1

1 Биз сыяктуу эле Кудайыбыз менен Куткаруучу Ыйса Машаяктын адилдиги аркылуу кымбат баалуу ишенимге ээ болгондорго Ыйса Машаяктын кулу жана элчиси Ысман Петирден дубай салам.

2 Кудайды жана Эгебиз Ыйсаны таанып-билгениңер аркылуу ырайым төгүлүп, дайыма тынччылык болсун.

3 Кудуреттүү Кудай биздин такыбаа жашоого зарыл болгон муктаждыктарыбыздын баарын Өзүнүн улуулугу жана жакшылыгы менен бөлүшүүгө чакырган Машаякты таанышыбыз аркылуу камсыз кылды.

4 Кудай Өзү убада кылган абдан чоң жана асыл белектерин ушундайча берип, ошол белектерди колдонуу менен Кудайдын табиятын бөлүшүп, бул дүйнөдөгү ойрондоочу кумарлардан качып кутулууңарды мүмкүн кылды.

5 Ушул себептен улам силер бул мүмкүнчүлүккө бүт күч-аракетиңерди жумшап, ишенимиңерге жакшы иштер, жакшы иштерге Кудайдын эркин билүү,

6 Кудайдын эркин билүүгө токтоолук, токтоолукка чыдамкайлык, чыдамкайлыкка такыбаалык,

7 такыбаалыкка боордоштук мээрим, боордоштук мээримге сүйүү кошулсун.

8 Эгерде ушул касиеттер силерде бар болсо жана өсүп жатса, анда Эгебиз Ыйса Машаякты таанып-билүү жашооңорду пайдалуу жана маңыздуу кылат.

9 Ал эми кимде мындай касиеттер жок болсо, анда ал көзү көрбөгөн сокур сыяктуу мурдагы күнөөлөрүнүн кечирилгенин көңүлүнөн чыгарып жиберген.

10 Андыктан, боордошторум, силерди Кудай тандап алып, Өз эли болууга чакырганына болгон ынанымыңар тереңдей берсин. Ошондо ак жолдон такыр тайбайсыңар.

11 Анткени силерге Эгебиз жана Куткаруучубуз — Ыйса Машаяктын түбөлүк Падышачылыгына ушундайча жол ачылат.

12 Мына ошол себептүү силер чындыкты билип, анда бекем турсаңар да, мен ушул нерселерди силерге ар дайым эскертип турууну токтотпойм.

13 Көзүм тирүүсүндө силердин эсиңерге ушуларды улам-улам салып турууну туура деп ойлойм.

14 Жакында мен көзүм өтөрүн билем. Муну мага Эгебиз Ыйса Машаяк да айкын кылды.

15 Андыктан көзүм өтүп кеткенде да ушуларды ар дайым эскерип турууңар үчүн колуман келишинче аракет кылам.

16 Биз силерге Эгебиз Ыйса Машаяктын күч-кудурет менен келүүсүн адамдар ойлоп чыгарган жомокторго таянып эмес, Анын улуулугун өз көзүбүз менен көрүп айтып бергенбиз.

17 Баарынан улуу Кудай Ата: «Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын!»деп үн катканда, Ал Кудай Атанын салтанаттуу даңкына бөлөнгөн.

18 Биз мына ушул көктөн чыккан үндү Аны менен бирге касиеттүү тоодо турганыбызда өз кулагыбыз менен укканбыз.

19 Анын үстүнө биз Ыйык Жазуулардагы пайгамбарлык сөзгө терең ишенебиз. Күндүн нуру төгүлүп, дилиңерде Таң Жылдызы чыккыча караңгыда жаркырап нурун чачкан чыракка кайрылгандай ошол сөзгө кайрылып жатканыңар жакшы.

20 Баарынан да биздин эч кимибиз Ыйык Жазуулардагы пайгамбарчылыктарды өзүбүзчө түшүндүрүп бере албай тургандыгыбызды эстен чыгарбашыбыз керек.

21 Себеп дегенде, пайгамбарчылыктар эч качан пенденин каалоосу менен айтылган эмес, тескерисинче, аларды Кудайдын адамдары Ыйык Рухтун жетегинде айтышкан.

