2

1

1 Ыйса асманга көтөрүлгөн күнгө чейинки убакытта Өзү тандап алган элчилерине Ыйык Рухтун колдоосу менен берген жол-жоболорунун, кылган иштеринин жана таалиминин баарын мен сизге, улуу урматтуу Теопил, биринчи китебимде жазган элем.

3 Ал азап чегип, өлгөндөн кийин кырк күн бою бир нече жолу элчилерине көрүнүп, тирүү экендигин ишеничтүү далилдер менен көрсөттү жана Кудай Падышачылыгы тууралуу айтып берди.

4 Андан соң, алар менен бирге отурганда: — Иерусалимден кетпей, Атабыз убада кылган Ыйык Рухту күткүлө. Силер Ал жөнүндө Менден уккансыңар.

5 Жакыя адамдарды сууга чөмүлдүргөн болчу, силер да бир нече убакыттан кийин Ыйык Рухка чөмүлөсүңөр, — деди.

6 Элчилер Ыйсадан мындай деп сурашты:"— Эгебиз, Сенин Ысрайыл падышачылыгын кайра калыбына келтире турган убагың келип жеттиби?

7 Ыйса аларга:"— Атабыз Өзүнүн бийлиги менен белгилеп койгон убакыт-саатты билүүнү силерге буйруган эмес.

8 Бирок үстүңөргө Ыйык Рух түшкөндө, Анын кудуретине толосуңар жана Иерусалимде, Иудея менен Самариянын бардык жерлеринде, ал тургай, жер чегине чейин Мен жөнүндө адамдарга айтып бересиңер, — деп жооп берди.

9 Ыйса жогорудагы сөздү айтып бүткөн соң, элчилеринин көз алдында көккө көтөрүлө баштады да, булуттун кучагына кирип кетти.

10 Элчилер Анын көтөрүлүп бара жатканын карап турушканда, бет алдыларында күтүлбөгөн жерден ак кийимчен эки адам пайда болуп, мындай дешти:

11 — Эй, галилеялыктар, эмнеге бул жерде асманды карап турасыңар? Бул — Ыйса, Аны Кудай силердин араңардан асманга алып кетти. Ал көз алдыңарда кандай көтөрүлүп кетсе, дал ошондой эле болуп кайра келет.

12 Ушундан соң, элчилер Зайтун тоосунан Иерусалимге кайтып келишти. Зайтун тоосу Иерусалимден бир чакырымдай аралыкта жайгашкан.

13 Шаарга кирип, алар өздөрү жайгашкан бөлмөгө барышты. Ал жерде Петир, Жакан, Жакып, Идрис, Филип, Том, Барталамей, Матай, Алпейдин уулу Жакып, Динчил Ысман, Жакыптын уулу Жүйүт олтурушкан эле.

14 Баары тең Кудайга берилүү менен сыйынып жатышкан. Алардын арасында Ыйсанын энеси Мариям, бир туугандары жана Анын жолун жолдогон башка аялдар бар болчу.

15 Ошол күндөрдүн биринде, жүз жыйырмадай шакирт чогулуп олтурушкан жерде Петир ортого чыгып, мындай деди:

16 — Боордоштор! Ыйык Рух аркылуу айтылган Дөөттүн сөзү жана Ыйык Жазууларда жазылгандай, Жүйүт тууралуу алдын ала айтылган пайгамбарчылык аткарылууга тийиш болчу.

17 Жүйүт бизге кошулуп, кызматташ болууга тандалган эле.

18 Бирок арам жол менен тапкан акчасына сатып алган жеринде оңкосунан сайылып, ичегиси чубалып өлдү.

19 Мунун баары бүткүл иерусалимдиктерге билинип, ал жер алардын тилинде «Акелдама», башкача айтканда, «Кандуу жер» деп аталды.

20 Себеби Забур китебинде дагы мындай деп жазылган: «Ылайым үйү ээн калсын,"Эч ким жашабай калсын!»"Дагы мындай деген жери бар:"«Анын ордун башка бирөө бассын!»

22

21 Ошондуктан Жүйүттүн ордун бир киши ээлеш керек. Ал киши Эгебиз Ыйса арабызда болгон бардык күндөрү, башкача айтканда, Жакыя тарабынан сууга чөмүлдүрүлгөн кезинен тартып, асманга кеткенине чейин биз менен жүрүп, Анын кайра тирилгенине күбө болгон адам болууга тийиш.

23 Ошентип, алар эки кишини: Барсап атка конгон Жусуп (анын башка аты — Жуст) жана Матыйды алдыга чыгарышты.

24 Анан Кудайга сыйынышты: «Оо Эгебиз, Сен бардык адамдардын оюн билесиң.

25 Элчилик кызматка ушул экөөнүн кайсынысын тандаганыңды көрсөтсөң экен. Анткени Жүйүт кетчү жагына кетти».

26 Сыйынган соң, чүчү кулак кармашышты эле, Матыйдын энчисине тийди. Ошентип, Матый он бир элчинин катарына кошулду.

2

1 Түшүм майрамы келгенде, шакирттердин баары бир жерге чогулушту.

2 Аңгыча асмандан катуу шамал жүргөндөй гүүлдөгөн добуш угулуп, алар олтурган үйдү толтурду.

3 Анан жалындын тилиндей болгон нерселер көрүндү. Алар бөлүнүп-бөлүнүп, ар бирине бирден конду.

4 Ошондо баары тең Ыйык Рухка толуп, Анын бергенине жараша бөтөн тилдерде сүйлөй башташты.

5 Ошол кезде бардык элдердин арасында жашап, Кудайды урматтаган иудейлер Иерусалимге төгөрөктүн төрт бурчунан келишкен.

6 Алар бул добуш чыкканда, эмне болгонун билүү үчүн жүгүрүп келишип, ар кимиси шакирттердин анын өз тилинде сүйлөп жатканын угушуп, өтө таңыркашты.

7 Баары тең айран-таң калышып, өз ара: — Бул сүйлөп жаткан адамдардын баары галилеялыктар эмеспи?

8 Анан кантип алар ар бирибиздин эне тилибизде сүйлөп жатышат?

9 Арабызда парфтыктар, мидиялыктар, эламдыктар, ошондой эле Месопотамияда, Иудеяда, Кападокияда, Понт менен Асияда,

10 Фригияда, Памфилияда, Мисир менен Ливиянын Киринеяга караштуу жагында жашагандар, Римден келген

11 иудейлер менен иудей динине киргендер, криттиктер менен арабдар бар эмеспи. Ошентсе да булардын Кудай кылган улуу иштер тууралуу биздин тилдерде айтканын угуп жатабыз, — дешти.

12 Ошентип, баары таң калышып, бири бирине: «Ой тобо, бул эмнеси, ыя?» — дешти.

13 Бирок алардын арасында: «Шарапка тоюп алышкан тура!» — деп шылдыңдашкандар да болду.

14 Ошондо Петир он бир элчи менен бирге ортого чыкты да, үнүн бийик чыгарып, мындай деди:"— Иудей боордошторум! Жалпы Иерусалим тургундары! Сөзүмдү кунт коюп угуп, билип алгыла:

15 булар силер ойлогондой мас эмес! Анткени азыр эле таң атып, саат араң тогуз болбодубу.

16 Бирок бүгүнкү көргөнүңөр Жайыл пайгамбар алдын ала айткан сөздүн аткарылышы. Ал мындай деген:

17 «Кудай айтат мындай деп:"Ошол соңку күндөрдө"Бүт адамзат үстүнө"Төгөм Ыйык Рухумду."Ошондо уул-кыздарың"Кудай Сөзүн айтышат."Аян көрүп жаштарың,"Карыларың түш көрөт.

18 Ошол соңку күндөрдө"Кул-күңдөрүм үстүнө"Рухум төгөм. Алар да"Кудай Сөзүн айтышат.

19 Жогоруда асмандан"Кереметтер көрсөтөм."Төмөндөгү жерден да"Канды жана отту Мен,"Уюлгуган түтүндү"Жышаан кылып көргөзөм.

20 Эгебиздин сот күнү —"Улуу жана даңктуу күн "Келеринин алдында"Күндүн бети караят,"Айдын жүзү канталайт.

21 Эгебиздин ысымын"Чакыргандын ар бири"Куткарылат ошондо».

22 Ысрайылдыктар, кулак салып, угуп алгыла! Кудай Өзүнүн кудуреттүү жана ажайып жышаандары менен коштоп, силерге назареттик Ыйсаны дайындап, Өзү жибергенин көрсөттү. Араңарда болуп өткөн ошол окуяларды өзүңөр да билесиңер.

23 Аны Кудай Өзүнүн алдын ала көрөгөчтүгү жана түзгөн максаты боюнча силердин колуңарга тапшырды. Силер болсо күнөөкөр адамдардын колу менен жыгачка мыктап, өлтүрдүңөр.

24 Бирок Кудай Аны өлүмдүн чеңгелинен бошотуп, кайра тирилтип алды. Себеби Аны өз колунда кармап турууга өлүмдүн кудурети жеткен жок.

25 Дөөт пайгамбар Ал тууралуу мындай деген: «Эгем дайым көз алдымда, оң жагымда,"Мен эч качан жыгылбаймын ошондуктан.

26 Толуп-ташат жүрөгүм кубанычтан,"Тилим безеп, даңктагандан тажабайм,"Денем дагы үмүт менен өмүр сүрөт.

27 О дүйнөдө мени эч качан калтырбайсың,"Ыйыгыңдын чирүүсүнө жол бербейсиң.

28 Сен өмүрдүн жолун мага ачып бердиң,"Сен менин кубанычка бөлөөрүмсүң».

29 Боордоштор! Сөздүн ачыгын айтканга уруксат эткиле: түп атабыз Дөөт өлгөн жана көргө коюлган. Анын бейити бүгүнкү күнгө чейин сакталып турат.

30 Ал өзү пайгамбар болгондуктан, Кудай ага берген убадасы боюнча анын тукумунан чыккан бирөөнү Машаяк катары тактыга олтургузарын билген.

31 Ал Машаяктын кайра тирилишин алдын ала көргөн. Ошондуктан Анын о дүйнөдө калбастыгын, денесинин чирибестигин айткан.

32 Мына ошол Ыйсаны Кудай кайра тирилтти, буга баарыбыз күбөбүз.

33 Ошентип, Ыйса Кудайдын кудурети менен көккө көтөрүлдү да, азыр өзүңөр угуп, көрүп тургандай, Атасы убада кылган Ыйык Рухту кабыл алып, бизге төгүп жиберди.

34 Дөөт болсо көккө көтөрүлгөн эмес. Бирок мындай деген: «Жараткан Эгем Эгеме деди мындай:

35 Кастарыңды бут алдыңа жыкканымча,"Олтура тур, сыйлуу жер — оң жагымда».

36 Ошондуктан, бүткүл Ысрайыл эли, жакшылап билип ал: силер жыгачка кадап салган ошол Ыйсаны Кудай биздин Эгебиз жана Куткаруучу Машаягыбыз кылды.

37 Бул сөздөр уккандардын жүрөгүнө катуу тийди. Алар Петирден жана анын жанындагы элчилерден:"— Боордоштор, биз эмне кылалы? — деп сурашты.

38 Петир аларга:"— Ар бириңер ниетиңерди өзгөрткүлө да, күнөөлөрүңөрдүн кечирилиши үчүн Ыйса Машаяктын атынан сууга чөмүлүү расмисинен өткүлө. Ошондо Ыйык Рухтун белегин аласыңар.

39 Анткени Кудай Эгебиздин Ыйык Рухту берем деген убадасы силерге, силердин балдарыңарга жана Кудай чакырган башка адамдардын баарына берилген, — деди.

40 Петир аларга башка дагы көптөгөн сөздөрдү айтып:"— Бул бузулган муундан өзүңөрдү сактагыла! — деп эскертти.

41 Ошентип, анын сөзүн чын жүрөктөн кабыл алгандар сууга чөмүлүштү. Ошол күнү үч миңдей адам аларга кошулду.

42 Баары тең элчилердин окуусун кабыл алышып, бири бири менен тыгыз мамиледе болушуп, чогуу нан сындыруу расмисин өткөрүп, бирге сыйынып жүрүштү.

43 Элдин баарын Кудайдан коркуу сезими бийледи. Анткени элчилердин колдору менен Иерусалимде көптөгөн ажайыптар, кереметтүү жышаандар көрсөтүлүп жатты.

44 Ыйсага ишенгендердин баары чогуу жүрүшүп, чарбасы да бир болду.

45 Колдо болгонун сатышып, ар кимисинин муктаждыгына карап, бөлүп беришти.

46 Ар күнү ийбадатканада чогуу табынышып, бири бирин конокко чакырышып, өз ара жөнөкөй жана кубанычтуу боордоштук мамиледе болушту.

47 Дайыма Кудайды мактап, бүтүндөй элдин сүймөнчүлүгүнө айланышты. Эгебиз болсо куткарыла тургандарды ар күнү жыйынга кошуп жатты.

3

1 Ошол күндөрдүн биринде, сыйынуу убагы келгенде, тактап айтканда, күндүзгү саат үчтөрдө Петир менен Жакан ийбадатканага барышты.

2 Ал жерде тубаса аксак киши бар эле. Бул кишини ийбадатканага кирип жаткандардан кайыр суратып, ар күнү ийбадаткананын «Кооз Дарбаза» деген дарбазасынын жанына көтөрүп келип, олтургузуп коюшчу.

3 Ал ийбадатканага кирип бараткан Петир менен Жаканды көрүп, алардан да кайыр сурады.

4 Петир менен Жакан анын көзүнө кадала тиктеп: — Бери кара! — дешти.

5 Ал киши бир нерсе үмүт этип, жалдырап тиктеп турду.

6 Петир ага:"— Менде алтын менен күмүш жок. Бирок колумдан келгенин берейин: назареттик Ыйса Машаяктын атынан сага айтам, тур да басып кет! — деди.

7 — Анан оң колунан кармап, ордунан тургузду. Ошол замат анын бутуна кубат кирип,

8 ордунан ыргып турду да басып кетти. Кубанганынан Кудайды мактап так секирип, алар менен бирге ийбадатканага кирди.

9 Ошондо элдин баары анын Кудайды мактап, басып жүргөнүн көрүп,

10 Кооз Дарбазанын алдында кайыр сурап олтурган адам экенин таанып, ал башынан өткөргөн окуяга аң-таң болушту.

11 Сакайган киши Петир менен Жакандын жанынан кетпегенинен улам, элдин баары таңданышып, алардын жанына — Сулаймандын бастырмасы аталган жайга чогулуп калышты.

12 Муну көргөн Петир элге кайрылып мындай деди: — Урматтуу, агайындар! Биз бул ишти өз күчүбүз же ыйык кудуретибиз менен жасап салгансып, эмне үчүн буга мынча таң калып карап турасыңар?

13 Биздин аталарыбыз Ыбрайым, Ыскак, Жакыптардын Кудайы Өз кулу Ыйсаны улуулукка бөлөдү. Аны силер бийлик башындагыларга кармап бердиңер. Бошотмокчу болгон Пилатка каршылык кылып, Андан баш тарттыңар.

14 Силер ыйык жана адилет Инсанды четке кагып, Анын ордуна канкорду бошотуп бер деп сурандыңар.

15 Ал эми өмүрдүн Ээси болгон Ыйсаны өлтүрүп салдыңар! Бирок Кудай Аны кайра тирилтти, буга жалпыбыз күбөбүз.

16 Ыйсага болгон ишенимдин урматына силер көрүп, билип жүргөн мына бул кишиге Кудай кубат берди да, ал берген ишеним баарыңардын көз алдыңарда муну айыктырды.

17 Туугандар, силер да башчыларыңар сыяктуу эле муну түшүнбөстүктөн улам жасаганыңарды билем.

18 Ал эми Кудай Өзүнүн бардык пайгамбарлары аркылуу Машаяк азап тартат деп алдын ала айтканын ушундайча аткарды.

19 Андыктан адашкан жолуңардан кайтып, күнөөңөрдүн кечирилиши үчүн ниетиңерди өзгөрткүлө.

20 Ошондо Эгебиз жан дүйнөңөргө жаңылануу берип, силерге алдын ала дайындаган Машаягы — Ыйсаны жиберет.

21 Кудайдын абалтадан эле Өз пайгамбарлары аркылуу айткан бардык убадалары толук орундала турган кезге чейин Ал асманда болууга тийиш.

22 Муса пайгамбар биздин аталарыбызга мындай деген: «Кудай Эгеңер боордошторуңардын арасынан мен сыяктуу бир пайгамбарды чыгарат. Ал силерге эмне айтса, баарын уккула.

23 Эгерде кимде-ким ошол пайгамбарга дилин бурбаса, ал Кудайдын элинен чыгарылып, жок кылынат».

24 Шамил пайгамбардан баштап, андан кийин бардык пайгамбарлар да ушул күндөрдө болуп жаткан окуялар жөнүндө алдын ала айтып кетишкен.

25 Силер ошол пайгамбарлардын урпактарысыңар жана Кудайдын ата-бабаңар менен түзгөн келишиминин мураскорусуңар. Кудай Ыбрайымга: «Сенин урпагың аркылуу жер жүзүндөгү бардык элдерге батам тиет!»— деп, аны менен келишим түзгөн.

26 Ошондуктан ар бириңерди ыймансыз жолуңардан кайтарып, батасын берүү үчүн Кудай Өз кулу Ыйсаны дайындап, Аны эң алгач силерге жиберди.

4

1 Петир менен Жакан элге сүйлөп жаткан маалда, динкызматчылар, ийбадаткананын кароол башчысы жана садукейлер басып келишти.

2 Алар бул экөөнүн элди окутканына жана Ыйсаны мисал кылып, кайра тирилүү жөнүндө айтып жатканына абдан нааразы болушту.

3 Ошондуктан аларды кармап, кеч кирип калгандыктан, таң атканга чейин кайтарып турсун деп, сакчылардын колуна өткөрүп беришти.

4 Уккандардын көбү, беш миңге жакын адам Петир менен Жакандын сөзүнө ишеништи.

5 Эртеси иудей башчылары, эл башчылары жана дин мугалимдери Иерусалимге чогулушту.

6 Башкы динкызматчы Анас менен Каяп, Жакан, Искендер жана башка жогорку динкызматчылардын уруусунан чыккан көптөгөн адамдар топтолушту.

7 Алар эки элчини тегеректешип: — Силер бул кишини кандай күч менен, кимдин кудурети менен айыктырдыңар? — деп сурашты.

8 Ыйык Рухка толуп турган Петир аларга мындайча жооп берди:"— Урматтуу эл башчылары! Кадырман аксакалдар!

9 Эгер бүгүн бир алсыз пендеге кылынган жакшылык жайында жана анын кандайча айыкканы туурасында бизден жооп талап кылып жаткан болсоңуздар,

10 анда баарыңыздарга — бүткүл Ысрайыл элине маалым болсун: сиздер жыгачка кадап өлтүргөн жана Кудай кайрадан тирилтип алган назареттик Ыйса Машаяктын кудурети менен бул адам айыгып, алдыңыздарда турат.

11 Ыйык Жазууларда мындай деген сөз бар: «Куруучулар, бул сиздер"Таштап салган таш эле,"Пайдубалдын негизи"Болуп калды ал эми»."Ыйса ошол таштын өзү!

12 Ыйсадан башка эч ким бизди куткара албайт, анткени асман алдында бизди куткаруу үчүн жиберилген Андан башка эч ким жок.

13 Петир менен Жакандын атайын билими жок, карапайым адамдар экенин билген эл алардын кайраттуулугун көрүп, таң калышты. Ошондой эле алардын Ыйса менен бирге жүргөнүн эстешти.

14 Ал эми алардын жанындагы айыккан кишини көрүп, каршы эч нерсе дей алышпады.

15 Аларга жогорку кеңештен чыгууну буйрушуп, өз ара мындай деп кеңешишти:

16 — Буларды эмне кылалы? Анткени Иерусалимде жашагандардын баарына булардын анык таң каларлык бир иш жасаганы маалым! Биз муну тана албайбыз.

17 Бирок бул иш эл арасына дагы кеңири жайылып кетпес үчүн аларга: «Ыйса дегениңерди эч кимге айтпагыла!» деп коркутуп, тыюу салалы, — дешти.

18 Анан элчилерди чакырышып:"— Мындан ары Ыйсанын атын атап, ал жөнүндө эч нерсе айтпагыла да, окутпагыла! — деп буйрук беришти.

19 Бирок Петир менен Жакан аларга мындай дешти:"— Өзүңөр деле ойлоп көргүлөчү: Кудай алдында Аны укпай, силерди угуу туура болобу?

20 Биз уккан-көргөнүбүздү айтпай коё албайбыз.

21 Жогорку кеңештегилер шал болгон адамдын айыкканынан улам Кудайды даңктап жаткан элден айбыгып, анын үстүнө жазалаганга себеп таба алышпагандыктан ызырынышып, колдорун кезеп коркутуп, аларды коё беришти.

22 Бул кереметтүү жышаанды башынан өткөрүп, айыгып кеткен кишинин курагы кырктан ашып калган эле.

23 Бошонгон соң, Петир менен Жакан өз адамдарына келишти. Аларга жогорку динкызматчылар менен эл башчыларынын айткандарын айтышты.

24 Муну уккандар бир добуштан Кудайга кайрылып, сыйынышты: — Ааламдын Эгеси, асман-жердин, деңиздин жана алардагы бардык нерселердин жаратуучусу болгон Кудай!

25 Сен биздин атабыз болгон Өз кулуң Дөөт аркылуу Ыйык Рух менен мындай дедиң эле: «Болбогон ойду ойлошуп"Неге каршы чыгышат?

26 Падышалар жердеги"Көөдөндөрүн көтөрүп,"Чогулуп алып төрөлөр,"Эгебизге ат коюп,"Анын Машаягына"Неге каршы чыгышат».

27 Чындап эле бул шаарда Ирод менен Понтий Пилат, иудей эместер жана ысрайылдыктар Өзүң падыша шайлаган касиеттүү кулуң, Ыйсага каршы чыгышты.

28 Ооба, мындай болору Сенин абалтан эле алдын ала белгилеп койгон эркиңдин жана максатыңдын аткарылышы.

29 Оо, Эгебиз, эми болсо алардын коркутууларына назар салып, кулдарыңдын эр жүрөктүк менен Сенин сөзүңдү сүйлөөсүнө жардам бер.

30 Касиеттүү кулуң Ыйсанын аты менен оорулууларды сакайтып, кереметтүү иштерди жасап, кудуретиңди көрсөтө көр.

31 Ошондо алардын сыйынуусунан кийин алар чогулган жай солкулдап, баары Ыйык Рухка толушуп, Кудайдын сөзүн тайманбастык менен айта башташты.

32 Ишенгендер жыйыны бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, ынтымактуу жашашты. Эч кимиси колундагысын меники дебей, баарын ортого салышты.

33 Элчилер болсо Эгебиз Ыйсанын кайра тирилишине күбө болушканын чоң жигер менен айтып жүрүштү. Ошентип, алардын арасына Кудайдын кут-берекеси төгүлүп турду.

