1

1 Кудайдын жана Эгебиз Ыйса Машаяктын кулу Жакыптан чар тарапта чачылып жүргөн он эки урууга дубай салам!

2 Боордошторум, жашоодо түркүн кыйынчылыкка туш келгенде аны зор кубаныч менен кабыл алгыла.

3 Себеби ишенимиңердин сыналганы силерди чыдамдуулукка үйрөтөрүн билесиңер.

4 Чыдамдуулук деген дайыма өсүп турушу керек, мына ошондо кемчиликсиз жеткилең болосуңар.

5 Ал эми кимиңерге акылмандык жетпей турса, сурагандын баарына аянбастан, жемесиз эле бере турган Кудайдан сурасын — анан алат.

6 Бирок эч шек кылбай, ишеним менен сурасын, себеби шектенген адам шамал айдаган деңиз толкунуна окшош.

7 Мындай киши Эгебизден бирдеме алам деп ойлобосун:

8 Ал эки ойлуу, бардык ишинде туруксуз адам.

9 Жакыр боордош Кудай көтөргөн кезде,

10 ал эми бай боордош Кудай төмөндөткөнүнө кубансын, анткени чөп гүлүндөй ал да өтүп кетет.

11 Күн чыгып, ысыйт да табы менен чөптү кууратат, анан гүлү түшүп, көркү жоголот. Анын сыңары, бай боордош да түйшүгү менен кошо бул дүйнөдөн өтүп кетет.

12 Бардык сыноолорду чыдап көтөргөн адам бактылуу, анткени ал сыноодон өткөн соң, Кудай Өзүн сүйгөндөргө убада кылган түбөлүктүү өмүрдү сыйлык кылып берет.

13 Азгырыкка туш келгениңерде, «Кудай мени азгырып атат» деп эч ким айтпасын. Себеби Кудай жамандыкка азгырылбайт жана эч кимди азгырбайт.

14 Тескерисинче, ар ким өзүнүн арам кумарына кызыгып, торго түшөт.

15 Арам кумар болсо өөрчүп, күнөөнү жаратат, ал эми күнөө өөрчүп, өлүмдү жаратат.

16 Айланайын боордошторум, алданып калбагыла.

17 Бардык жакшы, жеткилең тартууну жогорудан, асман жарыгын жараткан Атабыз берет. Ал туруктуу жана өзгөрүлгүс.

18 Бүт жараткандарынын эң маанилүүсү болсун деп, Ал бизди чындык сөзү аркылуу жаратты.

19 Демек, сүйүктүү боордошторум, ар бир адам укканга тез, сүйлөгөнгө жай жана ачууга сабырдуу болсун.

20 Себеби адам ачуусу менен Кудайга жагарлык иш кыла албайт.

21 Ошондуктан, жаман адат, адам оозу баргыс ишиңерди таштап, дилиңерге себилген, силерди куткара ала турган Кудайдын сөзүн моюн сунуу менен кабыл алгыла.

22 Кудай сөзүн угуучу гана эмес, аткаруучу да болгула, антпесе өзүңөрдү алдаган болосуңар.

23 Себеби Кудай Сөзүн угуп, бирок аны аткарбаган күзгүгө каранып, өз келбетин көргөн адамдай:

24 ал өзүн карайт да мындай болору менен кандай экенин дароо унутат.

25 Бирок ким эркиндик берчү жеткилең мыйзамды кунт коюп окуп, анда жазылгандарды эсине түйүп алса же сөздү угуп гана тим болбостон, аны аткарса, андай кишиге Кудайдын батасы тиет.

26 Эгер араңардан бирөө такыбаамын деп ойлоп, бирок тилине алы жетпесе, андай адам өзүн өзү алдаганы жана анын такыбаалыгы эч нерсеге татыбайт.

27 Кудай Атабыз таза деп эсептеген чыныгы такыбаалык — бул жетим-жесирлерге каралашып, өзүңдү бул дүйнөнүн жамандыгынан сактоо.

2

1 Боордошторум, силер даңктуу Эгебиз Ыйса Машаякка ишенгендиктен адамдардын сыртына карап мамиле кылбагыла.

