2
1 Ыйса Машаяктын элчиси Петирден Понт, Галатия, Кападокия, Асия менен Битинияга чейин тараган качкындарга — Кудайдын тандап алган элине дубай салам!"Ыйса Машаякка баш ийип, Анын каны менен тазалануу үчүн силерди алдын ала тандап алып, Ыйык Руху аркылуу ыйык эл кылган Кудай ырайымын төгүп, дайыма тынччылыгын берсин!
3 Эгебиз Ыйса Машаяктын Атасы — Кудай макталсын! Ал чоң ырайым кылып, Ыйса Машаякты өлүмдөн тирилтүү менен бизге жаңы өмүр берди, ошол аркылуу биз өчпөс үмүткө ээ болдук.
4 Ошондуктан Кудайдын Өз элине сактаган баалуу мурасына ээ болобуз. Эч качан чирип бузулбас, эскирбес ал мурастар силер үчүн асманда даяр турат.
5 Кудай Өзүнө ишенген силерди кудуреттүү күчү менен коргоп, заман акырында ушул күнөөкөр дүйнөдөн куткарат, ошол убак келгенде, бул айкын көрүнөт.
6 Андыктан азыр бир аз убакыт ар кандай кыйынчылыкка туш келсеңер да ушуларды ойлоп кубангыла.
7 Кыйынчылык тартканыңардын максаты — чын ишенгениңерди далилдөө. Жок боло турган алтын да от менен сыналат, ошол сыяктуу андан да аябай кымбат ишенимиңер сыналууга тийиш. Анан Ыйса Машаяк келген күнү мактоого, даңктоого жана урмат менен сыйга ээ болосуңар.
8 Силер али көрбөсөңөр дагы Аны сүйөсүңөр. Азыр көрбөй турсаңар дагы ишенесиңер жана сөз жеткис улуу кубанычка баттыңар,
9 себеби ишенимиңер аркылуу жаныңардын куткарылуусуна жеттиңер.
10 Кудайдын силерге кыла турган ырайымы тууралуу пайгамбарлар алдын ала айтышкан, алардын аябай кылдат изилдөөлөрү ушул куткарылуу жөнүндө болгон.
11 Ошол пайгамбарларды даарыган Машаяктын Руху Анын маңдайына жазылган азаптар менен андан кийин келе турган атак-даңк тууралуу алдын ала айтканда, алар Машаяк ким болуп, качан келерин жана бул окуялар кандай болорун билүүгө аябай аракет кылышкан.
12 Бирок алардын изилдегендери өздөрүнө эмес, силерге тиешелүү болгонун Кудай аларга дайын кылган. А Машаяк жөнүндөгү Жакшы Кабар эми силерге жетти. Аны көктөн келген Ыйык Рухтун жетегиндеги адамдар айтышты. Аны аңдап билүүнү периштелер да аябай каалашат.
13 Ошондуктан аткара турган ишиңерди жакшылап ойлонгула: сергек болуп, Ыйса Машаяк келген күнү Кудай силерге бере турган батаны чын дилиңерден тилегиле.
14 Тил алчаак балдардай болуп Кудайга баш ийгиле. Мурун Кудай Эгеңерди тааныбаган кезде жашооңор арам кумарлардын жетегинде болуп келди. Буга эми жол бербегиле!
15 Кайра, силерди тандап алган Кудай Өзү ыйык болгондой, дайыма Анын элиндей ыйык жашагыла.
16 Себеби минтип жазылган: «Ыйык болгула, анткени Мен ыйыкмын».
17 Бардыгын жүзүнө карабай, ишине карап жоопко тарткан Кудайга сыйынганда Аны Ата деп атасаңар, анда бул жердеги конок сымал жашооңор Андан коркуу менен өтсүн.
18 Силер ата-бабаңардан калган маанисиз жашоодон кутулдуңар. Бул алтын-күмүшкө окшоп чирип кетчү байлык аркылуу эмес,
19 кемтиксиз да кемчиликсиз Козу — Машаяктын кымбат каны аркылуу келгенин билесиңер.
20 Ал дүйнө жаралгандан мурда эле тандалып, ушул акыркы убакта силер үчүн келген.