34 Муктаж болгон адам болбоду. Анткени кимдин жери, үй-жайы болсо, сатып, түшкөн каражатты ортого алып келип,

35 элчилердин колуна тапшырып жатышты. Элчилер болсо ар кимдин муктаждыгына жараша бөлүштүрүп турушту.

36 Мисалы, Леби уруусунан чыккан Жусуп аттуу бир кипрлик киши бар болчу. Аны элчилер Барнап (мааниси Колдоочунун уулу) дешчү.

37 Анын да менчик жери бар болчу. Ал жерин сатып, түшкөн акчасын алып келип, элчилерге берди.

5

1 Ошол жерде Анания аттуу бир киши бар эле. Ал аялы Сабира экөө жерин сатып,

2 түшкөн акчанын бир бөлүгүн аялынын макулдугу менен жашырып коюп, калганын элчилердин алдына алып келди.

3 Петир ага айтты: — Эй, Анания! Эмне үчүн ниетиңди шайтанга бийлетип, Ыйык Рухка калп айттың? Эмне үчүн жерден түшкөн акчадан кытып алдың?

4 Жер да, саткандан кийинки түшкөн акча да сеники эмес беле? Эмне үчүн минтип, ниетиңди буздуң? Сен адамдарга эмес, Кудайга калп айттың!

5 Анания бул сөздөрдү угар замат жерге кулап, жан берди. Бул окуяны көрүп билгендерди катуу коркунуч басты.

6 Бир нече жигит ордунан туруп, аны кепиндешти да, тышка алып чыгып, көмүп салышты.

7 Мындан үч сааттай өткөндө, болгон окуядан бейкапар Ананиянын аялы келип калды.

8 Петир андан: — Айтчы, жерди ушунча акчага саттыңар беле? — деп сурады."Аял:"— Ооба, ушунча акчага, — деп жооп берди.

9 Ошондо Петир ага айтты:"— Силер кантип Эгебиздин Рухун сыноого батындыңар? Тигине, эриңди көмгөндөр эшиктен кирип келе жатышат. Эми сени да алып кетишет.

10 Ошол замат аял Петирдин алдына кулап түштү да, жан берди. Алиги кирип келген жигиттер анын өлгөнүн көрүштү да, тышка алып чыгышып, күйөөсүнүн жанына көмүштү.

11 Бүтүндөй жыйынды жана муну уккандардын баарын Кудайдын улуу коркунучу басты.

12 Эл арасында элчилер тарабынан көп кереметтер менен укмуштар жасалып жатты. Ишенгендер ийбадатканадагы Сулаймандын бастырмасында дайыма чогулуп турушту.

13 Элдин баары аларга ыраазы болуп сүйлөп жатышса да, арасынан эч кимиси алардын катарына кошулууга батынбады.

14 Эгебизге ишенгендердин саны болсо улам өсө берди. Алардын арасында көптөгөн эркектер жана аялдар бар эле.

15 Элчилердин иштеринен улам, эл кур дегенде өтүп бара жаткан Петирдин көлөкөсү оорулуулардын кээ бирине болсо да тийсин деп, аларды төшөгү менен сыртка алып чыгып жатышты.

16 Көптөгөн адамдар Иерусалимге шаардын чет жакасынан келип турду. Алар оорулууларын, кара күчтөргө байлангандарын көтөрүп келишти. Баары оорусунан айыгып жатышты.

17 Ал эми башкы динкызматчы менен садукей тобуна кирген адамдар муну көрө албай ызырынышты.

18 Алар элчилерди кармап, абакка камашты.

19 Бирок түндө Эгебиздин периштеси келип, эшиктерди ачып жиберди да, аларды сыртка алып чыгып, мындай деди:

20 — Ийбадатканага баргыла да, бул чыныгы өмүрдүн сөздөрүн элге төкпөй-чачпай айтып бергиле!

21 Периштени угуп, элчилер таң эрте ийбадаткананын короосуна кирип, таалим беришти. Ошол арада башкы динкызматчы менен анын шериктери келишип, эл башчыларынын баарын жогорку кеңешке чакырышты. Элчилерди түрмөдөн алдыруу үчүн киши жөнөтүштү.

22 Бирок кызматкерлер барып, түрмөдөн аларды таппай, кайтып келишти.

23 — Биз түрмөнүн эшиктери бекем жабылып, дарбазаларынын жанында сакчылар турганын көрдүк. Бирок ачып караганыбызда, ичинен эч кимди таппадык, — дешти алар.

24 Жогорку динкызматчылар жана ийбадаткананын кароол башчысы муну угушканда, таң калышып, түшүнө албай баштары катты.

25 Ошол кезде бир киши келип: — Силер түрмөгө олтургузган адамдар ийбадаткананын короосунда элге таалим берип жатышат, — деп кабарлады.

26 Ошондо кароол башчысы кызматкерлери менен бирге барып, элчилерди алып келди. Бирок эл таш бараңга алып жибербесин деп коркушкан алар элчилерге кол көтөрө алышкан жок.

27 Аларды жогорку кеңештин алдына чыгарышты. Ошондо башкы динкызматчы аларга мындай собол узатты:

28 — Силерге жанагы адамдын атынан элди окутпагыла деп эскертпедик беле? Силер болсо бул окууңарды бүт Иерусалимге жайып жибердиңер да, бизди анын канына забын кылганы турасыңар.

29 Петир менен анын жанындагы элчилер мындай жооп беришти:"— Адамдардан көрө, Кудайга баш ийиш керек.

30 Биздин ата-бабаларыбыздын Кудайы силер жыгачка асып өлтүргөн Ыйсаны кайра тирилтти.

31 Ысрайыл эли ниетин өзгөртүп, күнөөлөрү кечирилсин деп, кудуреттүү Кудай Аны Башчы жана Куткаруучу кылды.

32 Буга биз да, Кудай Өзүнө баш ийгендерге берген Ыйык Рух да күбө.

33 Муну укканда, тигилер катуу жаалданып, аларды өлтүргүлөрү келди.

34 Жогорку кеңештин ичинде фарисейлер тобуна кирген, эл сыйлаган Гамалиел аттуу дин мугалими бар эле. Ал ордунан турду да, элчилерди бир аз убакытка сыртка алып чыгууну буйруду. Аларды алып чыгып кетишкен соң, мындай деди:

35 — Урматтуу агайын-туугандар! Бул адамдарга чара көрүүдөн мурда жакшылап ойлонгула.

36 Анткени жакында эле Теда деген бир киши өзүн кайсы бир улуу инсанмын деп чыккан болчу. Ага төрт жүздөй киши кошулду. Бирок ал өлтүрүлдү эле, аны ээрчигендердин баары тарап, жок болушту.

37 Андан соң, эл каттоо убагында галилеялык Жүйүт чыгып, көп адамдарды ээрчитип кетти. Бирок ал да өлтүрүлгөндөн кийин, аны ээрчигендердин баары тарап кетишти.

38 Азыр да силер бул адамдарды өз жайына койгула. Анткени бул иш-аракет адамдан болсо, анда ал бузулат.

39 А эгер Кудайдан болсо, анда силер буза албайсыңар! Абайлагыла, Кудай менен касташып жүрбөгүлө.

40 Жогорку кеңештин мүчөлөрү анын тилин алышты. Алар элчилерди чакырып алып сабатып, Ыйсанын атын атап сүйлөөгө тыюу салып, коё беришти.

41 Элчилер болсо Эгеси Ыйса үчүн ушундай кордук тартууга татыктуу болушканына кубанып, жогорку кеңештен чыгып кетишти.

42 Алар күндө ийбадатканада, үйлөрдө адамдарга таалим беришип, Ыйса Машаяк тууралуу Жакшы Кабарды таратууну токтотушпады.

6

1 Шакирттердин катары көбөйгөн ушул күндөрдө грек тилдүүлөр алардын арасындагы жесирлер күндөлүк тамак-ашты бөлүштүрүүдө эврей тилдүүлөрдүн арасындагы жесирлерден кем алып жүрүшүптүр деп нааразы болушту.

2 Ошондо элчилер шакирттердин баарын чакырып алып, мындай дешти: — Кудайдын кабарын таратууну таштап, тамак-аш менен алек болгонубуз жакшы болбос.

3 Ошондуктан, боордоштор, араңардан ишеничтүү, Ыйык Рухка толгон жети акылман кишини тандагыла, бул кызматка ошолорду дайындайлы.

4 Биз болсок убактыбызды сыйынууга, Жакшы Кабар таратканга жумшайлы.

5 Бул сунуш жыйынга жакты. Алар ишеними күчтүү жана Ыйык Рухка толгон адамдар — Степанды, ошондой эле Филипти, Прохорду, Никанорду, Тимонду, Парменди жана эврей улутунан эмес антахиялык Николаны тандашты.

6 Ушул жети кишини элчилердин алдына алып келишти. Элчилер Кудайга сыйынышып, колдорун жайып, аларга бата тилешти.

7 Кудайдын сөзү улам кеңири тарап, шакирттердин саны Иерусалимде абдан көбөйдү. Дин кызматчылардын арасынан да көп адамдар Ыйсага ишенгендерге кошулушту.

8 Ишеними күчтүү жана Кудайдын кудуретине толгон Степан эл арасында улуу укмуштар менен кереметтерди жаратып жатты.

9 Бирок бир күнү «эркин адамдардын синагогасы» аталган синагогадан кайсы бир адамдар Степан менен талаша кетишти. Алар Киренея менен Александрия шаарларынан жана Киликия менен Асия дубандарынан келишкен иудейлер эле.

10 Бирок Ыйык Рухтун жетегинде акылмандуулук менен сүйлөгөн Степандын сөздөрүнө каршы тура алышпады.

11 Ошондуктан кайсы бир адамдарды тымызын табышып: «Биз мунун Муса пайгамбарга каршы сүйлөп, Кудайга акарат келтиргенин уктук» деп аларды тукуруп коюшту.

12 Ошентип, элди, эл башчыларын жана дин мугалимдерин Степанга каршы чыгарып, аны кармашты да, жогорку кеңешке алып келишти.

13 Жалган күбөлөрдү жалдап, аларга мындай деп айттыртышты: «Бул киши касиеттүү жайыбыз ийбадаткананы жана Муса пайгамбардын мыйзамын дайыма жамандап жүрөт.

14 Биз анын ""назареттик Ыйса бул ийбадаткананы талкалап, Муса пайгамбардын бизге калтырган үрп-адаттарын өзгөртөт"" деп айтканын уктук».

15 Ушул жерден жогорку кеңеште олтургандардын баары Степанга кадала карап калышты, анткени анын жүзү периштеникиндей жаркырап, нурданып турган эле.

7

1 Башкы динкызматчы Степандан:"— Айтылган сөздөр ыраспы? — деп сурады.

2 Степан мындай деди:"— Кымбаттуу боордоштор жана кадырман аталар! Атабыз Ыбрайым Харан шаарына көчөрдөн мурда улуу Кудай Месопотамия жеринен ага көрүнгөн болчу.

3 Ал ага: «Өз жериңден, туугандарыңдан, атаңдын үйүнөн чык да, Мен көрсөтө турган жерге жөнө!»— деген.

4 Ошондо ал каздийлердин жеринен чыгып, Харанда жашаган эле. Атасы өлгөн соң, Кудай Ыбрайымды ал жерден азыр сиздер жашап жаткан жерге көчүргөн.

5 Кудай ага бул жерден бир карыш да мураска бербеди. Бирок анын баласы жок болсо деле убада кылып, бул жерди ага, анын укум-тукумуна берем деди.

6 Анын тукумдары бөтөн эл, бөтөн жерде көчүп-конуп, төрт жүз жылдай кул болуп, кысымга алынарын айтты.

7 «Бирок Мен, — деди Кудай, — аларды кул кылган элди жазалайм. Андан кийин алар ушул жерге келип, Мага табынышат».

8 Кудай атабыз Ыбрайымга Өзү менен түзгөн келишимдин белгиси катары сүннөткө олтургузуу расмисин берди. Кийин ал Ыскак аттуу бала көрүп, аны сегизинчи күнү сүннөткө олтургузду. Андан кийин Ыскак уулу Жакыпты сүннөткө олтургузду. Жакып болсо он эки уулун сүннөткө олтургузду. Жакыптын балдарынан Ысрайыл элинин он эки уруусу келип чыккан.

9 Жакыптын балдары бир тууганы Жусупту көрө алышпай, Мисирге сатып жиберишти. Бирок Кудай Жусупту колдоду.

10 Ал Жусупту бардык күйүтүнөн арылтып, өзгөчө акылмандык берип, Мисир падышасы — фараондун жүрөгүн жибитип, ага ырайым кылдырды. Фараон аны мүлдө Мисир элине жана хан сарайына башчы кылып дайындады.

11 Ошол кезде катуу ачарчылык болуп, Мисир жерин да, Канаан жерин да жабыркатты. Биздин аталарыбыз жегенге азык таба албай калышты.

12 Жакып болсо Мисирде эгин бар экенин угуп, балдарын ошол жакка жиберди. Бул алардын Мисирге биринчи жолку сапары болчу.

13 Ал эми экинчи жолу келишкенде, Жусуптун ким экенин билинип, алар жөнүндө фараонго белгилүү болду.

14 Анан аларды Канаанга жиберип, атасын, бүт туугандарын Мисирге алдыртты. Атасы менен жетимиш беш киши келди.

15 Жакып Мисирге келип, ошол жерден о дүйнө кетти. Биздин түп аталарыбыз болгон анын он эки баласы да ошол жакта көз жумушту.

16 Алардын сөөктөрү Шехемге алынып келинип, атабыз Ыбрайым шехемдик Омордун балдарынан сатып алган жердеги көрүстөнгө коюлду.

17 Кудай Ыбрайымга ант берип, убада кылган убакыт келгенче, Ысрайыл калкы Мисирде өсүп-өнө берди.

18 Кийин Жусупту тааныбаган башка бир киши падыша болду.

19 Бул падыша биздин элибизге каршы чыгып, аталарыбызды кысмакка алып, жаңы төрөлгөн эркек балдарды өлтүрүүнү буйруду.

20 Ошол убакта Муса төрөлүп, үч ай бою өз үйүндө багылды. Ал өзгөчө сүйкүмдүү бала эле.

21 Аны ата-энеси аргасыздан таштап кетишкенде, фараондун кызы таап алып, өз баласындай кам көрүп, үйүндө чоңойтту.

22 Ошентип Мусага Мисир жеринин бардык илим-билимин үйрөтүштү. Муса сөзү менен да, иши менен да күчтүү чыкты.

23 Ал кыркка чыкканда, бир туугандарын көрүп келейин деп чечти.

24 Келип, боордошторунун бирине мисирлик бирөө зордук көрсөтүп жатканын көрдү да, кордук тартканга болуша кетип, мисирликти өлтүрүп алды.

25 Муса Кудай мен аркылуу боордошторумду куткарып жатканын алар түшүнөт го деп ойлогон. Бирок алар түшүнүшпөдү.

26 Эртеси эки ысрайылдыктын мушташып жатканын көрүп, алардын жанына басып келди да, жараштырайын деген тилекте мындай деди: «Эй, силер боордош болуп туруп, эмне үчүн бири бириңер менен мушташып жатасыңар?»

27 Бирок алдуураагы Мусаны түртүп жиберип: «Ким сени бизге башчы же бий кылып шайлады эле?

28 Кечээ мисирликти өлтүргөнүңдөй, мени да өлтүргүң келип турабы?»— деди.

29 Бул сөздү укканда, Муса качууга аргасыз болду да, мадиандыктардын жеринде чет элдик катары жашап калды. Анын эки уулу ошол жерде төрөлдү.

30 Ал жакта кырк жыл жашагандан кийин, Синай тоосунун этегиндеги чөлдө, күйүп жаткан тикенектүү бадалдын жалынынан ага бир периште көрүндү.

31 Бул көрүнүшкө Муса абдан таң калып, жакшылап карайын деген ой менен жакындап басып келгенде, ага Эгебиздин үнү угулду. Ал мындай деди:

32 «Мен сенин ата-бабаларың: Ыбрайым, Ыскак жана Жакыптын Кудайымын». Муса болсо коркунучтан денеси калтырап, тик кароого даай албады.

33 Эгебиз ага дагы мындай деди: «Бутуңду чеч! Анткени сен турган жер — ыйык жер.

34 Мен Өз элимдин Мисирде кор болгонун көрүп, онтогонун угуп жатам. Ошондуктан аны куткарып алуу үчүн көктөн түштүм. Эми бар, Мен сени Мисирге кайра жиберем».

35 «Ким сени башчы же бий кылып шайлады эле?»деп боордоштору четке каккан Муса ушул эле. Бирок Кудай аны тикенектүү бадалдан көрүнгөн периште аркылуу башчы жана кутказуучу кылып жөнөттү.

36 Мисирде, Кызыл Деңизде жана чөлдө кырк жыл бою кереметтүү жышаандарды көрсөтүп, ысрайылдыктарды Мисирден алып чыккан киши ушул болчу.

37 Ысрайылдыктарга: «Кудай боордошторуңардын арасынан мен сыяктуу бир пайгамбарды чыгарат»,— деген Муса ушул эле.

38 Чөлдө биздин аталарыбыз менен бирге жүрүп, Синай тоосунда периштенин айткан кудуреттүү сөздөрүн кабыл алып, бизге жеткирген Муса ушул эле.

39 Бирок ага биздин аталарыбыз моюн сунгусу келбей, аны таназарына албай, эси-дартын Мисирге бурушту.

40 Ошондуктан Арунга: «Бизди жетектей турган кудайларды жасап бер! Себеби бизди Мисирден алып чыккан жанагы Муса деген кишиге эмне болгонун билбейбиз!»дешти.

41 Ошентип, алар букачардын сөлөкөтүн жасап алып, ошого курмандык чалып, колдорунан жаратылган нерсенин алдында ырдап-чордошту.

42 Кудай болсо терс бурулуп, ай-жылдыздарга табынышкан аларды ошол бойдон калтырып кетти. Бул тууралуу пайгамбарлар китебинде мындай деп жазылган: «Эй, Ысрайыл эли!"Кырк жыл бою чөл кезип,"Курмандыгың чалганда,"Малыңарды сойгондо,"Мага беле ошолор?

43 Чоң чатырын Молохтун,"Кудайыңар аталган"Райпандын жылдызын"Жүргөнсүңөр көтөрүп,"Өз колуңар жараткан"Сөлөкөткө табынып."Ошондуктан Мен дагы"Бабылдын ары жагына"Сүрүп салам силерди».

44 Кудай Мусага көрсөтүп, Анын айтканындай жасалган касиеттүү чатыр биздин аталарыбыздын колунда, чөлдө болчу.

45 Кийин Кудай Канаанда жашаган элдерди кууп жиберип, аталарыбыз Нун уулу Жашыянын жетекчилиги менен алардын жерин ээлеп алган кезде, касиеттүү чатырды бул жерге апкелишти. Дөөттүн убагына чейин чатыр алар менен болду.

46 Дөөт болсо Кудайга жаккан адам болчу. Ал «Кудай жашай турган, Анын эли сыйына турган жай таап берейин» деп, Эгебиздин Өзүнөн уруксат сурады.

47 Бирок Кудайга ийбадаткананы Сулайман курду.

48 Анткен менен Кудай Таала адам колунан жасалган ийбадатканаларда жашабайт. Бир пайгамбар айткандай, Эгебиз:

49 «Отурар тагым Менин — көк асманың,"Жериң да — бутум коёр таканчыгым."Кандай үй курасыңар силер Мага?"Эс алчу кандай жайды тургузасың?

50 Жараткан мунун баарын Мен эмеспи?»— дейт.

51 Эй, тоңмоюндар! Кудайга чын жүрөктөн табынбагандар жана Ага кулак салбагандар! Силер Ыйык Рухка дайыма каршысыңар! Ата-бабаларыңар ушундай болушкан, силер да алардан калышпайсыңар!

52 Ата-бабаларыңар куугунтуктабаган пайгамбар барбы деги? Алар Кудайдын адилеттүү Кызматчысынын келишин алдын ала айткандарды өлтүрүшкөн. Эми силер ошол Кызматчыны сатып, өлтүрдүңөр.

53 Силер, ыйык мыйзамды периштелер кызмат кылып турганда кабыл алгандар, аны сактаган жоксуңар!

54 Муну угушканда, тигилердин кыжыры кайнап, тиштерин кычыратышты.

55 Ыйык Рухка толуп турган Степан болсо асманга карап, Кудайдын улуулугун жана Анын оң жагында олтурган Ыйсаны көрдү.

56 Ошондо ал: — Мына, мен асмандын ачылганын жана Кудайдын оң кол жагында олтурган Адам Уулун көрүп турам! — деди.

57 Бирок алар кулактарын жаап алышып, жаны чыкканча кыйкырышып, Степанга жулунушту.

58 Анан шаардын сыртына алып чыгып, таш бараңга ала башташты. Күбөлөр болсо кийимдерин чечип, Шабыл деген бир жигиттин алдына коюшту.

59 Алар таш бараңга алып жатышканда, Степан: — Эгем Ыйса, жанымды кабыл эт, — деп сыйынды.

60 Анан чөк түшө калып, катуу үн менен:"— Оо, Эгем! Аларды бул күнөөсү үчүн жазалай көрбө, — деди."Ушуну айтып, Степан жан берди.

8

1 Шабыл болсо Степанды өлтүрүп жаткандарды жактап турду."Ошол күндөрү Иерусалимдеги жыйын абдан чоң куугунтукка кабылды. Элчилерден башка ишенүүчүлөр чачырап, Иудея менен Самариянын ар кайсы жерине тарап кетишти.

2 Степандын сөөгүн Кудайдан ыйбаа кылган адамдар жерге коюшуп, аны жоктоп ыйлап, катуу кайгыга батышты.

3 Ал эми Шабыл болсо үймө-үй кыдырып, эркек-аял дебей зынданга салдырып, ишенүүчүлөр жыйынын кыйнады.

4 Ошол арада ар жакка тараган Ыйсанын жолун жолдоочулар Кудайдын сөзүн жер-жерлерге таратып, Жакшы Кабарды жайып жүрүштү.

5 Филип Самариядагы бир шаарга келип, ошол жерде Машаяк жөнүндөгү Жакшы Кабарды айта баштады.

6 Филиптин жасаган кереметтерин уккан-көргөн элдин баары анын сөздөрүнө кунт коюп кулак салышты.

7 Себеп дегенде, көптөгөн адамдардан аларды байлап турган кара күчтөр ач кыйкырык менен чыгып жатышты. Шал оорулуулар менен чолоктор болсо айыгып жатты.

8 Ошондуктан Филип жүргөн шаардагы эл жыргап, кубанычка бөлөндү.

9 Ошол шаарда Ысман деген бир киши жүргөн. Ал Филип келерде өзүн бир улуу киши деп жарыялап, сыйкырчылык кылып, самариялыктардын оозун ачырып жаткан.