2

1 Мурда Ысрайыл элинин ичинен да жалган пайгамбарлар чыгышкандай, силердин ичиңерден да жалган окутуучулар чыгып, туура эмес окутуп, ак жолдон адаштырышат жана күнөөдөн куткарган Ээсин танышып, ошонусу менен башына түшө турган кырсыкты тездетишет.

2 Көп адамдар алардын бузуку жолдоруна түшүп кетишет да, ошондойлордун айынан акыйкаттын жолуна сөз тиет.

3 Акчага тойбогон алар керт башынын пайдасы үчүн бал тилин салып силерди алдашат. Соттоочусу эчак эле аларды жазалаганга даяр, Ойрондоочусу сак турат!

4 Эгерде Кудай күнөө кылган периштелерди аябастан, аларды жазалоо үчүн караңгы тозоктун капастарына чынжырлап салган болсо,

5 эгерде байыркы дүйнөнү аябастан, ошол бузукулардын дүйнөсүн топон сууга бастырганда, адилеттиктин жарчысы болгон Нухту сегиз адамдан турган үй-бүлөсү менен кошо аман сактап калган болсо,

6 эгерде келечектеги кудайсыздарга эмне болорун көрсөтүү үчүн, Содом менен Гоморшаарларын күлгө айлантып жок кылууга өкүм чыгарып,

7 ал эми ашынган бузуку адамдардын арасында жашоодон чаалыккан такыбаа Лутту куткарган болсо

8 (анткени бул такыбаа адам алардын арасында жашап, күндө мыйзамсыз иштерди угуп-көргөндө өтө катуу кыйналган),

9 анда, демек, такыбааларды кыйынчылыктан кантип куткарууну, ал эми мыйзамсыздарды жазалоо үчүн кыяматтагы сот күнүнө кантип кармап турууну Эгебиз билет.

10 Өзгөчө алиги ыплас кумарларга берилип, Кудайдын бийлигин жек көрүшкөндөрдүн тагдыры ушундай болот. Бул жалган окутуучулар — тоңмоюндар, көпкөндөр, рухий күчтөрдү сөккөндөн коркпогондор.

11 Алар эмес, алардан бардык жагынан күчтүү периштелер да Эгебиздин алдында рухий күчтөрдү жектеп, соттошпойт.

12 А булар болсо кармап алып сойгонго туулган, табигый туюмдун жетегинде жашаган акыл-эси жок жаныбарлардай. Булар түшүнбөгөн нерселеринин баарына тил тийгизишет. Алар кылган иштеринин жазасын алышат.

13 Алардын кылган адилетсиздиктери өз башына тиет. Анткени алар өздөрүнүн ыплас кумарларын чак түштө кандырганды рахат деп эсептешет. Алар бузулган жашоосунан рахат алып, алдамчылыктарына маашырланган уятсыз бетпактар.

14 Алардын көздөрү бузуктукка толуп, күнөөгө эч тойбойт. Алар ишеними алсыздарды торлоруна түшүрүшөт. Ниеттеринде болсо дайыма ачкөздүк. Алар Кудайдын каргышына калгандар.

15 Алар ак жолду калтырып, парага кызыгып кеткен Босордун баласы Балаамданүлгү алып, адашып калгандар.

16 Бирок Балаамдын эшеги анын күнөөсүн ашкерелеп, адамча сүйлөп жиберген. Ошентип тилсиз эшек пайгамбардын акылсыздыгын токтоткон.

17 А булар болсо какшып калган кудуктардай, бороон айдаган булуттардай. Ошондуктан Кудай аларга көзгө сайса көрүнгүс караңгылыктын төрүнөн орун даярдап койгон.

18 Алар текебер, бош сөздөрдү айтышып, туура эмес жолдо жашагандардан жаңы эле бөлүнүп чыккандарды ыплас кумарлар менен бузуку жүрүш-туруштун тузагына кайра түшүрүшөт.

19 Аларга азаттыкты убадалашат, ал эми өздөрү арам адаттардын кулдугунан чыга албай жатышат. Адам кимге баш ийип берсе, ал ошонун кулу.

20 Эгерде адамдар Эгебиз жана Куткаруучубуз болгон Ыйса Машаякты билгендери аркылуу бул дүйнөнүн бузуку күчтөрүнөн арылып, анан кайра ошол күчтөргө чалынышып, аларга жеңилип беришсе, анда алардын акыбалы мурдагыдан да жаман болот.