21 Силер Машаяк аркылуу Кудайга ишендиңер. Кудай Аны өлүмдөн кайра тирилтип, атак-даңкка бөлөдү. Эми силердин ишеним менен үмүтүңөр Кудайда гана.
22 Машаяк жөнүндөгү акыйкатка моюн сунуп, күнөөдөн тазарган силер эми боордошума деген нукура сүйүүгө ээ болдуңар. Демек, эми бири бириңерди чын жүрөктөн сүйгүлө!
23 Кудай өмүр ыйгарчу түбөлүктүү сөзү аркылуу силерге жаңы өмүрдү берген.
25
24 Себеби, «Адамдардын бүт бардыгы чөп сымал,"Көркү алардын талаадагы гүлдөрдөй."Чөп куурайт да гүлү түшөт, а бирок"Эгебиздин сөзү калат түбөлүк»."Силерге айтылган Кудайдын сөзү ушул.
1 Ошондуктан ар кандай жамандыктан: жалганчылыктан, эки жүздүүлүктөн, көрө албастыктан жана бирөөлөрдү каралоодон арылышыңар керек.
2 Жаңы төрөлгөн наристе сүт издегендей таза, рухий сүткө умтулгула. Андан тамактанып, өсүп, анан куткарылууга жетесиңер,
3 себеби «Эгебиздин кайрымдуу экенин өзүңөр деле билип калдыңар».
4 Адамдар четке какса да, Кудай тандап алып, өтө урмат көрсөткөн «тирүү таш» Машаякка келгиле.
5 Силер рухий үйгө коюлган тирүү таш сыяктуусуңар жана ал жерде Ыйса Машаяк аркылуу Кудайга жагымдуу рухий курмандык чалган динкызматчысыңар.
6 Анткени Ыйык Жазууда минтип айтылат эмеспи: «Мына эми Сион аттуу шаарыма"Пайдубалдуу, кымбат баалуу, тандалган"Мен таш коём. Ошол ташка таянган"Адамдардын уят болбойт бири да».
7 Андыктан Ага таянган силер үчүн бул таш асыл-кымбат, ал эми таянбагандар үчүн андай эмес."«Куруучулар жаратпай,"Таштап салган таш эле,"Пайдубалдын негизи"Болуп калды ал эми»
8 жана"«Адамдарды чалынткан, кулаткан таш»—"деп да жазылган. Алардын чалынып жаткан себеби — Кудай сөзүн угушпагандыгы. Алардын жазмышы ошондой.
9 Ал эми силер — Кудай тандаган тукум,Падышанын динкызматчылары, ыйык эл жана Анын даражасын жар салууга чакырылган адамдарсыңар.Ал силерди караңгылыктан Өзүнүн укмуштуу жарыгына чакырып алган.
10 Бир кездерде Кудай эли болбогон,"Силер эми Анын эли болдуңар."Буга чейин Кудай мээрин көрбөгөн,"Эми Анын кайрымын да көрдүңөр.
11 Сүйүктүүлөрүм, бу дүйнөдө коноктор менен качкындар сымал жашаган силерден жалынып суранарым: жан дүйнөңөр менен күрөшкөн пас каалооңордун жетегинде жүрбөгүлө.
12 Ыйсага ишенбегендер арасында ак жашагыла. Анан силерди жамандык кылуучулар деп айыптаган алар жакшы ишиңерди көрүп, кыямат күнү Кудайды даңктай турган болушат.
13 Эгебиз адамдар койгон бардык бийликке баш ийүүңөрдү каалайт. Силер баарын башкара турган падышага,
14 анан эл бийлөөчүлөргө да баш ийишиңер керек, себеби падыша аларды жамандык кылгандарын жазалап, жакшылык кылгандарын мактоо үчүн жиберет.
15 Кудай адал иш кылуу менен акылы жоктордун наадан сөздөрүн токтотконуңарды каалайт.
16 Силер эркинсиңер, эми ушул эркиндикти жамандык кылганга шылтоо катары пайдаланбастан, кайра Кудайдын кулундай жашагыла.
17 Баарына сый көрсөткүлө, ишенимдеш боордошторду сүйгүлө, Кудайдан корккула, а падышаны урматтагыла.