10 Элдин баары: «Бул кишиде Кудайдын зор кудурети бар экен», — дешип чоң-кичине дебей аны угуп жүрүшкөн.

11

12 Бирок Кудайдын Падышачылыгы жана Ыйса Машаяк тууралуу Жакшы Кабарды таратып жүргөн Филипке ишенишкен соң, эркектери да, аялдары да сууга чөмүлүштү.

13 Ысман сыйкырчынын өзү да ишенимге келди. Ал да сууга чөмүлүп, Филиптин артынан калбай ээрчип жүрдү. Болуп жаткан улуу укмуштар менен кереметтүү жышаандарды көргөн ал абдан таң калды.

14 Иерусалимде калышкан элчилер самариялыктар Кудай сөзүн кабыл алганын угушуп, аларга Петир менен Жаканды жөнөтүштү.

15 Алар келишип, самариялыктар Ыйык Рухту кабыл алышы үчүн сыйынышты.

16 Анткени Ыйык Рух али алардын бирине да түшө элек эле. Алар Эгебиз Ыйсанын гана урматына сууга чөмүлүшкөн болчу.

17 Ошондуктан элчилер колдорун алардын үстүнө коюп, батасын беришти жана алар Ыйык Рухту кабыл алышты.

18 Ысман сыйкырчы болсо элчилер кол коюп сыйынганда Ыйык Рух берилип жатканын көрүп, аларга акча алып келип мындай деди:

19 — Кол коюп сыйынган адамым Ыйык Рухту кабыл ала тургандай кылып, мага да силердикиндей кудурет бергилечи.

20 Бирок Петир ага айтты:"— Эй, сен акчаң менен жерге кир! Кудайдын бекер берген белегин акчага алмаштыргың келдиби!

21 Бул кызматка сенин эч кандай тиешең да, акың да жок, анткени Кудай алдында ниетиң бузук!

22 Андыктан бул жаман ниетиңди өзгөрт да, Эгебизден кечирим сурап сыйын!

23 Ач көздүк менен арамдыктын чеңгелинде калганыңды көрүп турам!

24 Ысман болсо мындай деп жооп кайтарды:"— Айткан сөзүңөр мага тийбесин деп, мен үчүн Эгебизге сыйынып койгула!

25 Элчилер болсо өздөрү күбө болгон Кудайдын кереметтерин айтышып, Эгебиздин сөзүн жар салышып, кайрадан Иерусалимге бет алышты. Жолду карата Самариянын көп айылдарында Жакшы Кабарды жарыялашты.

26 Ал эми Филипке болсо Эгебиздин периштеси мындай деди:"— Ордуңан тур да, түштүк тарапта жаткан ээн талаадагы, Иерусалимден Газа шаарына карай кеткен жолго чык!

27 Филип ордунан турду да, периште айткан жакка жөнөдү. Ошол кезде Иерусалимге зыярат кылганы келген эфиопиялык бир киши кайра өз жерине кайтып бараткан. Ал Эфиопия ханышасы Кандакиянын вазири, анын бардык казыналарына башчылык кылып турган киши эле.

28 Вазир өз арабасында Ышая пайгамбардын китебин окуп бараткан.

29 Ыйык Рух Филипке:"— Бар да, ушул арабага катарлаш бас, — деди.

30 Филип арабага жакын басып келип, вазирдин Ышая пайгамбардын китебинен окуп жатканын укту да, андан:"— Окуганыңызды түшүнүп жатасызбы? — деп сурады.

31 Ал:"— Түшүндүрүп бере турган адам болбосо, өзүм кайдан түшүнмөк элем? — деп жооп берди."Ал ушундай деди да, Филиптин арабага чыгып, жанына олтуруусун өтүндү.

32 Анын Ыйык Жазуудан окуп олтурган жери бул эле: «Аны койго окшотуп,"Жетелешти союуга."Жүнүн кыркып жаткандын"Бут алдында унчукпай"Жатып берген козудай,"Ал дагы үн катпады.

33 Аны кордоп, кемсинтип,"Адилетсиз соттошту."Анын укум-тукумун"Баян кылат ким эми?"Анткени жер үстүнөн"Анын жаны алынды?».

34 Вазир Филипке кайрылып:"— Сенден өтүнүч, айтып берчи: пайгамбар ким тууралуу айтып жатат? Өзү жөнүндөбү же башка бирөө жөнүндөбү? — деди.

35 Филип Ыйык Жазуунун ушул жеринен баштап, ага Ыйса жөнүндөгү Жакшы Кабарды айтып берди.

36 Жолду карата маектешип баратышкан булар сууга туш болушту. Аны көргөн вазир: — Мына, сууга да келип калдык, менин сууга чөмүлүү расмисинен өтүүмө эмне жетишпейт? — деди.

37

38 Анан экөө тең сууга киришти. Филип вазирди чөмүлдүрүү расмисинен өткөрдү.

39 Алар суудан чыгышканда, вазирге Ыйык Рух түштү, ал эми Филипти болсо Эгебиздин периштеси алып кетти. Ошондуктан ал вазирге көрүнбөй калды. Вазир кубаныч менен жолун андан ары улантты.

40 Ал эми Филип Азот шаарында пайда болуп, Кесарияга келгенче, жолду карата бардык шаарларга Жакшы Кабарды жарыялап жүрдү.

9

1 Шабыл Эгебиздин шакирттерин өлтүрөм, житирем деп коркутуп-үркүтүп, башкы динкызматчынын алдына барды.

2 Андан Ыйсанын жолуна түшкөндөрдү аял-эркегине карабай байлап, Иерусалимге алып келүүгө жиберилди деген, Дамаск шаарындагы синагогалардын жетекчилерине арналган тил кат жаздырып алды.

3 Ошентип, Шабыл Дамаск шаарына жакындап калганда, капыстан асмандан бир нур төгүлүп, айланасын жарык кылып жиберди.

4 Шабыл жерге жыгылды да, өзүнө кайрылган үндү укту. — Шабыл, Шабыл! — деди ошол үн. — Эмнеге Мени куугунтуктап жүрөсүң?!

5 Шабыл Ага:"— Оо, Кудурет, сиз кимсиз? — деди."Ошондо Эгебиз мындай деди:"— Мен сен куугунтуктап жүргөн Ыйсамын.

6 Тур да, шаарга кир. Эмне кыла тургандыгыңды сага айтып беришет.

7 Аны менен бара жаткан кишилер аң-таң болушуп, үн-сөзсүз туруп калышты. Алар үндү угушкан менен айланадан эч кимди байкашкан жок.

8 Шабыл өйдө болуп, көзүн ачканда, эч нерсени көрө албады. Ошондуктан жанындагы адамдар аны колунан жетелешип, Дамаскка алып келишти.

9 Шабыл үч күн бою эч нерсе көрө да, жей да албады.

10 Дамаскта Ыйсанын Анания аттуу шакирти жашачу. Эгебиз ага аян берип, ошондо аны:"— Анания! — деп атынан чакырды."Ал:"— Угуп жатам, Эгем! — деди.

11 Эгебиз ага мындай деди:"— Ордуңан туруп, Түз аттуу көчөгө бар да, Жүйүттүн үйүнө кирип, тарстык Шабылды сура. Ал азыр сыйынып жатат.

12 Мен ага Анания аттуу бирөөнүн келип, көзү көрүп калсын үчүн колун койгонун көргөзүп аян бердим.

13 Анания Эгебизге мындай жооп берди:"— Эгем, бул кишинин Иерусалимде Сенин ыйыктарыңа жасаган жамандыктары тууралуу көп адамдардан уккан элем.

14 Эми ал бул жерге келиптир. Колунда «Ыйсага табынгандардын баарын кармап келүүгө укуктуу» деген жогорку динкызматчылардан жаздырып алган кагазы бар экен.

15 Бирок Эгебиз ага айтты:"— Баргын! Ал Менин тандаган элчим. Менин атымды элдерге айтып, падышаларга маалым кылып, Ысрайылдын урпактарына жарыялайт.

16 Мен үчүн канча азапты башынан өткөрүүгө тийиш экендигин Өзүм ага билдиремин.

17 Анания барды да, Жүйүттүн үйүнө кирип, Шабылдын башына колун коюп, мындай деди:

18 Ошол замат Шабылдын көзүн каптаган кабырчык сыяктуу нерсе жок болуп, ал кайрадан көрүп калды. Ал ордунан туруп, чөмүлдүрүү расмисинен өттү.

19 Анан тамак жеп, кубаттанды. Ушундан соң, Шабыл Ыйсанын шакирттери менен бир нече күн Дамаскта болду.

20 Ошол жердеги синагогаларга барып, Ыйсанын Кудай Уулу экендигин айта баштады.

21 Уккандар таң калышып: — Бул киши Ыйсага ишенгендерди Иерусалимде куугунтуктап, мында да аларды кармап, жогорку динкызматчыларга алып баруу максаты менен келбеди беле? — деп жатышты.

22 Шабыл болсо уламдан-улам күчүнө келип, Дамаскта жашаган иудейлерге Ыйсанын Машаяк экендигин далилдеп, алардын айласын кетирди.

23 Бир топ убакыт өткөндө, иудейлер аны өлтүрүүнү чечишти.

24 Бирок Шабылга алардын мындай ниети билинип калды. Иудейлер аны өлтүрүү үчүн күнү-түнү шаар дарбазасынын айланасынан кетпей, аңдып жүрүштү.

25 Шакирттер болсо Шабылды себетке салып, түн ичинде шаардын сепилинен сыртка түшүрүп коюшту.

26 Шабыл Иерусалимге келип, шакирттердин катарына кошулгусу келди. Бирок алар Шабыл да Ыйсанын шакирти болуп калганына ишенишпей, андан коркушту.

27 Ошондо Барнап Шабылды элчилердин алдына ээрчитип келди да, анын Дамаскка бараткан жолдо Ыйсаны кандайча көргөнүн, Анын ага айткан сөздөрүн жана Шабыл Ал жөнүндө коркпостон жар салганын айтып берди.

28 Шабыл алар менен бирге бүткүл Иерусалимде Эгебиз Ыйсанын атын тайманбастан ачык жарыялап жүрдү.

29 Ал тургай, грек тилинде сүйлөгөндөр менен да Ыйса жөнүндө талашып-тартышты. Алар болсо аны өлтүрүүнүн амалын издешти.

30 Бул тууралуу Ыйсанын үмөттөрү билип калып, аны Кесарияга алып барып, Тарска жөнөтүп жиберишти.

31 Ошентип, бүткүл Иудея, Галилея жана Самария аймактарындагы ишенүүчүлөрдүн жыйындары тынчтыкта жана Эгебизди урматтоо менен жашап, өсүп-өнүп жатышты. Ыйык Рух колдоп, катарлары көбөйдү.

32 Өлкөнүн чар тарабын кыдырып жүргөн Петир Лидда шаарында жашаган ыйыктарга да келди.

33 Ал жерге келгенде, сегиз жылдан бери төшөктөн тура албай шал болуп ооруп жаткан Айней аттуу бир кишиге жолукту.

34 Петир ага кайрылып, мындай деди: — Айней, сени Ыйса Машаяк айыктырып жатат. Өйдө тур да, төшөнчүңдү жыйна!"Айней болсо ошол замат ордунан туруп кетти.

35 Муну Лидда менен Шарон шаарларында жашагандардын баары көрүшүп, Эгебизге дитин бурушту.

36 Жаффа шаарында Ыйсанын шакирти — Табита аттуу аял жашачу. Анын аты грекче — Дорка (мааниси — элик) эле. Ал жакшылык кылгандан талбаган, кедейлерге колу ачык адам эле.

37 Ошол күндөрү ал катуу ооруп, каза болуп калды. Анын сөөгүн жууп, кепиндеп, үстүнкү кабаттагы бөлмөгө коюп коюшту.

38 Лидда шаары Жаффага жакын жайгашкандыктан, шакирттер Петирдин Лиддада экенин угуп, ага: «Бизге тезирээк келиңиз», — деген өтүнүч менен эки киши жиберишти.

39 Петир дароо эле алар менен бирге Лиддага жөнөдү. Келери менен аны сөөк жаткан бөлмөгө алып барышты. Бөлмөгө киргенде, жесир аялдар курчап алышып, Дорка көзү тирүүсүндө тигип берген кийим-кечектерин ага көргөзүшүп, боздоп ыйлашты.

40 Петир баарын сыртка чыгарып, өзү болсо тизелеп, Кудайга сыйынды. Анан өлүккө кайрылып: — Табита, тургун! — деди."Аял көзүн ачып, Петирди көрдү да, өйдө болду.

41 Петир колунан кармап, бутуна турганга жардамдашты. Анан ыйыктар менен жесирлерди чакырып, тирилип кеткен Табитаны көргөздү.

42 Бул иш бүткүл Жаффага белгилүү болуп, көптөгөн адамдар Эгебизге ишеништи.

43 Петир бир нече күн Ысман аттуу тери ийлегичтин үйүндө жашап, Жаффада туруп калды.

10

1 Кесария шаарында Корнелий деген бир киши жашачу. Ал «Италия кошууну» деп аталган аскер бөлүмүндө жүз башы эле.

2 Бул такыбаа, бүт үй-бүлөсү менен Кудайдан ыйбаа кылган адам эле. Ал иудейлерге көп кайрым кылып, дайыма Кудайга сыйынчу.

3 Күндөрдүн биринде Корнелий күндүзгү саат үчтөрдө бир аян көрдү. Ага Кудайдын периштеси келип: — Корнелий! — деп атынан чакырды.

4 Корнелий аны көргөндө, коркконунан:"— Оо, Кудурет! Эмне болуп кетти? — деп жиберди."Периште ага мындай деди:"— Кембагалдарга кылган кайрымың менен сыйынууларыңды Кудай кабыл кылып, сени эстеди.

5 Эми Жаффага киши жиберип, Петир аталган Ысманды үйүңө чакыр.

6 Ал азыр деңиз жээгинде жашаган тери ийлегич Ысман деген кишинин үйүндө.

8

7 Корнелий менен сүйлөшкөн периште көздөн кайым болгондо, ал үй кызматчыларынан экөөсүн жана дайыма жанына алып жүрчү Кудайга табынган бир жоокерин чакырып алып, болгон окуяны толугу менен айтып берди да, аларды Жаффага жөнөттү.

9 Алар бир күндүк жолду басып өтүшүп, экинчи күнү түшкө маал шаарга жакындашты. Ушул убакта сыйынуу үчүн Петир тамдын төбөсүнө чыккан эле.

11

10 Ал ачка болуп, тамактангысы келди. Тамак даярдалып жаткан маалда эстен танып, аян көрдү. Аянда асман ачылып, төрт бурчунан байланган дасторкон сыяктуу бир нерсенин түшүп келе жатканын көрдү.

12 Анын ичинде ар кандай төрт аяктуу жаныбарлар, бака-жыландар, канаттуулар бар эле.

13 Ошондо бир үн чыкты: — Тур, Петир, буларды союп же!

14 Бирок Петир макул болбой:"— Жок, Эгем, болбойт! Мен эч качан арам нерсени оозума алган эмесмин! — деди.

15 Ошондо баягы үн экинчи ирет кайталанды:"— Кудай адалдаганды арам дебе!

16 Бул көрүнүш үч жолу кайталанды да, баягы дасторконго окшогон неме кайрадан асманга көтөрүлүп кетти.

17 Петир көргөн көзүнө ишене албай, бул эмне болуп кетти деп, деңдароо болуп турган маалда, Корнелийден келген кишилер дарбазага жакындап, Ысмандын үйүн сурап жатышыптыр.

18 Алар үнүн катуу чыгарышып: — Петир аталган Ысман ушул жерде болду бекен? — деп сурашты.

19 Петир көргөн аяны жөнүндө ойлонуп турганда, Ыйык Рух ага мындай деген эле:"— Сени үч киши издеп келди!

20 Тур да, төмөн түшүп, эч шектенбестен алар менен бирге жөнө! Анткени аларды сага Мен жибергем.

21 Петир ылдый түшүп, келген кишилерди тосуп алды. Аларга:"— Силер издеп жүргөн киши менмин. Кандай иш менен келдиңер эле? — деди.

22 Алар мындай деп жооп беришти:"— Бизди Корнелий аттуу жүз башы жиберди. Ал динчил, Кудайдан ыйбаа кылган адам. Атпай иудей элинин арасында анын кадыр-баркы чоң. Ошол кишиге Кудайдын касиеттүү периштеси көрүнүп, үйүнө сени чакырып, сөзүңдү уксун дептир.

23 Ошондо Петир аларды үйгө киргизип, коноктоду."Эртеси Петир алар менен бирге жолго чыкты. Жаффадан келген боордоштордун кээ бирлери ага кошулду.

24 Алар кийинки күнү Кесарияга келишти. Корнелий болсо өзүнүн туугандары менен жакын досторун чакырып, аларды күтүп олтурган эле.

25 Петир үйгө келгенде, Корнелий утурлай чыгып, бутуна жыгылды.

26 Петир болсо ага: — Кой, тур, мен деле адаммын, — деп өйдө тургузду.

27 Аны менен кобурашып үйгө киргенде, көп адамдар чогулуп олтурушуптур.

28 Петир аларга кайрылып мындай деди: — Билесиздерби, биздин диний мыйзамыбыз боюнча иудей адамына башка элдиктер менен байланышууга да, алар жашаган жайга барууга да болбойт. Бирок бир да адам арам эместигин Кудай мага түшүндүрдү.

29 Ошондуктан чакырылар менен шыр эле түптүз силерге келдим. Эми суроо берейин: кандай иш менен мени чакырдыңыздар эле?

30 Корнелий мындай деп жооп берди:"— Үч күн мурун мен ушул убакта, күндүзгү саат үчтөрдө үйүмдө сыйынып олтургам. Аңгыча эле бет алдымда жаркыраган кийимчен киши пайда болду да:

31 «Корнелий! Үнүң Кудайга жетип, адамдарга кылган кайрымдарың эске алынды.

32 Жаффага киши жиберип, Петир аталган Ысманды үйүңө чакыр. Ал азыр деңиз жээгинде жашаган тери ийлегич Ысмандын үйүндө», — деди.

33 Муну угарым менен дароо сизге киши жибердим. Сиз келип, жакшы иш кылдыңыз. Эми Эгебиздин сизге айткан сөзүн төкпөй-чачпай бизге айтып бериңиз. Ошол үчүн баарыбыз Кудай алдында күтүп турабыз.

34 Петир мындай деп сөзүн баштады:"— Кудайда бет карамачылык жок экен. Буга чындап көзүм жетти.

35 Кудайдан ыйбаа кылып, ак жашаган адам кандай гана улуттан болбосун Ага жагат экен.

36 Кудай Ыйса Машаяк аркылуу Өзү менен тынчтыкка чакырып, Ысрайыл элине кабар берди. Ушул Ыйса Машаяк баарынын Эгеси экен.

37 Жакыя жар салган чөмүлдүрүү расмисинен кийин Галилеядан башталып, бүткүл Иудея аймагында болуп өткөн окуяны сиздер билесиздер.

38 Кудайдын назареттик Ыйсаны Ыйык Рухка толтуруп кудуреттүү күчкө кантип эгедер кылганы сиздерге маалым. Ошондуктан Ал адамдарга жакшылык жасап, ибилистен запкы тарткандарды айыктырып жүрдү. Анткени Кудай Аны колдоп турду.

39 Бүтүндөй иудей жеринде, ошондой эле Иерусалимде Анын кылган иштерине биз да күбөбүз. Алар Аны жыгачка керип өлтүрүштү.

40 Мына ошол Ыйсаны Кудай үч күндөн кийин кайра тирилтип, адамдарга көрсөттү.

41 Бирок баарына эмес. Тек, Кудай Өзү алдын ала эл арасынан тандап алган күбөлөрүнө, Ал кайра тирилгенден кийин Аны менен чогуу бир дасторкондон жеп-ичип, бирге жүргөн бизге гана көрсөттү.

42 Ыйса болсо бизге Өзүнүн өлгөндөр менен тирүүлөрдү соттой турган Кудайдын белгилеген Соту экенин адамдарга жарыялоону жана кепилдикке өтүүнү буйруду.

43 Ыйсанын ысмынын урматы үчүн, Ага ишенген ар бир адамдын күнөөсү кечирилет деп бардык пайгамбарлар да күбөлүккө өтүшкөн.

44 Петир ушул сөзүн айтып жаткан маалда, аны угуп тургандардын баарынын үстүнө Ыйык Рух түштү.

45 Петир менен бирге келген эврей улутундагы ишенүүчүлөр Ыйык Рухтун ыроологон ырыскысы башка улуттагыларга да берилгенине таңданышты.

46 Анткени алардын бөтөн тилдерде сүйлөп, Кудайды даңазалап жатканын угушту. Ошондо Петир мындай деди:

47 — Биз сыяктуу эле, Ыйык Рухту алган адамдардын сууга чөмүлүү расмисинен өтүүсүнө ким кедерги боло алат?

48 Анан аларга Ыйса Машаяктын урматына чөмүлдүрүү расмисинен өтүүнү буюрду. Ушул окуядан соң, алар Петирден бир нече күн өзүлөрү менен бирге болуп кетүүсүн суранышты.

11

1 Иудеядагы элчилер менен боордоштор Кудайдын Жакшы Кабарын башка улуттун адамдары да кабыл алганын угушту.

2 Петир Иерусалимге кайтып келгенде, Ыйсага ишенген эврейлер ага нааразы болушуп:

3 — Сен сүннөткө отургузулбаган башка улуттагы адамдарга барып, ошолор менен бирге тамак ичипсиң, — дешти.

4 Ошондо Петир аларга болгон окуянын баарын катар-катары менен баяндап, айтып берди.

5 — Мен Жаффа шаарында сыйынып отурган элем, — деди ал. — Эс-учумду жоготуп койгон экем, ушундай абалда бир аян көрдүм. Анда чоң дасторконго окшош бир нерсе төрт бурчунан буулган боюнча асмандан келип, алдыма түштү.

6 Ичин караганымда, төрт аяктуулар, сойлоочулар жана жапайы канаттуулар бар экен.

7 Анан: «Петир, тур да, союп же!» — деген добушту уктум.

8 А мен ага: «Жок, Эгем, мен эч качан арам нерсени оозума алган эмесмин» — дедим.

9 Жанагы үн дагы чыгып: «Кудай адалдаганды арам дебегин!» — деди.

10 Бул үч жолу кайталанып, кайра көккө көтөрүлүп кетти.

11 Ошол кезде Кесариядан мага жиберилген үч киши келип, дарбазамдын жанында турган экен.

12 Ыйык Рух болсо: «Эч ойлонбостон буларга кошулуп, жолго чык!» — деди. Ошентип, бул Жаффадан келген алты боордошум да мени менен бирге барып, ошол Корнелий деген кишинин үйүнө кирдик.

13 Ал болсо, үйүндө көзүнө көрүнгөн периштенин эмне дегенин бизге айтып берди. Периште ага: «Жаффага киши жиберип, Ысман Петир деген кишини чакырт!

