоп биз да жаңы өмүргө ээ боло алабыз.
5 Эгерде Аныкындай өлүм аркылуу Ага кошулсак, анда Ага окшоп тирилүүгө да тийишпиз.
6 Биз билгендей, мурдагы күнөөлүү табиятыбыз күчүн жоготуп, биз мындан ары күнөөгө кул болбош үчүн эски табиятыбыз Машаяк менен кошо айкаш жыгачка керилген,
7 себеби өлгөн адамга күнөөнүн бийлиги жок.
8 Ал эми Машаяк менен бирге өлгөн болсок, анда Аны менен бирге өмүр да сүрөрүбүзгө ишенебиз.
9 Анткени биз билгендей, өлгөндөн тирилген Машаяк кайрадан өлбөйт: өлүмдүн Анын үстүнөн эч бийлиги жок.
10 Ал өлгөндө, күнөөнү биротоло жеңген. Эми болсо Ал Кудай үчүн жашап жатат.
11 Ошонун сыңарындай, силер да өзүңөрдү күнөө үчүн өлүк эсептеп, Машаяк Ыйса менен Кудай үчүн жашагыла.
12 Ошентип, өлө турган денеңерде күнөө мындан ары өкүм жүргүзбөгөндөй жана силерди өз кумарларына баш ийдирбегендей болсун.
13 Денеңердин бир да мүчөсүн күнөөгө жумшабагыла да жамандыктын куралы кылбагыла. Андан көрө, өлүмдөн өмүргө өткөн өзүңөрдү Кудайга тапшырып, денеңердин мүчөлөрүн жакшылыктын куралы кылгыла.
14 Өзүңөрдү күнөөгө багындырбагыла, себеби силер Тоорат мыйзамы боюнча эмес, Кудайдын ырайымы менен жашайсыңар.
15 Анан? Мыйзам боюнча эмес, ырайым боюнча жашап жатканыбызды билип туруп, күнөө кыла беребизби? Албетте, жок!
16 Же өзүңөрдү кимдир бирөөгө кул кылып багындырсаңар, анда кимге баш ийсеңер, ошонун кулу болоруңарды билген жок белеңер? Демек, силер же күнөөгө кул болуп, ал силерди өлүмгө алып келет, же Кудайга кул болуп, тил алчаактыгыңар силерди адил кылат.
17 Бирок Кудайга шүкүр, бир кезде күнөөнүн кулу болгон силер эми алган таалимиңерге бүт жан-дилиңер менен баш ийдиңер.
18 Ошентип, күнөөнүн кулчулугунан бошонуп, силер эми адилдиктин кулдары болдуңар.
19 Алсыз табиятыңарды эске алып, силерге түшүнүктүү болсун үчүн мындай сөз менен айтып жатам. Мурда өз денеңерди ыпластык менен барган сайын күчөгөн кыянаттыкка канчалык жумшасаңар, эми да ыйыкталыш үчүн өз денеңерди адил иштерге ошончолук жумшагыла.
20 Күнөөнүн кулу болгон кезде, силер адил жашоого милдеттүү эмес элеңер.
21 Бир кезде эми өзүңөр уялган нерселерди кылып жүрүп, ошондон кандай пайда таптыңар эле? Андай жашоонун акыры — өлүм.
22 Бирок эми, күнөөдөн бошонуп, Кудайга кул болуп калганыңарда, жашооңордун үзүрү — ыйыктык, натыйжасы — түбөлүк өмүр.
23 Анткени күнөөнүн куну — өлүм, Кудайдын тартуусу болсо — Эгебиз Машаяк Ыйса менен биримдикте боло турган түбөлүк өмүр.
1 Эми, боордоштор, мыйзам менен тааныштыгы бар силерге айтарым бул. Өзүңөр билгендей, адам көзү тирүү кезде гана мыйзамдын ага карата күчү бар.
2 Мисалга алсак, мыйзам боюнча, турмушка чыккан аял күйөөсү тирүү кезде башы ага байланган болот. Ал эми күйөөсүнүн көзү өтүп кетсе, анда ал аял нике мыйзамына ылайык башы бош болуп эсептелет.
3 Андай болсо, эри тирүү кезде эле башка бирөөгө турмушка чыккан аял никесин бузган болуп эсептелет. Ал эми күйөөсү өтүп кеткен аял нике мыйзамынан бош болуп, башка күйөөгө чыкканы менен нике бузбайт.
4 Ошонун сыңарындай, силер да, боордошторум, Машаяк өлгөндө, Аны менен кошо өлүп, ошол аркылуу Тоорат мыйзамынан бошондуңар. Эми силер Кудайга кызмат кылууга жарактуу болуш үчүн башка Бирөөнүн карамагына өттүңөр, Ал Бирөө — өлгөндөрдөн тирилген Машаяк.
5 Пенделик табиятыбызга жетеленип жашаганыбызда, денебизде мыйзам аркылуу жүзү ачылган күнөөлүү кумарларыбыз аракеттенип, мунун акыры өлүм болгон.
6 Эми болсо, бизди байлап турган мыйзам үчүн өлүк болуп, анын бийлигинен бошондук. Эми биз Кудайга эскиче, Тоорат мыйзамында жазылганына ылайык эмес, жаңыча, Рухка ылайык кызмат кылабыз.
7 Андай болсо, эмне дейли? Күнөө Тоорат мыйзамынан келип чыгат деппи? Албетте, жок! Бирок мыйзам болбосо, мен күнөө эмне экенин билмек эмесмин. Мыйзам «башканын мүлкүнө көз артпа»деп айтпаса, мен көз артуу эмне экенин билмек да эмесмин.
8 Парызга шылтап, күнөө ичимдеги миң түркүн кумарларды козгоду. Мыйзам болмоюн күнөө өлүк бойдон кала берет.
9 Бир кезде мен колумда мыйзам жок жашадым эле. Бирок парыз берилгенде, күнөөгө жан кирди.
10 Мен болсо өлүк болуп калдым. Ошентип, өмүр алып келүүгө тийиш болгон парыз мага өлүм алып келди.
11 Амалын таап, күнөө парыздан пайдалып, мени алдады да өлтүрүп салды.
12 Бирок мыйзам өзү ыйык. Анын парыздары да ыйык, адилеттүү жана жакшы.
13 Андай болсо, эмне, жакшы нерсе мага өлүм алып келдиби? Албетте, андай эмес. Жакшы нерсени курал кылып, мага өлүм алып келген — күнөө. Ошону менен ал өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөттү. Ошентип, парыз күнөөнүн канчалык күнөөлүү экенин мурдагыдан ачык көрсөттү.
14 Биз баарыбыз мыйзамдын рухий экенин билебиз. Мен болсо күнөөнүн кулчулугуна сатылган пендемин.
15 Өзүм эмне кылып жатканымды өзүм билбейм, анткени кылгым келген нерсени кылбайм да жек көргөн нерсемди кылам.