18 Кулдар, кожоюнуңарга баш ийгиле, кайрымдуу, кичипейилдерине гана эмес, катаалдарына да толук урмат көрсөткүлө.
19 Эгер кимдир бирөөң адилетсиз кыйынчылык тартып, аны Кудайдын эрки катары көтөрсөңөр, анда Ал силерге батасын берет.
20 Ал эми жамандык кылганыңар үчүн таяк жеп, ага чыдап жатсаңар, анда кандай мактоо болот? Тескерисинче, кылган жакшылыгыңар үчүн азап тартып, ага чыдап атсаңар, мунуңар Кудайга жага турган иш.
21 Силер ушуга чакырылгансыңар, себеби Машаяк дагы силер үчүн азап чегип, үлгү калтырган. Андыктан Анын артынан ээрчигиле.
22 Анткени «Ал бир да күнөө кылган эмес, оозунан эч кандай калп чыккан эмес».
23 Аны кемсинтишкенде, аларга кемсинтүү менен жооп кайтарган эмес, азап тартып жатканда коркутпастан, кайра адилеттүү Соттоочуга Өзүн толук тапшырган.
24 Ал айкаш жыгачта күнөөлөрүбүздүн айыбын Өз мойну менен тартты. Муну күнөөлөрдөн бошонуп, адилеттүү жашашыбыз үчүн жасады. Анын жаракаттары менен силер айыктыңар.
25 Мурда адашкан койлордой элеңер, эми болсо Койчуңарга, Сактоочуңарга кайрылып келдиңер.
2
1 Ошондой эле силер да, аялдар, күйөөңөргө баш ийгиле. Ошондо күйөөлөрүңөрдүн Кудай Сөзүнө моюн сунбагандары да силердин таза, такыбаа жашооңорду көрүп, айткан сөзүңөр эмес, жүрүм-турумуңар аркылуу Жаратканга кайрылат.
3 Силердин сулуулугуңар сыртыңарда: чачыңардын өрүлүшүндө, алтын буюмдарды тагынууңарда же көз жоосун алган кооз кийимдерди кийүүңөрдө эмес,
4 ичиңерде, дилиңерде: момундук менен токтоолукта болсун. Бул эч көөнөрбөс сулуулук. Кудай муну абдан баалайт.
5 Эзелки заманда эрлерине баш ийип, Кудайга үмүт менен караган такыбаа аялдар да ушундай жасанышкан.
6 Алардын бири Сара болгон. Ал Ыбрайымга баш ийип, аны «кожоюнум» деп атаган. Эч бир коркунучка карабай, адал иш кылсаңар, Саранын урпагы болосуңар.
7 Андыктан силер, күйөөлөр, аялыңардын назиктигин эске алып, аларга түшүнүү менен мамиле кылгыла. Аларды сыйлагыла, себеби Кудай берген ырыскылуу өмүргө аялдар да ээ болгон, ошондо сыйынууңарга эч нерсе тоскоол болбойт.
8 Жыйынтыктап айтканда, баарыңар өз ара тилектеш, кайгы менен кубанычка ортоктош, бири бирин бир туугандай сүйгөн, боорукер да кичи пейил болгула.
9 Жамандык кылганга жамандык кылып, кордогонго кордук көрсөтпөстөн, кайра алкагыла. Себеби Кудайдын батасын алыш үчүн силер ушуга чакырылгансыңар.
10 Ошол үчүн минтип жазылган эмеспи: «Бактылуу күнгө жетем деп,"Көп жашайм десе кимде-ким,"Сүйлөбөсүн жаман сөз,"Чыкпасын калп сөз оозунан.
11 Жамандыктан оолактап,"Тынччылыкка умтулуп,"Ынтымакты эңсеп, ал"Жакшылык гана жасасын.
12 Себеби адилеттүүлөргө"Салып турат назарын,"Сыйынуусун алардын"Угуп турат Эгебиз."Ал эми жаман иштерди"Кылгандардан Эгебиз,"Бурат жүзүн тескери».
13 Эгерде дайыма жакшылык кылалы деген аракетиңер болсо, ким силерге жамандык кылат?
