1 Тээ башынан эле болгон, биз өз кулагыбыз менен угуп, өз көзүбүз менен көрүп, өз колубуз менен кармаган өмүр сөзү жөнүндө.
2 Бул өмүр көзгө көрүнгөндө биз аны көрдүк, ошондуктан ал тууралуу сүйлөп, түбөлүк өмүр тууралуу силерге айтып жатабыз. Ал Атабыз менен бирге болгон жана бизге көрүнгөн.
3 Силер да биз менен жакын мамиледе болушуңар үчүн өзүбүз уккан-көргөнүбүздү айтып жатабыз. А биз болсо Кудай Атабыз жана анын Уулу Ыйса Машаяк менен жакшы мамиледебиз.
4 Анан да кубанычыбыз толук болсун деп, бул кабарды силерге жазып олтурабыз.
5 Кудай — жарык, анда эч кандай караңгылык жок. Бул сөздү биз Ыйсанын Өз оозунан укканбыз, эми силерге жеткирели деп отурабыз.
6 Эгер Аны менен мамилебиз бар деп, бирок караңгылыкта жүрсөк, анда калп айтып, чындык боюнча жашаган жокпуз.
7 Эгерде Ал Өзү жарыкта болгондой биз да жарыкта жүрсөк, анда бири бирибиз менен жакшы мамиледе болобуз жана Анын Уулу Ыйсанын каны бизди бардык күнөөлөрдөн жууп турат.
8 Эгер күнөөбүз жок десек, өзүбүздү өзүбүз алдаганыбыз жана акыйкаттын бизде жоктугу.
9 Эгер күнөөлөрүбүздү моюнга алсак, анда Ал биздин күнөөлөрүбүздү кечирет да бардык адилетсиздиктен арылтат. Анткени Ал Өзү ишенимдүү жана адил.
10 Эгер күнөө кылган эмеспиз десек, анда Кудайды калпычы кылганыбыз, демек Анын Сөзү биздин көкүрөгүбүздө жок.
1 Балдарым, мен муну силерди күнөө кылбасын деп жазып олтурам. А эгер ким бирөөңөр күнөө кылып койсоңор, анда Кудай Атабыздын алдында коргоочубуз бар. Ал — адил Ыйса Машаяк.
2 Ал биздин күнөөлөрүбүздүн кечирилиши үчүн Өзүн курмандыкка чалды. Биздин гана эмес, бүткүл дүйнөнүн күнөөлөрүнүн кунун төлөдү.
3 Ыйсаны тааныганыбызды Анын осуяттарын сактаганыбыздан билебиз.
4 Ыйсаны тааныйм деп, бирок осуяттарын сактабаган адам жалганчы жана анын жан дүйнөсүндө акыйкат жок.
5 Эгер кимде-ким Ыйсанын сөзүн сактап жашаса, анда акыйкатта Кудайдын сүйүүсү анын жан дүйнөсүндө баралына жеткен. Өзүбүздүн Ыйса менен экенибизди биз ушундан билебиз.
6 Ыйса менен тыгыз мамиледемин деген ар адам ошондой өмүр сүрүшү керек.
7 Сүйүктүүлөрүм, мен силерге жаңы эмес, тээ башынан эле өзүңөр билген эски осуятты жазып жатам. Бул эски осуят силер мурда эле уккан сөз.
8 Ошондой болсо да мен силерге кайрадан жаңы осуятты жазып отурам. Ошол жаңы осуяттын акыйкаттуулугу Ыйсада да, бизде да көрүнүүдө, себеби азыр караңгылык тарап, чыныгы жарык нурун төгө баштады.
9 «Мен жарыкта жашап жатам» деп, бирок өз боордошун жек көргөн адам дале караңгылыкта.
10 Өз боордошун сүйгөн адам жарыкта жана андай адамдын ичинде азгырык жашабайт.
11 Ал эми өз боордошун жек көргөн адам караңгылыкта жашап, караңгылыктын ичинде жүрөт. Ал өзүнүн кайда баратканын билбейт, анткени караңгылык анын көзүн сокур кылып салган.