16 Кылып жатканым өзүм каалабаган нерсе болгон соң, бул менин мыйзамдын тууралыгын мойнума алганымды көрсөтүп турат.
17 Андай болсо, чындыгында кыянаттык кылып жаткан мен эмес, ичимдеги күнөө.
18 Өзүмдө, адамдык табиятымда жакшылык жок экенин билем. Жакшылык кылууга ниетим бар, бирок бул колумдан келбейт.
19 Кылам деген жакшылыкты кылбайм да, анын ордуна кылбайм деген жамандыкты кылам.
20 Эгерде жасагым келбеген нерсени жасап жатсам, анда муну кылган мен эмес, ичимдеги күнөө.
21 Ошентип, мен мындай мыйзам ченемдүүлүктү байкадым: жакшылык кылайын десем да, колумдан жамандык гана келет.
22 Жан-дилимден Кудайдын мыйзамына кубанам.
23 Бирок өз денемден мен дагы башка мыйзамдын аракетин көрөм. Ал акыл-оюмдагы мыйзамга каршы туруп, денемди ичимдеги күнөө мыйзамына багындырып салат.
24 Курган башым ай! Өлүмгө түрткөн ушул денеден мени ким куткарар экен?
25 Кудайга алкыш! Ал муну Эгебиз Ыйса Машаяк аркылуу кылып койду! Ошентип, акыл-оюм менен мен Кудай мыйзамына моюн сунсам, адамдык табиятым менен күнөө мыйзамына моюн сунам.
1 Ошентип, эми Машаяк Ыйса менен биримдикте жашагандарга жазалоо өкүмү чыгарылбайт.
2 Анткени Машаяк Ыйса аркылуу өмүр берүүчү Рухтун мыйзамы силерди күнөө менен өлүмдүн мыйзамынан эркин кылды.
3 Адам табиятынын алсыздыгынан улам мыйзам кыла албаган нерсени Кудай кылды. Бул үчүн Ал адам баласынын күнөөлүү денесине окшогон денеге бөлөнгөн Уулун жиберип, күнөөнүн жазасын Ага тарттырды.
4 Муну Ал мыйзамдын адилеттүү талаптары күнөөлүү табияты боюнча эмес, Рух боюнча жашаган биз аркылуу аткарылсын үчүн кылды.
5 Адамдык табиятынын жетегинде жашагандар ошол табиятынын эңсегенин, ал эми Рухтун жетегинде жашагандар Рух каалаганын ойлошот.
6 Адамдык табиятын ойлоонун кесепети — өлүм; Рух каалаганын ойлоонун шарапаты — өмүр менен тынчтык.
7 Ошентип, адамдык табиятын ойлогон адам Кудайга кас болот: ал Кудай мыйзамына багынбайт жана багына да албайт.
8 Өз адамдык табиятынын жетегинде жашагандар Кудайга жага алышпайт.
9 Силер болсо, эгерде ичиңерде чынында эле Кудайдын Руху жашаса, адамдык табиятыңардын эмес, Рухтун жетегиндесиңер. Кимде Машаяктын Руху жок болсо, ал Машаякка таандык эмес.
10 Бирок ичиңерде Машаяк жашап жатса, анда күнөөнүн айынан денеңер өлүк болсо да, Кудай алдында акталган үчүн рухуңар — тирүү.
11 Ичиңерде Ыйсаны өлгөндөн тирилтип алган Кудайдын Руху жашап жаткан болсо, анда Машаякты тирилтип алган Кудай ичиңерде жашап жаткан Руху менен силердин өлө турган денеңерге да жаңы өмүр берет.
12 Ошентип, боордоштор, биз адамдык табиятыбыздын эңсегени менен жашоого милдеттүү эмеспиз.
13 Себеп дегенде, адамдык табиятыңардын жетегинде жашасаңар, анда өлөсүңөр, ал эми Рух аркылуу денеңердин күнөөлүү иштерин тыйсаңар, анда өмүргө ээ болосуңар.
14 Кудай Рухунун жетегинде жашагандардын баары — Кудайдын балдары.
15 Анткени Кудайдын ыроологон Руху силерди кайрадан коркунучка батырып, кул кылбайт. Кудайдын Руху силерди Анын балдары кылды. Ошол Рухтун кудурети менен биз Кудайды: «Абба! Ата!» — деп чакырып жатабыз.
16 Биздин рухубузга кошулуп, Кудайдын балдары болгонубузду күбөлөндүрүп жаткан — ошол Рух.
17 Ал эми Кудайдын балдары болсок, анда Кудайдын мураскорлору да болдук. Биздин Машаяк менен энчибиз бир. Эгерде Анын атак-даңкын бөлүшкүбүз келсе, анда Анын тарткан азаптарына да ортоктош болушубуз керек.
18 Келечекте бизге көрүнө турган Кудайдын улуулугуна салыштырганда, азыркы убактылуу азаптарыбыз эч нерсеге турбасына көзүм жетип турат.
19 Бүтүндөй жаратылыш Кудай Өз балдарына анык көрсөтө турган убакты чыдамсыздык менен күтүп жатат.
21
20 Себеби жаратылыш өз максатына өзү эле жетпей калган эмес. Кудайдын өкүмүнөн улам ошондой болгон. Кудай болсо муну жаратылыш бир күнү өткүнчүлүктүн кулчулугунан бошотулуп, Өзүнүн балдары менен кошо даңктуу эркиндикке жетишет деген үмүт менен жасаган.
22 Себеби, биз билгендей, бүтүндөй жаратылыш азыркыга дейре толготуп жаткансып, кыйналып онтоп жатат.
23 Жаратылыш гана эмес, Кудайдын алгачкы тартуусу катары Ыйык Рухту алган биз да Ал бизди Өз балдары катары кабыл алып, денебизди куткарып аларын самап, ичибизден онтоп жатабыз.
24 Анткени азыркы куткарылганыбыз — үмүт аркылуу гана. Эгерде үмүтүбүз эбак эле орундалган болсо, анда үмүттөнүүнүн кажети жок болмок. Өз көзү менен көрүп турган нерсеге үмүттөнмөк беле?
25 Бирок көрбөгөн нерсеге үмүттөнүп жатсак, анда чыдамдуулук менен күтүшүбүз керек.
26 Ошону менен бирге алсыраган бизди Рух да бекемдейт. Эмне жөнүндө сыйынарыбызды билбей, онтоп жатканыбызда, бул аркылуу Ал Өзү сөз менен айтуу мүмкүн болбогон эңсөөлөрүбүздү Кудайга жеткирип турат.
27 Ал эми ички дүйнөбүздү көрүп турган Кудай Рухтун жеткирип жаткан ой-санаасын анык билет, себеби Рухтун ыйыктар үчүн өтүнгөнү Анын эркине дал келет.
28 Биз болсо ким Кудайды сүйүп, Анын максатына ылайык чакырылган болсо, Кудай ал үчүн бардыгын жакшылыкка айландырарын билебиз.