14 Ал эми жакшы ишиңер үчүн азап тартсаңар — бактылуусуңар.Эч бир адамдан коркпогула, силерди эч нерсе коркутпасын.
15 Дилиңерде Машаякты Эгебиз катары ыйык туткула. Силердин үмүт менен күтүп жатканыңар эмне экенин сурагандарга жооп берүүгө ар убак даяр болгула.
16 Аларга жумшак, сый-урмат менен жооп кайтаргыла. Машаяк жолундагы силердин жакшы жүрүм-турумуңар тууралуу жаман айтып каралагандар, өз айтканынан өзү уялгандай болсун үчүн абийириңер таза болсун.
17 Эгер жакшылык кылып, азап чеккениңер Кудайдын эрки болсо, бул жамандык кылып, азап чеккенден алда канча жакшы.
18 Себеби Машаяк да күнөөлөрүбүз үчүн бир жолу өлгөн. Адилетсиздер үчүн бир адилеттүү жанын кыйган. Ал муну силерди Кудай менен элдештирүү үчүн жасаган. Анын денеси өлсө да, руху менен кайра тирилген.
19 Ошол руху менен өлгөндөрдүн жандары камалган зынданга барып ибарат айткан.
20 Мындан көп убакыт илгери Нух кеме куруп бүткүчө Кудай аларды чыдап күткөн. Бирок алар Анын сөзүнө кулак салган эмес. Кемеге болсо, сегиз гана адам кирип, топон суудан аман калган.
21 Бул азыркы замандагы сууга чөмүлдүрүү расмисинин алдын ала берилген белгиси. Ушул чөмүлүү денени жууп тазартууну эмес, таза абийир менен Кудайга өзүмдү арнайм деп берген убаданы билдирет. Ушундайча Кудай силерди Ыйса Машаяктын өлүп кайра тирилиши менен күнөөдөн куткарат.
22 Ыйса көккө көтөрүлүп, Кудайдын оң жагындагы сыйлуу орунга отурду. Периштелер, рухий бийликтер менен күчтөр Ага баш ийишти.
1 Ошентип, Машаяк денеси менен азап тартса, силер да ошого даяр болгула. Себеби денеси менен азап чеккен адам күнөө кылууну токтотот.
2 Эми мындан ары бул жер үстүндөгү калган өмүрдү адамдык арам кумардын эмес, Кудай каалоосунун жетегинде жашап өтүш керек.
3 Силер кудайсыздар сыяктуу бузукулукка, арам кумарга, араккечтикке, ашыкча той-тамаша өткөрүүгө, масчылыкка жана Кудай жек көргөн бутка табынуучулукка баш-отуңар менен кирип көпкө жашадыңар.
4 Эми ошол кудайсыздар алардын бузуку жашоосуна аралашпай калганыңарга таң калып, силерди жамандап атышат.
5 Бирок алар өлгөндөр менен тирүүлөрдү суракка тарта турган Кудайдын алдында бүт кылгандары үчүн жооп беришет.
6 Ошондуктан Кудай менен рухий өмүрдө жашасын үчүн, Жакшы Кабар бул дүйнөдө жашап, кийин өлүм өкүмүнө тартылгандарга да айтылган.
7 Жакында баарынын күнү бүтөт. Андыктан акыл-эстүүлүктү сактап, дайыма сыйына тургандай сергек тургула.
8 Эң биринчи, бири бириңерди чын дилден сүйгүлө, ошондо башкалардын көп күнөөлөрүн кечире аласыңар.
9 Наалыбастан, бири бириңерге эшигиңер ачык болсун.
10 Кудай ырайым кылып тартуулаган көп түрлүү жөндөмүңөрдү жакшылап колдонуп, ар кимиң ошол боюнча бири бириңе ак кызмат кылгыла.
11 Сүйлөөчүлөр Кудай сөзүн сүйлөшсүн, кызмат кылгандар Ал берген күч менен кызмат кылышсын. Мына ушинтип Кудайды даңктаганга Ыйса Машаяк бизге жол ачкан. Кудуреттүү Кудайга кылымдан кылымга даңк болсун! Оомийин!