12 Балдарым, жазам силерге,"Анткени бүт күнөөңөр"Ыйсанын урматына"Кечирилди бир жолу.
13 Аталар, жазам силерге,"Анткени тээ башынан"Болуп турган Бирөөнү"Эми таанып калдыңар."Жаштар, жазам силерге,"Анткени силер мына эми"Азгыруучуну жеңдиңер.
14 Балдар, жаздым силерге,"Анткени Кудай Атаны"Силер билип калдыңар."Аталар, жаздым силерге,"Анткени тээ башынан"Болуп турган Бирөөнү"Силер таанып калдыңар."Жаштар, жаздым силерге,"Анткени күчкө толдуңар,"Эми сөзү Кудайдын"Жашап жан дүйнөңөрдө,"Азгыруучуну жеңдиңер.
15 Бул дүйнөнү жана андагы эч нерсени сүйбөгүлө. Ким бул дүйнөнү сүйсө, анда анын ичинде Кудай Атабыздын сүйүүсү жашабайт.
16 Себеп дегенде бул дүйнөдөгүнүн баары — адам баласынын дене кумары, көзүнүн кызыкканы жана оокат-ашы, иши менен мактанып, көпкөндүгү Кудай Атабыздан эмес, ушул дүйнөдөн.
17 Бул дүйнө да, анын лаззаттары да өтүп кетет. Ал эми Кудайдын каалоосун аткарып жашаган адам түбөлүккө өмүр сүрөт.
18 Балдар, акыр заман келип калды. Машаяктын душманы келет деп укканыңардай, азыр ошолор көбөйүп кетти. Акыр замандын келгенин ушундан билебиз.
19 Алар биздин эле арабыздан чыгышты, бирок эч качан биз тарапта болушкан эмес. Анткени биз тарапта болушкан болсо, анда биз менен калышмак. Алардын бизден чыгып кеткенинен улам баары эле биздикилерден эмес экендиги белгилүү болуп калды.
20 Силер Ыйык Рух менен майлангансыңар, андыктан акыйкатты баарыңар билесиңер.
21 Силер акыйкатты билбейсиңер деп бул катты жазып жаткан жерим жок, анткени силер акыйкатты да, ар кандай жалгандын ал тарабынан келбесин да билесиңер.
22 Ыйсанын Куткаруучу Машаяк экенин четке каккан адам жалганчы эмей ким болмок эле? Кудай Атабызды да, Анын Уулун да танган ал Машаякка душман болгондун дал өзү.
23 Кимде ким Кудайдын Уулун четке какса, Кудай Атаны да четке кагат. Кимде ким Кудайдын Уулун кабыл алса, Кудай Атаны да кабыл алат.
24 Силер эң башында уккан сөздү сактап жашагыла. Эгер ошол сөз көкүрөгүңөрдө бар болсо, анда Кудай Уулу менен Кудай Атанын кучагында болосуңар.
25 Ал эми бизге түбөлүк өмүрдү берем деп Машаяк Өзү убада кылган.
26 Мен муну силерди ак жолдон адаштыргандардан сак болушуңар үчүн жаздым.
27 Кудай силерди Ыйык Руху менен майлаган, ошол майлануу жан дүйнөңөрдө жашап жатат жана башка бирөөнүн окутканына муктаж эмессиңер. Кудайдын Ыйык Рух менен майлоосу силерге баарын үйрөтөт, Анын окутуусу жалган эмес, чындык. Ошондуктан Ыйса силерди мурда окуткандай, Аны менен тыгыз байланышта жашагыла.
28 Эми, балдар, Ыйса кайра көрүнгөндө, Анын алдында уят болбой, жүзүбүз жарык болсун. Ал үчүн дайыма Ыйса менен тыгыз байланышта жашагыла.
29 Машаяктын адил экенин билсеңер, анда адил жашаган ар адамдын атасы Кудай болот.