14 Ал сени жана сенин бүт үй-бүлөңдү куткара турган сөздү айтып берет», — дептир.

15 Мен сүйлөй баштаганда, Ыйык Рух мурда бизге түшкөндөй алардын үстүнө да түштү.

16 Ошондо Эгебиздин мындай деген сөзүн эстедим: «Жакыя адамдарды сууга чөмүлдүргөн, силер болсо Ыйык Рухка чөмүлдүрүлөсүңөр».

17 Ошондуктан Кудай Эгебиз Ыйса Машаякка ишенгенибизде бизге берген ырыскысын буларга да ыраа көрсө, анда Кудайга каршы чыккандай мен ким элем.

18 Бул сөздү угуп, алар тынчып калышты. Анан:"— Кудай башка улуттардын ниетин өзгөртүп, түбөлүк өмүрдү аларга да берет турбайбы, — деп Кудайды даңкташты.

19 Степан өлгөндөн кийин куугунтукка учурап, чачырап кеткен шакирттер Финикияга, Кипр аралына жана Сириядагы Антахия шаарына чейин жетип, Жакшы Кабарды эврейлерге гана айтып жүрүштү.

20 Бирок Антахия шаарына келген кээ бир кипрлик жана киринеялык кишилер Эгебиз Ыйса тууралуу кабарды башка улуттун адамдарына да жеткизишти.

21 Кудайдын кудурети алар аркылуу иштегендиктен көп адамдар ишенип, Эгебиздин жолуна түшүштү.

22 Бул тууралуу кабар Иерусалимдеги жыйынга жетип, алар Антахияга Барнапты жиберишти.

23 Ал келип, Кудайдын ырайымын көрүп, абдан кубанды. Эгебизге чын жүрөктөн берилип, аны менен тыгыз байланышта болууну бардык ишенгендерге насааттады.

24 Барнап Ыйык Рухка толгон, ишеними күчтүү, жакшы киши эле. Ал Эгебизге көптөгөн кишилерди ишендирди.

25 Анан Барнап Шабылды издеп Тарска кетти.

26 Аны жолуктуруп, Антахияга ээрчитип келди. Андагы жыйында экөө бир жыл болушуп, көп адамдарга насаат айтып жүрүштү. Ошентип, Антахиядагы шакирттер биринчи жолу «машаякчылар» деген атка конушту.

27 Ошол кезде Иерусалимден Антахияга бир нече пайгамбарлар келишти.

28 Алардын арасынан Агап дегени ордунан туруп, Ыйык Рух берген аян менен жакын арада бүт жер жүзүндө катуу ачарчылык болорун айтты. Бул ачарчылык кийин, Рим падышасы Клавдийдин тушунда болду.

29 Ошондо ишенгендердин ар бири колунан келишинче Иудеядагы Ыйсага ишенген боордошторуна жардам жиберүүнү чечишти.

30 Бул чечимди ишке ашырып, белектерин Барнап менен Шабыл аркылуу Иерусалимдеги жыйын жетекчилерине жөнөтүштү.

12

1 Ошол кезде Ирод падыша жыйын мүчөлөрүнүн бир нечесине жамандык кылып, аларды куугунтуктай баштады.

2 Ал Жакандын бир тууган агасы Жакыпты кылычтап өлтүрдү.

3 Бул кылганы иудейлерге жакканын көрүп, Петирди да карматты. Бул Калама майрамы болуп жаткан кез эле.

4 Ал аны карматып, зынданга олтургузду да, төрт жоокерден турган төрт топко кайтартып койду. Ал Петирди Куткарылуу майрамы бүткөндө, эл алдына алып чыгып соттойм деп ойлоду.

5 Ошентип Петир зынданда кайтарууда болуп, ал эми бул убакта ишенгендер ал үчүн Кудайга жалынып жатты.

6 Ирод элге алып чыккысы келген күндүн алдындагы түнү Петир эки жоокердин ортосунда эки жагынан чынжыр менен байлануу уктап жаткан эле. Зындандын оозун кароолчулар кайтарып турушкан.

7 Бир убакта капыстан эле Эгебиздин периштеси пайда болуп, зындандын ичи жарык болуп кетти. Периште Петирди капталга түртүп ойготуп: — Тур, тезирээк! — дегенде, анын колундагы чынжырлар шыпырылып түшүп калды.

8 Ошондо периште мындай деди:"— Белиңди байлан да, бутуңду кий."Петир айтканын кылды. Андан соң, дагы мындай деди:"— Чапаныңды кийип, артыман түш!

9 Периштенин жасап жатканы өңүмдөбү же аян көрүп жатамбы деп ойлогон Петир аны ээрчип, сыртка жөнөдү.

10 Түрмөнүн биринчи, анан экинчи бөлүгүндөгү кароолчунун жанынан өтүп, шаарга алып чыга турган темир дарбазага келишти. Дарбаза аларга өзүнөн өзү ачылып кетти. Алар зындандан сыртка чыгып, бир көчөгө келишкенде, күтүлбөгөн жерден периште көздөн кайым болду.

11 Ошондо Петир өзүнө келип: — Эгем Өзүнүн периштесин жиберип, Ироддун колунан жана иудейлердин мага каалаган жамандыгынан мени куткарды, — деди.

12 Ал эсин жыйып, Жакандын энеси Мариямдын үйүнө келди. (Жакандын дагы бир аты Марк эле.) Аныкында көп боордоштор чогулуп, сыйынып олтурушкан эле.

13 Петир үйдүн дарбазасын тыкылдатканда, үйдөн Рода аттуу малай кыз чыгып, дарбазага кулагын тосту.

14 Петирди үнүнөн тааныган соң, кубанганынан дарбазаны ачканды унутуп, үйгө жүгүрүп кирди да: — Петир дарбазанын алдында турат! — деп сүйүнчүлөдү.

15 Үйдөгүлөр ага:"— Акыл-эсиң жайындабы?! — дешти."Бирок кыз айтканынан кайтпады. Ошондо тигилер:"— Бул Петирдин периштеси! — дешти.

16 Бул арада Петир дарбазаны тыкылдатып тура берди. Дарбазаны ачышканда, Петирди көрүп, айран-таң калышты.

17 Петир болсо акырын деп колу менен белги берип, Эгебиздин кантип аны зындандан алып чыкканын айтып берди. Анан бул тууралуу Жакыпка жана башка боордошторго кабарлап койгула, деп өтүндү. Ушундан соң, үйдөн чыгып, башка жакка жөнөдү.

18 Таң атканда, зындан кайтарган жоокерлердин арасында Петирдин жоголгонуна байланыштуу чоң тополоң болду.

19 Ирод болсо Петирди издеп таба албаган соң, кароолчуларды жоопко тартып, өлтүрүүнү буюрду. Ушундан соң, ал Иудеядан чыгып, Кесарияга барды да, ал жакта туруп калды.

20 Тир менен Сидон шаарларынын элине Ироддун кыжыры келип жүргөн эле. Тигилер болсо өз ара сүйлөшүп, ага келишти да, падышанын кызматкери Биласты өзүлөрү тарапка тартышып, Иродду тынчтыкка келүүгө чакырышты. Анткени алар жашаган аймак падышага караштуу аймактан азык-түлүк алып турчу.

21 Болжошкон күнү Ирод падышалык кийимин кийип, тактысына олтурду да, алар менен сүйлөшө баштады.

22 Угуп турган эл: — Бул үн адамдыкы эмес, Кудайдыкы! — деп кыйкырып жатты.

23 Бирок Кудайга тиешелүү даңкты Кудайга бербегени үчүн аны күтүлбөгөн жерден Эгебиздин периштеси жазалады. Иродду ичиндеги курттары жеп, ал өлдү.

24 Кудайдын кабары туш-тушка тарап жатты.

25 Ал эми Барнап менен Шабыл тапшырылган милдеттерин аткарган соң, Марк аталган Жаканды алышып, Иерусалимден Сириядагы Антахияга келишти.

13

1 Антахия шаарындагы жыйында бир нече пайгамбарлар менен устаттар бар эле. Булар: Барнап, Нигер аталган Шемон, киринеялык Лукий, аким Ирод Антипас менен бирге өскөн Манайын жана Шабыл.

2 Алар орозо кармап, Эгебизге ийбадат кылып жүрүшкөндө, Ыйык Рух мындай деди: — Мен Барнап менен Шабылды атайын бир кызматка чакырып алганмын, ошондуктан аларды Мага бергиле.

3 Ошондо алар орозо тутуп, ал экөөнө бата тилеп сыйынышкан соң, Кудайдын кызматы үчүн бөлүп коюшту.

4 Ыйык Рухтун буйругу боюнча жөнөтүлгөн булар Селекияга барышып, андан ары кеме менен Кипрге кетишти.

5 Саламин шаарында болушуп, иудей синагогаларында Кудай сөзүн жар салышты. Жардамчы катарында жанына алышкан Жакан да алар менен бирге жүрдү.

6 Алар Кипр аралын баштан аяк аралап өтүшүп, Пафос деген жерге келишкенде, Барыйса деген бир иудейге кезигишти. Ал жалган пайгамбарчылык кылган сыйкырчы болчу.

7 Ал Пабыл Сергий аттуу аймак акими менен жүргөн. Аким акылдуу киши болор эле. Ал Кудайдын сөзүн угуу үчүн Шабыл менен Барнапты чакыртып, киши жиберди.

8 Бирок жанагы Элим деген сыйкырчы (тигинин аты грекче ушундай) акимдин ишенип калуусун каалабай, аларга тоскоолдук кылды.

9 Бирок Ыйык Рухка толуп турган Шабыл (дагы бир аты Пабыл) аны тике карап, мындай деди:

10 — Эй, алдамчылык менен адепсиздикке ичи толгон, бардык адилеттиктин душманы болгон ибилистин баласы! Эгебиздин түз жолун бурмалаганыңды качан коёсуң?

11 Азыр Эгебиздин кудуретин көрөсүң, көзүң көпкө көрбөй кашайып кал! Күтүлбөгөн жерден Элимдин көзү чындап эле байланып, карайлап калды да жетелей турган адам издей баштады.

12 Ошондо бул окуяны көргөн аймак акими Эгебиз жөнүндөгү таалимге таң калып, Ага ишенди.

13 Пабыл менен анын жанындагылар Пафостон кеме менен чыгышып, Памфилиянын Перге деген шаарына келишти. Ошол жерден Жакан алардан бөлүнүп, кайра Иерусалимге кайтты.

14 Пабыл менен Барнап болсо Пергени аралап өтүшүп, Писидия аймагындагы Антахияга келишти. Анан дем алыш күнү синагогага киришти.

15 Тоорат менен пайгамбарлар жазмасы окулуп бүткөн соң, синагога башчылары Пабыл менен Барнапка киши жиберишип, мындай дешти: — Боордоштор, элге айта турган насыят сөзүңөр болсо, айткыла.

16 Пабыл ордунан туруп, колу менен ишарат кылып, элди тынчтыкка чакырды да, сүйлөй баштады:"— Урматтуу агайындар! Урматтуу башка улуттук боордоштор! Кулак салып, угуп алыңыздар.

17 Ушул Ысрайыл элинин Кудайы биздин ата-бабаларыбызды Өзүнө тандап алып, Мисир жеринде келгин катары жашап жаткан кезинде аларга жөлөк болуп, өркүндөтүп өстүрдү. Өзүнүн кудуреттүү колу менен Мисирден алып чыкты.

18 Андан кийин, кырк жылга жакын чөлдө сынады.

19 Ошондон кийин Канаан жериндеги жети элди кыйратып, алардын жерин ысрайылдыктарга мурас кылып берди.

20 Ушулардын баары төрт жүз элүү жылга созулду. Андан соң, Кудай аларга Шамил пайгамбардын убагына чейин бийлерди берип, алар элди башкарды.

21 Андан кийин, алар падыша сурашканда, Кудай Бенжамин уруусундагы Киштин уулу Шабылды берди. Ал кырк жыл аларга падышачылык кылды.

22 Анан: «Менин көңүлүмө жаккан адамды таптым. Ал — Жесейдин уулу Дөөт. Ал Менин каалаганымдын баарын аткарат»— деп, Шабылды тактан алып, Дөөттү дайындады.

23 Кудай Өзүнүн убадасы боюнча мына ушул кишинин тукумунан Ысрайылдын Куткаруучусу Ыйсаны чыгарды.

24 Анын келер алдында Жакыя бүт Ысрайыл элин ниетин өзгөртүп, сууга чөмүлүү расмисинен өтүүгө чакырып, жар салды.

25 Ал өз вазийпасын аткарып бүткөндө, элге: «Силердин оюңар боюнча мен киммин? Мен силер ойлоп жатканыңар эмесмин. Менден кийин келе жатканга көңүл бургула, мен анын бут кийимин чечүүгө да татыксызмын», — деди.

26 Агайын-туугандар, Ыбрайымдын урпактары жана Кудайдан корккон пенделер! Бул куткаруучу сөз бизге айтылган болчу.

27 Иерусалимдиктер менен алардын башкаруучулары муну түшүнүшпөй, Ыйсаны соттошуп, ар дем алышта окулуучу пайгамбарлар китебинде жазылганды жүзөгө ашырышты.

28 Алар өлүмгө татыктуу бир да себеп табышпаганына карабай, Пилаттан Аны өлтүрүүсүн талап кылышты.

29 Анан, Ал тууралуу жазылгандардын баарын аткарып бүтүшкөн соң, Анын сөөгүн жыгачтан түшүрүшүп, көргө коюшту.

30 Бирок Кудай Аны өлүмдөн тирилтип алды.

31 Мындан соң, Аны Галилеядан Иерусалимге ээрчип келгендер көп күндөр бою көрүп жүрүштү. Алар азыр Аны эл алдында күбөлөндүрүп жатышат.

32 Кудай Ыйсаны өлүмдөн тирилтип, аталарыбызга берген убадасын алардын балдары — бизге аткарып бергенин силерге азыр Барнап экөөбүз сүйүнчүлөп турабыз.

33 Бул тууралуу экинчи забурда мындай деп жазылган: «Сен Уулумсуң, анткени Мен"Бүгүн Сага Ата болдум».

34 Кудай Аны өлүмдөн тирилткендиги, демек, эми эч качан чирий турган денеге айланбастыгы тууралуу мындай деген: «Мен сага Дөөткө убада кылган ыйык, ишенимдүү баталарымды берем».

35 Ошондуктан дагы бир жерде мындай дейт: «Ыйыгыңдын чирүүсүнө жол бербейсиң».

36 Дөөт өз убагында Кудайдын эркин аткарып, элине кызмат кылып бүткөндө, көз жумуп, ата-бабасы жаткан жерге коюлуп, денеси чириген.

37 Ал эми Кудай кайрадан тирилтип алган Киши болсо чириген жок.

38 Ошондуктан, силерге белгилүү болсун, агайын-туугандар, мына ушул Кишинин урматына силердин күнөөлөрүңөрдүн кечириле тургандыгы жарыяланып жатат.

39 Силер Мусанын мыйзамы аркылуу арылбаган бардык күнөөдөн эми бул Кишиге ишенген ар бир адам арылат.

40 Ошондуктан сак болгула! Пайгамбарлар айтып кеткен сөздөр силердин башыңарга келбесин.

41 Алар мындай дешкен: «Эй, Кудай сөзүн жек көрүп, шылдыңдагандар! Оозуңар ачылып, таң калып, шоруңар курусун! Мен силердин жашооңордо бирөө айтып берсе да, өзүңөр ишене албагандай бир керемет иш кылам».

42 Барнап менен Пабыл синагогадан чыгып жатканда, алардан келерки дем алышта да ушул тууралуу сүйлөп беришин суранышты.

43 Чогулуш бүткөндө, көптөгөн иудейлер жана иудей динине өтүп, Кудайга кызмат кылган улуту башка адамдар Пабыл менен Барнапты ээрчип жөнөштү. Пабыл менен Барнап болсо алар менен аңгеме куруп: «Ырайымдуу Кудайдын жолунда жүрө бергиле» деп кеңештерин беришти.

44 Кийинки дем алышта Кудай Сөзүн угуу үчүн дээрлик бүт шаар эли чогулду.

45 Бирок иудейлердин ушунчалык көп эл чогулганына ичтери тарыды. Ошондуктан Пабылдын сөзүнө каршы чыгып, ага тил тийгизишти.

46 Пабыл менен Барнап аларга тайманбастан мындай дешти: — Кудайдын сөзү биринчи силерге айтылышы керек эле, бирок силер аны четке кагып, өзүңөрдү түбөлүк өмүргө татыксыз кылып жатасыңар. Ошон үчүн, мына, эми биз башка улуттарга кайрылып, айтып жатабыз.

47 Анткени Эгебиз бизге: «Жер чегине чейин адамдардын баары күнөөлөрүнүн жазасынан кутулуу үчүн Мен Сени башка элдерге жол көрсөтүүчү нур кылып койдум»,— деп буйрук берип кеткен.

48 Бул сөздү угушкан башка улуттагылар кубанышып, Кудай сөзүн даңктап жатышты. Алардын арасындагы түбөлүк өмүр буюрган көп адамдар ишенимге келишти.

49 Ошентип, Эгебиздин сөзү өлкөнүн туш тарабына тарады.

50 Бирок иудейлер диний ырым-жырымдарды катуу кармаган шаардын атактуу аялдары менен башчыларын Пабыл менен Барнапка каршы тукурушуп, аларды куугунтукка алышты. Алар эки элчини шаардан кууп чыгышты.

51 Эки элчи болсо аларга наалат катары буттарынын чаңын күбүп, Икония тарапка кетип калышты.

52 Антахиядагы шакирттер болсо кубаныч менен Ыйык Рухка толуп, өсө беришти.

14

1 Икония шаарында Пабыл менен Барнап адаттагыдай иудей синагогасына барышты да, сөз сүйлөштү. Ошондо көптөгөн иудейлер менен иудей эместер ишенимге келишти.

2 Ал эми Кудай сөзүнө баш ийбеген иудейлер болсо башка улуттагыларды ишенгендерге каршы тукуруп, дүрбөлөңгө салышты.

3 Ошондуктан эки элчи көп убакыт бою ошол жерде болуп, Эгебиз тууралуу тайманбай ачык сүйлөшүп, Анын берекелүү сөздөрүн айтышты. Кудай болсо алар аркылуу кереметтүү жышаандарды жана укмуштарды жаратып жатты.

4 Шаар эли экиге бөлүнүп, бир тобу иудейлер тарапта болсо, бир тобу элчилер тарапта болушту.

6

5 Башка улуттун адамдары иудей башчылары менен биригип алышып, элчилерди кордоп, таш бараңга алмакчы болуп жулунганын байкаган элчилер Лукония аймагындагы Листра менен Дербе шаарларына жана алардын айланасындагы жерлерге кетип,

7 Жакшы Кабарды ошол жакта таратып жүрүштү.

8 Листрада эки буту тең шал болгон бир адам отурчу. Ал тубаса оорулуу болгондуктан, эч качан басып көрбөгөн.

9 Бу киши Пабылдын сөзүн угуп олтурган. Пабыл ага тике карады да, анын айыгып кетүүгө жете турган ишенимин көрүп:

10 — Кана, тур өйдө! — деп кыйкырды."Ошондо ал секирип туруп, басып кетти.

11 Пабылдын кылганын көргөн эл лукон тилинде: — Булар бизге адам кейпинде түшүп келген кудайлар! — деп кыйкыра башташты.

12 Алар Барнапты Зевс деп, ал эми дайыма сөздү баштап сүйлөп жүргөндүктөн Пабылды Эрмес аташты.

13 Шаардын сыртындагы грек кудайы Зевстин ийбадатканасынын динкызматчысы эл менен бирге аларга курмандык чалмакчы болуп, букалар менен гүлдөрдү шаар дарбазасына алып келди.

15

14 Элчилер — Барнап менен Пабыл муну укканда, үстүндөгү кийимдерин тытып жиберишип, элдин арасына чуркап киришти. — Эл-журт! Эмне кылганы жатасыңар? — дешти алар. — Биз деле силерге окшогон пендебиз. Силерди бул пайдасыз нерселерге табынбай, асман-жерди, деңизди жана алардын ичиндегинин баарын жараткан тирүү Кудайга ишенсин деген Жакшы Кабарды айтып жүрөбүз.

16 Өздөрү каалагандай жашаган бардык улуттарды ал мурдагы замандарда тим койду.

17 Ошондой болсо да, бизге асмандан жамгырын жаадырып, түшүм мезгилдерин берип, ырыскыбызды үзбөй, көңүлүбүздү куунак кылып, ушул жакшылыктары менен Өзүн күбөлөндүрүп келди.

18 Элчилер ушундай деп, аларды өздөрүнө курмандык чалуудан араң токтотушту.

19 Ушундан соң, Антахия менен Икониядан келген иудейлер элди өздөрү тарапка тартып алып, Пабылды таш бараңга алышты. Анан өлдү го деп ойлоп, шаардын сыртына сүйрөп чыгарып салышты.

20 Бирок айланасына шакирттер чогулганда, Пабыл ордунан турду да, кайра шаарга кирди. Эртеси күнү ал Барнап менен бирге Дербеге кетип калды.

21 Элчилер Дербеде Жакшы Кабарды таратып, көптөгөн адамдарды Ыйсанын шакирттери кылды. Андан соң Листра, Икония жана Антахияга кайтышты.

22 Кайда барбасын, ишенгендерди: «Ишенимиңерди сактап жашагыла, Кудай Падышачылыгына далай азаптарды баштан кечирип киребиз», — деп кайраттандырышты.

23 Ар бир ишенгендер жыйынына жыйын жетекчилерин дайындашып, орозо кармап сыйынышып, аларды өздөрү ишенип калган Эгебизге тапшырышты.

24 Андан кийин эки элчи Писидиядан өтүп, Памфилия аймагына келди.

25 Пергеде Кудайдын сөзүн жарыялап, Атталия шаарына түшүштү.

26 Атталиядан кемеге отуруп, Антахияга бет алышты. Антахияда алар бул иш үчүн ырайымдуу Кудайдын колуна тапшырылган эле. Алар аны да бүтүрүштү.

27 Келишкенде, ишенгендерди жыйнап, Кудай алар аркылуу эмнелерди кылганын жана башка элдерге ишенимдин эшигин кандайча ачып бергенин айтып беришти.

28 Андан кийин бир топ убакыт ошол жерде алар менен бирге болушту.

15

1 Иудеядан түшүп келген кээ бир адамдар Антахиядагы ишенгендерге: «Эгер Муса пайгамбардын мыйзамы боюнча сүннөткө олтурбасаңар, анда куткарыла албайсыңар», — деп окута башташты.

2 Пабыл менен Барнап алар менен бир далайга чейин талашып-тартышты. Акыры антахиялыктар Пабыл менен Барнапка бир нече адам кошуп, бул маселени башка элчилер менен жыйын жетекчилеринин алдында тактоо максатында аларды Иерусалимге жиберүүнү чечишти.