29 Кудай кимди эбак эле Өзүнө тандап алган болсо, Кудай Уулу көптөгөн бир туугандарынын арасында туңгуч болсун үчүн, ал адамдын Өз Уулуна окшош болуусун да алдын ала белгилеп койгон.
30 Кудай Өз балдары болууга белгилеп койгондорду чакырып алды, чакырып алгандарын актап алды, актап алгандарын атак-даңкка бөлөдү.
31 Мунун баарын көрүп туруп, эмне дейбиз? Кудай биз тарапта болсо, анда ким бизге каршы чыкмак эле?
32 Өз жалгыз Уулун аябастан, Аны баарыбыз үчүн курмандыкка берген Кудай калганын бизге бекер бербей коёбу?!
33 Кудай тандап алгандарды ким айыптамак эле? Бизди Кудай Өзү актабадыбы.
34 Бизге жаза өкүмүн ким чыгармак эле? Машаяк Ыйса биз үчүн өлүп, бул гана эмес — өлгөндөн кайра тирилип, азыр Кудайдын сыйлуу оң жагында отуруп, биз үчүн өтүнүп жатпайбы.
35 Андай болсо, бизди Машаяктын сүйүүсүнөн ким ажырата алмак эле? Кыйынчылыкпы, азаппы, куугунтукпу, ачарчылыкпы, жардылыкпы, коркунучпу, кылычпы?
36 Ыйык Жазууда айтылгандай: «Касапчынын колуна түшө турган кой делип,"Сен үчүн биз күн сайын тартылабыз өлүмгө».
37 Бирок ошого карабастан, бизди сүйгөн Машаяктын аркасы менен биз мунун баарын жеңип чыгабыз!
38 Себеби менин ынанганым: өлүмдүн же өмүрдүн, периштелердин же жиндердин, бул замандын же келечек замандын,
39 кудурет-күчтөрдүн, жер үстүндөгүлөрдүн же жер астындагылардын, деги эле жаратылган нерселердин биринин дагы бизди Кудайдын Эгебиз Машаяк Ыйса аркылуу төгүлгөн сүйүүсүнөн ажыратууга кудурети жетпейт.
1 Машаякка таандык адам катары чындыгын айтып жатам (сөзүм жалган эмес экендигине Ыйык Рухка багынган абийирим күбө):
2 зор кайгыга батып, жаным тынбай сыздап,
3 каныбыз бир боордошторумдун куткарылышы үчүн өзүм каргышка калып, Машаяктан айрылышым керек болсо, ошого да даяр элем.
4 Алар — ысрайылдыктар, Кудайдын асырап алган, даңкына бөлөгөн, келишим түзүп, Тоорат мыйзамын калтырган, чыныгы ийбадат кылып, Анын убадаларын энчилеген эли.
5 Алар атактуу ата-бабалардан тарап, адам кейпин кийип келген Машаяк да ушул элден чыккан. Ал бардыгынан жогору туруп, бардыгын бийлеген Кудай. Ага түбөлүк алкыш болсун! Оомийин.
6 Бирок ысрайылдыктардын көпчүлүгү Машаякты кабыл албаса да, Кудай аларга берген убадасын аткарбай койду дегенге болбойт, анткени ысрайылдык болуп туулгандын баары эле чыныгы ысрайылдык эмес.
7 Ыбрайымдын урпактары да толугу менен анын балдары эмес. Кудай ага: «Ыскактын урпактары сенин тукумуң аталат»— деген.
8 Башкача айтканда, Ыбрайымдан тарагандардын баары эле Кудайдын балдары боло бербейт. Убада боюнча туулгандары гана чыныгы урпак болуп эсептелет.
9 Кудайдын убадасы болсо бул: «Эмки жылы, дал ушул убакта Мен кайра келем да, аялың Саранын уулу болот».
10 Бул гана эмес. Бабабыз Ыскактан боюна эгиз уул бүткөн Рабига да ушундай болгон.
12
11 Балдары али туула электе эле, эч жамандык же жакшылык кыла электе эле, Кудай алардын бирин тандап алып, Рабигага: «улуусу кичүүсүнө кызмат кылат», — деген. Ошону менен Ал адамды кылган ишине жараша эмес, тек гана Өзүнүн максатына ылайык тандаарын көрсөткөн.
13 Ыйык Жазууда айтылгандай, «Жакыпты жакшы көрүп,"Эйсапты жаратпадым».
14 Буга биз эмне дей алабыз? Кудай адилетсиз деп айта алабызбы? Албетте, анте албайбыз.
15 Анткени Мусага Ал мындай деген болчу: «Кимге ырайым этсем, ошого ырайымдуу болом,"Кимге боорум ачыса, ошону аяйм».
16 Ошентип, бардыгы адамдын каалоосунан же кылган аракетинен эмес, кайрым көрсөтчү Кудайдын эркинен болот.
17 Ыйык Жазууда Кудайдын фараонго мындай дегени бар: «Кудуретимди сен аркылуу көрсөтүп, ысмымды жер жүзүнө жар салыш үчүн гана Мен сенин зоболоңду бийик көтөрдүм».
18 Демек, кимге кайрымдуу болорун, кимди катаал кыларын Кудай Өзү билет.
19 Бирөөңөр мага айтарсыңар: «Андай болсо, эмне үчүн Ал бизди айыпка жыгат? Анын эркине каршы турар бирөө барбы?»
20 Эй, пенде, деги Кудай менен акыйлашкандай сен ким элең? Жасалган буюм өзүн жасаганга: «Эмне үчүн сен мени ушундай кылып койдуң», — демек беле?
21 Бир эле топурактан кымбат баалуу кумура да, жөнөкөй идиш да жасаш карапачынын өз эрки эмеспи?
22 Анын сыңарындай, Кудай да адамзатка Өз каарын көрсөткүсү, Өзүнүн улуу кудуретин билдиргиси келет. Бирок, ошого карабай, каарына калып, курут боло тургандарды көпкө чейин кыйратпай чыдап келди.
23 Минткени Анын ырайымына татып, даңкына бөлөнүүгө даярдалгандарга Өзүнүн чексиз улуулугун көрсөтүш үчүн болсочу?
24 Ал бизди иудейлердин арасынан гана эмес, башка элдердин ичинен да чакырып алды.
25 Ошуя китебинде бул тууралуу Кудай мындай дейт: «Менин элим болбогон элди алып,"Аларды Мен Өз элим атап коём."Мурда Өзүм сүйбөгөн элди алып,"Аларды сүйгөн элим атап коём».
26 «Эми алар: силер Менин элим эмес, —"Деп мурда айткан жердин дал өзүндө"Аталат тирүү Кудай балдары деп».
27 Ышая да Ысрайыл элине мындай деп жар салат:"«Ысрайылдын уулдары"Көк деңиздин жээгинде"Жаткан сансыз кумга окшоп"Көп болсо да, алардын"Сакталганы аз болот.