1 Карагылачы, бизди балдарым деп, Кудай Атабыз кандай чоң сүйүүсүн көрсөткөн. Биз чынында эле Анын балдарыбыз. Бул дүйнөнүн бизди кабыл албаган себеби — Ыйсаны таанып-билген эмес.
2 Сүйүктүүлөрүм, азыр биз Кудайдын балдарыбыз жана келечекте ким болорубуз али так анык эмес. Ошондой болсо да, Ыйса кайра көрүнгөндө Ага окшоп каларыбызды билебиз, анткени Анын кандай экенин көрүп калабыз.
3 Ушундай үмүт менен жашаган ар бир адам Ыйсадай таза болуш үчүн, өзүн да тазалап турат.
4 Күнөө кылган ар адам Кудайдын мыйзамын бузат, анткени күнөө — бул Кудайдын мыйзамын бузгандык.
5 Ыйсанын күнөөлөрдү Өз мойнуна алуу үчүн бул дүйнөгө көрүнгөнүн жана Анын Өзүндө эч кандай күнөө жок экенин силер билесиңер.
6 Ким Ыйса менен тыгыз мамиледе жашаса, ал күнөө кылбайт. Күнөө кылуучу ар адам Ыйсаны такыр таанып-билген эмес.
7 Балдар, эч ким силерди ак жолдон адаштырбасын. Адил жашаган ар ким Ыйсанын Өзү сыяктуу адил.
8 Ким күнөө кыла берсе, анда ал ибилистин жетеги менен жашайт, анткени ибилис башынан бери эле күнөө кылып келатат. Кудай болсо Өз Уулун ибилистин иштерин талкалоо үчүн ушул дүйнөгө көрсөттү.
9 Кимдин атасы Кудай болсо, ал күнөө жасай бербейт, анткени анын жан-тенинде Кудай жашайт. Ал күнөө жасай да албайт, анткени Кудайдын баласы.
10 Кудайдын балдарын ибилистин балдарынан мындайча ажыратып билсек болот: адил өмүр сүрбөгөн, андан да, өз боордошун сүйбөгөн адам Кудайдын баласы эмес.
11 Силер эң башында уккан кабар бул: биз бири бирибизди сүйүшүбүз керек.
12 Азгыруучунун ишин кылып өз инисин өлтүргөн Кабыл өңдүү болбойлу! Ал өз инисин эмне үчүн өлтүрдү? Анткени жасаган иши жаман болчу, ал эми инисиники Кудай алдында жакшы эле.
13 Боордоштор, эгер бул дүйнө силерди жек көрүп жатса, таң калбагыла!
14 Биз өлүмдөн өмүргө өтүп кеткенибизди билебиз, анткени боордошторубузду сүйөбүз. Ал эми боордошторун сүйбөгөн адам али өлүм кучагында.
15 Өз боордошун жек көргөн ар бир адам — киши өлтүргүч. Ал эми силер билесиңер: киши өлтүрүүчүнүн бири да Кудай берчү түбөлүк өмүргө ээ эмес.
16 Сүйүүнүн кандай экенин мындан билебиз: Ыйса биз үчүн Өз жанын кыйды. Биз да өз боордошторубуз үчүн жаныбызды кыйышыбыз керек.
17 Эгер оокаттуу бир адам боордошунун муктаждыгын көрүп туруп, кайрым кылбаса, анда кантип анын ичинде Кудайдын сүйүүсү жашасын?
18 Балдар, сөз жана тил менен эмес, иш жүзүндө чындап сүйөлү.
19 Өзүбүздүн акыйкаттын жетегинде экенибизди ушундан билебиз жана жүрөгүбүздү Кудай алдында тынчтандырабыз.
20 Бизди жүрөгүбүз айыптап жатса да, баарын билген Кудай биздин жүрөгүбүздөн да бийик Айыптоочу.
21 Сүйүктүүлөрүм, эгерде бизди жүрөгүбүз айыптабаса, анда Кудай алдында жүзүбүз жарык болот
22 жана Андан эмне сурасак да алабыз, анткени Анын осуяттарын сактап, каалоолорун аткарып жүрөбүз.