3 Ишенүүчүлөр жыйынынын тапшырмасы менен сапарга чыгышкан булар Финикия жана Самария аймагы аркылуу жол жүрүп, андагы ишенгендерге башка улуттагы адамдардын кандайча Кудай жолуна түшкөндөрүн айтып, абдан кубантышты.

4 Иерусалимге келгенде, ишенгендер жыйыны, элчилер жана жыйын жетекчилери аларды жылуу кабыл алышты. Пабыл жана анын жолдоштору Кудайдын алар аркылуу эмнелерди кылганын айтып беришти.

5 Бирок алардын арасындагы мурда фарисей тобуна киргендери ордунан туруп: — Башка улуттагыларды сүннөткө олтургузуп, Муса пайгамбардын мыйзамына баш ийүүнү буйруш керек! — дешти.

6 Ошондо элчилер менен жыйын жетекчилери бул маселени чечүүгө чогулушту.

7 Көптөгөн суроолордон соң, Петир ордунан туруп, мындай деди: — Агайындар! Мындан бир нече убакыт мурда башка улуттагыларга Жакшы Кабарды жеткирип, ишенимге келтирүүгө Кудай сиздердин араңыздардан мени тандаган эле. Муну сиздер жакшы билесиздер.

8 Жүрөктүн түпкүрүндөгү сырларды билген Кудай бизге берген Ыйык Рухту аларга да берүү менен аларды Өзүнө кабыл алганын көрсөттү.

9 Ыйсага ишенгендиги үчүн дилин тазалап, биз менен тең кылды.

10 Анда эмнеге сиздер Кудайды сынап, биз өзүбүз да, ата-бабаларыбыз да көтөрө албаган оор жүктү Ыйсанын шакирттерине жүктөгөнү жатасыздар?

11 Алар деле биз сыяктуу Эгебиз Ыйсанын ырайымы аркылуу ишенимге келип, куткарылышты.

12 Петирдин сөзүнөн кийин жымжырттык өкүм сүрүп, Кудайдын Барнап менен Пабыл аркылуу башка улуттардын арасында кылган кереметтүү жышаандары менен укмуштары тууралуу алардын айткандарына кулак төшөштү.

13 Алар сүйлөп бүткөндө, Жакып мындай деди: — Агайын-туугандар!

14 Ысман өз сөзүндө Кудайдын башка улуттагылардын арасынан Өз адамдарын тандап, аларга Өзүн таанытып, кылган камкордугу тууралуу айтып өттү.

15 Пайгамбарлар китебинде жазылган сөздөр да буга дал келет:

16 «""Андан кийин Мен кайтып,"Талкаланган бузулган"Падышалыгын Дөөттүн"Калыбына келтирем,"Алып урандыларын,"Тургузамын кайрадан.

18

17 Калган эл да ошондо,"Башка улуттун бардыгы"Эгебизди издешет."Анткени Мен аларды"‘Элим бол’ деп чакырдым,"Өз атыман атадым"" —"Дейт ушунун бардыгын"Ишке ашырар Эгебиз».

19 Менимче, башка улуттан Кудай жолуна түшкөндөргө орунсуз талап коюп, кабатыр кылбашыбыз керек.

20 Андан көрө кат жазып, «буркандарга арналып, курмандыкка чалынган арам оокаттан жебегиле, бузуктуктан сактангыла, арам өлгөн малдын этин жана канды жебегиле» деген насаатыбызды айталы.

21 Анткени Муса пайгамбардын мыйзамында жазылган бул эрежелер илгертен бери дем алыш сайын ар бир шаардагы синагогаларда окулуп келе жатат.

22 Ошентип элчилер, жыйын жетекчилери жана ишенүүчүлөр жыйыны арасынан бир нече адамды тандап, Пабыл менен Барнапка кошуп, Антахияга жиберүүнү туура көрүштү. Алар Барсап деп аталып кеткен Жүйүт менен Силаны тандашты. Булар жыйында кадыр-барктуу адамдар болушкан.

23 Алып бара турган каттын мазмуну төмөнкүдөй эле: «Ушул катыбызды андагы Антахия, Сирия жана Киликиядагы бардык иудей эмес боордошторубузга арнайбыз. Катты Иерусалимдеги элчилерден, жыйын жетекчилеринен жана жамы ишенген боордошторуңардан деп билгиле.

24 Угушубузга караганда, биздин арабыздан чыккан кээ бир адамдардын сөзү тынчыңарды алып, көңүлүңөрдү чөгөрүптүр. Бирок биз алардын барып, андай кылышын тапшырган эмеспиз.

25 Ошол себептен биз өз ара акылдашып, бир пикирге келдик да, арабыздан бир нече адамды тандап, аларды азиз боордошторубуз Барнап менен Пабылга кошуп, силерге жиберүүнү оң көрдүк.

26 Бул экөө Эгебиз Ыйса Машаяк үчүн жанын да аябаган адамдар.

27 Ошондой эле Жүйүт менен Силаны да жиберип жатабыз. Алар да силерге ушул жазылгандарды оозеки айтып беришет.

28 Ошондуктан Ыйык Рухка да, бизге да эң зарыл көрүнгөн төмөнкү эки-үч нерседен башканы талап кылбоону туура деп таптык:

29 буркандарга чалынган курмандыктан ооз тийбегиле, кан менен арам өлгөн малдын этин жебегиле жана бузукчулуктан денеңерди сактагыла. Ошондо жакшы иш жасаган болосуңар. Саламатта калгыла».

30 Ошентип, бу кишилер жолго чыгып, Антахияга келишти. Ишенгендердин жыйынын чогултуп, катты беришти.

31 Алар катты окуп, андагы насыят сөздөргө ыраазы болуп кубанышты.

32 Өздөрү пайгамбар болгон Жүйүт менен Сила сөз сүйлөп, боордошторго көп жакшы насааттарын айтып, көңүлдөрүн көтөрүштү.

34

33 Бир нече убакыт алар менен болгон соң, боордоштор аларды жылуу-жумшак келген жагына узатып коюшту.

35 Ал эми Пабыл менен Барнап болсо Антахияда калышты. Алар башка дагы көптөгөн ишенүүчүлөр менен бирге Эгебиздин сөзүн сүйлөп, элге жарыялашты.

36 Бир нече күн өткөндө, Пабыл Барнапка:"— Эми кайтып барып, биз мурда Эгебиздин Жакшы Кабарын айткан шаарлардагы боордошторубуздун ал-акыбалы кандай болду экен, ошону көрүп келели, — деди.

37 Барнап Марк аталган Жаканды да өзүнө кошуп алгысы келди.

38 Бирок Пабыл буга каршы болду. Анткени Марк мурда алар менен бирге Кудайдын кызматына баргысы келбей, Памфилиядан таштап кеткен эле. Ошондуктан Пабыл мындай адамды кошкусу келген жок.

39 Натыйжада, алардын арасында абдан катуу пикир келишпестик пайда болуп, Пабыл менен Барнап бири биринен бөлүнүштү. Барнап өзү менен бирге Маркты алып, Кипрге сүзүп кетти.

40 Пабыл болсо өзү тандаган Силаны жанына алып, боордоштор тарабынан ырайымдуу Эгебиздин колуна тапшырылган соң, жөнөп кетти.

41 Ал Сирия жана Киликия аймактарын аралап, андагы ишенгендер жыйындарындагы адамдардын ишенимин бекемдеди.

16

1 Пабыл Дербеден өтүп, Листрага келди. Ал жерде Ыйсанын Тиметей аттуу шакирти бар болчу. Анын энеси Ыйсага ишенген эврей, ал эми атасы болсо грек эле.

2 Тиметейди Листра менен Икониядагы боордоштор макташчу.

3 Аны Пабыл өзү менен сапарга кошуп алгысы келип, ошол жердеги иудейлерге эврей экенин билгизүү үчүн сүннөткө олтургузду. Анткени алар анын атасынын грек экенин билишчү.

4 Алар шаардан шаарга кыдырып, Иерусалимдеги элчилер менен жыйын жетекчилеринин чечимдерин сактоону айтышты.

5 Ошентип ишенүүчүлөрдүн жыйындары ишенимден кубат алып, күн сайын саны арбып жатты.

6 Ыйык Рух Асияда сөз айтууга тыюу салгандыгынан улам, алар Фригия менен Галатия аймактарын аралап, сапарын улантышты.

7 Мусия аймагынын чек арасына жакындашканда, Битинияга барууга ниеттеништи, бирок Ыйсанын Руху уруксат бербеди.

8 Ошондуктан Мусияны аралап өтүп, Троаска түшүп келишти.

9 Ошол жерден түн ичинде Пабыл аян көрдү. Анда бир македониялык киши: «Македонияга өтүп келип, бизге жардам берегөр!» — деп Пабылга жалбарды.

10 Пабыл көргөн аяндан кийин Кудай бизди Македонияга Жакшы Кабар таратууга чакырып жатат деген жыйынтыкка келип, дароо эле ошол жакка бет алдык.

11 Троас шаарынан кемеге түшүп, биз түптүз Сематирек тарапка багыт алдык да, эртеси күнү Неапол шаарына жеттик.

12 Андан Филипияга жөнөдүк. Филипия — Македония аймагына киргендеги биринчи шаар жана Рим империясынын колониясы. Бул шаарда биз бир нече күн туруп калдык.

13 Биз дем алыш күнү шаардын сыртында иудейлер сыйына турган жер бар болуш керек деп ойлоп, дарыянын жээгине бардык. Олтуруп алып, ал жерге келген бир нече аял менен сүйлөшө баштадык.

14 Алардын арасында Тиатира шаарынан келген, Кудайга ишенген Лидия аттуу бир аял бар эле. Ал кооз кырмызы кездеме сатчу. Эгебиз анын жүрөгүн жибитип, Пабылдын айткандарына назар салдырды.

15 Ал үй ичи менен бирге сууга чөмүлдүрүү расмисинен өткөн соң, бизди конокко чакырды. «Эгер мени Эгебизге ишенди деп эсептесеңер, анда үйүмө кирип мейман болуп кеткиле», — деп өтүнүп атып, бизди калууга көндүрдү.

16 Бир күнү сыйына турган жайга баратканыбызда, алдыбыздан көзү ачык бир кыз тосуп чыкты. Бул малай кыз көзү ачыктыгы менен кожоюндарына көп киреше түшүрчү экен.

17 Ал биздин аркабыздан калбай: — Булар Кудай Тааланын кызматчылары, силерге күнөөдөн кутулуу жолун көргөзөт! — деп кыйкырып, ээрчип алды.

18 Ал мунусун көп күндөр бою кайталай берди. Ошондо Пабылдын ачуусу келип, кызды кыйкырткан жинге кайрылып:"— Ыйса Машаяктын атынан буйрук кылам: бул кыздан чык! — деди."Жин ошол замат андан чыгып кетти.

19 Кыздын кожоюндары пайдасынан кол жууганын көрүшкөндө, Пабыл менен Силаны кармап алып, борбордук аянттагы башкаруучулардын алдына сүйрөп келишти да,

20 аларга: — Бул эврейлер шаарыбыздын элин дүрбөлөңгө салып жүрүшөт.

21 Булар үгүттөп жүргөн нерселер биздин, римдиктердин салтына туура келбейт. Аларды бизге кабыл алууга да, аткарууга да болбойт! — дешти.

22 Топтолгондор Пабыл менен Силага атырылганда, башчылар алардын кийимдерин тыттырып туруп, сабоого буйрук беришти.

23 Абдан катуу сабашкан соң, зынданга таштап салышты да, сакчыга жакшылап кайтарууну буйрушту.

24 Сакчы аларды түрмөнүн эң төркү бөлүгүнө алып кирип, буттарын кишендеп койду.

25 Түн ортосу ченде Пабыл менен Сила сыйынып, Кудайды даңктап ырдай башташты. Түрмөдөгүлөр болсо аларга кулак салышты.

26 Бир убакта жер абдан катуу титиреп, түрмөнүн пайдубалы термеле түштү. Ошондо бардык эшиктер ачылып, бүт байлоолору чечилип кетти.

28

27 Сакчы ойгонуп кетип, эшиктердин ачылып калганын көрдү. Ал түрмөдөгүлөр качып кетишиптир деп ойлоду да, канжарын сууруп алып, өзүн өлтүргөнү жатканда, Пабыл ага: — Эй, токто! Биз мындабыз! — деп кыйкырып жиберди.

29 Сакчы коркконунан калтырап-титиреп, Пабыл менен Силанын алдына жыгылды. Анан от сурап алып,

30 аларды сыртка ээрчитип чыкты да, мындай деди: — Мырзалар, эмне кылсам куткарылам?

31 — Эгебиз Ыйсага ишен, ошондо өзүң жана үйүңдөгүлөрдүн баары куткарыласыңар, — деп жооп беришти алар.

32 Анан ага жана анын үй-бүлөсүнө Эгебиздин сөзүн айтып беришти.

33 Сакчы түн болгонунуна карабай, Пабыл менен Силанын жараларын жууп берди да, дароо бүт үй-бүлөсү менен бирге сууга чөмүлдүрүлдү.

34 Анан үйүнө киргизип, дасторкон жайды. Сакчынын үйүндөгүлөрүнүн баары Кудайга ишенип, чоң кубанычка бөлөнүштү.

35 Таң атканда, шаар башчылары: «Алиги кишилерди бошоткула!» — деп кароол башчыларынан айттырып жиберишиптир.

36 Сакчы бул буйрукту Пабылга жеткизди. — Шаар башчылары киши жиберип, силерди боштондукка чыгарышсын дешиптир, — деди ал. — Ошондуктан силер тынч эле кете берсеңер болот.

37 Бирок Пабыл аларга мындай жооп берди:"— Бизди, Рим атуулдарын, сурак-соту жок, эл алдында уруп-сабап туруп, зынданга салышты. Эми акырын гана чыгарып коюшат бекен? Жок, өздөрү биздин алдыбызга келип, бошотушсун.

38 Кароол башчылары бул сөздөрдү кайрадан шаар башчыларына жеткиришти. Пабыл менен Силанын Рим атуулдары экенин укканда, алар коркуп кетишти да,

39 келип кечирим сурашты. Анан сыртка чыгарып, шаардан кетип калгыла деп өтүнүштү.

40 Пабыл менен Сила түрмөдөн чыгып, Лидияныкына барышты. Ал жерден боордоштор менен көрүшүп, алардын көңүлүн көтөрүп, анан сапарын улашты.

17

1 Пабылдар Амфиполис жана Аполониядан өтүшүп, Тесалоникага келишти. Анда иудейлердин синагогасы бар эле.

3

2 Пабыл адатынча үч дем алыш катары менен синагогага келип, аларга Машаяктын курман болуп, анан кайрадан тирилүүгө тийиш экендиги тууралуу Ыйык Жазуулардагы ишенимдүү далилдердин маанисин ачып, түшүндүрүп берди. «Мен ушунда жазылган Ыйсаны силерге айтып берип жатам», — деди ал.

4 Бир топ адам ишенимге келип, Пабыл менен Силанын айтканын кабыл алышты. Алардын арасында Кудайга табынган иудей эместер жана шаардын атактуу аялдары бар эле.

5 Бирок иудейлер көрө албастык кылып, базардагы бейбаштардын бир нечесин топтоп, шаарды дүрбөтүштү. Алар Жасондун үйүнө жулунган бойдон жетип келип, андан Пабыл менен Силаны топураган элдин алдына чыгарууну талап кылышты.

6 Бирок аларды таппай, Жасонду шаар башчыларынын алдына жулкулдатып, сүйрөп келишти. Алар: «Элди бөлүп-жарган булар биз жакка да жетип келишиптир.

7 А мына бул Жасон болсо, аларды үйүнө киргизиптир. ""Ыйса деген башка дагы бир падыша бар!"" дешип, Рим падышасынын бийлигине каршы чыгып жатышат!» — деп бакырышты.

8 Муну укканда, жыйылган эл менен шаар башчыларынын тынчы кетти.

9 Анан Жасон менен анын жанындагылардан акча алып, үйлөрүнө коё беришти.

10 Ошол эле түнү Пабыл менен Силаны ишенүүчүлөр тезинен Береяга жөнөтүштү. Пабыл менен Сила Береяга жетери менен иудей синагогасына барышты.

11 Бул жердиктер Тесалоникадагыларга караганда бир топ акыл-эстүүрөөк экен. Алар Кудайдын кабарын чын ыкласы менен кабыл алып, ырас эле ушундай бекен дешип, Ыйык Жазууларды күндө ынтызарлык менен карап, териштирип окушту.

12 Ошондуктан алардын көбү ишенимге келишти. Арасында башка улуттагы аттуу-баштуу аял-эркектер да бир топ болчу.

13 Пабыл Береяда да Кудай сөзүн жарыялап жүрөт деп уккан Тесалоникадагы иудейлер ал жакка жетип келип, элди дүрбөлөңгө салышты.

14 Ошондо ишенгендер Пабылды болушунча деңиз тарапка, алыс кетип калууга көндүрүштү. Сила менен Тиметей болсо, ал жакта калды.

15 Пабылды коштогондор аны Афинге чейин узатып барышты. Пабылдан: «Сила менен Тиметей тезирээк мага келип калышсын!» деген тапшырманы алышкан соң, кайра жолго чыгышты.

16 Пабыл Афинде Сила менен Тиметейди күтүп жүрүп, шаардын жасалма буркандарга толуп кеткенин көрүп, ичинен аябай ачууланып, капа болду.

17 Ошондуктан ал синагогада иудейлерге, Кудайга табынган башка улуттун адамдарына, ошондой эле борбордук аянтта аны уккусу келгендерге күн сайын Кудайдын кабарын айтып жүрдү.

18 Ошондо эпикурей жана стоик философиясын жактаган мугалимдер аны менен талаша кетишти. Айрымдары: «Мына бу ""булбул"" эмне деп сайрап жатат?» — дешсе, айрымдары: «Бул биз билбеген кудайга үгүттөп жүрөт окшойт!» — дешти. Анткени Пабыл Ыйса жана Анын кайра тирилүүсү тууралуу айтып жүргөн.

19 Анан Пабылды Ареопаг аянтына алып келишти да: — Бу сен таратып жүргөн жаңы окуу жөнүндө билсек болобу?

20 Мурда такыр кулагыбыз укпаган кызык кепти сенден угуп жатабыз го? Ошонун маанисин түшүндүрүп берчи! — дешти.

21 Афиндиктер менен ошол шаарда жашаган чет элдиктер жаңы ойлорду айткандан же уккандан башка эч нерсе кылышчу эмес.

22 Ошондо Пабыл Ареопаг аянтында көпчүлүктүн алдына чыгып, мындай деп сөз сүйлөдү: — Кымбаттуу афиндик агайындар! Сиздердин абдан динчил экениңиздерди байкадым.

23 Силер табынган жайларды аралап жүрүп, «Белгисиз Кудайга» деген жазуусу бар курмандык жайды көрдүм. Мына ошол өзүңөр билбей туруп, табынып жүргөн Кудайды мен азыр силерге айтып берейин.

24 Кудай ааламды жана андагынын баарын жаратып, асман-жердин ээси болуп туруп, адам баласынын колунан жаралган ийбадатканаларда жашабайт.

25 Адам баласынын колунан келчү кызматтарга да муктаж эмес. Тескерисинче, баарына өмүр, дем берип, муктаждыктарын канааттандырып турган ошол.

26 Бүткүл жер жүзүнө таралсын деп, бир адамдан бардык улуттарды чыгарган. Алардын өмүр сүрүү мөөнөттөрү менен жашай турган жерлеринин чегин алдыртан аныктап койгон.

27 Адамдар Аны издешсин, сезишсин деп ушундай кылган. А бирок, чынында, Кудай биздин эч кимибизден алыс эмес.

28 Биз Анын кучагында жашап, Анын ичинде кыймылдап, тиричилигибизди кылып, Анын жүрөк толтосунда турабыз. Силердин айрым акыныңар айткандай: «биз да анын тукумубуз».

29 Демек, биз Кудайдын тукуму болуп туруп, Кудайдын табиятын алтын-күмүшкө, ташка теңеп, Аны пенденин акылы менен өнөрүнөн жаралган нерсеге окшош деп ойлобошубуз керек.

30 Кудайды тааныбастыктын, караңгылыктын дооруна көз жумуп, Кудай азыр бардык жерде, бардык адамдарга: «Ниетиңерди өзгөрткүлө!» — деп жарыялап жатат.

31 Анткени Ал Өзү дайындаган бир Адамынын колу менен бүт адамзатка адилет сот жүргүзө турган күндү белгилеп койгон. Бүткүл адамзаттын алдында мунун далили катары ошол Адамды өлүмдөн тирилтти.

32 Өлүмдөн тирилүү тууралуу укканда, кээси мыйыгынан күлсө, кээси «мунуңду кийин дагы угабыз» дешти.

33 Ошондо Пабыл алардан кетип калды.

34 Бирок бир нече киши анын айтканына кошулуп, ишенимге келишти. Ишенгендердин арасында Ареопагдын мүчөсү — Дионис, Дамар деген аял жана башкалар бар эле.

18

1 Ушундан соң, Пабыл Афинден чыгып, Корунтка келди.

2 Корунттан Акила деген бир эврейге кезикти. Ал өзү Рим империясына караштуу Понт деген шаарда төрөлгөн киши болчу, бирок падыша Клавдийдин: «эврейлердин баары Римден кетишсин!» деген буйругунан улам жакында эле Италиядан аялы Прискила экөө көчүп келишкен эле.

3 Пабыл аларды көргөнү барып, кесиптеш болгондуктан, ал экөө менен бирге чатыр жасап, чогуу туруп калды.

4 Анан ар дем алыш сайын синагогага барып, эврейлерди да, башка улуттагыларды да ишендирүүгө аракет кылды.

5 Македониядан Сила менен Тиметей келгенде, Пабыл бардык убакытын Жакшы Кабар таратууга арнап, иудейлерге Ыйсанын Машаяк экенин далилдеп жүрдү.

6 Качан гана алар каршы чыгып, тил тийгизгенде, чапанынын чаңын кагып: — Өз убалыңар өзүңөргө, мен силер үчүн жооп бербейм! Эми мен башка улуттагыларга барам! — деди.

7 Ошентип, алардан кетип, Ыйсанын Титий Жуст деген эврей эмес шакиртинин үйүндө жашап калды. Анын үйү синагоганын жанында эле.

8 Синагога башчысы Крисп бүт үй-бүлөсү менен Эгебиз Ыйсанын жолуна түштү. Ошондой эле Корунтта жашаган дагы көптөгөн адамдар Жакшы Кабарды эшитип, ишенимге келишип, сууга чөмүлүштү.

9 Бир түнү Пабыл аян көрдү. Эгебиз ага: «Коркпо, Пабыл, сүйлөй бер, эч токтобо.

10 Мен сени менен бирге болом. Эч ким сага зыян кыла албайт, себеби бул шаарда Менин адамдарым көп», — деди.

11 Ошондуктан Пабыл Кудай сөзүн окутуп, бир жарым жылдай ошол жерде жашап калды.