28 Анткени жер үстүндө"Өз өкүмүн Эгедер"Чечкиндүү да тезден-тез"Аткарганы калыптыр».
29 Ышая алдын ала айткандай:"«Кудуреттүү Кудайым"Тукумунан элимдин"Калтырбаса бир азын,"Кыйрайт элек анда биз"Гомор менен Содомдой».
30 Эми, эмне дейли? Акталууну издебеген башка элдер Кудай алдында ак деп табылды. Алардын акталганы — ишенимден.
31 Тоорат мыйзамы аркылуу акталууну издеген Ысрайылдын болсо аны аткарууга кудурети жетпеди.
32 Бул эмне үчүн ушундай болду? Анткени алар ишенимге эмес, кылган иштерине таянып алышкан эле. Ошентип, Ысрайылдын буту кедерги ташка чалынган экен.
33 Ыйык Жазууда айтылгандай, «Мына эми Сион аттуу шаарыма"Адамдарды чалынткан да кулаткан"Мен таш коём. Ошол ташка таянган"Адамдардын уят болбойт бири да».
1 Боордоштор, Ысрайыл элинин куткарылышын ушунчалык эңсеп, бул жөнүндө Кудайга жалынып сыйынып жатам.
2 Алардын Кудайга жагууга бүт дитин койгондоруна мен күбөмүн. Бирок буга кантип жетишүүнү алар билишкен жок.
3 Адамдардын акталышына Кудай кандай жол сызып койгонун билишпеген алар буга өз жолу менен жетүүгө далалаттанып, Анын белгилеген акталуу жол-жобосуна баш ийбей келүүдө.
4 Өзүнө ишенген ар кимди Кудай алдында ак кылыш үчүн Машаяк Тоорат мыйзамын аткаруу талабын жоюп таштады.
5 Тоорат мыйзамын аткарып акталуу жөнүндө Муса мындай жазган: «Мыйзамдын жол-жоболорун аткарган адам алар аркылуу өмүргө ээ болот».
6 Ал эми ишеним аркылуу акталуу жөнүндө төмөнкүлөр жазылган: «Өзүңдөн: ""Көккө ким чыкмак эле?""— башкача айтканда, ""Машаякты жерге ким алып келмек эле?"" — деп сурабай эле кой.
7 ""Жердин түпкүрүнө ким түшмөк эле?""— башкача айтканда, ""Машаякты өлгөндөрдөн ким алып келмек эле?"" — деп суроонун да кажети жок».
8 Бул тууралуу Ыйык Жазууда мындай делген: «Кудайдын Сөзү жаныңда —"Оозуңда жана дилиңде»."Бул сөз — биз жар салып жүргөн ишеним жөнүндөгү кабар.
9 Башкача айтканда, Ыйсанын Эге экенин мойнуңа алып, дилиңден Кудай Аны өлгөндөн тирилткенине ишенсең, куткарыласың.
10 Анткени дилинен ишенген адам — акталат; оозу менен ачык айтып моюндаган адам — куткарылат.
11 Ыйык Жазуу айткандай, «Ага таянган адамдардын бири да уят болбойт».
12 Бул иудейлерге да, иудей эместерге да тийиштүү. Бардыгынын Эгеси бир, Өзүнө кайрылгандардын баарына Ал ак батасын мол берет.
13 Анткени, жазылгандай, «Эгебиздин ысмын чакыргандын ар бири куткарылат».
14 Бирок Ага ишенбегендер Анын ысмын кантип чакырышат? Ал жөнүндө укпагандар Ага кантип ишенишет? Кабар алып келген бирөө болбосо, кантип угушат?
15 Жиберген эч ким жок болсо, кантип кабар жеткиришет? Ыйык Жазууда мындай деп жазылган: «Жакшы Кабар таратылып жатканын"Көрүп турсаң, кандай сонун бул өзү!»
16 Бирок Жакшы Кабарды баары эле кабыл албады. Бул тууралуу Ышая пайгамбар:"«Бизден уккан кабарга,"Эгем, кимдер ишенди?»—"деген экен.
17 Ошентип, ишеним — кабар угуудан, кабар угуунун өзү болсо Машаяктын Жакшы Кабарын жар салуудан келет.
18 Анда мындай собол таштайын: эврейлер, эмне, кабарды укпай калышты беле? Албетте, угушкан! Анткени, жазылып тургандай:"«Үндөрү жер жүзүнө жаңырганда,"Сөздөрү жетти дүйнө четтерине».
19 Дагы да сурайын: эмне айтылганын Ысрайыл түшүнбөй калды беле? Муса буга биринчи болуп жооп берген:"«Эл болбогон калк менен"Кызгантамын силерди;"Акылы жок эл менен"Кыжырлантам силерди».
20 Ышая болсо тайманбай, андан да ачык айтат:"«Мени издеп көрбөгөн"Элдер Мени табышты;"Мени сурап көрбөгөн"Элдерге Мен көрүндүм».
21 Ысрайыл туурасында болсо ал мындай дейт:"«Бир күн кечке күттүм, созуп колумду,"Тилим албай, каршы чыккан элимди».
1 Ошентип, мындай собол таштайм: Кудай Өз элинен баш тарттыбы? Албетте, жок. Анткени мен да Ыбрайымдын тукумунан, Бенжамин уруусунан чыккан ысрайылдыкмын.
2 Кудай тээ башынан эле Өзү тандап алган элинен баш тарткан жок. Же силер Ыйык Жазууда Илияс пайгамбар жөнүндө эмне деп айтылганын билген жок белеңер? Илияс Ысрайыл элине нааразычылык билдирип, Кудайга мындай деген эле:
3 «Эгем, алар Сенин пайгамбарларыңды өлтүрүштү, курмандык жайларыңды талкалашты. Эми жападан жалгыз калган менин да көзүмдү тазалаганы жатышат».
4 Кудай болсо ага кандай жооп кайтарды? «Мен Өзүмө жалган кудай Баалдын алдында тизе бүкпөгөн жети миң жанды калтырдым».
5 Бул азыр да ушундай: Кудай ырайым этип тандап алып, Аныкы бойдон калган бир аз жандар али да бар.
6 Кудай аларды кылган ишине жараша эмес, Өз ырайымы менен тандап алган; антпесе Анын ырайымы ырайым болбой калмак.
7 Натыйжада эмне болду? Ысрайыл элинин ичинен Кудай тандап алган бир азы гана эңсегенине жетип, калгандары болсо андан куру жалак калышып, катаалданышты.
8 Ыйык Жазууда айтылгандай, «Кудай Өзү тоотпос кылып аларды,"Али да, көзү туруп, көрө алышпайт,"Кулагы бар болсо да, уга алышпайт».
9 Дөөт да мындай деген экен:"«Өздөрү жайып койгон дасторкону"Өздөрү түшчү тузак, тордой болсун;"Чалынып, сазайларын алсын алар!»