23 Кудайдын осуяты — бул Анын Уулу Ыйса Машаяктын атына ишенип, Ал калтырган осуяттагыдай бири бирибизди сүйүшүбүз.
24 Кудайдын осуяттарын сактап өмүр сүргөн адам Кудай менен бирге, ал эми Кудай болсо аны менен бирге жашайт. Кудайдын биз менен бирге жашап жаткандыгын Анын бизге берген Рухунан билебиз.
1 Сүйүктүүлөрүм, ар кандай эле рухка ишене бербегиле. Кудайданбы же башкаданбы, текшерип көргүлө, анткени көптөгөн жалган пайгамбарлар дүйнөгө толуп кетишти.
2 Кудайдын Рухун мындан билсеңер болот: Ыйса Машаяк адам болуп келген деп билген рух Кудайдан,
3 ал эми Ыйсаны танган рух Кудайдан эмес, Машаяктын душманынан. Силер мурда Машаяктын душманы келет деп укканыңардай, ал азыр дүйнөдө.
4 Балдар, силер Кудайдын жетегиндесиңер жана аларды жеңип чыктыңар, анткени силердин ичиңердеги Рух бул дүйнөдөгү рухтан күчтүү.
5 Алар бул дүйнөдөн, ошондуктан дүйнөнүкүн сүйлөшөт жана бул дүйнөнүн адамдары аларды угат.
6 Биз болсо Кудайдын жетеги мененбиз. Кудайды тааныгандар бизди угушат. Кудайдын жетегинде эместер бизди укпайт. Акыйкаттын Руху менен алдамчылыктын рухун ушундан ажыратып тааный алабыз.
7 Сүйүктүүлөрүм, бири бирибизди сүйөлү, анткени сүйүү — Кудайдан. Сүйө билген адамдын атасы Кудай жана ал Кудайды билет.
8 Сүйө билбеген адам Кудайды билбейт, анткени Кудай — сүйүү.
9 Ал бул дүйнөгө жалгыз Уулун жиберип, бизди Ал аркылуу чыныгы өмүргө ээ болсун деди. Кудайдын бизге болгон сүйүүсү ушундан белгилүү болду.
10 Биз Кудайды эмес, Кудай бизди сүйүп, күнөөлөрүбүздүн куну төлөнүшү үчүн Уулун жиберди. Сүйүүнүн чыныгы мааниси мына ушунда.
11 Сүйүктүүлөрүм, Кудай бизди ушундай сүйүп жаткан соң, биз да бири бирибизди сүйүшүбүз керек.
12 Кудайды эч ким, эч качан көргөн эмес. Эгерде бири бирибизди сүйсөк, анда Кудай жүрөгүбүздө жашап, Анын сүйүүсү биз аркылуу толук көрүнгөнү.
13 Өзүбүздүн Кудай менен жана Кудайдын биз менен чогуу жашап жатканын Анын берген Руху аркылуу билебиз.
14 Кудай Атабыз Өз Уулун бул дүйнөнүн Куткаруучусу катары жибергенин көрүп, муну башкаларга айтып жатабыз.
15 Кимде ким Ыйсаны Кудай Уулу деп ачык айтса, анда Кудай аны менен жана ал Кудай менен тыгыз байланышта жашайт.
16 Кудай бизди сүйгөндүгүн жакшы түшүнүп, Ага терең ишендик. Кудай — сүйүү. Сүйүп жашаган ар ким Кудай менен, а Кудай болсо аны менен жашайт.
17 Кудайдын сүйүүсү биз аркылуу толук көрүнөт да кыямат кайымда жүзүбүз жарык болот, анткени биздин бул дүйнөдөгү жашообуз Машаяктын жашоосундай.
18 Сүйүүдө коркунуч болбойт, анткени коркунуч жаза менен байланыштуу, ошондуктан чыныгы сүйүү коркунучту сүрүп чыгарат. Ал эми корккон адамда болсо сүйүү жетилген эмес.