2 Эгер чогулушуңарга кымбат баалуу кийим кийип, колуна алтын шакек тагынган бир адам жана жаман кийинген, жарды бир адам кирсе,

3 силер кымбат баалуу кийим кийген адамды карап, ага: «Сиз төргө өтүңүз» деп, а жардыга: «Сен тигил жакка тур» же: «Биерге, улагага отур», — десеңер,

4 анда өз билгениңерче бирөөнөн бирөөнү айырмалап, бейкалыс ойго алдырып, ким жакшы экенин чечип жатканыңар.

5 Уксаңар, сүйүктүү боордошторум, ишенимге байышсын жана Өзүн сүйгөндөргө убада кылган Падышачылыктын мурасчысы болушсун деп, Кудай дүйнөнүн жакырларын тандап алган жок беле?

6 А силер жакырды төмөн көрдүңөр. Силерди кыйнагандар, казыга сүйрөп алып баргандар байлар эмеспи?

7 Силер атын алып жүргөн Машаякка тил тийгизген алар эмеспи?

8 Эгер Ыйык Жазуудагы «Башкаларды өзүңдөй сүйгөндөй сүй»деген улуу мыйзамды чын эле аткарып жүрсөңөр, туура иш кыласыңар.

9 Ал эми сыртына карап мамиле кылсаңар, анда күнөө кетирип, мыйзам алдында айыптуу болосуңар.

10 Мыйзамды толук аткарып, бирок бирөөнү эле бузган киши бүт мыйзамды бузуучу катары күнөөлүү болот.

11 Себеби «нике бузба» дегенди айткан Кудай «киши өлтүрбө»деп да айткан. Эгер нике бузбасаң, бирок киши өлтүрсөң, баары бир мыйзамды бузган болосуң.

12 Эркиндик берчү мыйзамдын негизинде соттолуучу адам кандай кылса, силер да ошондой сүйлөп, ошондой иш кылгыла.

13 Себеби ырайым кылбаган кишини Кудай да ырайымсыз жазалайт. Бирок ырайым жазадан да жогору!

14 Боордошторум, эгер бирөө ишенем десе, бирок кылган жакшы иши болбосо, анысынан эмне пайда? Ушул ишеними аны куткара алабы?

15 Эгер боордошуң же карындашың ач-жылаңач болсо,

16 анан эчтеме бербей туруп эле, «жакшы баргыла, жылуу кийинип, курсагыңарды тойгузгула» дегендин эмне кереги бар?

17 Ишеним да ошондой. Кылган жакшы ишиң болбосо, ишеним да өлүк.

18 Мүмкүн бирөө «сенин ишенимиң бар, а менин жакшы ишим бар» дээр. Сага айтарым: мага жакшы ишиң жок ишенимиңди көрсөт, мен сага жакшы ишимден көрүнгөн ишенимимди көрсөтөм.

19 Сен бир Кудайга ишенесиң, мунуң жакшы. Бирок жиндер да буга ишенип, титирешет.

20 Бирок сен, акылсыз, ишсиз ишеним өлүк экенин билгиң келеби?

21 Бабабыз Ыбрайым уулу Ыскакты курмандык жайга жаткырып, иши менен акталган жок беле?

22 Көрдүңбү, анын иши менен ишеними бир болгон жана ишеними иши аркылуу кынтыксыз болгон.

23 Ошентип, Ыйык Жазуунун сөздөрү аткарылган: «Ыбрайым Кудайга ишенип, ошону менен Анын алдында ак деп табылды»,анан ал Кудайдын досу аталган.

24 Адам ишеними менен гана эмес, кылган иши менен да акталарын өзүңөр көрүп турасыңар.

25 Ошондой эле чалгынчыларды кабыл алып, анан башка жол аркылуу чыгарып ийген сойку аял Рахап да иши менен акталган эмеспи?

26 Андыктан жансыз дене өлүк сымал, ишсиз ишеним дагы өлүк.

3

1 Боордошторум, бир азыңар эле окутуучу болгула. Себеби бизге, окутуучуларга, сурак катуураак болорун билесиңер.

2 Баарыбыз тең көп күнөө кетиребиз. Ким сүйлөгөн сөзүнөн күнөө кетирбесе, ал бүтүндөй денесин башкара алган жеткилең адам.

3 Мына, атка ооздук катып, анын бүт денесин башкарабыз.

4 Же кемелерди алалык: алар кандай чоң болбосун, кандай катуу шамал айдабасын, аны башкарган киши каалаган жагына кичине бургуч менен бура алат.