10 «Көздөрү караңгылап, көрбөй калсын;"Түйшүктөн түбөлүккө бүкүрөйсүн».
11 Андай болсо, собол таштайын: бир мүдүрүлүп, ысрайылдыктар эми турбас болдубу? Албетте, андай эмес. Ысрайыл кулаганда, андан кызганыч туудуруу үчүн Кудай куткарылууну башка элдерге берди.
12 Ысрайылдын кулаганы мүлдө дүйнөгө мынчалык көп бата алып келсе, алардын жоготконунан улам башка элдерге ушунча көп бата тийип отурса, анда Ысрайылдын толугу менен мурдагы калыбына келиши канчалык көп бата алып келмекчи!
13 Азыркы айтар сөзүм башка элден чыккандарга. Мен башка элдерге жиберилген элчи болуп, өз кызматым менен сыймыктанам.
14 Силерге кылган кызматым кандаштарымдын кызганычын туудуруп, бул аркылуу алардын кээ бири куткарылып калгысы бардыр.
15 Анткени алардын четке кагылышы мүлдө дүйнөнү Кудай менен жараштырып койсо, алардын кабыл алынышынын натыйжасы кандай болмокчу? Бул өлүк болгондорго өмүр алып келет!
16 Эгерде биринчи жабылган нан Кудайга багышталып, адал болсо, анда андан калган камыр да адал болот. Эгерде дарактын тамыры Кудайга багышталып, адал болсо, анда анын бутактары да адал болот.
17 Бакта өскөн зайтун дарагынын кээ бир бутактары сындырылып, алардын ордуна жапайы зайтун кыйыштырылды. Бактагы зайтунга тамырлаш болуп, анын ширеси менен сугарылган жапайы зайтун — бул силерсиңер.
18 Андай болсо, жанакы сындырылган бутактарды карап, мактанбагыла. Ал эми мактанган болсоңор, эсиңерге келгиле. Бутак болуп турган силер тамырды көтөрбөйсүңөр, тескерисинче, ал силерди көтөрүп турат.
19 «Жанакы бутактардын сындырылып калганы бизди кыйыштыруу үчүн болгон», — дейсиңерби?
20 Ырас, алар ишенбеген үчүн сындырылып ташталган. Бирок силер да ишенгениңер үчүн эле кыйыштырылып турасыңар: ушуну билип, бой көтөргөндөн көрө, сак болгула.
21 Кудай дарактын өз табигый бутактарын аябаса, кыйыштырылган силерди аяйт дейсиңерби?
22 Ошентип, Кудайдын мээримдүү да, катаал да болорун байкагыла. Ал күнөөгө баткандарга катаалданып, силерге болсо, эгерде Анын мээримдүү экенине дайыма ишенсеңер, Өз мээримин төгөт. Антпесе силер да сындырылып ташталасыңар.
23 Ал эми ысрайылдыктар ишенбестигин калтырышса, кайрадан өз ордуна кыйыштырылат, анткени Кудай аларды кайра кыйыштырып коюуга кудуреттүү.
24 Эгерде Кудай силерди жапайы зайтун дарагынан кесип алып, дегеле мурда болуп көрбөгөндөй кылып, бакта өскөн зайтун дарагына кыйыштырып койсо, анда жанакы сындырылган бутактарды өздөрү бир кезде өскөн даракка кайтаруу Ал үчүн алда канча оңоюраак.
25 Бой көтөрүп акылдуусунбасыңар үчүн, боордоштор, мен силердин бир купуя чындыкты билип алууңарды каалайм: кээ бир ысрайылдыктар биротоло эмес, башка элдердин баары Кудайга келгенге чейин эле тоотпос болуп калган.
26 Ыйык Жазууда айтылгандай, бүт Ысрайылдын куткарылып калышы мындай болот: «Иерусалимден Куткаруучу келет дагы"Кайтарат Ысрайылды терс жолунан».
27 «Күнөөсүн алып таштап,алар менен"Мына ушу келишимди түзөмүн Мен».
28 Силер Жакшы Кабар угуп, куткарылып калышыңар үчүн ысрайылдыктар Кудайга душман болуп калышкан. Бирок ата-бабаларын сүйгөн Кудай аларды да сүйүп, алар али да Анын тандалган эли.
29 Анткени Кудай кимге тартуусун ыроолоп, кимди тандап алары тууралуу оюн өзгөртпөйт.
30 Бир кезде Кудайга моюн сунбаган силер алардын тил албастыгынан улам Кудайдын кайрымына ээ болуп турасыңар.
31 Анын сыңары, азыр Кудайга моюн сунбай жатышкан алар да, силерге окшоп, бир күнү Кудайдын кайрымына ээ болушат.
32 Себеби бардыгына кайрымдуулугун көрсөтүш үчүн Кудай бардыгын тил албастыкка туткундап койгон.
33 «Кудайдын байлыктары эбегейсиз!"Акылмандык, билгичтиги не бир чексиз!"Чыгарган бүтүмдөрү аңдап бүткүс!"Кудайдын ойлоруна акыл жеткис!»
34 «Кудайдын акыл-оюн барбы билген?"Кимиси Эгебизге кеңеш берген?»
35 «Бирөөңөр карыз берип Кудайына,"Эгебиз бересеси барбы кимге?»
36 Анткени бүт бардыгы бир Кудайдан,"Ал аркылуу, Ал үчүн жаратылган!"Даңкталсын түбөлүккө Кудайыбыз!"Оомийин.
1 Боордоштор, Кудай силерге не деген кайрымдуулугун көрсөттү. Андыктан силерден суранам: жан-тениңерди Кудайга багыштап, Ага жагымдуу, ыйык, тирүү курмандык катары бергиле. Ага чыныгы кызмат кылганыңар мына ушу.
2 Бул дүйнөнү туурап жашабагыла. Андан көрө акыл-оюңарды жаңыртып өзгөргүлө. Ошондо Кудайдын силерге болгон эркин: эмнелер жакшы, жагымдуу жана жеткилең экендигин түшүнүп билүүгө жөндөмдүү болосуңар.
3 Кудай ырайым этип дайындаган адам катары силерге айтам: өзүңөр жөнүндө тийиштүүдөн артык ойлобогула. Анын ордуна, акыл-эстүү болуп, өзүңөрдү Кудай ар бириңерге берген ишенимге жараша баамдагыла.
4 Бир дене көп мүчөдөн туруп, бардык мүчөлөрдүн аткарган милдети бирдей болбойт.
5 Ошол сыяктуу, биз да көп болуп туруп, Машаяктын денесин түзөбүз да бири-бирибизге карата өз ара байланышкан мүчөлөрбүз.
6 Кудай ырайым менен ыроологон касиеттерибиз ар кандай болуп, ар кандай милдет аткарабыз. Кимибизге пайгамбарчылык айтуу касиети берилсе, аны өз ишенимибизге жараша колдонолу.