12 Ахая аймагына Галион губернатор болуп турган кезде, иудейлер чогулуп алып, Пабылды кармап, сот мекемесине сүйрөп алып келишти.

13 — Бул адам биздин касиеттүү диний мыйзамыбызга туура келбеген жол менен Кудайга табынууну үгүттөп жүрөт, — дешти алар.

14 Пабыл эми сүйлөйүн дегенде, Галион иудейлерге:"— Эгер бул киши бир кылмыш кылды же тартип бузду десеңер, арызыңарга көңүл бурмакмын.

15 Бирок биерде кайсы бир мага тааныш эмес сөздөр, ысымдар жана өзүңөрдүн мыйзамыңар жөнүндө кеп болуп жаткан соң, аны өзүңөр талдап чыккыла. Мен мындай маселени карагым келбейт, — деди.

16 Ушундай деп, аларды мекемеден айдап чыкты.

17 Анан баары синагога башчысы Состенди кармап алып, мекеменин так астында ура кетишти. Галион болсо билмексенге салып, аларды карап да койгон жок.

18 Пабыл Корунтта бир топ убакыт турган соң, ал жердеги боордоштор менен коштошуп, Прискила менен Акиланын коштоосунда Сирия тарапка кеме менен жөнөп кетти. Кудайга берген назир антын сактап, Кеңхреяда чачын алдырды.

19 Эфеске келишкенде, Пабыл Прискила менен Акиладан бөлүндү да, синагогага барып, иудейлер менен чындыкты талашты.

20 Алар Пабылдын көбүрөөк убакытка калуусун суранышты, бирок ал:

21 «Кудайдын эрки болсо, дагы келермин», — деп көнбөдү. Анан Эфестен кемеге отуруп, жөнөп кетти.

22 Кесарияга жеткенде, жыйынга барып, боордоштор менен учурашкан соң, Антахияга жөнөдү.

23 Антахияда бир нече убакыт туруп, анан Галатия жана Фригия аймактарын аралап, Ыйсанын шакирттеринин ишенимин чыңап жүрдү.

24 Аңгыча александриялык Апол деген бир иудей Эфеске келип калды. Ал Ыйык Жазууларды мыкты билген, өзү билимдүү киши болор эле.

25 Эгебиз жөнүндөгү окуудан сабак алган бул киши Жакыянын чөмүлдүрүүсүн гана билсе да, Ыйса жөнүндө өз көзү менен көргөндөй күйүп-бышып айтып жүрдү.

26 Апол синагогада тайманбай ачык сүйлөй баштады. Прискила менен Акила анын сөзүн угушкан соң, конокко чакырышып, Кудайдын жолун тагыраак түшүндүрүп беришти.

27 Анан, Ахаяга кетейин дегенде, эфестик боордоштор ага кол кабыш кылып, ахаялык Ыйсага ишенгендерге Аполду кабыл алгыла деген кат жазышты. Аполдун Ахаяга келгени, андагы Кудайдын ырайымы менен ишенгендер үчүн зор жардам болду.

28 Анткени ал Ыйык Жазуулардан Ыйсанын Машаяк экенин далилдеп, эл алдындагы айтыштарда иудейлердин жаңылыштыктарынын бетин ачты.

19

1 Апол Корунтта жүргөн убакта, Пабыл тоолуу аймактарды аралап өтүп, Эфеске келди. Ал жерден Ыйсага ишенгендердин бир нечесине жолугуп,

2 алардан: — Силер Ыйсанын жолуна түшкөндө, Ыйык Рухту кабыл алдыңар беле? — деп сурады."Алар:"— Жок, биз Ыйык Рух бар экенин уккан да эмеспиз, — деп жооп беришти.

3 — Анда кандай ишеним менен сууга чөмүлдүрүү расмисинен өттүңөр эле? — деди Пабыл."Алар:"— Жакыянын айтканы боюнча ишенип, — дешти.

4 Ошондо Пабыл аларга мындай деди:"— Ооба, Жакыя адамдарды ниеттерин өзгөртүүгө чакырып, сууга чөмүлдүргөн. Бирок ал: «менден кийин келе жатканга ишенишиңер керек» деген. Кийин келе жаткан Ыйса болчу.

5 Алар муну укканда, Эгебиз Ыйсага ишенип, анын атынан сууга чөмүлдүрүлүштү.

6 Анан Пабыл сыйынып, колун тийгизгенде, аларга Ыйык Рух түштү. Алар бөтөн бир тилдерде сүйлөп, пайгамбарчылык кыла башташты.

7 Алардын жалпы саны он эки кишиге жакын эле.

8 Пабыл үч ай бою синагогага тынбай барып, анда Кудай Падышачылыгы тууралуу сөз сүйлөп, ишенимдүү далилдерди келтирип, Кудайдын сөзүн тайманбай ачык айтып жүрдү.

9 Бирок кээ бир адамдар бой көтөрүп, кабыл алгысы келбеди. Алар көпчүлүк алдында Кудай жолуна каршы чыгып, тил тийгизишти. Ошондуктан Пабыл алардын арасынан Ыйсага ишенгендерди бөлүп алып, аларга күн сайын Туран деген мектепте сабак өттү.

10 Эки жылдан ашык убакыт бою Пабыл ушундай кылды. Асияда жашаган иудейлер менен башка улуттагылардын баарына Эгебиздин сөзү жетти.

11 Кудай Пабылдын колу менен кудуреттүү, өзгөчө укмуш иштерди кылып жатты.

12 Ал тургай жоолугу менен белине байланган алжапкычтарын оорулууларга тийгизгенде, алар айыгып, кара күчтөрдөн арылып жатышты.

13 Ошол жерде эл аралап, кара күчтөрдү кубалап жүргөн бир нече иудей бар эле. Алар да Эгебиз Ыйсанын атынан кара күчтөрдү кубалаганга аракет кылышып, «Пабыл жарыялап жүргөн Ыйсанын атынан буйрук берем, бул кишиден чыгып кеткиле!» — деп көрүштү.

14 Алардын арасында Скеба аттуу бир башкы динкызматчы иудейдин жети уулу да бар эле.

15 Бир күнү кара күч аларга: «Ыйсаны билем, Пабылды тааныйм, а силер кимсиңер?» — деди.

16 Ичинде кара күчү бар адам ушундай деп, алардын үстүнө секирип минип, сабап кирди. Ошондо алар үйдөн жыпжылаңач, жарадар абалда качып чыгышты.

17 Бул окуя Эфесте жашаган бардык иудейлерге жана иудей эместерге белгилүү болуп, баарынын жүрөгүнүн үшүн алды. Ал эми Эгебиздин зоболосу болсо дагы көтөрүлдү.

18 Ишенимге келгендердин көбү күнөөлөрүн ачык айтып моюндарына алып жатышты.

19 Бир топ киши бал китептерин алып келип, элдин көзүнчө отко ыргытышты. Өрттөлгөн китептердин баасын эсептешкенде, элүү миң күмүш теңге болду.

20 Ошентип, Эгебиздин кудурети менен Анын кабары кеңири тарап, күчүнө кирип жатты.

21 Ушул окуялардан соң, Пабыл көңүлүндө Македония менен Ахая аймактарынан өтүп, Иерусалимге барууну көздөдү. «Ал жакта бир аз болгон соң, Римге да барышым керек», — деп ниет кылды.

22 Жанындагы эки шеригин: Тиметей менен Эрастты Македонияга жиберип, өзү Асия аймагында калып калды.

23 Ошол кезде Эфесте Эгебиз Ыйсанын жолуна каршы бир топ олуттуу козголоң чыгып кетти.

24 Аял кудай Артемиданын ийбадатканасынын күмүш айкелдерин жасаган Деметир деген бир уста бар эле. Бул иши менен ал көп жумушчуларга пайда келтирчү.

25 Ошол жумушчуларды жана башка ушундай иш менен алек болгон адамдарды топтоп алып, ал мындай деди: — Жигиттер, бул соодадан бизге кандай пайда түшүп жатканы силерге маалым.

26 Бирок алиги Пабыл деген неменин эмне кылып жатканын айтпаса деле өзүңөр көрүп-билип турасыңар. Ал: «адам колунан чыккан нерселер кудайлар эмес!» деп элдин баарын айнытып жатат. Бул сөзүн Эфеске гана эмес, дээрлик бүткүл Асияга жайып жибериптир.

27 Бул биздин ишибизди жаман атка калуу коркунучуна гана дуушар кылбастан, аял кудай Артемиданын ийбадатканасынын беделин түшүрүп, бүткүл Асия, ал тургай бүт дүйнө жүзү табынган улуу аял кудайдын өзүнүн да кадырын кетирет.

28 Муну укканда, тигилер катуу ачууланып:"— Эфестик улуу Артемидага даңк! — деп, кайра-кайра бакырып жатышты."Шаар ичи бир паста астын-үстүн болуп кетти. Алар Пабыл менен бирге жүргөн эки македониялыкты:

29 Гай менен Аристархты кармап алып, стадионго сүйрөп жөнөштү.

30 Пабыл ээликкен элдин алдына чыгып, сөз сүйлөмөкчү болду эле, бирок ишенгендер жол беришкен жок.

31 Ал тургай, Пабылдын достору болгон Асия аймагындагы чоң кызматтагы адамдар да «стадионго барба» деген өтүнүч менен ага киши жиберишти.

32 Бул арада тополоңдун арасынан бири мындай десе, экинчиси тигиндей деп бакырып, ызы-чуу болуп жатышты. Көпчүлүгү эмнеге чогулганын өздөрү да түшүнүшкөн жок.

33 Эл арасынан кимдир бирөөлөр буга Искендер деген киши жооптуу дешкенде, иудейлер аны алга түртүп чыгарышты. Искендер алдыга чыгып, колу менен ишарат кылып, өзүн актап сөз сүйлөмөкчү болду.

34 Бирок анын иудей экенин билишкенде, топураган эл бир добуштан: «Жашасын эфестик улуу Артемида!» — деп эки саат бою кыйкырып турду.

35 Ошондо шаар акимиатынын кызматчысы элди тынчтандырып, мындай деди: — Кымбаттуу эфестиктер! Улуу Артемиданын ийбадатканасы үчүн кам көргөн Эфес шаарын жана андагы көктөн түшкөн касиеттүү айкелди ким билбейт?

36 Бул чындыкты эч ким жокко чыгара албайт. Ошондуктан сабыр кылгыла, шашылып эч иш кылбагыла.

37 Силер бу кишилерди мында алып келипсиңер. Бирок алар ийбадатканаңардын да эч нерсесин уурдашпаптыр, аял кудайыңарга да тил тийгизишпептир.

38 Эгер Деметир менен анын кесиптештеринин кимдир бирөөгө нааразылыгы болсо, сот мекемелеринин эшиги ачык. Арыз-муңун ошондо иштеген чоңдорго айтып, чечишсин.

39 Ал эми силердин мындан башка талабыңар бар болсо, ал мыйзамдуу чогулушта чечилет.

40 Ансыз деле бүгүнкү окуянын айынан жогору жактагы чоңдор бизди шаарыңарда козголоң болуптур деп бизди айыпка жыгышы мүмкүн. Башыбызда ушундай коркунуч турат. Бүгүнкү тополоң үчүн жооп берип, өзүбүздү актай турган эч шылтообуз да жок."Шаар мекемесинин кызматкери ушундай сөз сүйлөп, чогулгандарды таратып жиберди.

20

1 Тополоң токтогон соң, Пабыл ишенгендерди чогултуп, аларга насаатын айтты да Македония тарапка жөнөп кетти.

2 Анан ошол тараптагы аймактарды аралап, ишенгендерге көптөгөн насааттарын айткандан кийин Грецияга келди.

3 Грецияда үч айдай болгон соң, кеме менен Сирияга сүзүп кетүүгө ниеттенип турганда, иудейлердин өлтүрөбүз деген оюн билип калды. Ошондуктан кайра артка Македония аркылуу кетүүнү чечти.

4 Аны береялык Пирдин уулу Сопатыр, тесалоникалык Аристарх менен Секунт, дербелик Гай менен Тиметей, асиялык Тихик менен Трофим узатып барышты.

5 Алар бизден мурда Троас шаарына барып, бизди ошол жерден күтүп турушту.

6 Биз Калама майрамы бүткөндө, Филипиядан сүзүп чыктык да, беш күндөн кийин Троаска келип, аларга кошулдук. Троаста жети күн турдук.

7 Жуманын биринчи күнү Эгебизди эскерүү кечесин өткөрүү үчүн чогулдук. Кечеде Пабыл элге таалим берди. Эртеси күнү жөнөп кете тургандыктан түн жарымына чейин сүйлөдү.

8 Биз үч кабат үйдүн көптөгөн шамдар менен жарык кылынган үстүнкү кабатындагы залына чогулган элек.

9 Эйтик деген бир тестиер бала терезенин текчесине чыгып алып, угуп олтурган. Пабылдын таалими узакка созулгандыктан, анын көзү илинип кетиптир. Бир убакта катуу уйку басып, текчеден кулап түштү. Башын көтөрүшсө, өлүп калыптыр.

10 Пабыл төмөн түшүп, баланын үстүнө жатып, бек кучактады да: «Кабатыр болбогула, бала тирүү!» — деди.

11 Анан кайра экинчи кабатка чыгып, чогулгандар менен бирге тамактанды. Алар менен көпкө чейин, таң сүргөнчө маектешип отурган соң, жолго чыкты.

12 Ошол арада баягы баланы тургузуп, үйүнө аман-эсен жетелеп кетишти. Муну көрүп, алардын көңүлдөрү көтөрүлө түштү.

13 Пабыл Троастан Аска жөө бармакчы болду. Ошол себептен биз алдыга кетип, аны Астан тосуп алалы деп, кемеге отурдук. Муну Пабыл өзү ушундай ойлонуштурган болчу.

14 Ошентип, аны менен Астан кезиктик да, чогуу Митилен шаарына сүзүп келдик.

15 Кийинки күнү андан кемеге олтуруп, Хиёс аралынын тушуна жеттик. Үчүнчү күнү Самос аралын жандап өтүп, төртүнчү күн дегенде, Милет шаарына келдик.

16 Пабыл Асияда убактысын коротпоюн деп, Эфеске тийбей өтүп кетти. Анткени ал Түшүм майрамын мүмкүн болсо, Иерусалимде тосоюн деп, шашып жаткан эле.

17 Пабыл Милеттен Эфеске киши жиберип, жыйын жетекчилерин чакыртып

18 алып, аларга мындай деди: — Мен Асия жерине кадам шилтеген биринчи күнүмдөн тартып, ушул убакка чейин силер менен кандай жашаганымды өзүңөр билесиңер.

19 Иудейлердин арам ойлуу максаттарынан улам көп азаптарга чыдап, көз жашым төгүп, Эгебизге толук моюн сунуу менен кызмат кылдым.

20 Пайдалуу нерселерден эч нерсени айтпай калбайын деп, көпчүлүктүн алдында да, үймө-үй кыдырып да айтып, силерге таалим берип жүрдүм.

21 Кудай алдында ниеттерин өзгөртүп, Эгебиз Ыйсага ишенүүнү эврейлерге да, башка улуттагыларга да тартынбай жарыяладым.

22 Эми, мына, Ыйык Рухка жетеленип, Иерусалимге баратам. Мени анда эмне күтүп турганын билбейм.

23 Билгеним — кайсы шаарга барбайын, кишен менен азап башымда. Муну Ыйык Рух мага аян кылууда.

24 Бирок көздөгөн максатыма жетейин, Кудайдын ырайым тууралуу Жакшы Кабарын тартынбай айт деген Эгебиз Ыйсадан алган кызматымдын аягына чыгайын дегенде, жанымды да аябайм.

25 Дагы бир нерсе мага маалым: силердин араңарда Кудайдын Падышачылыгын жарыялап жүргөн мени мындан ары көрбөйсүңөр.

26 Ошондуктан бүгүн силерге эскертип кетейин: мен бир да адамдын түбөлүк өмүрдөн айрылып калганы үчүн жооптуу эмесмин.

27 Анткени Кудайдын ой-максаттарынан кымындай да калтырбастан силерге баарын айтып бердим.

28 Өзүңөрдү карагыла жана Ыйык Рух силерге аманат кылган Кудайдын оторуна көз салгыла. Кудай Өз Уулунун канын төгүп, ошонун баасы менен тапкан жыйын үчүн кам көргүлө.

29 Мен кеткенден кийин оторду аябаган канкор карышкырлар араңарга сүңгүп кирерин билем.

30 Тескери сүйлөп, Ыйсанын шакирттерин ак жолдон айныткандар өз араңардан да чыгат.

31 Ошондуктан сак болгула. Күн-түн дебей, ар бириңер үчүн көз жашымды төгүп, окутканымды эстен чыгарбагыла.

32 Эми, боордошторум, мен силерди Кудайдын колуна жана Анын ырайымдуу сөзүнө тапшырам. Ал сөз ишенимиңерди бекемдеп, Кудай Өз адамдарынын баарына насип кылган ак баталуу мурастарын силерге да бере алат.

33 Мен эч кимдин акчасына, кымбат баалуу кийимине суктанып, көз артпадым.

34 Тескерисинче, өзүмдүн, ошондой эле жолдошторумдун муктаждыктары үчүн мына бул колдорум менен мээнет кылдым. Муну силер өзүңөр деле жакшы билесиңер.

35 Ушундай эмгек кылып, алсыздарга кандай кол кабыш кылышыңар керектигин жана «алгандан көрө, берген бактылуу» деп айткан Эгебиз Ыйсанын сөзүн эстеп жүрүшүңөр үчүн мен силерге баарын көрсөттүм.

36 Пабыл ушундай деп, тизеледи да ишенүүчүлөр менен бирге сыйынды.

37 Баары буркурап ыйлап, мойнуна асылып, бетинен өпкүлөштү.

38 Баарынан да Пабылдын «мени мындан ары көрбөйсүңөр» деген сөзү алардын сай-сөөгүн сыздатты. Анан алар Пабылды кемеге чейин узатып барышты.

21

1 Биз Эфестеги ишенгендер менен коштошуп, кеме менен түптүз Кос аралына келдик. Эртеси күнү Родос аралына, андан чыгып, Патара шаарына сүзүп бардык.

2 Патарадан Финикияга бара турган кемени таап, сүзүп кеттик.

3 Кипр аралы көрүнгөндө, аны солго калтырып, Сирияга бет алдык. Тир шаарында кемеден жүк түшүрүлө тургандыктан, жерге түштүк.

4 Шаардан Ыйсанын шакирттерин таап, жети күндөй алар менен бирге болдук. Алар Ыйык Рух берген аян менен Пабылды Иерусалимге барба дешти.

5 Бирок биз убактыбыз аяктаганда, жолго чыгып, сапарыбызды уланттык. Бардык ишенгендер аялдары, бала-чакасы менен бирге бизди шаардан узатып чыгышты. Деңиз жээгине жеткенде тизе бүгүп, чогуу сыйындык.

6 Бири бирибиз менен коштошуп, биз кемеге түштүк, алар болсо үйлөрүнө кайтышты.

7 Тирден сүзүп чыгып, Пытоломей шаарына келдик. Шаардан боордошторубузга жолугуп, алар менен бир күн болдук.

8 Кийинки күнү ал жерден чыгып, Кесария шаарына келдик. Жети кызматчынын бири — Жакшы Кабар жарчысы болгон Филиптин үйүнө барып, аныкында болдук.

9 Филиптин турмушка чыга элек төрт кызынын пайгамбарлык касиети бар экен.

10 Кесарияда бир нече күн турганыбызда, Иудеядан Агап деген бир пайгамбар адам келди.

11 Ал бизге жолугары менен Пабылдын курун алды да, өзүнүн колу-бутун байлап, мындай деди: — Ыйык Рух айтат: Иерусалимдеги иудейлер бул курдун ээсин ушундай кылып байлап, башка улуттагылардын колуна тапшырышат.

12 Бул сөздү укканда, биз ошол жердегилер менен бирге Пабылга:"— Иерусалимге барбачы! — деп жалбардык.

13 Бирок ал:"— Бул эмнеңер? Эмне үчүн ыйлап, жүрөгүмдү эзесиңер? Мен Эгебиз Ыйса үчүн байланмак тургай, Иерусалимде өлүмгө да даярмын, — деди.

14 Пабылды көндүрө албаган соң:"— Мейли эми, Эгебиздин эркиндей болсун, — деп тим болдук.

15 Ошол күндөрдөн кийин буюм-тайымдарыбызды жыйнап, Иерусалимге жөнөдүк.

16 Кесариялык ишенгендердин бир нечеси биз менен чогуу чыгышкан эле. Алар бизди Ыйсанын алгачкы шакирттеринин бири болгон кипрлик Минасондун үйүнө баштап барышты. Ошентип, биз аныкында жашап калдык.

17 Иерусалимде бизди боордоштор жылуу кабыл алышты.

18 Кийинки күнү Пабыл менен бирге Жакыпка бардык. Жыйын жетекчилеринин баары ошол жерге чогулуп калышыптыр.

19 Алар менен учурашып, ал-жайды сурашкандан кийин, Пабыл өзү аркылуу башка улуттагылардын арасында кылган Кудайдын иштерин төкпөй-чачпай айтып берди.

20 Пабылдын сөзүн уккандан кийин, алар Кудайды даңкташты. Анан Пабылга мындай дешти: — Боордошубуз Пабыл, канча миңдеген иудейлер ишенимге келгенин көргөндүрсүң. Алардын баары Тоорат мыйзамы дегенде эт-бетинен кеткендер.

21 Ошолордун айтымында, сен башка жерлерде жашаган бардык иудейлерге барып, аларга: «Тоорат мыйзамынан чыккыла, балдарыңарды сүннөткө олтургузбагыла, иудейлердин салтын кармабагыла!» деп үгүт жүргүзүптүрсүң.

22 Эми, албетте, алар келгениңди угушат. Анан чатак чыгат. Анда эмне кылдык?

23 Ошондуктан биздин айтканыбызды ук: бизде өздөрүн назирликке арнаган төрт киши бар.

24 Сен ошолорго кошул да, алар менен бирге Тоорат мыйзамынын талабы боюнча тазалануу расмисинен өт. Назирлик мөөнөттөрү аяктаганы билинип, чачтарын алууга мүмкүнчүлүк алышы үчүн алардын бардык чыгымдарын сен көтөр. Ошондо сен тууралуу айтылган сөздөрдүн натуура экени жана Тооратты сактап жүргөнүң баарына билинет.

25 Башка улуттагы ишенүүчүлөргө болсо, биз чечимибизди жазып жибердик: алар буркандарга атап чалынган курмандык менен арам өлгөн малдын этин жана канды жебеши керек, ошондой эле бузуктук кылбашы керек.

26 Эртеси күнү Пабыл ошол адамдарды жанына алып, алар менен бирге тазалануу расмисинен өттү. Андан соң, ийбадатканага барып, тазаланыш убактысы качан аяктарын, ар бири үчүн качан курмандык чалынарын дин кызматкерлерине маалым кылды.