5 Ошондой эле тил дагы денебиздин кичине мүчөсү, бирок чоң нерсени кылат. Байка, кичинекей эле от чоң токойду жок кылат!

6 Тил — от, ал денебиздеги жамандыкка толгон дүйнө. Биздин бүт жашообуз аркылуу жамандыкты таратат. Тозоктун оту менен бүт жашообузду өрттөп жок кылат.

7 Адам бардык айбандарды, канаттууларды, сойлоп жүрүүчүлөр менен деңиз жаныбарларын башкарып келди жана башкарууда,

8 ал эми тилди эч ким башкара албайт. Бул — ээ бербеген жамандык. Ал өлтүрө турган ууга толгон.

9 Тилибиз менен Эге Атабызды алкайбыз, ошол эле тилибиз менен Кудайга окшош жаралган адамдарды каргайбыз.

10 Бир эле ооздон алкыш да, каргыш да чыгат! Боордошторум, мындай кылган жарабайт.

11 Бир эле булактын көзүнөн шор да, шор эмес да суу чыгабы?

12 Боордошторум, анжирден зайтун же жүзүмдөн анжир өсүп чыкпайт. Ошол сымал бир эле булактан шор да, шор эмес да суу агып чыкпайт.

13 Араңарда акыл-эстүү, түшүнүгү кенен адам барбы? Болсо, анысын пакиза жүрүм-туруму, акылгөй момундугу менен далилдесин.

14 Эгер ичиңерде ачуу көрө албастык менен өзүмчүлдүк жашаса, анда акылмандыгыңарга мактанып, чындыкты бурмалабагыла.

15 Мындай «акылмандуулук» көктөн келген эмес, ал жерден, күнөөкөр адамдан жана ибилистен келген акылмандуулук.

16 Каерде көрө албастык менен өзүмчүлдүк болсо, тартипсиздик менен түрдүү жаманчылык да ошол жерде.

17 Ал эми көктөн келген акылмандыгы бар ишенгендер эң алды күнөөдөн бошонгон таза жүрөктүү, тынчтыкты сүйүүчү, момун, тил алчаак, башкаларга кайрымы менен жакшылыгы көп, ниети ак жана астейдил болушат.

18 Тынчтыкты сүйгөн адамдар тынчтык үрөнүн сээп, адилеттик жемишин алышат.

4

1 Силердеги талаш-тартыш менен пикир келишпестик кайдан чыгып атат? Алар дайыма күрөшүн токтотпогон денелик жыргалчылыкка умтулуудан эмеспи?

2 Силер бир нерсени каалайсыңар, бирок алган жоксуңар, ошондуктан өлтүрүп, башкаларды көрө албай жатасыңар. Баары бир каалаганыңарга жеткен жоксуңар, ошондуктан пикириңер келишпей, талашып жатасыңар. Силер каалаганыңарды ала албай жатасыңар, анткени сурабай жатасыңар.

3 Сурасаңар дагы албай жатасыңар, анткени алганыңарды өз жыргалыңарга колдонуу үчүн арам ой менен сурайсыңар.

4 Эй, опаасыздар! Бул дүйнө менен дос болуу — Кудайга душман болуу экенин билбейсиңерби? Жалган дүйнө менен дос болгон адам Кудайга душман болот.

5 Же Кудай ичибизге салган адамдык рух кумарларга толгон деп Ыйык Жазууда курулай эле жазылган дейсиңерби?

6 Кудай кылган ырайым мындан да чоң. Ошол үчүн Жазууда минтип айтылат: «Менменсинген адамга"Каршы болот Кудайым,"Моюн сунган адамга"Ырайымын төгөт Ал».

7 Андыктан Кудайга моюн сунуп, ибилиске каршы тургула, ошондо ал силерден качат.

8 Кудайга жакындагыла, Ал да силерге жакындайт. Күнөөкөрлөр, арам ишиңерди таштагыла, эки ойлуулар, ниетиңерди оңдогула.

9 Кайгыргыла, ыйлагыла, боздогула. Күлкүңөр ыйга, кубанчыңар кайгыга айлансын.

10 Эгебизге моюн сунгула, ошондо Ал силерди жогору көтөрөт.

11 Боордоштор, бир бириң жөнүндө жаман айтпагыла. Боордошуна жаман айткан же аны айыптаган адам Тоорат мыйзамын жамандап, айыптаганы. Эгер мыйзамды айыптасаң, анда аны аткаруучу эмес, айыптоочу болосуң.