7 Кызматчылык касиети барыбыз, кызмат кылалы, окута турганыбыз, окуталы.
8 Башкаларга кайрат бере алганыбыз, кайрат берели. Колунда барын бөлүшкөнүбүз, жоомарт бололу. Жетекчилик кылганыбыз, талыкпай иштейли. Кайрымдуулук кылганыбыз, аныбызды кубаныч менен аткаралы.
9 Сүйсөк, чын дилибизден сүйөлү. Жамандыктан четтеп, жакшылыктан калбагыла.
10 Бири-бириңерге бир тууганча мээримдүү болуп, бири-бириңерден аша сый көрсөткүлө.
11 Эринчээк болбогула. Рухуңар менен жалындап, Эгебизге талыкпай кызмат кылгыла.
12 Үмүттөн кол үзбөй, ар дайым кубанычта болгула. Кыйынчылыктарда чыдамдуу, сыйынууда туруктуу болгула.
13 Муктаждыгы бар ыйыктарга жардам көрсөтүп, чоочун бирөө келсе, меймандостук менен тосуп жүргүлө.
14 Өзүңөрдү куугунтуктап жаткандарга бата тилеп, каргабай, кайра алкап тургула.
15 Кубангандар менен чогуу кубанып, ыйлагандардын кайгысын бөлүшкүлө.
16 Өз ара ынтымактуу болгула. Көөдөнүңөрдү көтөрбөй, андан көрө токтоо кишилер менен катташып тургула. Өзүңөрдү акылдуу санабагыла.
17 Жамандыкка жамандык менен жооп кайтарбагыла да урмат-сыйга татырлык иштерди кылууну ойлогула.
18 Бардыгы менен тынччылыкта жашаш үчүн колуңардан келишинче аракет кылгыла.
19 Сүйүктүүлөрүм, эч кимден өч албагыла, ар кимдин жазасын Кудай Өзү берсин. Анткени Ыйык Жазууда Эгебиз мындай дейт: «Өч алуу — Менин ишим,"Мен берем тиешесин».
20 Тескерисинче,"«Касташканың ач болсо, азык бергин,"Касташканың чаңкаса, суусун бергин,"Таш урганга кимде-ким ашын сунса,"Жакшылыгы душманын уяткарат».
21 Бирөөнүн жамандыгына алдырбай, андан көрө жамандыкты жакшылык менен жеңип чыккыла.
1 Ар бир адам колунда бийлиги барларга баш ийүүгө тийиш, себеби бардык бийлик Кудайдан келип, бар болгон бийликтерди Ал орноткон.
2 Адамдын бийликке каршылык көрсөткөнү — Кудай орноткон тартипке каршы чыкканы. Каршы чыккандын баары өздөрү жазаланышат.
3 Бийлиги барлар жакшы иш кылгандарга эмес, жаман иш кылгандарга коркунуч туудурушат. Бийликтен коркпоону каалайсыңбы? Анда жакшылык кыл. Ошондо бийлик ээсинин мактоосуна татыйсың.
4 Анткени ал сага пайда келтириш үчүн Кудайдын кызматын кылат. Жамандык кылсаң, анда бийлиги бар адамдан корк, себеби анын сени жазалагыдай кудурети бар. Кудайдын кызматчысы катары ал Кудайдын жамандык жасагандарга карата чыгарган өкүмүн иш жүзүнө ашырат.
5 Мына ошон үчүн сен да жазадан коркконуңдан эмес, абийириң бар болгонунан бийликтегилерге баш ийишиң керек.
6 Салык төлөгөнүңдүн себеби да ушул: өз милдетин аткарып, бийликтеги адамдар ошону менен дайыма Кудайга кызмат кылышат.
7 Ошентип, аларга эмнени берүүгө тийиштүү болсоң, ошону берип жүр: бирине — салык, башкасына — төлөм, бирине — урмат, башкасына — сый.
8 Эч кимге бересеңер болбой, өз ара сүйүүнү өмүр бою төлөп өтөр карызыңар катары туткула. Бири-бирин сүйгөндөр мыйзам талаптарын аткарган болушат.
9 Анткени «ойноштук кылба», «киши өлтүрбө», «уурдаба», «башканын мүлкүнө көз артпа»жана ушул сыяктуу башка парыздардын баары мындай сөздө камтылган: «башкаларды өзүңдү сүйгөндөй сүй».
10 Сүйгөн адам башкаларга жамандык кылбайт. Андай болсо, сүйүү — мыйзамдын бардык жол-жоболорун аткарууга тете.
11 Азыр кандай мезгил экенин, уйкубуздан ойгонор убакыт-саат келип калганын билип, ушундай кылгыла, себеби куткарылар күнүбүз жаңы ишенген убагыбызга караганда бизге азыр жакындап келди.
12 Түн бүтөйүн деп, таң атарга аз калды. Караңгынын иштерин таштап, жарыктын курал-жарагын алалы.
13 Той-тамаша менен масчылыкка, бузуктук менен адепсиздикке, чатакташуу менен көр албастыкка берилбей, күндүзгү жарыкта кандай жашаш керек болсо, ошондой жашайлы.
14 Эгебиз Ыйса Машаяктын жетегинде болгула да, күнөөкөр табиятыңардын камын көрүп, ышкыларын кандырууну токтоткула.
1 Ишенимде алсыз болгондорду кабыл алгыла да, алар менен талашпагыла.
2 Кээ бир адамдардын ишеними аларга бардыгын жегенге жол берет, бирок ишеними алсыз адам жашылча менен гана азыктанат.
3 Кимиңер бардыгын жей алсаңар, тамакты ылгап жегендерди кемсинтпегиле. Ошондой эле кимиңер тамакты ылгап жесеңер, бардыгын жегендерди айыптабагыла. Анткени баарыңарды Кудай Өзү кабыл алган.
4 Бирөөнүн кызматчыларын айыптагандай сен ким элең? Алардын айыпталар-айыпталбасын өз ээси билет. Аларды колдоп, айыпталбагандай кылууга Эгебиздин кудурети жетет.
5 Кээ бирөөлөр үчүн кайсыдыр бир күн калгандарынан артык, башкалары үчүн болсо күндөрдүн баары бирдей болот. Ар ким кайсынысын туура деп ойлосо, ошого жараша иш кылсын.
6 Ким белгилүү бир күндү артыкча көрсө, ал муну Эгебиздин урматына кылат. Тамактын баарын жей берген адам да муну, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, Эгебиздин урматына кылат. Ошондой эле тамакты ылгап жеген адам да муну Эгебиздин урматына кылып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирет.
7 Жашаганыбыз да, өлгөнүбүз да өзүбүз үчүн гана эмес.
8 Жашасак да, Эгебиз үчүн жашайбыз, жаныбызды берсек да, Эгебиз үчүн беребиз. Ошентип, жашасак да, өлсөк да, Эгебиз менен болобуз.