28

27 Арадан бир жума өтпөй, Асиядан келген иудейлер Пабылды ийбадатканадан көрүп, ага кол салышты. Элди ызы-чуу кылып:"— Агайындар, жардам бериңиздер! Биздин элибизди, Тоораттагы ыйык мыйзамды жана касиеттүү ийбадатканабызды көрүнгөн жерде жамандап, тил тийгизип жүргөн киши ушул. Ал тургай ийбадаткананын ичине башка улуттагыларды алып кирип, бул ыйык жайды арам кылды, — деп бакырышты.

29 Анткени алар мурдараакта шаарда Пабыл менен жүргөн башка улуттагы эфестик Трофимди көрүшүп, Пабыл аны ийбадатканага алып кирди деп ойлошкон.

30 Шаар кыймылга келип, эл дүрбөдү. Пабылды кармап, ийбадаткананын сыртына сүйрөп чыгышты. Ошол замат дарбазалар жабылды.

31 Эл Пабылды сабап, өлтүргөнү жатканда, Иерусалимдеги бул тополоң тууралуу кабар римдик миң башыга жетти.

32 Ал жоокерлери менен жүз башыларын алып, дароо жетип келди. Тигилер миң башыны көргөндө, Пабылды сабаганын токтото калышты.

33 Миң башы жакын басып келип, Пабылды жоокерлерине карматты да, кош чынжыр менен байлоону буйруду. Анан элден Пабылдын ким экенин, кандай кылмыш кылганын сурады.

34 Тополоң түшкөн элдин арасынан бири а десе, бири бу деп, ар нерсенин башын айтып, кыйкырып жатышты. Миң башы ызы-чуудан иштин жайын биле албай, Пабылды сепилге алып барууну буюрду.

35 Пабыл сепилдин тепкичтерине жетип калганда, ачууланган эл туш-тараптан кыскандыктан жоокерлер Пабылды көтөрүп алышты.

36 Анткени аны ээрчиген көпчүлүк: — Буга өлүм! — деп кыйкырып жатты.

37 Сепилге кирип баратышканда, Пабыл миң башыга грекче кайрылып:"— Менде сөз бар, сизге айтсам болор бекен? — деди."— Сен грекче билесиңби? — деди миң башы таңыркай.

38 — Анда бир нече күн мурда көтөрүлүш чыгарып, төрт миңдей эврей улутчулдарын чөлгө ээрчитип, качып кеткен мисирлик сен болуп жүрбө!?

39 Пабыл:"— Мен Киликиянын абдан белгилүү Тарс деген шаарында төрөлгөн иудеймин. Сизден суранам, элге бир нече сөз айтып калууга уруксат бериңиз, — деди ага жооп берип.

40 Миң башы уруксат бергенде, Пабыл тепкичте турган жеринен колу менен ишарат кылып, сүйлөөгө камынды. Эл тынчый түштү. Ошондо Пабыл эврей тилинде сүйлөй баштады.

22

1 — Урматтуу агайындар жана аталар! Мен өзүмдү актап айтып турган сөзүмө кулак салгыла! — деди.

2 Тигилер Пабылдын эврей тилинде кайрылып жатканын укканда, ого бетер тынчый түшүштү. Пабыл сөзүн улады:

3 — Мен иудеймин, туулган жерим Киликиянын Тарс деген шаары, бирок ушул шаарда чоңоюп, белгилүү дин мугалими — Гамалиелдин кол алдында тарбияландым. Ата-бабабыз туткан мыйзамды кылдаттык менен карманып, ушул турган сиздер сыяктуу эле Кудайга өтө катуу берилген адам элем.

4 Ыйсанын жолун жолдоочуларды эркек-аял дебестен байлап келип, түрмөгө каматып, өтө катуу куугунтуктачумун.

5 Мына, башкы динкызматчы менен эл башчыларыбыздын баары буга күбө. Мен булардан тил кат жаздырып алып, Ыйсанын шакирттерин Иерусалимге байлап келип, жазалатам деген максатта Дамаскка бараткам.

6 Дамаскка жакындаганымда, убакыт түшкө маал болчу. Капыстан көктөн бир нур төгүлүп, айланамды жапжарык кылып жиберди.

7 Мен жерге кулап түштүм. Ошондо баягы нурга бөлөнгөн неменин мага: «Шабыл, Шабыл, эмне үчүн Мени куугунтуктап жүрөсүң?» — деген үнүн уктум.

8 Мен: «Оо, Кудурет, сиз кимсиз?» — дегенде, Ал: «Мен сен куугунтуктап жүргөн назареттик Ыйсамын», — деди.

9 Жанымдагылар жарыкты көрүшүптүр, бирок мага сүйлөгөн үндү угушпаптыр.

10 Мен Ага: «Эми мен эмне кылайын, Эгем?» — дедим. Ошондо Эгем мага мындай деди: «Өйдө бол да, Дамаскка кир. Эмне кылыш керек экендигиңдин баарын ошол жерден айтып беришет».

11 Ошол нурдан көзүм тунарып, көрө албай калган экем, жанымдагылар колуман жетелеп, Дамаскка алып келишти.

12 Дамасктагы иудейлердин арасында кадыр-барктуу, динге абдан катуу берилген Анания аттуу бир киши бар экен.

13 Ошол киши жаныма келип: «Иним Шабыл, көзүң ачылсын!» — деди. Ошондо дароо көзүм ачылып, а кишини көрдүм.

14 Ал мага мындай деди: «Биздин ата-бабабыз сыйынган Кудай сени Өз эркин билсин, адилеттүү Кызматчысын көрсүн, Анын сөзүн уксун деп тандаптыр.

15 Сен эми уккан-көргөнүңдү бардык адамдарга айтып бересиң.

16 Кана, эмнени ойлонуп турасың? Ордуңан туруп, Ыйсанын атын оозанып, сууга чөмүлүп, күнөөлөрүңдөн тазар!»

17 Мен Иерусалимге кайтып келген соң, ийбадатканада сыйынып жатып, өзүмдү жоготуп коюптурмун.

18 Ошондой абалда Эгем Ыйсаны көрдүм. Ал мага: «Шабыл, сен тез арада Иерусалимден чыгып кет. Бул жердегилер Мен жөнүндөгү күбөлөндүрүүңдү кабыл алышпайт!» — деди.

19 Мен: «Эгем, Сага ишенгендерди зынданга салып, синагогаларда уруп-сабаганымды алар жакшы билишет да.

20 Сенин күбөң Степанды таш бараңга алып жатышканда, мен да бар элем. Ал тургай ошого курсант болуп, өлтүрүп жаткандардын кийимин кайтарып тургам», — дедим.

21 Ошондо Ал мага мындай деди: «Кой, сен азыр бул жерден кетип кал. Мен сени алыстагы элдерге жиберем».

22 Ушул убакка чейин Пабылга кулак төшөп отурган эл анын акыркы сөзүн угары менен чуулдап кирди."— Жер менен жексен кылыш керек мындайды! Көзүн тазалаш керек! — деп бакырышып,

23 чапандарын чечип ыргытышып, ошердин чаңын асманга сапырышты.

24 Ошондуктан миң башы Пабылды сепилге алып кирди. Элдин Пабылга мынчалык катуу каршы болгонунун себебин билүү үчүн, аны сабоого буйрук берди.

25 Желдеттер кайыш менен байлап жатканда, Пабыл жанында турган жүз башыга: — Рим атуулун сурак-сотсуз сабаганга кандай укугуңар бар? — деди.

26 Жүзбашы муну укканда, миң башыга келип:"— Сиз эмне кылганы жатасыз, бу киши Рим атуулу турбайбы, — деди.

27 Миң башы Пабылга басып келип:"— Сен, эмне, Рим атуулусуңбу? — деп сурады."— Ооба, — деди Пабыл ага.

28 Миң башы:"— Мен бул атуулдукту көп акчага сатып алган болчумун, — деди."Пабыл:"— А мен болсом төрөлгөндөн эле Рим атуулумун, — деп жооп берди.

29 Ошондо Пабылды суракка алмакчы болгондор дароо кетенчиктей калышты. Миң башы Пабылдын Рим атуулу экенин билгенде, аны байлатып салганынан улам, өзү да сестейе түштү.

30 Эртеси миң башы Пабылдын кишендерин чечтирип, иудейлер эмне себептен айыптап жатканын жакшылап билгиси келди. Бул үчүн жогорку динкызматчылар менен жогорку кеңеш мүчөлөрүнө чогулууну буйруду. Андан соң, Пабылды сепилден ылдый алып түшүп, алардын алдына тургузду.

23

1 Пабыл жогорку кеңештин мүчөлөрүнө тике карап:"— Агайындар, мен ушул күнгө чейин Кудай алдында таза абийирим менен жашап келатам, — деди.

2 Муну уккан башкы динкызматчы Анания жанында тургандарга:"— Тигинин оозун талкалагыла! — деп буйруду.

3 Ошондо Пабыл ага:"— Эй, акталган дубал, сени Кудай талкалайт! Сен мени Тоорат мыйзамы боюнча соттогону жатып, эмне менин оозумду талкалатып, кайра өзүң ошол мыйзамды бузганы турасың? — деди.

4 Жанында тургандар:"— Эй, сен Кудайдын башкы динкызматчысына да ушундай сүйлөйсүңбү! — дешти.

5 Пабыл:"— Боордоштор, анын башкы динкызматчы экенин билсем, мындай демек эмесмин. Анткени Тооратта: «Өз элиңдин башчысына жаман сөз айтпа!»деп жазылган, — деди.

6 Пабыл алардын кээси садукей, кээси фарисей тобунан экенин билип, үнүн бийик чыгарып, жогорку кеңешке:"— Боордоштор, мен өзүм фарисеймин, атам да фарисей. Мен өлгөндөр кайра тирилет деп ишенип, үмүт кылганым үчүн соттолуп жатам! — деди.

7 Пабыл ушундай дегенде, фарисейлер менен садукейлердин ортосунда талаш чыгып, жогорку кеңеш экиге бөлүнүп кетти.

8 Анткени садукейлер өлгөндөрдүн кайра тирилишине, периштелер менен рухтардын бар экенине ишенишпейт. Фарисейлер болсо булар бар деп ишенишет.

9 Ушул себептен талаш кызып, өздөрүнчө уу-дуу болуп кетишти. Ошондо фарисей дин мугалимдеринен бир нечеси алдыга чыгып: — Биз бу кишиден эч кандай жамандык таба албадык. Балким, чындап эле ага кайсы бир рух же периште сүйлөгөндүр! — дешти кызууланып.

10 Жаңжал барган сайын күчөй берди. Эл Пабылды тытмалап салабы деп корккон миң башы жоокерлерине ылдый түшүп, Пабылды алардын арасынан сууруп чыгып, сепилге киргизүүнү буйруду.

11 Ошол түнү Эгебиз Ыйса Пабылга келип, мындай деди:"— Коркпо, Пабыл! Сен Иерусалимде Мага кандай күбө болсоң, Римде да ошондой күбө болууга тийишсиң.

12 Эртеси күнү таң эрте бир топ иудейлер чогулуп, Пабылды өлтүрмөйүн оозубузга наар албайбыз деп антташып, жашырын бүтүмгө келишти.

13 Ушундай максат коюп, өз ара антташкандардын саны кырктан ашып кетти.

14 Алар жогорку динкызматчылар менен эл башчыларына келип: — Биз Пабылды өлтүрмөйүн эч нерсе жебейбиз деп антташтык.

15 Эми сиздер жогорку кеңештин мүчөлөрү менен бирге миң башыга барыңыздар да, Пабылдын маселесин жакшыраак карап чыгабыз деген шылтоо менен аны өзүңүздөргө алдырыңыздар. Биз болсо, аны бул жакка жеткиче, жолдон өлтүрүп салууга даярбыз, — дешти.

16 Алардын бул оюн Пабылдын жээни угуп калып, сепилге жүгүрүп келди да, ичине кирип, Пабылга айтып берди.

17 Ошондо Пабыл жүз башынын бирин чакырып алып, ага: — Бу баланы миңбашыга алып барууңузду суранам. Ага айтар сөзү бар экен, — деди.

18 Жүз башы баланы миң башыга ээрчитип барып, ага:"— Камактагы Пабыл мени чакырып, бул баланы сизге алып барууну өтүндү. Мунун сизге айта турган сөзү бар экен, — деди.

19 Миң башы баланы колунан алып, четке чыгарды да:"— Эмне сөзүң бар эле? — деди.

20 Бала:"— Иудейлер өз ара макулдашып, Пабылдын маселесин аныгыраак текшеребиз деген шылтоо менен эртең аны жогорку кеңештин алдына чыгарып берүүңүздү суранганы келишти.

21 Сиз макул болбоңуз. Себеби кырктан ашык адам Пабылды аңдып, жолдо бекинип жатышат. Алар аны өлтүрмөйүн оозубузга эч нерсе албайбыз деп өз ара антташып алышкан. Ошолор азыр сиздин уруксатыңызды күтүп, даяр турушат, — деди.

22 Миң башы:"— Муну башка эч кимге айтпа! — деп баланы коё берди.

23 Миң башы эки жүз башысын чакырып алып, мындай буйрук берди:"— Кечки саат тогузга Кесарияга барганга эки жүз жоокерди, жетимиш атчан аскерди жана эки жүз жаачыны даярдагыла.

24 Пабылды губернатор Феликстин алдына аман-эсен жеткириш үчүн көлүк камдагыла!

25 Анан төмөндөгүдөй кат жазды:

26 «Клавдий Лисийден улуу урматтуу губернатор Феликске салам кат.

27 Бул кишини иудейлер кармап алып, өлтүргөнү жаткан жеринен анын Рим жараны экенин билип, жоокерлерим менен жете барып, алардын колунан куткарып калдым.

28 Кандай айып табышканын билейин деп, жогорку кеңешке салдым.

29 Алар муну өздөрүнүн диний мыйзамына байланыштуу маселе боюнча айыпка жыгып жатышыптыр. Бирок өлтүрүүгө же түрмөгө камоого ылайык эч айып таппадым.

30 Эми, иудейлердин бул кишиге каршы уюштурган оюн билип калып, дароо сизге жиберип отурам. Бул кишини айыптагандарга болсо, айтар сөзүңөрдү өзүңүздүн алдыңызда айткыла деп буйрудум. Саламатта болуңуз».

31 Жоокерлер буйрукту аткарып, ошол түнү Пабылды Антипатырга алып барышты.

32 Эртеси Пабыл менен бирге андан ары баруу үчүн атчандарды калтырып, өздөрү сепилге кайтышты.

33 Алар Кесарияга келип, Пабылды губернатордун алдына алып барышты да, катты колуна тапшырышты.

34 Губернатор катты окуп чыгып, Пабылдын кайсы аймактан экенин сурады. Пабылдын Киликиядан экенин билген соң, ага:

35 — Сени айыптагандар келсин, ишиңди ошондо карайм, — деди."Анан жоокерлерине:"— Бул киши Ироддун акимчилигинде кайтарууда болсун, — деп буюрду.

24

1 Арадан беш күн өтүп, башкы динкызматчы Анания менен бир нече эл башчылары Тертул деген бир юристти алып, Кесарияга келишип, Пабылды каралай турган арыздарын губернаторго беришти.

2 Пабылды сот залына чакырышканда, Тертул айыптоо сөзүн мындайча баштады: — Сиздин башкарууңуздун алдында биз аман-эсен, бейпил жашап келе жатабыз. Элибиздин турмушу жакшырып, көптөгөн өзгөрүүлөр кирүүдө. Буга сиздин көрөгөчтүгүңүз, көсөмдүгүңүз себеп.

3 Биз бул кылгандарыңыздын баарын качан болбосун, кайда болбойлу чоң ыраазычылык менен мойнубузга алабыз, улуу урматтуу Феликс.

4 Мен сиздин убактыңызды алып, бекер убара кылгым келбейт. Ошондуктан өзүңүзгө мүнөздүү болгон чоң сабырдуулугуңуз менен бизге бир аз көңүл буруп, угуп коюшуңузду өтүнөм.

5 Биз мына бул кишини эл үчүн жугуштуу оору сыяктуу коркунучтуу деп таптык. Анткени бүткүл дүйнөдөгү эврейлерди көтөрүлүш чыгарууга үндөгөн эл бузар жана «назареттиктер» деген диний сектанын жетекчиси ушул экен.

7

6 Ал тургай ийбадаткананы да арамдамакка аракет кылган жеринен биз токтотуп калдык.

8 Муну өзүңүз сурап көрсөңүз, биздин айткандырыбыздын аныгын билесиз.

9 Ошердеги иудейлер да бир ооздон «айткандары ырас» дешип, Тертулду колдоп кетишти.

10 Губернатор кезек берип, сүйлө деп ишарат кылган соң, Пабыл сөзүн мындайча баштады:"— Сиздин көп жылдардан бери бул элди сурап келатканыңызды билем, ошондуктан сиздин алдыңызда мен өзүмдү актап сүйлөөгө мүмкүнчүлүгүмдүн бар экенине кубанычтамын.

11 Ийбадат кылуу үчүн Иерусалимге келгениме он эки күн болду. Муну өзүңүз да тактап билсеңиз болот.

12 Ийбадатканада болгонумда да, синагогаларды кыдырып жүргөнүмдө да бирөө-жарым менен талашып-тартышып жатканымды же шаардын ичинде элди чогултуп алып, көтөрүлүшкө үндөгөнүмдү булар көрүшкөн жок.

13 Сиздин алдыңызда мага таккан азыркы айыптарын өздөрү да далилдей алышпайт.

14 А менин сиздин алдыңызда моюнга алып, ачык айтарым — булар «диний секта» деп аташкан Кудайдын жолунда ата-бабабыз сыйынган Кудайга кызмат кылып жүргөнүм. Мен Тоорат менен пайгамбарлар жазууларында айтылгандын баарына ишенемин.

15 Бул олтурган айыптоочуларым сыяктуу эле, мен да адилдер менен күнөөкөрлөрдүн кайра тирилерине ишенип, Кудайга үмүтүмдү артамын.

16 Ошондуктан Кудай алдында да, пенде алдында да ар дайым абийиримди таза сактап жүрүүгө аракеттенем.

17 Иерусалимге келе элегиме көп жыл болду. Бу сапар эврей боордошторума акча жеткизип, Кудайга арнап курмандык чалайын деген тилек менен келгем.

18 Ушундай максат менен ийбадатканада тазалануу расмисинен өтүп жүргөн жеримден булар мени көрүшкөн эле. Жанымда эч кандай эл да, тополоң да жок болчу.

19 Ошол жерде мени Асия аймагынан келген иудейлердин бир нечеси көрүшкөн. Алардын мага каршы бир нерсеси болсо, анда азыр ушул жерге келип, сиздин алдыңызда айтышат эле го.

20 Же бул жерде тургандар өздөрү айтышсын: жогорку кеңештин алдында турганымда менден кандай күнөө табышты эле?

21 А балким, ошондогу: «Мен өлгөндөр кайра тирилет деп ишенип, үмүт кылганым үчүн соттолуп жатам!» — деп катуу кыйкырганым үчүн күнөөлүү чыгармын?

22 Ошондо Эгебиз Ыйсанын жолунан жакшы кабардар болгон Феликс иудейлерге кайрылып:"— Бул чатагыңарды миң башы Лусий келгенде чечем, — деп кийинкиге калтырды.

23 Пабылды жүз башыга тапшырып:"— Муну камап ташта, бирок жеңилдик берилсин, жоро-жолдоштору менен кезигишине тыюу салынбасын! — деп буюрду.

24 Арадан бир нече күн өткөндө, Феликс Друсила аттуу эврей аялы менен келип, Пабылды алдыртты да, анын Машаяк Ыйсага болгон ишеними тууралуу сурап, сөзүнө кулак салды.

25 Бирок Пабыл адилеттик жөнүндө, напсини тыюу жөнүндө жана келечекте боло турган Кудайдын сурагы тууралуу сөз кылганда, Феликстин жүрөгү түшүп: — Азырынча бара бер, кийин убакыт таап, чакыртам, — деп аны кетирди.

26 Ал пара береби деп үмүттөнүп, Пабылды улам-улам чакыртып, аны менен сүйлөшүп турду.

27 Эки жылдан кийин, Феликстин ордуна Порки Фест губернатор болду. Ал эми Феликс иудейлердин көңүлүн алуу максатында Пабылды камакта калтырып кетти.

25

1 Фест губернатор болуп дайындалган аймакка келгенине үч күн болгондон кийин, Кесариядан Иерусалимге барды.

2 Иерусалимде жогорку динкызматчылар менен эл башчылары ага келишип, Пабылды каралап, жалаа жабышты.

3 «Бизге жакшылык кылып, аны Иерусалимге которуп бериңиз», — деп өтүнүштү. Мындай өтүнүшкөнүнүн себеби, Пабылды Иерусалимге алып келе жатышкан жеринен кол салып, өлтүрөбүз деп, өздөрүнчө сүйлөшүп алышкан болчу.

4 Бирок Фест Пабылдын азыр Кесарияда камакта экенин, өзүнүн да жакында ошол жакка кайтайын деп турганын айтты.

5 — Барчу адамдарыңар мени менен бирге барсын да, алиги кишинин кылмышы болсо, ошерден айтсын, — деди ал.

6 Фест алар менен беш-он күн турган соң, Кесарияга кайтты. Эртеси күнү сот орундугуна олтуруп, Пабылды алдыртты.

7 Пабылды алып келишкенде, Иерусалимден келген иудейлер аны тегеректеп алышып, көптөгөн оор айыптарды тагышты, бирок айткандарын өздөрү далилдей алышпады.

9

8 Пабыл өзүн коргоп: — Мен иудей мыйзамына да, касиеттүү ийбадатканага да, Рим падышасына да каршы эч кандай жаман иш кылган жокмун, — деп сүйлөй баштаганда, иудейлерге жагынгысы келген Фест:"— Сени Иерусалимге алып барып, бул айыптар боюнча ошол жерден суракка алышымды каалайсыңбы? — деди.

10 Пабыл:"— Мен азыр Рим падышасынын сотунун алдындамын, ошондуктан ушул жерде соттолушум керек. Менин иудейлерге эч кандай жамандык кылбаганымды сиз жакшы эле билип турасыз.

11 Эгер кылган болсом, анда өлүмдөн баш тартпас элем. Бирок эгерде булардын мага койгон айыптары негизсиз болсо, анда мени эч ким алардын колуна салып бере албайт. Мен падышанын сотун талап кылам, — деди.

12 Фест кеңешчилери менен акылдашкан соң, Пабылга:"— Сен падышанын сотун талап кылдың, ошондуктан падышанын алдына барасың, — деди.

13 Арадан бир нече ай өткөндө, Фестти куттуктап, падыша Агрипа карындашы Бернике менен Кесарияга келди.

14 Алар бир топ күн турганда, падышага Фест Пабылдын иши тууралуу айтып берди: — Бул жерде Феликс камакта калтырып кеткен бир киши бар.