12 Мыйзам чыгаруучу да, Айыпка тартуучу да Бирөө. Ал куткара да, өлтүрө да алат. Ал эми башканы айыптай тургандай сен кимсиң?

13 Эми «бүгүн-эртең баландай бир шаарга барып, ал жерде бир жыл жашап, соода-сатык кылып, олжо табалы», — дегендер, угуп тургула:

14 силер эртең эмне болорун билбейсиңер. Өмүр деген эмне? Ал бир аз көрүнүп, анан жок болгон буу сымал.

15 «Кудай каалап, аманчылык болсо, же аны, же муну кыларбыз», — дегендин ордуна,

16 менменсинип, кекирейесиңер, минтип менменсинген такыр туура эмес.

17 Ошондуктан туура ишти кандай кылууну билип туруп кылбай койсоңор, күнөөлүү болосуңар.

5

1 Байлар, силер эми ыйлагыла да боздогула, анткени башыңар азапка малына турган болду.

2 Байлыгыңар чирип, кийимиңерди күбө жеди.

3 Алтын, күмүшүңөрдү дат басты. Ал даттар силерди айыптоодо күбө болот да, денеңерди от сымал жок кылат. Силер байлыгыңарды ушул күнгө чейин чогултуп келдиңер!

4 Талааңарда иштеген орокчулардын эмгек акысын төлөгөн жоксуңар. Алданган алар боздоп жатышат. Алардын боздогон үнү кудуреттүү Кудайдын кулагына жетти.

5 Силер жер үстүндө дүнүйөгө марып, жыргап-куунап жашадыңар, сойгонго даяр семиз малдай болдуңар.

6 Силер өзүңөргө каршылык кылбаган адилет адамдарды каралап, өлтүрдүңөр!

7 Боордоштор, Эгебиз келгенге чейин чыдамдуу болгула. Мына, дыйкан деле жакшы түшүм бере турган күзгү, жазгы жамгырларды чыдамдуулук менен күтөт.

8 Силер дагы чыдамдуу болуп, бекем тургула, анткени Эгебиздин келер убагына аз калды.

9 Айып тартпаш үчүн бири бириңерди жамандабагыла. Мына, Айыптоочу босогодо турат.

10 Кыйынчылык менен көпкө чыдоонун үлгүсүн Эгебиздин атынан сүйлөгөн пайгамбарлардан алгыла.

11 Биз чыдагандарды бактылуу адамдар дейбиз. Силер Аюптун чыдамы жөнүндө уккансыңар жана аягында Эгебиз ага кандай кам көргөнүн көргөнсүңөр. Эгебиз кайрымдуу жана боорукер.

12 Баарынан мурун, боордошторум, асман менен да, жер менен да, башка эч бир нерсе менен дагы ант бербегиле. «Ооба» дей турган кезде, «ооба» дегиле, «жок» дей турган кезде, «жок» дегиле, ошондо айыпкер болбойсуңар.

13 Араңарда кыйналгандар барбы? Сыйынсын. Кубангандар барбы? Ырдасын.

14 Оорулуулар барбы? Жыйын жетекчилерин чакырсын. Алар болсо Эгебиздин атынан майлап, ал үчүн сыйынышсын.

15 Ишеним менен сыйынсаңар оорулуу сакаят: Эгебиз аны айыктырат. Эгер күнөө кетирген болсо, кечирилет.

16 Ошондуктан бири бириңерге күнөөңөрдү айткыла жана айыгуу үчүн бир бириң үчүн сыйынгыла. Адилеттүү адамдын сыйынуусу чоң күчкө ээ.

17 Илияс биздей эле адам болгон. Ал жамгыр болбосун деп катуу сыйынганда, жерге үч жарым жыл жамгыр жааган эмес.

18 Анан жамгыр жаасын деп дагы сыйынганда, асмандан жамгыр жаап, жер түшүмүн берген.

19 Боордошторум, араңардан бирөө акыйкаттан четтеп кетсе жана башка бирөө аны кайра кайтарса,

20 анда билгиле: күнөөкөрдү жалган жолдон кайтарган адам анын жанын өлүмдөн алып калат да, далай күнөөлөрүнүн кечирилишине аралжы болот.