12 Сүйүктүүлөрүм менин, оор азап чектирген сыноолорго туш келип, «от кечип» жатканыңарды капыстан келген нерсе катары көрүп таң калбагыла.
13 Кайра, Машаяк сыяктуу азап чегип жатканыңарга кубангыла. Ал шаң-салтанат менен кайра келгенде шаттанып сүйүнөсүңөр.
14 Машаякка ишенген үчүн кордук көрсөңөр, бактылуубуз дегиле, себеби улуулукка бөлөй турган Кудайдын Руху силер менен.
15 Бирок араңардан эч ким киши өлтүрүүчү же ууру, кылмышкер же башка бирөөнүн ишине ыксыз кийлигишкен адам катары азап тартуучу болбосун.
16 Эгер бирөө жарым Ыйсага ишенгени үчүн жабыр тартып жатса, буга уялбастан, кайра Машаякка ишенген үчүн Кудайды даңктасын.
17 Соттун болор күнү келип калды жана ал Кудай үйүнөн башталат. Ойлоп көрсөңөр, сот эгер бизден башталса, анда Кудайдын Жакшы Кабарына баш ийбегендердин тагдыры кандай болот?
18 «Эгерде адилеттүү адамдар да"Куткарылса араң эле, анда, айтчы,"Кудайсыз, күнөөкөрлөр эмне болот?»
19 Ошондуктан Кудайдын буйругу менен азап тартып жүргөндөр өздөрүн ар дайым убадасын аткарган Жараткандын колуна ишенип тапшырып, жакшылык кылганын токтотпосун.
1 Жыйын жетекчилеринен суранарым: мен да силер менен кызматташ жыйын жетекчисимин, Машаяктын тарткан азаптарынын күбөсүмүн, Ал кайра келгенде көрүнө турган атак-даңкты бөлүшө тургандарданмын,
2 Кудайдын баккыла деп калтырган «коюн» айласыздан эмес, Ал каалагандай көңүлдөнүп кайтаргыла. Өз пайдаңарды көздөбөстөн, чын дилиңерден баккыла.
3 Силерге тапшырылгандарга үстөмдүк кылбай, кайра үлгү көрсөткүлө.
4 Ушундай кылсаңар, «Башкы Койчу» — Машаяк кайра келгенде, эч качан чирибес «атак-даңктын таажысын» кийесиңер.
5 Жаштар, жетекчилерге баш ийгиле. Бир бириңе кекирейбегиле, себеби"«Менменсинген адамга"Каршы болот Кудайым,"Моюн сунган адамга"Ырайымын төгөт Ал».
6 Андыктан кудуреттүү Кудайга моюн сунгула. Ал убагы келгенде силерди жогору көкөлөтөт.
7 Түйшүгүңөрдү түгөл Ага тапшыргыла, анткени Ал силер үчүн кам көрөт.
8 Сергек жана сак болгула. Душманыңар ибилис аркыраган арстандай кимди жеп жиберсем деп издеп жүрөт.
9 Ага бек ишенимиңер менен каршы тургула, себеби бүт дүйнөдөгү боордошторуңар ушундай эле кыйынчылык тартып жүргөнүн билесиңер.
10 Ал эми бардык ырайымдын булагы болгон Кудай бир аз убакыт азап чеккениңерден кийин силерди кайрадан жеткилең, күчтүү, бекем жана олку-солку болбос кылат. Себеби Ал силерди Машаяк Ыйса аркылуу Өзүнүн түбөлүк даңкын бөлүшүүгө чакырган.
11 Ал түбөлүккө бийлик кыла берсин! Оомийин.
12 Бул кыска катымды ишенимдүү боордошум деп санаган Сила аркылуу жолдодум. Силерге кайрат-дем, күч берип, Кудайдын анык ырайымы өйдөдө айтылгандай экенине кепилдикке өткүм келет. Бул катта айтылгандарды бек кармангыла.
13 Силердин өзүңөрдөй эле Кудай тандап алган Бабылдагы жыйын менен уулум Марк салам айтат.
14 Бири бириңерди астейдил сүйүп, бек кучактап учурашкыла. Ыйса Машаяк менен тыгыз алакада жүргөн баарыңарды ылайым бейпилчилик жылоолосун.