9 Анткени Машаяк тирүүлөрдүн да, өлгөндөрдүн да Эгеси болуш үчүн өлүп кайра тирилген.
10 Андай болсо, өз боордошуңду айыптаганың кандай? Же аны эмне үчүн кемсинтесиң? Баарыбыз тең Соттоочу Кудайдын алдына барат эмеспизби?
11 Анткени Ыйык Жазууда айтылгандай, «Жараткан Эге айтат: ант беремин"Өзүмдүн атым менен, бардык элдер"Алдымда тизе бүгөт, ар бир пенде"Оозу менен Кудайым деп тааныйт Мени».
12 Ошентип, ар бирибиз кылган ишибиз үчүн Кудай алдында жооп беребиз.
13 Демек, бири бирибизди айыптаганыбызды токтотпосок болбойт. Андан көрө, боордошторубузга кедерги болгон же азгырган иштерди жасабайлы деген чечимге келели.
14 Эгебиз Ыйса менен тыгыз байланышта болуп, мен эч бир тамак өзүнөн өзү арам болбосун жана аны арам эсептегендер үчүн гана арам болорун билем.
15 Эгерде жеген тамагың боордошуңду иренжитсе, анда мындай кылганың сүйүүгө жатпайт. Машаяктын курмандыгы менен куткарылган адам сенин кандай тамак жегениңди көрүп, ошонун айынан кыйрап калбасын!
16 Жакшы деп жүргөн нерсеңдин жаман делишине жол бербе.
17 Анткени Кудайдын Падышачылыгы эмне жеп, эмне ичкенибизде эмес. Ал — Ыйык Рух ыроологон адилдик, бейпилдик жана кубаныч менен жашаганыбызда.
18 Машаякка мына ушинтип кызмат кылганыңар Кудайдын көңүлүнө да толот, башкалардын колдоосуна да татыйт.
19 Ошентип, арабызга тынччылык алып келип, бири-бирибизди бекемдеп турган нерселерди жасоону көздөйлү.
20 Тамак үчүн Кудайдын кылган ишине доо кетирбе. Арийне, бардык тамак адал. Бирок жеген тамагыңдын кимдир бирөөгө кедерги болгону жакшылыкка жатпайт.
21 Андан көрө эт жебей, шарап ичпей же боордошуңа кедерги болгон башка нерселерди кылбай койгонуң оң.
22 Кайсынысын туура деп ишенсең, бул Кудай экөөңөрдүн ортоңордо болсун. Эмнени тандаганы үчүн өзүн айыптабаган адам ырыстуу.
23 Бирок шек санап жегендериң үчүн айыпталасың, себеби муну ишеним менен кылган жоксуң. Ал эми туура деп ишенбей туруп кылынган ар бир иш күнөө болуп эсептелет.
25
24 Кудайды даңктайлы! Ыйса Машаяк жөнүндөгү Жакшы Кабарды жарыялаганым жана Ал Өзү мурда, кылымдар бою адамдардан жашырын сактап, эми ачып берген чындыгын жар салганым аркылуу силердин ишенимиңерди бекемдөөгө Анын кудурети жетет. Түбөлүктүү Кудайдын буйругу менен пайгамбарлар жазып кеткен бул чындыкты жар салганыбыздын максаты — башка элдердин бардыгын ишенимге багындыруу болчу.
26 Бирден бир акылман Кудайыбызга Ыйса Машаяк аркылуу кылымдардан кылымдарга даңк болсун! Оомийин.
1 Биз, бек ишенимде болгондор, ишеними аздардын алсыздыгын көтөрө билүүгө тийишпиз. Өзүбүздү гана ойлоп иш кылбайлы.
2 Башкалардын пайдасы үчүн, алардын ишенимин бекемдегидей, ар бирибиз алар үчүн кам көрүшүбүз керек.
3 Анткени Машаяк да Өзүнүкүн көздөгөн жок. Ыйык Жазууда жазылгандай, «Сага тилин тийгизген"Адамдардын кордугу"Түштү менин башыма».
4 Мурда жазылгандардын бардыгы болсо, бекемдик аркылуу жана Ыйык Жазуунун кайрат берүүчү сөздөрү аркылуу үмүтүбүздөн кол үзбөшүбүз үчүн, бизге сабак катары берилген болчу.
5 Бекемдик менен кайраттуулуктун булагы болгон Кудай Машаяк Ыйсанын эркине ылайык силерге өз ара ынтымак берсин.
6 Ошондо силер бир ниет менен, бир ооздон Кудайыбызды — Эгебиз Ыйса Машаяктын Атасын даңазалап тура аласыңар.
7 Кудайдын атагын чыгарыш үчүн, Машаяк өзүңөрдү кандай кабыл алса, силер да бири бириңерди ошондой кабыл алгыла.
8 Анткени, силерге айтам, ата-бабаларына берилген убаданы орундатып, ысрайылдыктарга Кудайдын ишенимдүү экенин көрсөтүү үчүн Машаяк аларга кызматчы болуп берди.
9 Анын кылганы аркылуу эми башка элдер да Кудайдын ырайымын көрүп, Аны даңазалай алышат. Ыйык Жазууда жазылгандай, «Башка элдердин арасында Сени даңктайм,"Ысмыңды даңазалап, Сага ырдайм».
10 Дагы мындай деп айтылган:"«Кудайымдын тандалган эли менен"Кубангыла кошулуп башка элдер!»
11 Жана дагы:"«Башка элдер, баарыңар, мактагыла Эгемди!"Бүт дүнүйө калктары, даңктагыла Эгемди!»
12 Ышая да мындай дейт:"«Жесей баба Урпагы келип калат,"Башка элдердин үстүнөн бийлик кылат."Алар болсо үмүтүн Ага артат».
13 Үмүт берчү Кудайыбыз Өзүнө арткан ишенимиңер аркылуу силерди кубаныч менен бейпилдикке бөлөсүн. Ошондо Ыйык Рух Өз кудурети менен үмүтүңөрдү көбөйткөндөн көбөйтөт.
14 Боордошторум, мен өзүм силердин бардык жакшылык менен керектүү билимге ээ болуп, бири-бириңерге акыл-насаат айтып тура аларыңарга ынандым.
15 Бирок, ошентсе да, айрым нерселерди эсиңерге салайын деп, бул катымда баарын ачык жаздым. Минткен себебим, Кудай мага ырайым этип,
16 башка элдерге Машаяктын кызматчысы кылып жиберген. Ошондогу милдетим — аларга Жакшы Кабарды жар салганым аркылуу динкызматчылык парзымды аткарып, Ыйык Рух ыйыктаган аларды Кудайга жагымдуу «курмандык» катары тартуу кылууда болчу.