19 Биз болсок сүйөбүз, анткени Кудай бизди биринчи сүйдү.
20 Эгер кимдир бирөө «мен Кудайды сүйөм» деп, бирок өз боордошун жек көрүп турса, анда ал алдамчы, анткени көзү көрүп турган боордошун сүйбөгөн, эч көрбөгөн Кудайды кантип сүйө алат?
21 Ал бизге мындай осуят калтырган: «Кудайды сүйгөн киши боордошун да сүйсүн».
1 Ким Ыйсанын Машаяк экенине ишенсе, ал Кудайдын баласы. Атасын сүйгөндөр баласын да сүйөт.
2 Кудайдын балдарын сүйөрүбүздү Анын Өзүн сүйгөндүгүбүздөн жана осуяттарын сактаганыбыздан билебиз.
3 Кудайдын осуяттарын сактаганыбыз — Аны сүйгөндүгүбүз. Кудайдын осуяттарын сактоо болсо оор эмес.
4 Ким Кудайдын баласы болсо, бу дүйнөнү жеңет. Бул дүйнөнү биз ишенимибиз менен жеңебиз.
5 Бу дүйнөнү Ыйсанын Кудай Уулу экенине ишенүүчү адамдан башка ким жеңе алат? Эч ким!
6 Ыйса Машаяк бизге келгенде сууга чөмүлүү расмисинен өткөн да канын төккөн. Суу эле эмес, суу жана кан аркылуу келген. Ыйык Рух буга күбө. Анткени Ыйык Рух — акыйкаттын өзү.
7 Демек, үч күбө бар:
8 Рух, суу жана кан. Үчөөнүн айтканы бирдей.
9 Биз пенделердин күбө сөздөрүн кабыл алып жүрөбүз, ал эми Кудайдыкы болсо алардыкынан салмактуураак, анткени Ал бизге Өз Уулу тууралуу айткан.
10 Кудай Уулуна ишенген адамдын дилинде Кудайдын ушул сөзү жашайт. Кудайга ишенбеген адам Аны калпычы кылып көрсөтөт, анткени Кудайдын Өз Уулу тууралуу айткан сөзүнө ишенбейт.
11 Мына, бул Кудайдын сөзү: Кудай бизге түбөлүк өмүр берди жана бул өмүр Анын Уулунда.
12 Дилинде Кудай Уулу жашаган адамда өмүр бар, ал эми дилинде Кудай Уулу жашабаган адамда өмүр жок.
13 Мен бул сөздөрдү Кудай Уулуна ишенген силер түбөлүк өмүргө ээ болгонуңарды билип алсын деп жаздым.
14 Кудайдын эркине жаккан бир нерсе сурасак, Ал бизди угат деп терең ишенебиз.
15 Эмне сурасак да бизди уккандыгын билсек, демек, сураганыбызды бергендигин да билебиз.
16 Боордошунун өлүмгө алып барбай турган күнөө кылып жатканын көргөн адам ошол үчүн сурансын, ошондо Кудай анын өмүрүн сактап калат. Сурансын дегенде өлүмгө алып барчу күнөө жөнүндө айткан жокмун.
17 Адилсиздиктин баары күнөө, бирок өлүмгө алып барбай турган да күнөө бар.
18 Биз кимдин атасы Кудай болсо, ал күнөө жасай бербесин билебиз. Кудай Уулу аны сактагандыктан азгыруучу ага зыян кыла албайт.
19 Биз өзүбүздүн Кудайдын жетегинде экенибизди жана бүткүл дүйнө азгыруучунун бийлиги алдында жатканын билебиз.
20 Кудай Уулу келип, чыныгы Бирөөнү таанып-билгенге бизге акыл-эс бергенин билебиз. Ошондой эле, биз өзүбүздүн чыныгы Бирөө менен, башкача айтканда, Кудайдын Уулу Ыйса Машаяк менен тыгыз байланышта экенибизди билебиз. Чыныгы Кудай жана түбөлүк өмүр — Ошол.
21 Балдар, буркандардан сак болгула.