15 Мен Иерусалимде болгонумда, жогорку динкызматчылары менен эл башчылары аны айыпташып, менден өлүмгө өкүм чыгарып берүүмдү суранышкан эле.

16 Мен аларга: «Рим салты боюнча айыпталган адамды айыптоочулары менен бетме-бет сүйлөштүрбөй жана коюлган айыптардан актанууга сөз бербей туруп, өлүмгө өкүм чыгарууга болбойт», — деп жооп бердим.

17 Ошондуктан алар мени менен бирге бул жерге келишкенде, маалкатпастан, эртеси күнү эле сот орундугуна отуруп, ошол кишини алып келүүнү буюрдум.

18 Бирок аны айыптагандар мен күткөндөй айыптардын бирин да мойнуна коё алышпады.

19 Тескерисинче, алардын бу киши менен талашканы өздөрүнүн динине байланыштуу маселелер менен кайсы бир Ыйса деген өлгөн киши жөнүндө экен. Пабыл аны тирүү деп жатат.

20 Мен бул маселени кантип чечишти биле албадым. Ошондуктан андан: «Бул маселени Иерусалимге барып, ошол жактан чечсек кандай болот?» — деп сурадым.

21 Бирок ал өзүнүн маселесин падыша чечсин деп талап кылган соң, падышага жөнөткүчө аскерлерге кайтартып койдум.

22 Агрипа Фестке:"— Ошо кишини мен да уккум келип турат, — дегенде, Фест:"— Анда эртең эле угасыз, — деди.

23 Эртеси күнү падыша Агрипа карындашы Бернике экөө чоң үлпөт менен келип, миң башылар менен шаардын атактуу адамдарынын коштоосунда сот залына кирди. Фесттин буйругу менен Пабылды алдыртышты.

24 Биринчи сөздү Фест алды: — Урматтуу падыша Агрипа жана ушул жерде биз менен бирге отургандар! Иерусалимде да, бул жерде да иудейлердин баары алдыңыздарда турган мына бул кишинин үстүнөн мага арызданышты. Алар бул кишини өлүм жазасына тартыш керек деп менден талап кылып, жанымды койбой чуулдашты.

25 Мен болсом андан өлүмгө кескендей айып таппадым. Бирок бул киши өзү Август падышанын сотун талап кылгандыктан, аны ошого жиберүүнү чечтим.

26 Ал эми улуу даражалуу өкүмдарга жаза турган, бул кишиге байланыштуу маалымат менде азыр жок. Ошондуктан аны сиздерге, баарынан да, урматтуу Агрипа падыша, өзүңүздүн алдыңызга алдырып олтурам. Тергеп бүткөн соң, жазганга маалымат топтолор.

27 Анткени камактагы адамдын айыптарын аныктабай туруп, падышага жиберүү, менимче, жарабаган иш.

26

1 Агрипа Пабылга:"— Өзүңдү актап сөз айтууга уруксат, — деди."Ошондо Пабыл колун өйдө көтөрүп, жыйналгандар көңүл бурган соң, өзүн актап сүйлөй баштады:

2 — Урматтуу падышам, иудейлер койгон айыптардан бүгүн сиздин алдыңызда өзүмдү коргоп, сөз сүйлөп турганыма кубанычтамын.

3 Анткени сиз иудейлердин бардык салт-санаасы менен талаш-тартыштарын жакшы билесиз. Ошондуктан мени чыдамдуулук менен угуп коюшуңузду суранам.

4 Жашымда өз жеримде, кийин Иерусалимде кандай жашаганым жалпы эврей калкына белгилүү.

5 Анткени алар мени мурдатан таанышат, атүгүл, эгер чындыкты моюнга алгылары келишсе, мен биздин динибиздин эң күчтүү агымы — фарисейчиликтин мыйзамдары боюнча жашап келгендигимди да айтып бере алышат.

6 Азыр болсо мен Кудайдын биздин ата-бабаларыбызга берген убадасына ишенип, үмүт артканым үчүн соттолуп жатам!

7 Биздин он эки уруубуз да ошол убада качан аткарылар экен деп, күн-түн дебей, тынбастан Кудайга ийбадат кылышууда. Мен да ошондой үмүт кылганым үчүн иудейлердин айыптоолоруна кириптер болдум, оо, падышам.

8 Эмне үчүн сиздер Кудайдын өлгөндөрдү кайра тирилтерине ишенбейсиздер?

9 Мурда мен да назареттик Ыйсанын наамына каршы күрөшүүнү өз парызым деп ойлочумун.

10 Муну Иерусалимде аткарып да жүрдүм. Жогорку динкызматчылардан уруксат алып, ыйыктардын канчаларын түрмөгө каматып, аларды өлтүрүп жаткандарды кубаттадым.

11 Синагогадан синагогага барып, аларды далай кыйнап, Ыйсанын атына тил тийгизип, Аны кордоого мажбурладым. Ушунчалык катуу өчөшкөндүктөн, чет жердеги шаарларга барып алып да, алардын сары изине чөп салып, куугунтукка алгам.

12 Бир жолу ушундай максат менен жогорку динкызматчылардан аларды байлап, Иерусалимге алып келүүгө укук бере турган буйрук кат жаздырып алып, Дамаскка бараткам.

13 Түш ченде жолдо элем. Оо, падышам, аңгыча күндөн да жарык бир нур көктөн жарк эте түштү. Ошол нур менин да, шериктеримдин да айланасын жарык кылып жиберди.

14 Баарыбыз жерге жыгылдык. Анан мага эврей тилинде сүйлөгөн бир үн угулду. «Шабыл, Шабыл, — деди ошол үн, — неге Мени куугунтуктап жүрөсүң? Эгеңдин эркине каршы чыксаң, өзүңө кыйын».

15 Мен: «Сиз кимсиз, оо, Кудурет?» — деп сурадым. «Сен куугунтуктап жүргөн Ыйсамын, — деп жооп берди Эгем Ыйса.

16 — Өйдө тур, сени Өзүмө кызмат кылууга дайындаш үчүн сага көрүндүм. Мындан ары бүгүнкү көргөнүң тууралуу адамдардын алдында күбөлүк бересиң, аларга Мен сага көрсөтө турган нерселерди жеткизесиң.

17 Мен сени өз элиңе жана башка элдерге жиберип, алардын сага кыла турган кыянаттыктарынан куткарам.

18 Сен алардын көзүн ачып, караңгыдан жарыкка, шайтандын бийлигинен Кудайдын бийлигине кайтарасың. Алар Мага ишенип, күнөөлөрү кечирилип, Кудайдын тандаган адамдарынын арасынан орун алышсын!»

19 Ошентип, падышам, асмандан келген аянда айтылган сөзгө баш ийбей коюуга дитим барбады.

20 Андыктан адегенде Дамасктагыларды, анан Иерусалим менен бүткүл Иудеядагыларды, кийин иудей эместерди ниетин өзгөртүп, Кудайга кайрылууга чакырып, анысын иш жүзүндө көрсөтүп жашоого үндөдүм.

21 Ушундай кылганым үчүн иудейлер мени ийбадатканада жүргөнүмдө кармап алып, өлтүрмөкчү болушту.

22 Бирок Кудай ушул күнгө чейин мени сактап, коргоп келди. Ошондуктан азыр да мына бул олтурган улуу-кичүүнүн алдында күбөлүк берип, бул жерде турам. Менин айткандарым Муса жана андан башка пайгамбарлардын алдын ала айткандары менен бирдей.

23 Тагыраак айтканда, Машаяк өлтүрүлүп, кийин өлгөндөрдүн ичинен түбөлүк өлбөстүккө биринчи болуп кайра тирилип, анан эврейлер менен башка элдерге куткарылуу нуру тийгенин жарыя кылыш керек болчу.

24 Пабыл ушул жерге келгенде, Фест үнүн катуу чыгарып, сөзүн бөлүп:"— Эй, Пабыл, сен дөөрүп жатасың! Ашыкча көп окуп, айнып калыпсың! — деди.

25 — Мен дөөрүгөн жокмун, улуу урматтуу Фест, — деди Пабыл жооп кайтарып, — менин айткандарым акыйкат жана жөндүү.

26 Падыша мунун баарын билет, ошондуктан анын алдында ачык айтып жатам. Бул окуялардын эч бири андан жашырын болгон эмес деп ойлойм, анткени алар адам көрбөй кала турган булуң-бурчта өткөн эмес.

27 Падыша Агрипа, сиз пайгамбарларга ишенесизби? Билем, ишенесиз.

28 Ошондо Агрипа Пабылга:"— Кыска убакыттын ичинде мени Ыйсанын Машаяк экенине ишендирип сала аласыңбы? — деди.

29 Пабыл: — Азбы, көппү, айтор бир убакта сиз гана эмес, бүгүн мени угуп тургандардын баары, мына бул кишенимден башка, дал мендей болушун Кудайдан тилейм.

30 Пабыл ушундай дегенде, падыша Агрипа ордунан турду. Аны менен бирге губернатор Фест, падышанын карындашы Бернике жана залда отургандардын баары жапырт ордуларынан турушту.

31 Залдан чыгып баратканда, бири бирине: — Бул кишинин өлүмгө кескидей же түрмөгө камагыдай айыбы жок экен, — дешти.

32 Агрипа Фестке:"— Эгер өзү падышанын өкүмүн талап кылбаганда, бошотуп жиберсе болор эле, — деди.

27

1 Биздин Италияга сүзүп кетерибиз аныкталган соң, алар Пабыл менен дагы камактагы бир нече адамды «Император кошууну» деп аталган аскер бөлүгүнүн жүз башысы болгон Жулий деген кишинин колуна тапшырышты.

2 Биз Адрамит шаарынан чыгып, Асия аймактарын бойлоп өтө турган кеме менен сүзүп жөнөдүк. Тесалоникадан келген македониялык Аристарх да биз менен кошо чыкты.

3 Эртеси күнү Сидон шаарына келдик. Жулий Пабылга ырайым кылып, ага достору менен жолугуп, муктаж болгон нерселерин камдап алууга уруксат берди.

4 Ал жактан чыкканда, ачык деңизде бет маңдайыбыздан шамал сокконунан улам, Кипр аралын пааналап сүзүп отурдук.

5 Анан Киликия менен Памфилия аймактарын жандап өтүп, Лукия аймагындагы Мира шаарына келдик.

6 Жүз башы ал жерден Италияга кете турган александриялык кемени таап, бизди ошого салды.

7 Бир нече күн бою зор кыйынчылыктар менен араң сүзүп отуруп, акыры Книт деген шаарга жакындадык. Бирок кургакка жеткенге бет маңдайыбыздан соккон шамал мүмкүнчүлүк бербегендиктен, багытыбызды өзгөртүп, Крит аралынын далдаасынан Салмона тумшугун айланып өттүк.

8 Жээкти бойлоп сүзүп, Ласая шаарына жакын жайгашкан «Жакшы порт» аттуу жерге араңдан зорго жеттик.

9 Биз ал жерде көп убакыт туруп калгандыктан, андан ары кеме менен сүзүү коркунучтуу боло баштады. Анткени Орозо күнү деген майрам да өтүп кеткен убак болчу. Ошондуктан Пабыл кемедегилерге:

10 — Туугандар, менимче мындан ары жолго чыгуу кеме менен жүк үчүн гана эмес, өмүрүбүз үчүн да кооптуу, — деп эскертти.

11 Бирок жүз башы Пабылга караганда, кеменин кожоюну менен капитанга көбүрөөк ишенчү.

12 Анын үстүнө бул жердин шарты кыштаганга ыңгайсыз болгондуктан, жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү да мында кыштагандан көрө сапарды улап, мүмкүн болсо Финик портуна жетүүгө аракет кылууга көңүлдөнүштү. Финик Крит аралынын түштүк-батышы менен түндүк-батышындагы порт-шаар эле.

13 Түштүктөн сыдырым жел жүрө баштаганда, кемечилер максатыбызды ишке ашыра алат окшойбуз деп ойлоп, кемени кемеказыгынан бошотушту да, жээк бойлой сүзүп жөнөштү.

14 Бирок көп өтпөй, арал тараптан «Түндүк-Чыгыш» аталган абдан катуу шамал башталды.

15 Шамал күчөп келип, кемеге бир тийди эле, биз кеменин тумшугун бороонго каршы кармай албай, акыры бардык аракетибизди таштап, толкундардын айдоосуна багынып, шалдайып отуруп бердик.

16 Кабыда деген бир чакан аралдын шамалдан далдараак жагынан өтүп баратканыбызда, кеменин артына байланган кайыкты зор кыйынчылык менен эптеп атып кеменин үстүнө тартып алганга үлгүрдүк.

17 Кайыкты чыгарган соң, кемени аркандар менен чырмап, таңып салышты. Кемечилер Ливиянын бет маңдайындагы тайыз жерлердеги кумга тыгылып калбайлы деп чочулашып, парустарды түшүрүштү да, кемени шамалдын эркине коюшту.

18 Бороон болсо токтобостон сого берди. Ошондуктан эртеси күнү кемедеги жүктү сууга ыргыта башташты.

19 Үчүнчү күнү болсо, кеменин жабдыктарын ыргыта башташты.

20 Көп күн бою күндү да, жылдыздарды да көрө албадык, а бороон болсо басаңдабады. Акырында аман каларыбыздан түңүлдүк.

21 Кемедегилер көптөн бери наар сызбаган соң, Пабыл алардын ортосуна чыгып, мындай деди:"— Туугандар, мени угуп, Криттен кетпегениңерде, мындай кыйынчылыктарга туш болуп, зыян тартмак эмеспиз.

22 Эми, кайрат кылгыла, себеби кемеден башка эч кимиңер зыян тартпайсыңар.

23 Анткени мен кызмат кылган Кудай Эгемдин периштеси түндө жаныма келип:

24 «Пабыл, коркпогун, сен падышанын алдына барышың керек. Ырайымдуу Кудай сен үчүн сапарлаштарыңдын баарынын өмүрүн сактап калат», — деди.

25 Ошондуктан, туугандар, ындыныңарды өчүрбөгүлө. Мен Кудайдын убадасына ишенем.

26 Менимче, шамал кемени бир аралга сүрүп таштайт болуш керек.

27 Арадан эки жума өтүп, биз дале Адрия деңизинде шамалдын айдоосунда бараттык. Түн жарымына жакын кемечилер бир аралдын тушунан өтүп баратканыбызды сезип,

28 суунун тереңдигин өлчөп көрүшсө, кырк метр чыкты. Бир аз убакыт күтүп, дагы өлчөштү эле, отуз метр болду.

29 Суунун түбүнөн оркоюп чыгып турган аскаларга урунуп алуудан коркуп, кемечилер кемеказыктан төртөөнү сууга ыргытышты да, батыраак таң атса экен деп, Кудайдан тилешти.

30 Анан качууга камданышып, кемеказыкты кеменин тумшугунан таштайбыз демиш болуп, кайыкты сууга түшүрө баштаганда,

31 Пабыл жүз башыга кайрылып: — Эгер алар кемеде калышпаса, анда сиздер кутула албайсыздар! — деди.

32 Ошондо жоокерлер аркандарды кыя чабышып, кайыкты сууга бош түшүрүп жиберишти.

33 Таңдын атышына аз калганда, Пабыл кемедегилерге:"— Эки жумадан бери наар сызган жоксуңар.

34 Эй, айланайындар, тамактанып алгылачы, аман калышыңар үчүн тамактанышыңар керек. Башыңардан бир да тал чач түшпөйт, коркпогула, — деди.

35 Пабыл ушундай деген соң, бир нанды колуна алды да, баарынын көзүнчө Кудайга ыраазычылыгын айтып, сындырып, жей баштады.

36 Ошондо баары кайрат кылып, тамактанганга киришти.

37 Кемеде баарыбыз болуп эки жүз жетимиш алты киши бар элек.

38 Алар каалашынча тамактанып бүткөндө, кемедеги буудайды деңизге ыргытышып, кеменин жүгүн жеңилдетишти.

39 Таң сүргөндө, кемечилер кайсы жерге келгенин ажырата алышпаса да, бир кумдуу булуңду байкашты. Ылаажы болсо кемени булуңга киргизели деп, ошонун аракетинде болушту.

40 Кемеказыктарды байлаган аркандарды кыркып, ошону менен бир убакта рулду байлаган аркандарды да чечип жиберишти. Анан кеменин тумшугундагы парустарды шамалга тосушуп, шамалдын күчү менен кемени кургактыкка айдашты.

41 Бирок кургактыкка жетпей, кеме тайыз жердеги кумга тыгылып калды. Кеменин тумшугу кумга батып калгандыктан, куйругу толкундардын күчүнөн кычырап, сына баштады.

42 Ошондо аскерлер камактагылардын бирөө-жарымы сүзүп качып кетпесин деп, аларды өлтүрмөкчү болушту.

43 Бирок жүз башы Пабылды сактап калгысы келип, алардын бул оюн ишке ашыртпады. Ал сүзгөндү билгендер биринчи болуп сууга секирип, жээкке чыксын деген буйрук берди.

44 Калгандарынын кээси тактай минип, кээси кеменин сыныктарын кучактап, жээке сүзүп жөнөштү. Ошентип, кемедегилердин баары аман-эсен жээкке чыгышты.

28

1 Аман калган бизге аралдын Мелит деп аталары белгилүү болду.

2 Анда жашаган уруунун адамдары бизди өзгөчө жылуу кабыл алышты. Жамгыр жаап, күн суук болгондуктан, от жагып, баарыбызды чакырышты.

3 Пабыл отун чогултуп келип, отко салганы жаткан. Күтүлбөгөн жерден отундун арасынан бир уулуу жылан чыга калып, Пабылдын колуна оролду.

4 Аралдыктар Пабылдын колунда асылып турган жыланды көрүшкөндө, өз ара: «Карасаңар, бул адам анык киши өлтүргүч, деңизге чөкпөй аман калса да, Ак аны тирүү калтыргысы келбеди», — дешти.

5 Бирок Пабыл эч зыян тартпастан жыланды отко силкип таштады.

6 Тигилер болсо Пабыл эми шишип чыгат го же күп этип кулап түшүп өлүп калат болуш керек деп күтүп турушту. Бирок бир топ күтүп, эч кандай деле адаттагыдан сырткары нерсе болбогонун көргөн соң, ойлорун өзгөртүп: «Бул — кудай экен!» — дей башташты.

7 Ал жерден анча алыс эмес жерде ошол аралдын башчысы Публий деген кишинин талаасы бар эле. Ал бизди жылуу кабыл алып, үч күн бою коноктоду.

8 Публийдин атасы ич өткөк менен ооруп, ысытма болуп төшөктө жатыптыр. Пабыл анын бөлмөсүнө кирип, башына колун коюп, сыйынды да, айыктырды.

9 Анын айыкканы билингенде, аралдагы башка оорулуулардын баары келе башташты да айыгып кетип жатышты.

10 Алар бизге абдан чоң урмат-сый көргөзүшүп, көптөгөн белектерди беришти, кетерибизде жолго керектөөчү нерселерибиздин баарын кемебизге салып коюшту.

11 Үч айдан кийин Александриядан келип, ошол аралда кыштап калган «Эгиз кудай» деген жазуусу бар кемеге түштүк да сүзүп кеттик.

12 Сиракуза деген шаарга барып, анда үч күн турдук.

13 Анан сүзүп чыгып, Регия шаарына келдик. Бир күндөн кийин түштүктөн соккон шамалдан пайдаланып, эки күндүн ичинде Путеёл шаарына жетип бардык.

14 Ал жерден бир нече боордошторубузду таптык. Алар: «Бир жума биз менен болуңуздар», — деп суранып, бизди көндүрүштү. Анан Римге жөнөдүк.

15 Римдеги боордошторубуз кабарыбызды угуп, Аппий базары жана Үч мейманкана деген жерлерге чейин келип, алдыбыздан тосуп чыгышыптыр. Пабыл аларды көргөндө, көңүлү көтөрүлүп, Кудайга шүкүрчүлүк келтирди.

16 Римге киргенибизде, жүз башы Пабылга өзүнчө жашоого уруксат кылып, бир жоокерге кайтартып койду.

17 Үч күндөн кийин, Пабыл иудейлердин атактууларын бир жерге чакырды. Алар чогулганда, мындай деди:"— Боордоштор, мен элибизге жана ата-бабаларыбыздын салтына каршы эч нерсе кылбасам да, Иерусалимде кармалып, римдиктердин колуна тапшырылдым.

18 Римдиктер да мени тергеп көрүп, өлүмгө кескидей эч бир күнөө таба алышпагандыктан, бошотмокчу болушту.

19 Иудейлер каршы чыгышканда, аргасыздан Рим падышасынын өкүмүн талап кылдым. Бирок мен муну өз элимдин бетине көө жабайын деген ниетте кылган жокмун.

20 Ушул себептен мен сиздерди чакырып, орой көз чарай сүйлөшөйүн дедим. Анткени мен элибиз үмүт арткан нерсеге ишенгендигимдин айынан мына бул чынжырга таңылып, камактамын.

21 Ошондо алар мындай деп жооп беришти:"— Сен жөнүндө биз Иудеядан эч кандай кат-кабар алган жокпуз. Ал жактан келген боордошторубуздун да эч кимиси сен жөнүндө жаман кабар билдирбеди.

22 Мейли, ошондой болсо да сенин пикириңди угалы, анткени жанагы сектаңа бардык жерде эл каршы болуп жатканы бизге маалым.

23 Алар Пабыл менен сүйлөшүү үчүн бир күндү белгилешти. Ошол күнү Пабыл жашаган жайга көптөгөн адамдар келишти. Пабыл аларга эртеден кечке чейин Кудай Падышачылыгы тууралуу айтып, Муса пайгамбар менен башка пайгамбарлардын китептеринин негизинде Ыйсанын ким экенин түшүндүрүүгө аракет кылды.

24 Анын сөзүнө ишенгендер да, ишенбегендер да болду.

25 Ошондуктан келгендер өз ара бир пикирге келе алышпай, экиге бөлүнүштү. Алар кете баштаганда, Пабыл дагы мындай деди: — Силердин аталарыңарга Ыйык Рух Ышая пайгамбардын оозу менен туура айтыптыр:

26 «Мынабу элге барып айткын эми:"""Уксаңар да эч нерсе туйбайсыңар,"Карап туруп эч нерсе көрбөйсүңөр"".

27 Анткени"Бул элдин дилин дат басып,"Оорлошуп кулагы,"Көзү калган тунарып."Антпесе көрмөк көздөрү,"Кулактары ачылмак,"Жүрөгү туймак алардын."Мага кайтып келишип,"Сакайтмакмын аларды».

28 Ошондуктан бир нерсени билип алгыла: Кудай эми куткаруучу сөзүн башка улуттарга жиберет. Алар кулак салышат.

29

30 Пабыл эки жыл бою ижарага алган үйүндө жашап, аны көргөнү келгендердин баарына эшиги ачык болду.

31 Ал Кудай Падышачылыгын жарыялап, Эгебиз Ыйса Машаяк тууралуу тайманбастан айтып, элге эркин таалим берип жүрдү.