21 Адилеттиктин жолун билип алып, анан кайра тескери кетип, берилген ыйык буйруктан чегингенден көрө, ал жолду билбей калганы аларга жакшы болмок.

22 Алардын кылганы төмөнкү макалдардагы чындыктай: «ит кайра эле кусундусуна барат»жана «жуулган чочко кайра эле чылага оонайт».

3

1 Кымбаттуу боордошторум, мен силерге ушуну менен экинчи катымды жазып олтурам. Эки катымда тең айтып өткөндөрүмдү кайрадан эсиңерге салып, акыл-эсиңердеги адал ойлорду жаңыртууга далалат кылдым.

2 Көп жылдар мурда ыйык пайгамбарлар айткан сөздөр менен элчилер аркылуу силерге берилген Эгебиздин жана Куткаруучубуздун осуятын унутпасаңар экен дейм.

4

3 Баарынан мурда муну көңүлүңөргө түйүп алышыңар керек: акыркы күндөрдө өздөрүнүн күнөөлүү каалоолорунун жетегинде жашап: «Эгеңер келем деп убада бербеди беле? Кана келгени? Аталарыбыз о дүйнө кетти, бирок аалам жаратылгандан бери эч нерсе өзгөрбөй эле турбайбы!» — деп шылдыңдаган акаратчылар чыгат.

5 Ушундай ойлогондор ошол убактагы асман менен жер Кудайдын сөзү аркылуу пайда болуп, жер болсо суудан чыгып, суудан жаратылганын,

6 ошол себептен ал убактагы дүйнө топон сууга калып, ойрон болгонун,

7 ал эми азыркы асман менен жер болсо Кудайдын ошол эле Сөзү аркылуу кудайсыздар ойрон боло турган сот күнүндөгү отко сакталып турганын эстегиси келбейт.

8 Кымбаттуу боордошторум, бир нерсени эч качан эстен чыгарбагыла: Эгебиздин көз карашы боюнча бир күн менен миң жылдын айырмасы жок; Ага бул экөө бирдей.

9 Кээ бир адамдар «берген убадасын аткарууну Эгебиз кечиктирип жатат» деп ойлошот. Бирок андай эмес! Эгебиз эч кимдин ойрон болушун каалабай, баарыбызды тең ниеттерин өзгөртсө экен деп чыдамкайлык менен күтүүдө.

10 Эгебиздин кайра кайтар күнү болсо ууру сымал күтүлбөгөн жерден келет. Ошондо асман катуу шуулдап жок болот, асмандагы заттар отко оронуп, ойрондолот, жердегилердин баары жер менен кошо жексен болот.

12

11 Демек, баары ушундайча ойрондоло турган болсо, анда алоолонгон асман астын-үстүн болуп, андагы нерселер ысыктан ээрип жок боло турган Кудайдын күнүнүн тезирээк келишин самап күткөн силер канчалык ыйык, такыбаа жашашыңар керек?

13 Биз Кудайдын берген убадасы боюнча, адилеттик өкүм сүрө турган жаңы асман менен жаңы жерди күтүп жатабыз.

14 Ошондуктан, боордоштор, ошол күндү күтүп жаткан соң, Кудайдын алдына тынч жашап, булганбастан, таптаза болуп барууга аракеттенгиле.

15 Эгебиздин көпкө чыдап күткөнүн куткарылуу жолу катары эсептегиле. Бул тууралуу кымбаттуу боордошубуз Пабыл да Кудай ага берген акылмандык менен өзүнүн силерге жазган каттарында келтире кеткен.

16 Ал бул тууралуу башка каттарынын баарында тең айтат. Анын каттарында кээ бир акылга сыйбаган оор түшүнүктөр кездешет. Кээ бир караңгы, туруксуз адамдар башка Ыйык Жазууларды бурмалап жүргөн адаттары боюнча анын да каттарын бурмалашып, өз баштарына балээ үйүп жатышат.

17 А силер болсо, кымбаттуу боордоштор, бул тууралуу билип калгандар катары мыйзамсыздардын каталарына жетеленип, туура абалыңардан оодарылып кетпей,

18 Эгебиз жана Куткаруучубуз Ыйса Машаяктын ырайымына таянып, Аны таанып-билүүдө өсүп жетиле бергиле. Ал бүгүн да, түбөлүк да даңкталсын. Оомийин.