17 Мына эми Машаяк Ыйса менен бирге Кудайга кылган кызматым менен сыймыктансам да болгудай,
18 себеби Машаяктын мен аркылуу, айткан сөзүм менен кылган ишим аркылуу башка улуттагыларды кантип Кудайга баш ийдиргенинен башка нерселерди айтууга батынгыдай эмесмин.
19 Ал болсо муну Өзү көрсөткөн кереметтүү жышаандар, Ыйык Рухтун кудурети менен кылды. Ошондон улам гана мен Машаяк тууралуу Жакшы Кабарды Иерусалимден баштап, Илирикке чейин жайылта алдым.
20 Башка бирөө салган негиздин үстүнө курбаш үчүн, мен дайыма Машаяк жөнүндө эч кабарсыз болгондорго барып Жакшы Кабар таратууну артык көргөм.
21 Ыйык Жазууда жазылгандай, «Ал жөнүндө эч кабар албагандар көрүшөт,"Ал жөнүндө эч качан укпагандар билишет».
22 Мына ошон үчүн канча жолу силерге барайын дегенимде, жолум бөгөлүп калчу.
23 Бирок эми, ошол аймактарда кызмат кылгыдай жерим калбаган соң, көп жылдан бери эңсегенимдей, силерге келип кетейин дейм.
24 Муну мен Испанияга баратканымда жолдон кылармын. Ошондо силер менен көрүшүп-баарлашып, бир аз болсо да, араңарда жүрүп кеткенден кийин мени узатып коёсуңар деген үмүттөмүн.
25 Бирок азыр Иерусалимге барып, ал жактагы ыйыктарга кызмат кылмакчымын,
26 анткени Македония менен Ахая аймактарындагылар өз ыктыяры менен Иерусалимдеги муктаж болгон ыйыктарга акчалай жардам берүүнү чечишти.
27 Бул алардын өз чечими болду. Бирок, чынында, мындай жардам берүү алар үчүн парыз дагы, себеби ысрайылдыктар башка элдер менен өз рухий казынасынан бөлүшүп жатса, башка элдер да алар менен өз дүйнөлүк казынасынан беришүүгө тийиш.
28 Иерусалимдегилерге алар үчүн чогултулган акчаны жеткирип, бул ишимди бүткөргөндө, Испанияга сапар тартып, жолдон силерге кире кетем.
29 Мен силерге келгенимде, Машаяктын мол батасы менен келеримди билем.
30 Боордоштор, баарыбыз тең Эгебиз Ыйса Машаякка ишенип, Ыйык Рух бизге өз ара сүйүү бергенин эске алып, силерден өтүнөм: мага кошулуп, мен үчүн Кудайга аябай сыйынып тургула.
31 Иудеяга барганымда, Кудайыбыз мени Машаякка ишенбегендерден сактап, Иерусалимдегилерге көрсөткөн кызматым ал жактагы ыйыктар тарабынан кабыл алынсын деп сыйынып тургула.
32 Ошондо, Кудай кааласа, силерге кубаныч менен келем да, араңарда болгонум мага дагы кубат берер.
33 Бейпилдик берүүчү Кудай баарыңарга жар болсун. Оомийин.
1 Силерге Кенхрея жыйынында кызмат өтөгөн карындашыбыз Фойбаны тааныштырып, ал тууралуу жылуу сөз айтып кетким келет.
2 Эгебиздин урматына аны ыйыктар бири бирин кандай кабыл алууга тийиш болсо, ошондой тосуп алгыла да, ага бардык керектүү жардамыңарды берип койгула, анткени ал өзү канчаларыбызга, алардын ичинде мага да, көп жардам берди.
3 Машаяк Ыйсага мени менен бирге кызмат кылган Приска менен Акилага салам жолдойм.
4 Алар мен үчүн канча ирет өз жандарын тобокелге салышкан. Аларга мен гана эмес, башка элдердеги жыйындардын баары ыраазы.
5 Экөөнүн үйүндө чогулган жыйынга да саламымды айтып койгула. Асия аймагынан биринчи болуп Машаякка ишенген сүйүктүү боордошум Эпейнетке да менден дубай салам.
6 Силер үчүн көп мээнеттенген Мариямга да саламымды айткыла.
7 Ошондой эле мени менен бирге туткунда болгон, элчилердин арасында атагы чыгып, Машаякка менден мурда ишенишкен мекендештерим Андроник менен Жунияга да салам айткыла.
8 Эгебизге ишенген сүйүктүү боордошум Ампилийге,
9 ошондой эле Машаякка биз менен бирге кызмат кылган Урбанга жана сүйүктүү досум Стахка,
10 Машаякка берилгендигин иш жүзүндө көрсөткөн Апелге жана Аристабылдын үйүндөгүлөргө саламымды жолдойм.
11 Мекендешим Иродионго, Наркистин үй-бүлөсүндөгү ишенгендерге,
12 Эгебизге кызмат кылып жүргөн Трифайна менен Трипозага, Эгебизге көп эмгегин жумшаган сүйүктүү боордошум Персиске менден салам айтып койгула.
13 Эгебиздин тандамал кызматчысы Рупка жана анын мени да өз баласындай көргөн энесине,
14 Асинкиритке, Филегонго, Эрмеске, Патропко, Эрмаска жана алар менен болгон башка боордошторго салам айтам.
15 Филолог менен Жулияга, Нерей менен анын карындашына, Олимпге жана анын жанындагы Кудай адамдарына менден салам айткыла.
16 Бири-бириңер менен боордошчо беттен сүйүп учурашып жүргүлө. Силерге Машаяктын мындагы бардык жыйындары салам жолдошот.
17 Боордошторум, көптөн көп өтүнөрүм: араңарды бөлүп, элдин ишенимине доо кетирип, өзүңөр кабыл алган таалимге каршы чыккандарды байкап, алардан оолак болгула.
18 Анткени мындайлар Эгебиз Машаякка эмес, өз кулкунуна кызмат кылып, жылуу-жумшак сөздөрү жана чечендиги менен түркөйлөрдү алдашат.
19 Эгебизге канчалык баш ийип жүргөнүңөр баарына белгилүү болду. Эми силерди ойлоп кубанып жатам. Бирок мен эмне жакшы экенин баамдаганыңарда акыл токтотуп, жамандыктан алыс болууңарды каалайм.
20 Тынчтыктын булагы болгон Кудайыбыз жакын арада шайтанды бут алдыңарга жыгып берет. Эгебиз Ыйса силерге ырайымдуу болсун.
21 Кызматташым Тиметей, ошондой эле кандаш бир туугандарым Лукий, Жасон жана Сосипатр силерге өз саламдарын жолдошту.
22 Мен да, Пабылдын сөздөрүн кагаз бетине түшүргөн Тертий, ишенимдеш катары силерге боордоштук саламымды айтам.
23 Өзүм андан конуш таап, жыйын да үйүндө чогулган Гай силерге салам айтып жатат. Шаар казынасын сактаган Эраст жана боордошубуз Кварт силерге салам айттырышты.